КАЙСЫ ЖАНЫБАР КАНЧА АЙДА ТУУЙТ?

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Балдар, келгиле, жаныбарлар дүйнөсүнө саякаттоону улантабыз. Бул жолу жаныбарлар канча айда тукум улашат, ошого токтолобуз. Мисалы, түлкү 2 айда, кызыл күсөн (колонок) 1 айда тууйт экен. Башка жаныбарлардын кайсынысы эң көп тууйт, кайсынысы боюнда көп көтөрөт, чогуу билели.

МЫШЫК ЖЫЛЫНА 1-4 ИРЕТ ТӨЛДӨЙТ

Мышык баласын мый-мый дейбиз. Ал 2 айда тууп, жылына 1-2 ирет төлдөйт. Эгер анын тамак-ашы жакшы болсо, жыл айланбай 3-4 ирет төлдөгөнгө жетишет. Балдарынын саны 3-8ге чейин жетет.


ИТ КӨП ТУУГАНДАРДЫН КАТАРЫНА КИРЕТ

Ит баласы күчүк. Адамдын досу делген ит породасына карап 2-3 айда күчүктөрүн жарыкка алып келет. Ошондуктан элибизде ит бир жылда 4 жашка чыгат деп айтылат. Жандык көбүнчө 6-7 күчүк тууйт. 2004-жылы Улуу Британияда мастиф породасындагы ит 20 күчүк тууп, "Гиннестин рекорддор китебине" кирген. Иттин жалгыз күчүк тууганы сейрек кездешет, муну элибизде сырттан деп коюшат. Уламыштарда сырттан бар үйгө бөрү баласы жолобойт, ал калтарды (кара-кочкул түстөгү түлкү) кармайт деп айтылат.


ЭШЕК БАЛАСЫН 1 ЖЫЛДАН АШЫК КӨТӨРӨТ

Эшек баласын такай дейбиз. Ал баласын 1 жылдан ашык көтөрөт. Табиятынан ооруга чанда чалдыккан бул жаныбар баласын боюнда жакшы сактайт. Ал ара туубайт.



ПИЛ 4-5 ЖЫЛДА БИР ТӨЛДӨЙТ

Алп жаныбар пил 4-5 жылда бир ирет төлдөйт. Ал баласын эң узак боюнда көтөргөн жандык. 20-22 айда бир баланы жарыкка алып келет. Эгиз туугандары дээрлик кездешпейт.



ТӨӨ ЭКИ ЖЫЛДА БИР ЖОЛУ ТУУЙТ

Төө көчмөн элдеринин турмушунда унаа катары зор мааниге ээ болгон. Баласын тайлак же бото деп атайбыз. Маң-маң баскан бул жаныбар 12-14 айда баласын жарыкка алып келет. Ошол себептен эки жылда бир ирет тууйт. Ал туруп тууган жандыктардын катарында. Төө бирди гана тууйт, эгиз тууса жамандык болот деген элде түшүнүк бар.


ЭЧКИ 5 АЙДА ТӨЛДӨЙТ

Эчки баласы улак делет. Ал баласын боюнда 5 айга чейин алып жүрөт. Бул жандык көбүнчө эгиз тууйт. Ошондуктан элибизде "эсиң кетсе эчки бак, эчки тууйт эки улак" деген накыл кеп айтылып калган.



АКЫРА ТУРУП ТУУЙТ

Акыра (жираф) баласынын жетилүүсүнө карап 14-15 айда төлдөйт. Жираф туруп тууп, баласы 1,5-2 метр бийиктиктен жерге түшөт.

Султан Төрөбеков
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
25.07.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кызык экен
25.07.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жирафтын аты акыра болсо баласы кандайчы аталышын жазбапсыңар
25.07.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aianaaiana, аку же жику деп эркелетишет
25.07.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эчки тууйт эгизди эки жылда сегизди
25.07.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
пил тууйт бирди 8жылда экини
25.07.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маалымат экен! Эсте калгыдай
25.07.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин итим бир жылда 2жолу тууйт 4 9 чейн туат
26.07.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Төөнү 40жылда бир төлдөйт дейт беле?
Barika түзөттү 2016-07-26 11:56:37
26.07.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Акыра" деп кайсы тилде айтылат экен, кыргызда мындай сөз жок.
31.07.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каап ит 20ны тууп рекорд жаратканын мурдараак билгенимде кошунамдын ити 22 кучук тууду деп рекорд жанылап коймокпуз
28.10.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dalil,22 күчүк ужас
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо