Кенже Дүйшеева: «МЕНИ КАРАЛАГАН КИМ ЭКЕНИН БИЛЕМ»

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Жакындан бери бирөө ырчы Кенже Дүйшееванын атынан Инстаграмга катталып, «Кыз-Бурактын» кыздарынын абийирин ачкан жагымсыз пикирлерин калтырууда. Ага «сенин кылганың туура эмес» деп жазгандар менен урушканга чейин барып жатканын айтат окурмандар. Ырчы айым «өзүмдү каралаганга көнүп деле калгам. Үй-бүлөмдү аралаштырганы мага жагымсыз болуп жатат» дейт.

– Кенже эже, сиздин атыңызды фейк пайдаланып жатканын кайдан билип калдыңыз?
– Буга бир жума болуп калды окшойт. Мага тааныштар чалып, «сиздин атыңыздан бирөө инстаграмда ар нерсени жазып жатат» десе, фанклуб окшойт деп маани берген жокмун. Көрсө, менин атымды пайдаланып жаман нерселерди жазып жатыптыр. Ал Сайкал экөөбүздү кайым айтыштыргысы келип жатабы деп да ойлодум. Мен Сайкалды дагы деле баладай көрөм. Андай уят сөздөрдү жазбайт деп ойлойм. Ал эмес менин атымды пайдаланып Айжамалга карата жаман сөздөрдү жазыптыр. Бирөө жаман болгон күндө да менин оозумдан жаман сөз чыкпайт. Мен муну баса айта алам.

– Сизге буга чейин деле бут тосуулар болуп келет. Бул жорукту кандай кабыл алдыңыз?
– Бут тосуу болуп келатат, боло турган эле нерсе. Мындай нерсени күтсө болот. Буга мен териккен деле жокмун. Болгону үй-бүлөмдүн сүрөтүн аралаштырганына жиним келди. Менин үй-бүлөлүк бактым, чыгармачылыктагы ийгилигим бирөөнү кытыгылап жатат окшойт. Мындай нерсени жашоодо жакшылык көрбөгөн, жан дүйнөсү жарды адам гана кылат. Мунун баарын мен күзгө белгиленген концертимдин алдынан каралоо деп ойлойм. Анткени гастролдук тур башталары менен ушул нерсе чыкты.

– Фейк «Кыз-Бурак» тууралуу жагымсыз кептерди жазып жатат. Демек, сизди көргөн-билген эле кишинин кылганы го? Териштирген жоксузбу?
– Мен ырдап жүргөн кезде, деги эле мен жашоомдо ыплас нерсеге эч качан жол бербейм, берген дагы эмесмин. Андыктан бул нерсени териштирген жокмун. Булар мени чыгармачылыкта чалынтууну максат кылып жатышат. Чыгармачылык бирөөнүн атасынан калган мурас эмес да. Мага ким аң казып жаткан болсо, эртең ошол орго өзү түшөрүн билсин. Ал жерде мен оозума албаган сөздөр жазылганын баары эле билип жатышса керек. Жездеңерге билдирүүлөрүн окуп берсем каткырып күлөт. Жолдошумдун бир жакшы сөзү бар, «мейли, канча кеп кылса кылышсын, негизгиси, биз бактылуубуз, көз тийбесин» дейт. Мени каралап жаткан адамдардын ким экенин жакшы билем. Андыктан бул жоругун токтотсо жакшы болмок.

Ушул ат менен катталган бирөөлөр ырчы айымды каралоосун дагы деле токтото элек.


Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(66)
25.07.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пиар Кенже озу дейсинер??? Ким билет мунун артында может башка эле адам жаткандыр! Биринчи Айжамал эми Кенже менимче Кыз Бурактын эски душмандарынын эле бири!
25.07.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бактылуумун деп эле жар сала берген болбойтго..Ар бир адам бактылуубу бактысызбы озу учун..
25.07.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озу эле го менимче. Жаны эле ачса почта ошончо адамды каяктан кошуп алмак
25.07.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өз абийирине өзү шек келтирип Кенженин башына таш тийиптирби?! Чооң эле аялды "пиарчыга" чыгарып койгонго уялсаңар боло!
Кенженин атын каралап жүргөн адам болсо "Кыз-Буракта" мурда ырдап жүргөн эле кыздардын бири болушу мүмкүн.. Бул топ түзүлгөндөн бери канчасы келип, канчасы кетти.. Кенже менен Гүлшайыр эжелердин темирдей катуу мүнөзүн канчасы көрдү дегендей..
25.07.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bul.okuya~maga taanish~antkeni BIROO~menin~atiman~achip~karalap~surottorumdu DA ~juktop~ mazaktagan ubakut bolgon~!azir Kenje ejeni tushunup turamin~oorunun kadirin soo bilbeit ~degendei~bashinan~otkon ADAM ganA~bilet~koro~albai~ichi kuykalangandar~gana kilishi mumkun
25.07.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Oshon uchun~bilip~bilbei~piar DEGEN tuura~emes~
Baktikan түзөттү 2016-07-25 21:28:51
25.07.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким болсо да озу билет экен да,андай адамга соз суйлоп деле кереги жокко создун баркын кетирип
25.07.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кенже абжебиз сазга тушойун дегенго
25.07.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каралаган ким экенин билсен ачык айтта табышмактатпай бири биринерге ор каспай ар ким бироого туура эмес мамиле кыларда ойлонсо,ор кассан терен каспа озун тушуп каласын дегендей ким жамандык кылса ага да бироо жамандык кылат эки эселеп.
26.07.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ит уро берет кербен журо берет.
26.07.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо..Мынча жакшы коросунор бироону жамандагандарды.Бактылуу болсо бактылуумун дейтда.Же силердин бакытынарды тартып алдыбы?Озунорчо бактылуу боло бергиле.Кызык эмес болсо окубай эле койгула..Пиар деп..Эмне анын бащка иши жок бекен..Отуруп алып жаш баланын ишин кылгандан башка.Мынча жаман ойлуусунар.Бироонун жашоосуна аралашпай эле койгулада.Куйоосунон бери сындап кирбей.Озунордун жашоонорду эптей бергиледа...Кызык...
26.07.2016. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенже эжеке конул бурба ичи таар арамзаадалардын ищи бул.Алма гулу деген ырынызды жаны версичсын чыгарып коюнузчу
26.07.2016. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болбогондорду эле айта берет экен да кенжеден башкасы жок беле тажатты ушул катын куйормандарына оло грубо отношение жазйт экен
26.07.2016. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже азаматсыз! Ийгилик жана уй-булолук бакыт!
26.07.2016. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенже айым ким экенин билгенде кыймылсыз калчулардан эмес го, жайына барып жайламак.
26.07.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жебе менен атып салыныз!
26.07.2016. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чурулдагылачы дагы..
27.07.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал жок болуп кеткен окшойт, инстаграммда жокко) кирип окуп короюн дедим эле...
27.07.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uwunday adamdar koboudub azyr! ozu bolo albayt bolgondu koro albait!
28.07.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ бул жагы орустардын (А. Малаховдун) "жонкой суйлой берсин"-передачасынан отуп кетиптирго.
29.07.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur007mir009kg, "майли,жабдырай берсин"
28.07.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оббоо ырчылардын ушундайы качан токтойт...
28.07.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кимге куч келиптир ушунун атынан почта ачып карыганда жон эле отурбайбы жаш балага окшобой. Пиар да.
30.07.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыктагы инсандардын жашоосу кызык ошол учун сен жазып жатпайсынбы,сен ошондо даана жашоодон кетип калган адам турбайсынбы,тууй ата.Сен Кенже эжекебиздин тушуно да кирбесен керек :)
28.07.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы соз Жан эргитет,жаман соз жан кейитет дегендей ар бир адам жакшы соз уксан кубанасын,жаман соз уксан кыжал болосун,ошондуктан комментарий жазгандар эмоцияга алдырбай озунорду кармап жазгылачы сураныч!Кенже Д..га чындыкты жазгандыр
29.07.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кенже еже мен сизди суйом.артка кылчайбаныз только период
30.07.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эжени эркек муноз, тарс тарс бетке айтат дагы ушундай сыяктуу создорду айтып койсо эле огош бетер коколойт да коколойт!Кыскасы мага жакпайт кантсе дагы аял киши ордун билиш керек!
30.07.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aysuluu95, Жашоого ар бир адам кимдир бироого жагыш учун келбесе керек.сен деле бироого жакпай чыгаттырсын.Эженин эркек муноздугу табиятынандыр.ал эми табият берген нерсени бир да бир инсан озгорто албайт го.
31.07.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
slastenchik,Албетте пенде болгондон кийин ар бир инсандын жакшы жана жаман саппаттары болот. Мени баары жакшы корот дегенден алысын. Мен жеке оюмду сизге айткан жокмун!
30.07.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип туруп анан унчукпай турчулардан эмес бул аял.
30.07.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже да кызык :))) душмандары жанында экенин да билбептирби :((.Албетте Гулнара менен Айжамал да!мурда эле топто жургондо Кенже эжени жамандашчу.буларды мен жакшы билем го :)
31.07.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info Кенже Дуйшееванын "ош шаарым" клибин жуктоп койгулачы сураныч
31.07.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын жүрөктөн баарыбир!!! Ырчыларыбыздын ичинде эмне болуп жатканын өздөрүнөн бөлөк эч ким билбейт. Так что...ишенип да ишенбей да нерв коротпогула!
31.07.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын журоктон барибир
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо