КӨМҮРКАНАДА КҮН КЕЧИРИП, АРАБА ТҮРТКӨН АДАМДЫН БИР КҮНҮ

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Жашоодон алган шыбагасы канааттандырбай калган пенделер үчүн ийгилик качан жылмаят деп ойлоносуң. Буга чейинки жазылган адамдардын тагдырларына окшошпогон кийинки каарманыбыз мына ушундай ойго түрткү берет. 45 жаштагы Мирлан Канаев 10 жылдан ашык убакыттан бери «Дордой» базарында араба түртөт. Ал тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, сүйлөй албайт. Биз Мирлан Канаевдин 1 күндүк жашоосун чагылдырып берели деп чечтик.

ЖӨЛӨК ПУЛУН ӨЗҮ АЛБАЙТ

Мирлан Канаевди базардагылардын баары Мурат деп таанышат. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган. Анын балалыгы, ата-энеси, бир туугандары тууралуу кенен маалымат ала алган жокпуз. Базарда соода кылгандардын билиши боюнча, Мирлан Канаев төрөлгөндө эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон. Ата-энеси каза болуп калышкан, айылда агасы гана турат. Каарманыбыз колунан келишинче жаңсап түшүндүрүп берүүгө аракет кылды. Мамлекеттен берилген жөлөк пул 2000 сомго жетпеген акча дейт. «Аны айылдан алышат, менин колума тийбейт» дегендей ишарат кылды. Буга чейин "Дордой" базарына жакын жайгашкан Эне-Сай конушунун жанындагы сайдын жээгинде коробкадан алачык жасап алып баш калкалап келген экен. Калган маалыматты Мирлан Канаевди базарда таанып-билгендер айтып беришти.

«ИЧПЕЙТ, ТУРМУШУН ТЫҢ КЫЛАТ»

Суусар Муратбекова, «Жунхай» базарында соодагер:
– Өзү оорукчан болсо дагы ичип-чегип, бурч-бурчта уктап калган алты саны аман адамдардан айырмаланып оокатын тың кылат. Таң калычтуу, жашы 40тан ашып калганын ушу силер келгенде билип жатам. Бул жакта соода кылгандар жардам берип турушат. Биз турган 2-өтмөктүн соодагерлери ынтымактуу. Лира деген келин бар, ал Муратка кээде эски-уску эмес, жаңы кийим деле сатып берип коёт. Акчадан жардам кылып, тамак алып бергендер бар.
Мына, базар миңдеген адамдарды багып жатат. Бул жакта Муратка окшогондор эле араба түртпөйт, чындап келсе баарыбыздын моюнубузга турмуш арабасы каамыт болуп илинген да. Мен деле 6 баланы багам деп соода-сатык кылып жатам. Бизге окшогон эл тапкан каражатынан салык төлөп мамлекетти багып жатат деп так кесе эле айтам. Маңдайымдагы контейнерде чемодан, сумка сатылат. Бир күндө бир нече жаш жигиттер, кыз-келиндер «Орусияга кетип жатабыз, сапаттуусун бериңиз» деп чемодан алып кетишет. Тобо, өлкөбүздө ишке жарамдуу киши калабы деги деп калам. Баарыбыз эле иш жок темселеп жүрсөк Муратка окшогон багар-көрөрү жокторго ким каралашып, башынан сылап «жаша» деп үй бермек эле? Ошентсе деле бул дагы Кыргызстандын жараны. Сизге, мага тең карагандай эмне үчүн Муратка окшогон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга да өкмөт тең карабайт?!

«КЕНЕДЕЙ ЖЕРГЕ 1500 СОМ ТӨЛӨЙТ»

Үй демекчи, Мирлан Канаев учурда кандай жайда баш калкалайт билгибиз келди. «Дордойдун» айланасында кимдер жашайт? Соодагерлерге тамак, чай, суусундук, май токоч саткандар, коробка терип тиричилик кылгандар, араба түрткөндөр, тигүү цехтеринде иштеген тикмечи кыз-келиндер жана башкалар. Узунунан салынган там, 5тен 8ге чейин эшик ачып, ар бирине бирден үй-бүлө кирет. Ошондой бир короого кирип келдик. Каарманыбыз узун салынган тамдын бир бөлмөсүндө жашайт го деп жатсак, түз эле короодогу мончонун көмүрканасына кирип кетти. Туурасы 2 метр, узуну 4 метр болгон жерде жашаарына күбө болдук. Атын айткысы келбеген келин кошунасы тууралуу буларды айтты:
– Бул жерде мурда жашачу. Кийин эмне себеп болду билбейм, кетип калган. Ар кай жакта жашап жүрчү экен, сайдын боюнда, таштанды төгүүчү жайга жакын жерде коробкалардан алачык жасап жашайт деп угуп калчубуз. Мурат кеткенден кийин бир жаш кыз кожойкеге айтып ушул жерди актап, тазалап жаңы жашап баштаган эле, кайра кетип калды, ал бекер жашачу.
Мураттын кайтып келгенине 1 айга жакындап калды. 1500 сом төлөп жашайт. Электр энергиясына кандай төлөйт билбейм. Кышкысын жылыткыч сайыш керек да. Анын үстүнө алды ным тартат. Кире беришине казан-аяк, шыпыргы, дагарасын коёт, төркү бөлмөсүнө уктайт. Айтор, тиричилиги ушундай. Эртең менен эрте туруп кетет. Ошол боюнча базар жабылганда келет. Өзү ичпейт, кайсы бир учурларда ооруп үйүнөн чыкпай калат. Жакында эле айылына барып келди окшойт.

«Бир тоокко да жем керек» дегендей, Мирлан Канаев дагы кадимкидей эле үйдөн тамак жасап ичип, кир-когун жууп тиричилигин өткөрөт. Үйү тар, жаткан жерине казан-табак, шыпыргы, калагын кошо коюуга аргасыз.


«ЖАКШЫ СООДАЛАШАТ»

Мындан соң базардын четиндеги коробка кабыл алган жерге келип, Мирлан Канаевдин жердешине жолугуп калдык. Өзүн Улан Молдокеев деп тааныштырган маектешим буларды айтты:
– Муратты айылда жүргөндө билчү эмесмин, бул жакка келип билдим. Бишкекке илгери эле келген окшойт да. Бизге коробка терип келип өткөрөт. Килограммын 3 сомдон алабыз. Мурда мага өткөрчү, азыр өткөрбөйт, балким, баасы жакшы чыккан башка жерди таап алгандыр. Катуу соодалашып коёт (күлүп). Мындан сырткары целлофан, полиэтилен баштык жана кытай каптарын да чогултуп өткөрөт. Аларды коробкага салыштырмалуу кымбатыраак алабыз. Айылдагы туугандары деле каралаша турган абалда эмес. Ар кимдин өз жашоосу бар да. Бирок жол кире камдап алып каттап турат экен.

«ЖАШЫ ӨТКӨН АДАМДАР КӨП АРАБА ТҮРТҮШӨТ»

Араба түртүү жумушун жон териси менен сезген маектешимдин бири атын жашырып коюуну суранды:
– Араба түрткөндөрдү билесиңер, кыйкырып, бирөөнүн бутун тебелетип албайын деп эскертип жүрмөй. Бул бала болсо ар түрдүү үн чыгарып айдайт. Кээде жалдаган кишиси өзү ээрчип жүрөт. Арабачылар жүктү айтылган дарекке ылдам жеткирип, кайра кийинки кардарына кызмат көрсөтүшү керек. Аралыктын алыс-жакынына жараша 100 сомдон жогору баага жүк ташыйбыз. Кампасынан товар ташытып келген соодагерлер бар. Алар белгилүү эле араба түртүүчүлөр менен иштешет. Базарда ички тартиптер бар.
Бир аз жашы өтүп калгандарга бооруң ооруйт. Кыйраңдап оор жүктү жүктөп, кайра түшүрүш оңой эмес. Шаар ичинде ишке жарамдуулар үчүн жарыяланган жумуш ордулары эң улуу дегенде 40 жашка чейин гана деп жазышат. 60ка таяп калгандар же курулуш иштерине жарабаса, же жүк ташуучу кызматына жарабаса, эки дөңгөлөктү сүйрөп араба түртүүгө көп келишет.
2-3 күн мурда жааган жаандан суук тийип калганбы, ооруп жумушка чыкпай калган дешти кесиптештери. Өзүнүн жаңсап түшүндүргөнүнө караганда айылда бир жума жүрүп, кечээ жакында эле келиптир. «Барып ийне сайдырып дарыландым» дейт. Кабагын чытып, ичин көрсөтүп ушалап, колуна ийне сайылган жерлерин көрсөтүп, үнүн чыгарып койду. Сыягы ичи ооруган өңдүү. Күнүнө канча сом табарын сурасам, колунун манжаларын ачып-жумуп «жакшы дегенде 500 сом» деди. Кабыргасы кайышып өзүнөн 2-3 эсе оор жүктү сүйрөп жүргөн каарманымды көрүп, боорум ооруп турду.

Ушул турган үйдө былтыр кыштаган. Буга чейин кайда жашап жүргөнү белгисиз.


Базарда жумуш токтогон соң коробка, жылтырак баштык терип өткөрөт.


Каарманым бул арабаны 5000 сомго сатып алыптыр.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(25)
25.07.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Эээ Аллахым озун боорукер затсын, сенден гана жалбарып жардам сурайбыз,ушундай кишилерге жардам бере коргун,жардам бере турган себепчини жолуктура коргун,колумдан келсе жардам берет элем,(((
25.07.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Коруп алып ыйлагым келди колумдан келсе жардам бермекмин
25.07.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин жепжутарлар ылвйым ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-25 14:40:03
25.07.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Kanzada97, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
25.07.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Kanzada97,Буга дагы депутаттар куноолуу.... Хэ хэ хэ. Э карындашым ойлонуп жазсанарчы. Бул тагдыр дейт.
25.07.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
bahbrat, Жогорку Кенештин 120 депутатын, алардын кенешчилери, жансакчылары, айдоочулары, катчылары ж.б.ж.б болуп баарын биз багабыз, эркелетип эн кымбат машина, уй, планшет, кресло, керек болсо бассейн, фитнес-клубдарына чейин камсыз кылабыз, бирок баары бир пайда жок алардан, кечке ушакташкандан, министр ж.б. такалагандан башка кылаар иши жок. Жогорку Кенештке болунгон бир миллиардга жакын акчаны колунда жокторго берсек коооптогон адамдардын сообуна калмакпыз.
25.07.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аябай жетишкен олколордо деле мындай маселелер бар,ага окмотту куноолонун кереги жок го.Байкеге ден соолук,омур берсин Кудайым.
25.07.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ыйлагым келди.Жараткан бул кишиге озун жардам бере кор.(((
25.07.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ии байкуш (((( коруп кечеле видеосун коруп аябай боорум ооруду эле((( Аллахым озун колдо! Видедо жашаган жерине 2000сом берем деди элего 1500 деп коюпсунар! Ушул мамилекет тарабынан жардам берилип бир комнаталуу уй берип койсо жакшы болмок! Тырышчаак, эмгекчил экен мындан ары жакшылыктарды корсун!
25.07.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93,Свети менен 2000 алат экен.Квартира 1500сом свети 500
25.07.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Депутат, министрлердин декларациясын карасан калпеле олорман бечара корунот байлыгын жаап жашырышып, Текебаев, Бабанов, Торобаев ж.б. машинеси жок жоо журот дегенин угуп алып кыйрап калдым. Калп айтып жанын жеген депутат-министрлерден жакшылык кутуп болобу? Жогорудагы Мирлан/Мурат байке кошулуп биз баарыбыз, курулушта, швеяда, базарда, талаада иштегендер баары, чет олколордогу мигранттарыбыз мамлекетке оз салымын кошуп бюджетти толтуруп келебиз...
25.07.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
По эми карапайым элдин бешене теринен чогулган бюджеттеги акчанын 1/3 гана максаттуу жумшалат. Экинчи 1/3 акча депутаттарга кресло, бассейн, губернаторго жаны машине, президенттин командировкасы, сапатсыз копуро-жолдор ж.б.жумшалат. Бюджеттин акыркы 1/3 болугу ар кандай махинациялык жолдор менен депутат, министр, Аким,ж.б.мамлекеттик чиновниктердин чонтокторуно кетет жашыруун. Эл кыйналып жаштар мигрант болуп сыртка агылып жатса Атамбаевдин ырдан колу бошобойт проблемалар тоо болуп турганда.
25.07.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
кудайга шугур онолуп эле келе
жатат.азыр чымын олсо дагы депутат
министрлер куноолуу болуп калдыго.коро
албастыкты,бироонун байлыгына коз
артканды токтотсонор боло.туура эл
бакканы да озун озу баккан депутаттар да
бар.кыйынчылык коруп жашаган адамдар
кыргызстанда гана эмес онуккон олколордо
да бар Жана болуп келет.адамга балык
кармап бербей ага балык уулаганды уйрот ал
омур бою озун баксын дейт.ишке жарамдуу
болсо аракет кылыш кер
25.07.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamandash,бай атам кедей атам деген китептеги бай атам болуп кетипсинго
26.07.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamandash,Ошондо бул майып кишиге тачка туртконду уйроткун келип атабы.Акылдуу экенсин го ото эле
Urmat_83 түзөттү 2016-07-26 21:11:28
27.07.2016. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Urmat_83,алтыным Эгер колунан келсе мамлекеттик жумушка киргиз,суйлоордон мурун ой жугуртууну сунуш кылам
27.07.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zamandash,Мамлекеттик кызматка сага окшогон "умныйлар" иштебесе бизге каяктан мамкызмат
28.07.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Urmat_83,бизге каяктан деп жатаберсен.жашоон зынк болот.
27.07.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zamandash, кайдагы онолуп? Свет кымбат. Бут налог. Кыргызстанда абага гана налог жок. ОЛсон да жерин акча. Суубуз кенен светибиз кымбат. Айтор жашоо оор эле Кыргызстанда.
07.02.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamandash,сен озунду ото эле акылдуу сезет окшойсун, суйлогонуно караганда
25.07.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кишиге ден соолук каалайм
25.07.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
тачка туртуп менда иштегем ) студент кезде , эс алуу кундору биринчи айдаганда кызык эле болосун ,уялып бирок адал иштин уятты жок , кыйын жумуш бул тачка туртуш, оор жукту туртуп чункурларга келгенде турталбай каласын , энкейишке барганда тачка озунду тартат .Аман болсун Мирлан байке оомат келип калат Ин ша Аллах
25.07.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дордойдо бир эле бул байке эмес, буга окшогон мумкунчулугу чектелген майып зорго кун откоргон кишилер коп жашашат ал тарапта. Дордойдо, Дордойдун айлана чойросундо жаны конуштарда 2000, 2500 сомдук квартираларда кун кечиришет кобу. Болгондо да Дордой жактын жери ным, уй ичи суук болот.
Эмне дейт элек, элдин турмушу да онолуп калаар, гос жумушта иштегендердин айлыгы да которулуп калаар деп эле отурабыз.
26.07.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ден соолук берсин ар бир ооруган инсанга!
26.07.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э аллахым өзү жардам берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо