Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

21 ЖАШТАГЫ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАГАНДАР ЖАЗА АЛЫШКАН ЖОК

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Өткөн жумада "зордуктоо" беренеси менен Ош шаарынан кармалган 2 жигит Ош шаардык сотунун чечими менен эркиндикке чыгышты. Эмнеге? Бул суроого жооп издеп көрдүк.

УНААНЫН ИЧИНДЕГИ БАЛДАР МАС БОЛУШКАН

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы өткөн аптада зордуктоо боюнча шектелип 3 жаш бала кармалгандыгын билдирген. Алардын маалыматы боюнча, Ош шаардык патрулдук милиция кызматкерлери 13-июлдан 14-июлга караган түнү саат 2лер чамасында мамлекеттик номуру жок катуу ылдамдыкта бара жаткан Опель-Вектра үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу токтобостон жолун уланткан. Артынан көзөмөлдөп барган милиция кызматкерлери аталган унааны Касымбеков жана Салиева көчөлөрүндө токтогон жерден кармаган.
Кармалган учурда унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү мас абалда болушкан. Патрулдук милиция кызматкерлерине айдоочу алгач унаанын мамлекеттик номурун чечип, багажга салып койгондугун айткан. Анын себебин номурлар жакшы бекибей жаткандыгы менен түшүндүргөн. Бирок анын себеби такыр башкада болуп чыккан.
Милиция кызматкерлери мас абалдагы жаш жигиттерди кармалган жеринде суракка алып жатканда такси менен жаш кыз келип, алар аны алдоо жолу менен Кара-Суу районунун Фуркат айылы тарапка алып барып зордукташканын айткан. Жабырлануучу кыздын көйнөгү бир нече жеринен айрылганын көрүп шектенишкен милиция кызматкерлери кармалган 3 жигитти жана жабырлануучу кызды Ош
ШИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткиришип, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

"ЭКӨӨЛӨП САЙГА АЛЫП ТҮШҮП ЗОРДУКТАШТЫ"

Патрулдук милиция кызматкерлерине кармалган балдар кыз менен мурун тааныш болушкандыгын айтышкан. Ал эми жабырлануучу Айшат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу келин төмөнкүлөрдү айткан:
– 21 жаштамын. Жолдошум менен ажырашып кеткем, 1 балам бар. Учурда Ош шаарында жашайм жана шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштейм. 13-июль күнү кечинде Өзгөн районундагы айылдардын бирине ата-энемдикине бармакчы болуп жолго чыктым. Түнкү саат 10дордо бир унаа токтоп, ичиндеги 3 жигит мени айылга чейин жеткирип коюшмакчы болушту. Бирок орто жолдон унааны ээн талаага алып келишип, 3 жигиттин экөөсү каршылык көрсөткөнүмө карабай сайдын ичине алып түшүп зордуктап салышты. Алар мени кайрадан Ош шаарына алып келип ташташты. Мен балдардын кайда баргандыгын, дарегин билип алуу үчүн такси жалдап, алардын артынан жөнөдүм. Бир маалда алардын унаасын патрулдук милиция кызматкерлери кармап алганда жетип келдим. Бул балдар менен мурда тааныштыгым жок болчу.

"ЗОРДУКТОО БОЛГОНДУГУ ДАЛИЛДЕНДИ"

Бул ишти карап жаткан тергөөчү Уланбек Нышанов менен байланышканыбызда ал буларды билдирди:
– Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөр: Кара-Суу районунун Жарооз айылынын 1993-жылы туулган тургуну Б.Н., 1995-жылы туулган Б.Т. жана 1995-жылы туулган А.А. кармалган. Зордуктоо болгондугу экспертизада аныкталды. Мен өзүм барып окуя болгон жерди текшерип, кыздын ич кийимин таптым.
Окуя мындайча болгон. "Жабырлануучу кыз зордукталган соң кылмышка шектүүлөрдүн артынан такси менен кубалап барган" деген маалымат туура эмес. Патрулдук кызматкерлер унааны токтотушканда кыз жерге түшө качып, жигиттер аны зордукташканын айткан. Ошондой эле ал айылына бара жаткан эмес, кылмышка шектүү 3 жигит аны сөзгө тартып, алдоо жолу менен унаасына салып кетишкен. "3 жигит тең мас болгон" деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Айдоочу соо болгон жана зордуктоого катышкан эмес. Ал берки 2 жигиттин бирөөсүнүн иниси болгондуктан аны жөн гана айдатып алышкан. Аны жабырлануучу да тастыктагандыктан, айдоочу башында эле коё берилген. Ал эми берки экөө кармалып, тергөө жүрүп жаткан. Бирок жабырлануучу кыз менен алар өз ара келишип алгандыктан, соттун чечими менен бошотулушту.
Биз тактоо үчүн кайрадан Ош ШИИБинин басма сөз кызматкерлерине байланышканыбызда алар жабырлануучу патрулдук милиция кызматкерлерине айткан алгачкы көрсөтмөсүн тергөөдө өзгөртүп жибергендигин айтышты. Соттордун же жабырлануучулардын ушуга окшогон "гумандуулугунун" айынан көптөгөн кылмышка шектүүлөр жаза албай калышат. Балким, бул көрүнүш кылмыш иштеринин көбөйүшүнө түрткү болуп жатабы деген ойго түртөт.

Кылмышка шектүүлөр.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(38)
25.07.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
ушундай ыплас нерселер качан токтойт, кыз да кызык экен мас абалдарын билип туруп унаасына тушпой эле койбойбу!!!! бул жерде кыздында куноосу бар!
25.07.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зордоп туруп, олтуруп салса эмне болот?! Кыздар, келиндер, аялдар этият бололучу.
25.07.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы заманда эчкимге ишенип болбойт кыздар абайласанар боло!
25.07.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде куноонун 90%ы кызда.
25.07.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
leilekstan_1987,ооба бечара куноосуз балдарды зордуктап кийимдерин айрып 100%кызда куноо
25.07.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бизде жалан сабатсыз адамдар калганбы укук коргоо, сот органдарында? Кылмыш болгон сон созсуз жазага тартылышы керек. Оз ара келишкендик эч кандай жоопкерчиликтен бошотпойт.
Соттун озун жоопкерчиликке тартуу зарыл.
25.07.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саат 10 до айылга неге барат.? Түндө үйүнө кирип барса ата-энесида урушат да. Түн жарымда ушунча болуп 3 бала бар машинага түшуптүрбү
..
Ошто такси ооо жыбырайтго,ошончо болуп ушул таксиге түшүп алган кызда бир мандем бар
25.07.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тун бир оокумда ,3 бала бар таксиге чыгып коркпогонунууу.,,Кундузу таксиге чыккандан коркосунго аял киши бар бекен ичинде карайсынго..Негизи кудай сактасын "Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узбойт"!
25.07.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aigerimosh,официанттардын иши он эле эмес андан да кеч 12-1лерде бутотго ишинен чыккыча ушул убакыт болдуда а шашылыш уйундогулор чакыртса баардыгыбыз эле тунго карабай эле жонойбузго отуруп сын тага бербегилечи
25.07.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ким билет, түшүнүксүз, балдарды жөн эле айыпка жыгып атышы дв мүмкүн. бизнестин мындай түрү да бар азыр.
25.07.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurjasi, тергоочу, прокуратура кызматкерлери иштеп, обьективдуу изилдеши керек. Кыз постава кылган болсо, кыздын озун камаш керек. Балдар зордуктаганы аныкталса кучко салып, балдар камалышы керек "оздору келишип алды" деп ишти жаап койбой. Ошол соттун озун да камаш керек, жумушун так аткарбаганы учун...
Frunze74 түзөттү 2016-07-25 15:17:47
25.07.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келишип алды деп кылмышты жапкан кандай сот?! Эгер бир кылмышкер 10-20 адамды олтуруп, алардын туугандарынын "оозун майлап, алдынан отуп" тосмо арыз алса, кылмышкерге кылмыш козголбой, жазасыз кала береби? Келишип алышты, тосмо арыз дегенинерди жоготуп, айрыкча адам олтуруу, зордуктоо ж.б. оор кылмыштарда соттор бул нерселер эске алынбай, кылмышкерлер оз жазасын алышы керек го...
25.07.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз келишим мн тушуп, кийин балдар алдап качканда милицияга звонок кылып койгон но кыязы
25.07.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чьё, то туура келбей жатат. машинадан түшүп качканбы же аңдып барганбы? соо экенби де мас абалында экенби? экөө кылмыш жасаса 3-жигит карап турганбы?......далил жок......
26.07.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай зордукчуларды кудайым озу жазасын берсин, башка дагы зордукчуларга сабак болсун,балдар унаасына салаарда, кыздар чужой унаага олтурарда эртенкисин ойлонуп коюшса жакшы болот! Азыркы жашоодо кыздарда балдарда этият болуп эле журолучу,,зордукчулар баардык жерде бар болуп калышы мумкун,,андай жаман кадамдарга озубузда повод берип койбой туз эле журолучу)))
26.07.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunajyn kozun kyspasa bukada jibin uzboytda birok emnesi bolsoda kuno ish jasap koyuptur.
26.07.2016. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой боо, өзү акырына чейн окуудунарбы? Толук окуп алып, анан вывод чыгарсанар боло! Тергөөчүнүн сөзүн окусанар!
26.07.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарды ким зордуктаса , ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-26 10:11:11
26.07.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kalima88, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
26.07.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
подстава болуп атат. Өзү макул болуп,кайра арыз жазып акча алган. Ошол менен иш жабылган. Мындай кыздар көп. Ошондуктан абайлагыла.
26.07.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун куноонун баарын кызга оодарып саласынар.бир наристелуу болсо мумкун ата энесинин уйуно баласын саагынып кеч болсода барайын дегендир
26.07.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким туура эмес кадамга барып жамандык кылса созсуз жазасын алат бул дуйнодо болбосо да тиги дуйнодо акыретте. Билип билбей кызда же балдарда деп ар кандай айтыштын деле кажети жок.
26.07.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корбогондон кийин кызда же балада деп куноону бироосуно жуктош кыйын.
26.07.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учунчусу кана?
27.07.2016. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунку саат ондо айылга барам деп чыккан ушул келинди уктум тообо
28.07.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз 21 жашка чыккан болсо бир топ нерсени коруп калган экен ал кыз ажырашкан болсо анда кыз озундо куно балдар тийишип жур десе кете бергенда кызыгып эмне бар экен деп же бир эс алайын деп ойлошуда мумкун кыздар силер аман болгула
28.07.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кырчындай жашынарда арам нерселерге азгырылбай,адал иш жасабайсынарбы!жаш туруп соттолгон деген атка конбой,ата эненерди ойлосонор боло!
28.07.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айнанайындар бул турмушта ар турдуу кырдаал болот экен да. Келинди куноологонду койгула мумкун билбей тушкондур. Мен дагы орозодо, кайынжурт ооз ачар откоруп атат эле. тунку 9да чыктым Оштон, кайненем кайра кайра чала берди,иштен чыгып кел жок десе идишти жууш деп. куйоом жумуштары м.н Жалалабадта эле, Анан жалгыз шашып такси тосуп чыктым, 4 эркек арасында озбектер да бар, коркуп зорго жеттим Куршабка...
Андан ары куйоом тосуп алып айылга кеттик. Шарт да кайнененин созун кечалбай барасын
29.07.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндөсү тааныбаган балдар менен машинеге олтурбай эле койсо болмок чындыгында,,,
29.07.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кандай маселе болбосун Эгер аял аралашкан болсо созсуз аялды куноолошот. Биз дегин качан сабаттуу болоьуз? Окуя болгон жерден кыздын ички кийими табылыптыр, койногу бир канча жеринен айрылып, экспертиза кыздын зордукталганын аныктаптыр. Анан атасыз калган баласын багам деп иштер журсо официанттар чын эле жумуштан кеч чыгышат кечинде барып баласын Ата энесин коруп, эрте м.н кайра жумушка келип калайын деп жоногон да. Шумшук жигиттер чыныгы жигит болсо ошол келинди аман эсен жеткирип
29.07.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койбойт беле оз ырахаттарын ойлобой. Кызда эч кандай куноо жок. Азыркы эркектер бузулуп жатышат эркек болуп туруп койнок кийип интимдик кызмат корсотушуп. Озунон 10 жаш улуу бай аялдарга уйлонуп Альфонс болуп. Эркектер оздору ушинтип жатса алсыз аялдар кимге башын жолойт. Жыйынтыгында " кайсыны Эллен корсон жудоо зайыпты, ошол элдин эркегине койгун айыпты" дейт.
29.07.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон кыздардан кудай сактасын . машинасына тушуп алып зордуктады деп милиция чакырган жаман .
06.08.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куно кыздын озундо экенда
16.08.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөнүн баары кызда!Ал түнү менен жалгыз аял болгондон кийин чыкбай эле койбойбу чыкса да мас балдардын машинасына эмнеге олтурат,ал жөн аял эмес!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо