Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жийдеш Идирисова: "МЕН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТИН ЖАРЫМЫ ЖОЛДОШУМА ТААНДЫК"

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

"Түрквизион" сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова учурда чыгармачылыкта активдүү иштеп жаткандардын катарында. Биз менен сүрөткө түшүүгө бара жатып да жолдо бийчи кыздарына чалып, ар бирин репетицияга кечикпей келүүсүн эскертип жаткан ырчы "чынында жалгыз иштөө кыйын, Кудайга шүгүр, менин продюсеримдин милдетин аткарган жолдошум бар" дейт. Анда ачык мүнөз Жийдеш менен маегибизге көз жүгүртүңүз.

– Кандайсыз, Жийдеш, инстаграмга чет өлкөдө жүргөн сүрөттөрүңүздү жүктөп каласыз, эс алуунун планын быйыл жакшы эле толтуруп жаткансыз го?
– Салам, ушул жылы жазында Европада жашаган мекендештерибизден "кыргыз ырларын сагындык, келип кетпейсиңерби?" деген сунуш түшкөн. Ошону менен Германиянын Гамбург, Берлин шаарларында, Прагада, Парижде боордоштор менен жолугуп, ыр сунуп кайттык, аны менен кошо эс алып да келдик. Февраль айында жолдошум экөөбүз Таиландга барып эс алып келгенбиз. Быйылкы жамгырлуу жай да менин оюмдагыдай болуп жатат. Анткени жамгырды абдан жакшы көрөм.

– Өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз, мунун сыры эмнеде?
– Көбү "жаш көрүнөсүң" деп айтышат. Мага кичинемде бирөөлөр "29-30 жаштамын" десе абдан картайып кеткендей туюла берчү. Бирок ошол куракка келгенде өзүңө билинбей деле калат экен. Жаш көрүнгөнүмдүн сыры деле жок, сахнада косметика колдонгонум менен, жашоодо такыр боёнбойм. Бир айда бир жолу косметологго барып турам. Кийгеним чолок шым, майка, кеда. Такалуу бут кийимдерди сахнада, фотосессияларда эле кием.

– Сиздин көп жыл ресторан-клубдарда ырдап жүргөнүңүздү билебиз. Сахнага чыга албай жүргөн кыйын ырчылар көп, чоң сахнаны багындыруу үчүн сизге канча жыл керектелди?
– 7 жылдай "Артек" деген топто ырчы болуп иштеп жүрдүм, 3 жыл кабакта ырдадым. Ушул жылдарда бир топ музыкалык тажрыйба топтогом. Негизи көпчүлүк кабак ырчылары чоң сахнага чыгууну каалашпайт. Алар жан дүйнөсүнүн кемтигин толуктап жандуу ырдап, өзүнүн ырахатын канааттандырса болду, ошого ыраазы. Алар үчүн атактуу болуу, жылдыз болуу деген маанилүү эмес. Ал эми сахнага чыгууга аракет кылып жүргөн кабак ырчылары, балким, элдин табитин таба албай жатышкандыр. Себеби кабакта профессионал музыканттар көп иштейт. Алардын музыкага табити башка, элдики башка, болгону экөөнү айкалыштырыш керек.

– Кызыңыз 10 жашка чыгып калыптыр, ал да ырга шыктуубу?
– Кызым Севара 10 жашта, быйыл 4-классты бүттү. Ал апам менен Нарында турат. Кызым төрөлгөндө ат тандай албай кыйналган элек, эки жума аты жок жүргөн. Мага жакса жолдошума жакпай, жолдошум экөөбүзгө жакса кайненеме жакпай бир топ түйшөлгөнбүз. Акырында курбум Севара деген атты сунуштап калды. Кулагыма жагымдуу угулду, ал "арабча ат, кыргызчага которгондо "сүйүктүүм" деп которулат" деп айткан. Мен кызым чоңойгондо гана Севара деген ысым өзбектердики экенин билдим.
Чыгармачылыкка шыктуу, бирок ырчы болом деп айта элек. Азыркы балдардын балалыгы биздикинен башкача, мисалы, менин балалыгым көчөдө эле өттү, ал эми азыркылар планшет, мобилдик телефон менен гана ойношот. Карап отуруп кийинки муундун балдары кандай болуп чоңоюшат экен деп кызыга бересиң.

– Жолдошуңузга сиз деп кайрылат экенсиз, ортоңуздарда канча жаш айырма бар?
– Жолдошум Андрей менден 11 жаш улуу, ошон үчүн башынан эле сиз дейм. Мени "Артек" тобуна жолдошум алып келген. Негедир Андрейге көп эркелейм, себеби кичинемде апам бизди катуу кармап, эркеликтин планы толбой калган окшойт. Экөөбүздү музыка табыштырган. Жолдошум – көп ырларымдын автору. Негизи мага чыдаганы үчүн ага наам бериш керек. Анткени мен сахнага чыгып ырдаганым эле болбосо, калган жумуштардын баары Андрейдин моюнунда. Мен жараткан ийгиликтин жарымы жолдошума таандык. Ансыз бул деңгээлге жетет белем, ким билет.

– Жакында эле телеканалдардын бирине конок катары келгенсиз, ал берүүдө алып баруучу сизди одоно тамашалап, кийген кийимиңизге чейин асылды. Мындай мамиле сизди капалантпайбы?
– Жок, ал атайын ошондой тамашалуу берүү болчу. Алып баруучулар бир аз элди күлдүргөнгө аракет кылды. Мындай майда нерселерге чычалабайм, анткени ал берүүгө чакырганда эле билгем, чымчымай тамашалар болорун.

– Менден "кыргызчам оңолуп калыптырбы?" деп сурап калдыңыз, таза кыргызча сүйлөөнү өздөштүрүп жаткансыз го?
– Кыргызча билбейм деп обу жоктонбой эле коёюнчу. Мен кыргызмын, албетте, өз тилимди билем, бирок телевидение, радио, гезиттерге чакырышат, ал жактан таза кыргызча сүйлөгөнгө туура келет. Нукура кыргыз тилинде начар сүйлөйм. Анткени айланамдагылардын баары орус тилдүүлөр. Гүлжигит Калыков досумдун кыргызча сүйлөгөнүнө суктана берем, бир жолу өзүнө "мага да үйрөтчү, сен сонун сүйлөйсүң" десем үйрөтүп баштаган. Жакында эле радиолордун биринде сүйлөгөнүмдү Гүлжигит угуптур, чалып мени куттуктап жатпайбы "кыргызчаң оңолуптур" деп. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Сен да менин кыргызчамды мактасаң сүйүнүп калайын деп жатпаймынбы (күлүп). Жолдошум да "кыргызча үйрөнөм, мени менен кыргызча сүйлөш" деп жатат. Буюрса, кийинки интервьюларда бир да орусча сөз аралаштырбай сүйлөп берем.

– Маегиңизге чоң рахмат!

"Кемчиликтеримди Андрей бетке айтат".


"Үч муундун кыздары. Апам, мен, кызым...".


"Сырткы сулуулук жан дүйнөнүн абалын сүрөттөйт. Жашоодо көп боёнбосом да, бактылуу экеним жүзүмдөн, көзүмдөн көрүнүп турса керек".


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
25.07.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ал "Салам Кыргызстан" телеберуусу болчуда, кыргызча жакшы эле суйлойт бирааз эле кыйналгандай боло берет...
25.07.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун маек... ачык-айрым кыз экен. Кыргызчан да онолот садагасы биз конуп калганбыз мындай интервюларга
25.07.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аябай жагат мага
25.07.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмне деп тийишти эле, алып баруучулар?
25.07.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жийдеш Алга !!!!!!!
25.07.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосу жок жаш кыз экен десе
25.07.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менда бойдок гоо. Ойлогом деп ойлогом
25.07.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо жездебиз корейго э?
Ийгилик! Дагы да жанылыктарды кутобуз.
25.07.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кабакта ырдагам дейби?ал каяк?
25.07.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgis1991,кафе ,деген...)))
25.07.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы күйөөсүнө окшош экен,чындыгында жаш көрүнөт. Косметологго барып өзүнө аябай көңүл буруп кам көрсө керек.
Кызынын атынын мааниси жакшы экен го бирок узбекча болгону жаман экен.
Күйөөсүнө моллодец.
25.07.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоосу экооно тен наам бергиле намек кылып жатканда. Жамандагандай болбоюн го бирок ырлары мага жакпайт. Турквизиондогу ырынын мааниси жок, жон эле секирип ырдай берет бакшылар эмдеп-домдордо секирип бийлегенге окшоп. Балким жаштарга жагаттыр тушунуксуз ырлар, мен мазмундуу жана обону да ырга шайкеш келген, журокко жете турган ырларды гана чыныгы ыр деп билем...
27.07.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Frunze74,Абдан туура айткансын 100% кошулам.Азыркы жылдыздар байкуштар же ун жок же жыргаткан ыры да жок озулору да кыйналып элди да кыйнап бутушту го.Жок дегенде эски ырларды ырдаганда созун обонун бузбай ырдашса болоор эле.
25.07.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Алма-орук шамалга кубулуп жерде жайнап жатып калыптыр" десе тушунуктуу эле болот, ал эми элди "ЖАЙНАГЫЛА" дегенин эми угушум, ырчылар, журналисттер кыргыз тилин бузуп суйлоп жанылык киргизип турчу эле деп кала бердим. Комиссиядагы ири ырчы-сынчылар да унчукпады, кыргыз тили боюнча профессор, тилчилерден сурап коруу керек болуп журот...
25.07.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жайнагыла деген жадырап жайнап,ойноп кулуп,омурду позитивдуу жашагыла дн мааниде да ,Бул соз улуу акындарыбыздын да ырларында бар,Жаш омурун бар кезде жайнагыла кыздар ай дн Токтогул абабыздын ыры бар го .
25.07.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tiguuchu, ырдын текстин кочуро албайм да, болбосо далил кылып коюп коймокмун. Токтогул атабыздын "Гулдоп ал" чыгармасында эч кандай "жайнагыла" деген соз жок, калптын эмне кереги бар?!
Frunze74 түзөттү 2016-07-25 16:49:47
27.07.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Frunze74,соз жок болсо жаны соз киргизип атат да соз жок деп отура бермек беле)))
25.07.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Tiguuchu,Токтогул атабыздыкы эмес го дейм Барпы Алыкуловтуку болсо керек эле
27.07.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tiguuchu,Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула кыздар ай,
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай,
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып
Койбогула, кыздар ай!..
Кызыл күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай,
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай,
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Aitunuk түзөттү 2016-07-27 19:10:33
27.07.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ойногонду биле албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!..

Кызыл жибек түрдө бар,
Кызыл тилим, сүйлөп ал,

Кылчайып келбейт өмүрүң,
Кыз экенде гүлдөп ал.
Кыялданып качпагын,
Кыз ойнобос көрдө бар.
27.07.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жашыл жибек түрдө бар,
Жаңсап, тилим, сүйлөп ал,
Жанып келбейт өмүрүң,
Жаш экенде гүлдөп ал,
Жалтанбагын, качпагын,
Жаш ойнобос көрдө бар.

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал
Күлгүн жаштын барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди
Каларсың жердин астында.
(Токтогул. "Гүлдөп ал")
Aitunuk түзөттү 2016-07-27 19:15:44
31.07.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitunuk,Азаматсыз, бары сиздей болсо, бали!
31.07.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kasiko, рахмат.
25.07.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөнөкөй, жасалмасы жок кыздай туюлат мага. Чын эле жаш көрүнөт, 10 жаштагы кызы бар деп такыр ойлобопмун.
25.07.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Абдан жонокой го бактылуу экени козунон эле билинип турат жайнап.Чыгармачылык ийгилик!
25.07.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Норма ыры жокго мунун хмм
26.07.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озгочо сулуу айым !!!
26.07.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мага жагат
26.07.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда башка куйоосу бар эле кыргыз жаш жигит болчу. Ажырашкан экен да корсо. Экоосу кичинесинен чогу ырдачу эле. Неси болсо да жакшы ырдайт. Уну да озгочо.
26.07.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жийдеш,алга!сени коралбагандар ар нерсени суйлой берет.Эч нерседен тайманба!Жолдошунун да иштенине ийгилик!
27.07.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Видеосу жокбу
27.07.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озгочо стилде жийдештей эч ким бийлеп ырдай албайт молодец секирип суйлоп корчу даже суйлой албайсын бийлеп живой ырдаш чанда кездешет
27.07.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Gul90, Мерген турган мындан жакшы да бийлейт, жакшы да ырдайт, ал секирип ырдап жургондо жийдешинер кайда эле?
27.07.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Frunze74, Мерген турган экооно киши жетпейт да))) ал секирип ырдап жургондо Жийдеш кичинекей болчу ал качанкы мерген и то ал сырактап ХХХ ХХХ секирет профессионал бийчилер менен чогуу бийлей албайт!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-28 09:19:45
28.07.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul90, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
27.07.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ийгилик Жийдеш айым,стили заманбап ,кыргыздын Нюшасы десе да болот )
28.07.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кемчилигин жазса эле коро албагандар деп чыгасынар да эл адамы болгондон кийин жазыш керек кемчилигин эгер байкаса.
28.07.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жийдеш Идирисова молодец,чыгармачылык ийгилик сизге.
28.07.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен турквизион фестивалын коргом ырын эстей албай жатам ,Азаматсын ар бир адамдын ийгилике жетуудо эмгектенет эмгегин балайлы;
29.07.2016. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нарындык эле экенго , эмнесине кыргызчаны суйлой албайт,
30.07.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiperi1991, орус школду бутсо айлана тегереги бут орус болсо анан кантет
29.07.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарында жашаган орустар дагы кыргызча сүйлөйт го.
30.07.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарындык кыз кыргызчанын жакшы билбегенин кездештирдим омурумдо)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо