Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жоодарбешим, ырчы: "ЫРЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДА ДОСУМ ЖОК"

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

Жоодарбешим деген ысым кыргыз эстрадасына келгенине аз эле болду. Ал чыгармачылыгын продюсер менен иштешүүдөн баштап, аягына чыкпай калышкан. Шоу-бизнеске кандай аралашканы тууралуу, аны казак ырчысы Кайрат Нуртасты туурайт деген кептерге Жоодарбешим эмне дейт?

– Жоодарбешим, көптөн бери "Казакстанга барып келдим, жакшы жаңылыгым бар" деп айтып жүрөсүз. Кандай кабар эле, бөлүшкөнгө убакыт келди окшойт...
– Ооба, буга чейин казак боордоштордон жакшы сунуш түшүп, ошол жакта 3 ай иштеп келдим. "Сенин үнүң өзгөчө экен, так сенин үнүң биздин Казакстанга керек, бизге кел",- деп кызыккандар болду. Бирок азырынча Кыргызстанда менин койгон максаттарым бар, алар ишке ашкандан кийин калганын ойлонуштурам.

– Үнүңүздү өзгөчө деп баалашты деп жатасыз. Сизди казак ырчысы Кайрат Нуртаска окшоштуруп ырдайт деп көп айтышат го...
– Негизи биз туура эмес көз караштардан арылышыбыз керек. Мен ал жакта жүрүп казак эстрадасына аздыр-көптүр аралашып калдым. Алар каалагандай кийинет, өзүн эркин алып жүрүшөт. Бизде көз айнек тагынып койсо эле "бул тигини туурап жатат", же болбосо "бул көөп калыптыр" деп чыгышат. Ал эми ырдоо стилим туурасында айтсам, мындай кеп ырдап баштаганымдан тартып эле келе жатат. Эгерде Кудай берген үнүңдө окшоштук болсо аны өзгөртө албайсың. Кайрат Нуртаска мени окшоштургандарына терикпейм. Үнүмдө кандайдыр бир деңгээлде окшоштук бар дегенге кошулам, бирок туурайт деген кептер бул көрө албастардын айткан сөзү деп билем.

– Ырларыңыздын темасы да башкача, "Өкүнбө", "Жаман ойлобо", "Боюңду көтөрбөчү" дегендей. Мындай темаларды өзүңүз тандайсызбы жана бул кимдир бирөөгө кайрылуу иретиндеги ырларбы?
– Көп адамдан "ырларыңыздын темасы өзгөчө экен" деп угам. Сахнага аттангандан тартып эле өзгөчө болуп чыгууну көздөгөм. Алсак, ошол эле өзүмдүн ысымым, ырымдын аталыштары дегендей. Себеби чыгармачылык өзгөчөлүктү талап кылат. Ырлардын темасын өзүм коём, репертуарымдагы ырларымдын баары меники. Бирөөгө деле атайын арналган эмес.

– Атым өзгөчө деп калдыңыз, бул ысымды ким койгон жана мааниси кандай?
– Көбү Жоодарбешимди фамилия деп ойлошот, бирок андай эмес. Бул ысымды атам койгон. Атам жаш кезинде көп китеп окуптур. "Эр Төштүк" эпосундагы Жоодарбешим деген каармандан таасирленип, мага ушундай ат ыйгарган. Жоодарбешим – бул Эр Төштүк баатырдын уулу.

– Сиз жашоодо "маңдайга жазганы болот" дегенге кошуласызбы, же "жашоо адамдын өз колунда" деп ойлойсузбу?
– Эки жакка тең кошулам. Негизи бешенеге жазып коёт деген деле чын. Бирок бардыгын эмес, олуттуу учурларды жазгандыр. Ал эми майда-барат нерселерди адамдар "алма быш, оозума түш" деп жата бербестен, өзү аракет кылуусу керек.

– Байкашыбызча, шоу чөйрөдө дос күткөндөр арбын, ал эми сиз жалгыз жүрөсүз, буга эмне себеп?
– Буга кандай десем (ойлонуп). Шоу-бизнесте жакын досум жок. Бирок көпчүлүгү менен саламым түз. Акыркы учурда сырт жакта көп жүрүп, кесиптештер менен жолуга албай жатам. Ошондуктан эч кимге кошулбай алыс жүргөндөй сезилип жаткандырмын.

– Айрым кесиптештериңизден сизди сөзүнө турбайт деп угуп калдык. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ушул сөздү ким айтса дагы мен аны душманым деп эсептейм. Андай учурлар болгон эмес, болбой эле койсун. Жоопкерчиликтүүмүн, ошол сапатым менен сыймыктанам. Мисалы, интервьюга деле кечикпей убагында келдим, бул деле далил болуп берсе керек. Ал эми акча жаатына келсек, өзүмө тиешелүү карыздар болсо төлөйм, кээде менин артымдан келишим түзүлүп, бирок мага тиешеси болбогон береселерди бербейм.

– Азыр шоу-бизнесте ырчыларды фирмач, таланты жок деп бөлүп жатышпайбы. Сиз өзүңүздү кайсы категориясына кошосуз?
– Абдан кызык суроо экен (күлүп). Мындай нерсеге эч кандай сын-пикир айта албайм. Себеби "сен ким болбо, эң негизгиси адам бол" деп коёт го, андыктан өзүмдү да бул даражасына кирем деп айткым келбейт. Ар кимдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Сени эл кабыл алса ырчысың, эл кабыл албаса фирмачсыңбы же дүйнөлүк деңгээлдеги ырчысыңбы, ал калайык калктан көз каранды. Мен кайсы даражада экенимди билбейм, бирок мен элдин уулу болгонго аракет кылам.

– Маегиңизге чоң рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм!

"2013-жылдын супер дебюту" наамын алганым мен үчүн күтүүсүз белек болгон".


Нурлан экөө тууган болуп кетишкени менен, ортолорунда атаандаштык бардай.


Жоодарбешим 2014-жылы жеке концертин берүүгө жетишип, ата-энесинен бата алган.


Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Нурлан Насипке жардам берүүгө даярмын" дейт Жоодарбешим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(57)
01.08.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шоу-бизнесте атаандаштык күч алган, чыныгы досту чын эле башка чөйрөдөн тапканы оң.
Ал эми Нурлан экөөнү "кимиси мыкты" деп салыштырып карамак эмесмин. Экөө тең өзүнчө уникалдуу. Экөөнүн тең өзгөчө үндөрү, өз күйөрмандары, өздүк калемине таандык мыкты ырлары бар. Ортолорунда келишпестик болсо өздөрү чечип алат, мунун чыгармачылыкка тиешеси жок, демек биздин да талкуу кылганыбыз туура эмес.
01.08.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чачың жарашпай калыптыр,мурдуң ылдыйды карай куюлуп тургандыктан,чачыңды өйдө карай өтө эле көтөрбө.бул сын эмес сунуш.үнүң сонун ырларың жагат.
03.08.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19,оой да боорду эздинго
SUPER.KG видео
01.08.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну.ырлары сонун
01.08.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик! Ырларыда жакшы мааниси жакшы ырларды ырдайт
01.08.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Козго басар ыры жок. Нурлан насипке жетпейт го ырдаганы боюнча, анан эмнесине жардам берет имиш. Чачы атасына жагат бекен, жон эле жарашыктуу кылып бир жагына тарап журсо деле жарашмак. качанга чейин ушинтип журо алат экен. Курту тушкучобу же?
01.08.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
nazira..., Козго басаар эмес, созго басаар жигит экен. Чем Нурланга караганда, соз байлыгы кучтуу, зериктирбей суйлойт. Бул жигит, аз убакыттын ичинде эле озунун стилин куйормандарын таап алды.А Нурлан болсо, качанкы продюсердин даяр тамагына келген да.
01.08.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары сонун. Ийгилик!
Медиа-портал
01.08.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Жоодарбешимди ото гордый бала элестетип жургом. Чынында талантында кеп жок экен.
Медиа-портал
01.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Осчу жигит экен. Сени Казакстандын шоу-бизнесинен коргум келчу. Суйлогону жакты, жымындайт го.
Медиа-портал
01.08.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озумдун Токтогулдик иним азаматсын. Нурмат, Аваз, Нурлан жана Даниярларга кошулбаганынды сыйлайм. Себеби, сен шоу чойродо атаандаштык кучтуу жана ырчылар ортосунда чыныгы достук жок. Баары фунчоза.
Медиа-портал
01.08.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле Нурланга караганда создору орду менен вокалы кучтуу ырчы. Казактардын козуно биздин жигит да корунуп калган экен да. Чыгармачылык ийгиликтерди багындыра бер.
Медиа-портал
01.08.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озумдун жердештерим, бетимди жерди караттырбай шоу-бизнести басып алышты. Жоодар иним, сен копту умуттондуро турган эркексин. Жада калса, колу бутун да жоондонуп, кыргыздын чыныгы эркеги болупсун. Нурлан, Нурмат, Азавдар да итирейип кыздарга окшобой, спорт менен машыгып, чымыр денелуу болушса.
01.08.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындыныда окшош уну Кайрат Нуртаска озгочо жалган жалган деген ырында,к мен Кайрат кыргызча ырдап калган го деп тан калгам корсо Жоодар турбайбы.Жоодарбешим туура айтат Кудай берген уну ушул болсо не кылат,же операция кылыш керекпи окшошуп калыпмын деп
01.08.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооооуу уну сонун берилип ырдайт
01.08.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суперге рахмат акыры дайынын айтканынарга, кайсы бир сайтка жыланач суроттору журот эле эл адамы минткени таптакыр жакпады!
01.08.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
biz kim elek? Kim boldyk degen jakwu soz bar elibizde.adam balasy daym artybyzdy estei jursok jakwy bolmok
01.08.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну сонун,ырларына базар жок...
02.08.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр жакпайт, аман бол.
02.08.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат суйлогон создору орду ордунда, ашыкча менменсинуу деле жок, жылдызмын деп жонокой гана.Азамат чыгармачылык ийгилик!Коптогон бийиктиктерди багынта бер!
03.08.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ыры бар го жигити суйгон кызын картага койгон,ошол клиби жакшы ойлонуштурулбай тартылган, озу дажерди карап ырдап ирээнжитип койгон, стилин озгортуу керек экен чачы жарашпайт бетинин формасына
03.08.2016. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык неге баары Нурлан Насипке жардам берууну каалап калышкан же оздорун корсотуп жатышабы
03.08.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатаканадан мени балдардын болмосуно камап салганына дагы эле жиним келе берет
03.08.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир байкеме аябай окшош.
04.08.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насипти да жон койбойт экенсинда.
Медиа-портал
04.08.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,балалыкка кайрылуу деген ырды кайсыл топ ырдайт тактап берчи.(((((
Медиа-портал
04.08.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешимди кечээ бета сторестен кордум. Аябай жагып калды. Чымыр денелуу, кийинуу стили да жакшы экен. Суйлосо создору орду менен экен. Ийгилик.
04.08.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
06.08.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдун торгойлору шаншый бергиле баарына ийгилик!
07.08.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат да
SUPER.KG видео
12.08.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик . Анан кайсы ырларын которуптур супер билип бергилечи
SUPER.KG видео
24.08.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы ырлары жагат өзгөчө кайнене деген ыры
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо