Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРДАГАНДА ЫРДЫН СӨЗҮНӨ МААНИ БЕРЕСИЗБИ?

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Ыр угуп жатканда эмнесине көңүл бөлөсүз? Мисалы, мен сөзүнө карап угам. Ката же мааниси бурмаланган чыгарма болсо ырчы канчалык жакшы аткарбасын, укмуш обонуна карабай укканды тык токтотом. Биздин ырчылардын айрымдары кээ бир сөздөрдү бурмалап, айрымдары кыргыз тилине жаңы сөз да кошуп жиберишет. Ошол ырчылардын айрымдарынын ырларынан мисал келтирели.

"УККАНЫМДАЙ ЭЛЕ ЫРДАП КОЙГОМ"

Ырчы Айгерим Расул кызы Нинакан Жүндүбаеванын "Кызыл өрүк" аттуу ырын аткарып чыкканда кызуу талкууга алынган. Ырдын "Ого бетер күлүңдөп сени карап,Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик" деген кайырмасында ырчы болгонсуйсуң деген сөздү "обонсуйсуң" деп салган. Кыргыз тилинде обонсуйсуң деген сөз жок экенин айтып катуу сындаган угармандар болгон. Айгерим бул чыгарманы мурунку ырдагандардан угуп аткаргандыгын айтат.
– Мен "Кызыл өрүк" аттуу ырды 2008-жылы, атамдын сунушу менен ырдап чыккам. Ыр өзүмө да жаккандыктан концертимдин алдынан шашылыш жаздырган болчумун. Ал убакта ырдын текстин эч жерден тапкан эмесмин. Ошол себептен менден мурун ырдагандардан кандай уксам ошондой аткарып салгам. "Обонсуйсуң" деп ката ырдаганымды 6-7 жылдан кийин билдим. Буюрса, ырды кайрадан жаздырып, тууралап коёюн деп жатам.


ЖҮРГӨНҮҢДӨ ДЕГЕН СӨЗДҮ ЖҮРӨГҮҢДӨ ДЕП ЫРДАП...

Смар Шимеев жазган "Сени ойлосом" аттуу ырды Анжелика аткарып жүрөт. Бул ырдын ыргагын ээрчибей, сөзүнө көңүл бөлгөн адам чыгармадагы айрым саптар ката ырдалганын аңдайт. Сөзүбүз жөн болбос үчүн ырдын сабындагы катаны көрсөтө кетели. Чыгарманын экинчи куплети
"Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып" деп башталат. Ырчы бул саптагы жүргөнүңдө деген сөздү "жүрөгүңдө" деп бурмалап ырдаган. Ырдын жарыкка чыкканына бир жылдан ашса да Анжелика ката боюнча эле ырдап жүрөт. Элибизде "жаңылгандын айыбы жок, кайра изин тапкан соң" деген накыл кеп бар. Ырчы автордун жазганындай кылып оңдоп чыгар деген ишеничтебиз.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
25.07.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
шашлыш жаздырган имиш, озу да ойлонбойбу
25.07.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хе хе
25.07.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кебетеси кантет Айгеримдин? Тушко кирчудой
25.07.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буга окшогон "саны бар, сапаты жок" ырлар толуп жатпайбы?!
25.07.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айгеримге атасы сунуштаса ырдын текстин жазып бербейби?же буларга ыр жаздыруу оюнчукпу, чай ичип жатып айтып коюп кете бергидей.
25.07.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ал эми Анжеликага болсо соз жок...
25.07.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жийдештин ырындагы ЖАЙНАГЫЛА деген созду ким кандай тушунду?!..
25.07.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы ырчылардын ырдаган ырларынын созу тантык экени сокур адамга да корунуп турат.Ошол ырларын ырдап журо бербей созу да обону да топ келген ырлардын обонун созун бурмалвп ырдагандары адамдын кыжырын келтирет.
25.07.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kubat_73, Барпы акыныбыздын "Молмолум" аттуу шедевр чыгармасы бар, аны коп ырчылар, акыркылардан Малик Аликеев агабыз менен Султан Садыралиев ырдап жургон. Мирбек Атабековдун аткаруусундагы молмолум жакпады клиби жакшы чыкканы менен. Жакшы ырларды бузуп ырдагыча ырдабай эле коюшса деген тилек...
25.07.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы ырлардын 80-90% маанисиз, мазмунсуз ырлар, обонсуз жон окуп чыгып ырда эмне айтылганын эч тушунбойсун, деги ошол ырды ырдаган "ырчылар" оздору да тушунбойт болушу керек... рэп ырларын айтпай эле койолу, айрыкча "кыргыз тил" деген, бегиштин тилди шылдындаган "ырын"...
25.07.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жийдейштин Жайнагыла деген ырын Кыялбек Урманбетов жазган,бул соз кыргыз тилинде бар,жадырап жайнап ойноп кулгуло деген мааниде,Токтогул абабыз да жаш омурун бар кезде жайнагыла кыздар ай деп ырдаган.
25.07.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tiguuchu, эгер Токтогул атабыздын "Гулдоп ал" чыгармасын жакшылап окуганында, "жайнагыла" деген соз жок экенин кормоксун, ойногула деген соз бар албетте. Ал эми Кыялбек Урмамбетов жогорудагы ырдын текстин жазган болсо, мен 2 деген баа берем, бул менин жеке оюм албетте...
25.07.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жайына койгула жаштарды, жүрүп жүрүп оңолушар же жоголушар.
25.07.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айгерим жандуу ун менен эч ырдай албайт бир жолу туз эфирге келип тилин тошоп,тилин чайнап ырдай албай койгон адамга да жагымы жок ушул эфирден чыкканда башка каналга которгончо шашам азыркы жылдыздардын денгээлин ушуга окшогондор тушуруп жатат,бир карын майды бир кумалак чиритет болуп.
25.07.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм сөз жок.
26.07.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле, кыргызча Жакшы ырдай албасанар, Анжеликаны ырдабай еле уйундо кыздарын багып отур дейт елем, еч бир уну жок тооба кандай ырчы
26.07.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ бул тема шумдук ар бир ырчынын репертуарында эски ыр бар жана бир жакшына акын жазган текстти аткаруучулар бузуп бурмалап озгортуп алат Автордук укук бар Бироонун ырын созун даана обонун нотадагыдай Аты жонун айтып клипте толук корсотуп жана ырдап чыгардан мурда уруксатын алып бузбай ырдаш керек
26.07.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
“Кыргызстанга ким жетсин“деген саптар кыжырымды келтирет, себеби ким эмес эмне жетсин деген туурараак болот.Ким жетсин деп кайсы адам жетсин деп адам менен салыштыргансыбай эмне жетсин деген он го...
26.07.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акындар коп бирок сапаты жок дегендей эле кеп болуптур го.Профсоюз иштесе буга окшогон шамдар очмок беле ким билет???
26.07.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырды ырдагандан кийин авторун эмнеге экрандан жана концерттерде бир ооз айтышпайт? Неси болсо да шоу дуйнонун боткосу да бул.
27.07.2016. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар ырдаган ыр, ыр эмес эле пыр. Атасы айтып коюп анан укпаптыр да ырдаганын. Значить расул Маматкулов да озу ырдаган ырларын маани бербей ырдай берет окшойт.
27.07.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары элдин конулуно толоорлук ырдашпайт экоотен ун жок
27.07.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле ырчылар баары ырдаарда жакшылап карашса созуно дагы и маанисине дагы. Ырдын деле тарбиялык мааниси бар деп ойлойм. Анан бир ырды эле ырдай бербей, изденишсе.
27.07.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эмес Бек Борбинвда кээде шкмдуктай сөздөрдү кошуп алат, кыргыз тилинде кезикпеген сөздөрдү.
28.07.2016. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим го тузук мойнуна алыптыр,а Анжелика га соз жокда
28.07.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура,бек борбиевдин ырлары деле мааниси жок улуу муундагы эле адам сенин козун көк меники кара деп сөздөрү,а жаштар чала акындарга соз жок.сөзү менен обону дал келбей калса оуоуоуо деп кошуп коюшат
28.07.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакында ырчыларга реформалоо жургузот окшойбуз суперчилер,кимге катту тийсе жазганым кечиргиле чындыгында Анжелика унун жасап ырдайт жасабай оз уну менен ырдаса болот,Арсендин да бир жакшы ыры жок ун жок;
29.07.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироону жамандап анын куноосун мойнунарга алып не кереги бар.Кемчилигин ондойм деп жатпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо