БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз! Сынакка катышуу үчүн 0557 756354 номерине WhatsApp аркылуу сүрөтүңүздү жөнөтүңүз.
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат.
Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327, 0557 756354 номерлерине чалыңыздар.

ДИНАРА МУСАЕВА


Жашы – 22
Параметри – 90-67-91
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – Банктардын биринде стажёр

«СЫНАККА КАТЫШЫП АПАМА СЮРПРИЗ ЖАСАЙМ»

– Динара, буга чейин көп жолу сулуулар сынагына катышкан экенсиң?
– Ооба, мектепте, университетте окуп жүргөндө сынактарга такай катышчумун. Ал эми «Супер сулуу» масштабдуу болгондуктан өтпөй калсамчы деп бир аз чочуладым. Апам «Супер-Инфо» гезитин үзбөй окуйт. Апама айтпай эле сулуулар сынагына чыгып, сюрприз кылайын деп жатам. Анткени сүрөтүмдү гезиттен көрсө сөзсүз кубанат. Ал буга чейин эле «катышып көр» деп сунуштап жаткан.

– Кошумча эмнеге кызыгасың?
– Бийге шыктуумун. Бир нече жыл чыгыш бий ийримине барып жүрдүм. Андан сырткары тил өздөштүрүүгө кызыгам, кыргызча, орусчадан сырткары түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. Учурда итальян тилин үйрөнүп жатам.


ЖОЛДОШБЕК КЫЗЫ САНРАБИГА

Жашы
– 20
Параметри – 94-66-84
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт

«ЖАКШЫ ЫРДАЙМ, СҮРӨТ ТАРТАМ»

– Санрабига, бул сынакка катышуу сага эмне берет?
– «Супер сулуу» сынагына мен өзүмдүн күчүмдү сыноо үчүн катышып жатам. Сынак мага көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп эсептейм. Өзүм кичинемден искусствого жакын чоңойдум. 5-класстан баштап шаарыбыздагы түрдүү бий топторунда бийледим. Учурда «Салтанат» бий тобунун бийчисимин.

– Кесибиң журналист экен, ал деле чыгармачылыкка жакын эмеспи?
– Ооба, кесибим чыгармачылыкка жакын, бирок аны менен кошо башка тармакты да чогуу алып кетким келет. Адам баарына жетишсе болот «Көз коркок, кол баатыр» деп коюшат эмеспи. Учурда ЭлТР телеканалында стажировкада жүрөм, сюжет даярдап, алар эфирден кетип жатат. Анан токтогулдук болгондуктан жакшы ырдайм, сүрөт тартам.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Эльвира 72 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Чолпон 58 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
01.08.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи суроттогу Динара болбой эле ачык кийинип алыптырго. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-01 11:22:00
01.08.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
leilekstan_1987, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
01.08.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо жердеш алга санирага бир добуш...
01.08.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санирабигага добуш берем
01.08.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчидеги кызга добуш жакшынакай экен негедир бул сынакта анча эместер чыгып атышат го
01.08.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки сулуу бир убакта чыгып алыптыр. кимисине добуш беришти билбей баш айланат го.
01.08.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барикан добушту санрабигага берет себеби буту туз экен
mts0001 түзөттү 2016-08-01 18:13:39
01.08.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санра-бир нерсе-бир нерсе (экинчи кыз) "скромная" татынакай экен. Экооно тен ийгилик!
04.08.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин добушум брюнеткага 2
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо