Турдакун Ниязалиев, ырчы: «ОРУС ТИЛИ МЕН ҮЧҮН ЧОҢ МАСЕЛЕ БОЛЧУ»

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Кыргыз шоу чөйрөсүндө жаңы чыккан ырчы сөзсүз өзгөчөлөнгүсү келет. Эгер катардагы ырчылардай эле болсо көпчүлүктөн суурулуп чыгышы өтө кыйын. Ошондуктан ар ким дебютту ийгиликтүү жасаганга умтулуп, башкача стиль, имидж менен чыгууга аракеттенишет. Бирок Турдакун Ниязалиев элдей болуп баш катырган деле жок, сүйүү тууралуу «Жубайыма» деген ырын жаратты. Эл өзү эле угуп, сураштырып, кызыга баштады. Турдакундун ийгилиги элдин табитин тапканында болсо керек, балким, анын сыры жөнөкөйлүгүндөдүр...

– Куш келипсиң, Турдакун! Маекти азыр эл арасында хит болуп жаткан «Айтыңыз маарек болсун!» ырыңардын тарыхынан баштасак. Дуэт кандайча жаралып калды?
– Башында бул ырды Мирбек Атабеков англисче, Омар түркчө, мен арабча ырдасак деп ойлогом. Омар бошой албай, Мирбек экөөбүз кыргызча эле аткарып калдык. Мен ойлогондой үч тилде ырдалбаса да эл жакшы кабыл алып, жыйынтык көңүлдөгүдөй болду.

– Атам тарбияга катуу болчу деп эскерген элең. Бекем тарбиядан улам азыр элге үлгү болгон Турдакун чыкса керек?
– Туура, мени кичинемде далдырсың деп коюшчу, аябай бош бала болчумун. Атам боштугумду жоёюн дечү окшойт. Кошуналарымдын кыздары менен ойноп калсам да «алар менен ойнобо, сен кызсыңбы?» деп урушчу. Бир жолу мага тай сатып берип, жүгөнү да жок «мин» деди. Минсем тай чычаңдап чуркап кирди. Улам кулап түшөм, атам «тур, мин» дейт, кайра минем. Ошондо 4-класс болчумун. Азыр ошондой нерсени мен балдарыма кыла алмак эмесмин. Ал үчүн тоодой жүрөк керек экен, мен андайдан корком. Ат чапканды үйрөнгөндөн кийин балдар менен жарыштырчу, калып кетсем «эмнеге каласың?» деп урушчу. Дагы бир жолу мени учкаштырып алып улак чапканы эсимде. Ээрдин темири бутумду улам кыпчыйт. «Ооруп кетти, ата» деп да айта алган эмесмин. Үйгө барып карасам көпкөк болуп кетиптир. Жалгыз уул болгонумдан атам мени бекемирээк болсун деген окшойт. Азыркы жеткен ийгиликтеримди атам көрсө абдан сүйүнмөк болуш керек деп калам.

– Араб тилине мурунтан кызыкчу белең? Араб филологиясы факультетин тандашыңа эмне себеп болгон?
– Чоң апам кичине кезимден эле айылдагы молдолорго алып барып намаз окуганды үйрөткөн. Бирок араб тилин шартка байланыштуу тандап калдым. Мен мектепти аяктаган жылдары көпчүлүктүн катарында биздин да жашоо шартыбыз начар болчу. Ошондуктан апам «Таласта эле окучу» дей берчү. Мен болбой эле көгөрүп «Бишкекте окуйм» деп туруп алдым. Ал кезде эптеп бюджетке өтүп алсам деген максатым бар эле. Карасам көп факультеттерде орун аз, тапшырчу абитуриенттер көп, кала берсе менин алган упайым жетчүдөй эмес. Жарнамадан Чыгыш университети тууралуу окуп калып, ошол жакка барсам башкаларга салыштырмалуу абитуриенттер аз экен. Ошондуктан араб тили факультетине тапшыргам. Азыр ал үчүн өкүнбөйм, анткени араб тилин билгеним үчүн чет өлкөлөргө чакыруулар көп болот.

– Студенттик кезде кызыктуу күндөр көп болот эмеспи. Сенде да эсте калган окуялар барбы?
– Университетте окуп жүргөндө орус тили мен үчүн чоң маселе болчу. Мени сурабаса экен деп эле отурар элем. Уялчаактык жаман экен. Бир жолу туура эмес сүйлөп алып балдар күлүп койсо ошону менен унчукпай жүрдүм. Бир жыл ошентип өттү. Эртең экзамен деген күнү чыгынып бир жылдык конспектини окуп чыкмакчы болдум. Өзүм окусам такыр түшүнбөйм, эжем баарын эринбей түшүндүрүп которуп берди. Адам күч келгенде баарын кылат экен. Кечки саат 4тө баштап, таңкы саат 5ке чейин баарын жаттап салдым. Ошондо өзүмө аябай таң калгам. Бир жыл бою билбей жүргөн нерсенин баарын бир түндө билип, ийгиликтүү тапшыргам.
Ал эми жашоо жактан кыйынчылыктар көп болду. 1-курста жатаканада жашаганда студенттердин ар бирине күнүнө 2 нан берчү, нан жеп, суу ичип күн өткөрчүбүз. Кийин батирге чыгып кетип аябай кыйналдым. Ал кезде атам да кайтыш болуп кеткен. Апам чоң атамдыкында турчу, аны кыйнабайын деп «жол киреге эле акча салыңыз» дейм. Айына 350 сом жөнөтөт, ошол эсеп боюнча сабакка барып келгенге эле жетиши керек. Ашыкча акча кетпесин деп кээде 5-кичи райондон Улуттук китепканага чейин жөө келем же кетем. Менде түштө тамактануу деген жок болчу. Кээде гана Нурбек деген досум пирожки алып берип сыйлабаса эле, түштөнүү учурунда ачка китепканада сабак окуп отурчумун.

– Калың журтка ырчы катары таанылганга чейин эмне менен алектенип жүрдүң?
– Жумуш жок болуп калган учурда үй-бүлө багыш үчүн такси айдап да жүрдүм. Ал кезде «Жубайыма» аттуу ырым чыга элек болчу, бирок дин чөйрөсүндө ырчы катары таанып калышкан. Кыргыздын менталитети башкача тура. Аты чыгып калган адамдардын такси же болбосо коомдогу карапайым жумушка иштегенин башкача кабыл алышат экен. «Минтип иштебей эле койбойсуңбу?» дегендер болду. Кийин өзүм башка жумушка орношуп, такси айдабай калдым. Менимче, кайсы жумуш болбосун маңдай териң менен акча тапсаң анын уяты жок.

– Ырларың аркылуу түгөйлөрдү ынтымакка чакырып келесиң. Өзүңдүн чакан мамлекетиңди да тааныштыра кетсең.
– Келинчегим Жибек Чоң-Алайдын кызы, Бишкекте төрөлүп, Кара-Балтада чоңойгон. Мен студенттерге лекция окуганы барганда аны бир көрүп жактыргам. Таанышканда мен ойлогондой ак көңүл, ичинде кири жок, жайдары кыз болуп чыкты. Башында ата-энеси кызыбыз жаш, кала берсе Таласка бербейбиз деп чыгышты. Таластыктарды өтө эле «дерзкий» деп ойлошсо керек. Бир жылча сүйлөшкөндөн кийин Жибектин чечкиндүүлүгү менен бизге ак батасын беришти.

– Сахнада бир мүнөз адам көрүнөсүң. Жашоодо, достор арасында кандайсың?
– Мен аябай деле жоош эмесмин, антип ойлобогула. Менин жиним чукул, ким кандай мамиле кылса ошого жараша жооп алат. Адамдан көңүлүм калса сүйбөй, мамилени үзүп салам. Балдарым тентектик кылса урушам, тарбиялайм, какыс-кукус деле кылып коюшум мүмкүн.

– Жакында берген жеке концертиңди «бир ыр менен эле концерт берди» деп сындагандар болду. Бул пикирлерге оюң кандай?
– Кээ бирлери чын эле менин бир ырым бар деп ойлошот экен. Мен «Жубайыма» деген ырга чейин диний ырларды аткарганым үчүн элге көп жайылган эмес. Аларды да туура түшүнөм. Мен деле бирөө бир ыр жаздырып алып концерт койсо ошентип ойломокмун. Чынында менин 20 чакты ырым бар.
Мурун кесиптештеримдин концертине конок болуп барганда толкунданчу эмесмин. Өзүмдүкүндө «элге жагып жатат болду бекен, кандай кабыл алууда?» деп толкунданып жатып ашыкча кыймылдарды да жасап жиберипмин. Аны кийин видеодон көрүп жатпаймынбы (күлүп). Буюрса, жыл сайын ушундай элди жакшылыкка үндөгөн концерт берип турам деген максатым бар.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгилик!

"Жубайымдын төрөөр маалы Орозо айына туура келгендиктен күндө "ыйык айда төрөчү" деп тамашалай берчүмүн. Айткандай эле жубайым Айт күнү уулубуз Хамзаны жарыкка алып келди".


"Айтыңыз маарек болсун!» аттуу ырды башында Мирбек, Омар, мен чет тилде аткармакпыз".


"Туулган жерим Көк-Таш айылына ай сайын барып, туугандарыма жолугуп турам".


Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(25)
25.07.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чыгармачылык ийгилик!
25.07.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге күйөө бала турбайбы
25.07.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы адам экени билинип турат.мен жубайыма деген ыры менен ооруп журом, мурда билбейт элем азыр супердеги ырларынын баарын кочуруп алгам.
Дайыма ушундай жонокойлугуздон жазбаныз.
25.07.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай соонун ,жонокой ,жалпак тил менен айтылган маек болуптур . Ушуңуздан жазбаңыз.
Чынында сабрдын түбү сары алтын дегени чындык,ошондой кыйынчылык болсо дагы сабр кылып,баарын жеңип азыркыдай ийгиликке жеттиңиз.
Балдарыңыздын өмүрүн берсин
25.07.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дин жонундо ырларыныз жаштарды жакшы жакка ундойт Аллахым уй булонузго еки дуйно бактылуулукту насип етсин
25.07.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик! мен кыргызчаны билбейт го деген элем ырларындагы кээ бир создорун аябай басым менен ырдаганын угуп)
25.07.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз!Мындан мурун аялыныз бир гезитке берген маегинен улам,сизди сыйлап калдым.Бактылуу болунуздар.Чыгармачылык ийгилик.Озу Чон-Алайлыктар ошондой жакшы калк келебиз да)))
25.07.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорудагы дуэт ырын укпасам да "Жубайыма" деген ырын кары-жаш жакшы коруп угат. Жакшы ыр озу эле элдин журогунон жай табат. Озу да ото адамгерчиликтуу, жупуну, мыкты жигит экен, жубайы экооно уй-булолук бакыт каалайм, уул-кыздарын да оздорундой татыктуу тарбиялашына чын конулдон тилектешмин.
25.07.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жана дагы ийгилик! Кандай жакшы ырдайт десе Таластан турбайбы? Таластын суусунда алтын, топурагында күмүш бар окшойбойбу, мен Таласта төрөлсөм да жакшы ырдай албайм...
25.07.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой сонун жигит экен
26.07.2016. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайыма деген ырын канча уксам да уккум келе берет,жада калса телефонума коюп алгам,ар дайым ийгилик сага
26.07.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат, ооба жоош эмессин, таластык жигиттердин мунозу белгилуу, кандай мамиле кылсан сага ошондой жооп болот, ьул лично таластыктарга тиешелуу сапат
26.07.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shat.88, Таластыктарга тиешелүү сапатты элдин баары билет
27.07.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото соонун ырдайтгоо э
27.07.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы....жакшы!!!!!!!!!
27.07.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо Дарыя Санташованын интервьюсу бар беле
27.07.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asel96, саламатсызбы? Төмөндөгү шилтеме менен кирип интерьюсун окусаӊыз болот: http://www.super.kg/article/show/20929
27.07.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, рахмат
27.07.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы дагы ийгиликтерди жарата бериниз!!! "ЖУБАЙЫМА" ырындай дааагы жакшы популярдуу ырларды чыгара бериниз!!!!
27.07.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын иним чыгармачылык ийгилик сага.Айрыкча "Жубайыма"деген ырын кары жаштын журогунон орун тапты.Бир эле ырын азыркы жылдыздардын мин ырынан жогору турат.Кайсы бир акындын мышыкча мыйоолотуп минди таппай арстанча аркыратып бирди тапкын дегениндей болду.Ийгилик сага талантын оркундой берсин
28.07.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдарга ушинтип жакшы эле жазышат.Анан башка ырчылар мени коралбайт дебей онолгула ушу жигитке карап
28.07.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жонокой жигит экен башка ырчы болгондо айылдагы суротун киргизмек эмес.
29.07.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
29.07.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улгулуу адам
31.07.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарга үлгү боло турган үй бүлөө. Ийгилик каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо