НУРЛАН АЛДАЯРОВ

№220 19-25-январь, 2007-ж.

– Нурлан, ырдап баштаганыңа канча убакыт болду?
– Ыр дүйнөсүнө кичинемден эле кызыгып келем. Бирок, эл алдына ырдап чыкканыма бир жарым ай эле болду.
– Чыгармачылык жолго түшүү­ңө эмне себеп болгон?
– Мен 2-классымдан тартып залкар комузчу Зайнидин Иманалиев агайдын колунда тарбиялангам. Ал агай мага комуздун сырларын үйрөткөн. Кочкордогу музыка мектебинде 5 жыл окуп, диплом менен аяктагам. Кичине кезимден эле ырчылык кесипке абдан кызыкчумун. Айылга концерт коюп келип калган артисттердин бир дагы концертин калтырчу эмесмин. Алардын ырдаганын көрүп, “мен дагы чоңойгондо айылдын баарын кыдырып өзүмдүн концертимди берем” деп кыялданганым эсимде. Учурда сахнага чыгып ырдап, чыгарма­чыл адамдар менен аралашып жатканыма аябай кубанычтамын.
– Чоң сахнага чыкканың эсиңде болсо керек?
– Албетте. Мен чоң сахнага продюсерим Бек Борбиевдин бир тууган иниси Жаныбек Борбиевдин жардамы менен Акбар Сүйүнбаевдин концертинде чыккам. Сахнанын сүрү бир топ экен. Толкунданганымды сураба. Бирок, ырым элге жакты окшойт, жакшы колдоп беришти. Кол чаап жаткандарын көрүп, сүрдөгөнүмдү да унутуп калыптырмын.
– Ошондо ырдаганыңды уккан жакындарың эмне дешти?
– Ата-энемдер, туугандарым бардыгы сүйүнүшүптүр. Досторум болсо мени куттуктап жакшы тилектерин айтышты.
– Эки ырыңдын тең автору Бек байке экен. Бек байке менен кантип таанышып калгансың?
– Бек байке менен кастинг учурунда таанышып калгам. Байке жаш, таланттуу, үнү жакшы балдарды кастинг аркылуу тандап жаткан экен. Ошондо мен да барып ырдап, сындан өттүм. Менин талантыма баа берди окшойт, айтор, тандап алды.
– Үйбүлөң жөнүндө айтып берсең?
– Төрт бир туугандын экинчисимин. Атам мектептин директору, апам болсо мугалим. Ата-энем мугалим болгондуктан, тарбияны аябай эле катуу беришкен.
– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. Мектепте бир кызды жакшы көрчүмүн. Бирок, ал мектептеги балалык сүйүү деп ойлойм. Азыр болсо жүрөгүм бош.
– Алдыда кандай максаттарың бар?
– Жакын арада Бек байкенин сөзү, обонуна жаралган дагы бир ырым чыгат. Учурда болсо “Гүлсара” аттуу ырыма клип тарттыруу менен алектенип жатам.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо