Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бул жашоомдун мыкты күндөрү болчу. Ооба, Арууке, биз сени багып алганбыз. Бирок муну Кадыр экөөбүздөн башка бир да жан билбейт болчу. Сен менин кызымсың. Бир да жолу сени багып алганыма өкүнгөн эмесмин. Бизге сени берип койгонуна Кудайга миң ирет шүгүр кылып, болгон энелик мээримимди төктүм.
Кечээтен бери ар кайсыны сүйлөштүк. Көп суроолоруңарды, сөздү буруп кетип жоопсуз калтырдым. Түйшөлдүм, кыйналдым. Кантип сени багып алганбыз деп айтам деп таң атканча кирпик каккан жокмун. Сени ушунчалык жакшы көрөм.
Билесиңби, сен ооруп калганда атаң экөөбүз эмне кыларыбызды билбей калдык. Анан сен кетип калдың. "Баары жакшы" дей бердиң. А биз үйдү сатыкка койдук. "Биздин жаныбызда өзүн жеп кыжалат болуп жатат окшойт. Мейли, үй өтсө дароо чет жакка дарыланууга алып барабыз" деп жаттык. Акча издеп далай эшикти кактык. Үмүтүбүз үзүлгөн эмес.
Аңгыча сени өлдү дешти. Дүйнөбүз урап түштү. Сен бар үчүн эле атаң экөөбүз жашап келгенбизби дейм. Бирок сөөктү алып келгенде эмнегедир кыздын жүзү сеникине куюп койгондой окшош болсо да, мен эч эле ишене албай, окшоштура албай турдум. Балким, ооруганга башкача көрүнө түшкөнбү деп божомолдодум. Бирок алдымда Арушума окшош кыз жансыз денесин суналтып жатты. Өксүп ыйладым. Арушумдан айрылган экенмин деп ишендим. Анын үстүнө "баңгизатын ашыкча пайдалануудан каза тапкан" деген аныктама да келген. Кызым күйүтүн көтөрө албай ушул жолго барган окшойт дедим. Көрсө, ал сен эмес экенсиң... Эсимде, бир ирет түшүмө киргенсиң. Балконго чыксам, үйдүн алдында турасың. "Мен азыр кирем" деп коёсуң. Бул эмнеси деп койгом. Анан да акыркы кезде сен кирип келчүдөй эле эшик карап күтүп калгам...
Арууке үнсүз отурду. Чындык айтылып бүттү. Бирок толук эмес. Ырасында Арууке аны багып алышканын боолголоп келген, бул нерсеге даяр болчу. Багып алганбыз деген күндө да анын ата-энесине болгон жакшы көрүүсү кемип калмак эмес. Башкалар билбесе да, кыз өзү билет. Ата-апасы ал үчүн жанын да бергенге даяр.
– Бирок, апа, мен деп көмгөн кыз ким?
– Билбейм, кызым. Мен да таң калып жатам. Сени алып кетип жатканда чыныгы ата-энең тууралуу маалыматты укпаганга аракет кылгам. Билбейм, уккум келген эмес... Бирок сенин чыныгы ата-энең автокырсыкта каза болушканын билем. Кырсыктан сен гана аман калгансың. Сенин эгизиң тууралуу эч нерсе уккан эмесмин. Тилекке каршы, ата-энеңдин да тек-жайын билбей эле коюуга аракет кылгам. Мендеги маалымат ушул.

ххх

Бозоргон бейиттердин арасында айланасында ак гүлкайырлар өскөн, сулуу кыздын сүрөтү чапталган эстелиги бар бейит өзгөчөлөнүп турат. Арууке менен Жанар кол кармаша ошол бейиттин жанында турушту. Бир убакта Арууке ылдый отура калды да, колун боз дөбөнүн үстүнө коюп:
– Кимсиң сен?- деди улутуна. "Сезип турам, экөөбүз эже-сиңдибиз. Чоочун адамдар бири-бирине мынча окшош болушпайт. Мен жашоого зар болгом. Жашагым келген, жан талашкам. А сен өз колуң менен өмүрүңдү азезилдин колуна карматып бериптирсиң. Эмнеге андай кылдың? Эмнеге сен тирүүңдө жолукпадык? Биздин ата-энебиз кимдер эле? Карачы, жоопсуз суроолор толтура... Мен кантип чындыкты табам?" кыз ичинен бейитте жаткан эгизи менен сүйлөшүп жатты.

ххх

– Алло, апа, кандайсыз?
– Жанар, сенби?! Кандайсың, балам? Кыргызстандык номур менен чалып жатасың го...
– Ооба, апа, Бишкекке келдим. Жакында айылга барам. Болочок келин балаңыз менен...
– Оо, алтыным десе. Сагындык сени баарыбыз. Качан чыгасың?
– Буюрса, эки күндөн кийин.
– Аа, жакшы, күтөбүз.

ххх

Зуура көптөн бери мынчалык толкундана элек болчу. Бети ысып-күйүп, кубанычы коюнуна батпай элеп-желеп болуп турду. Ананчы, тун уулу Жанар Орусиядан кайтып келди. Таянганы ушул Жанар. Эми болсо ал Зуураны келиндүү кылганы турат. Апасы Жанардын армандуу күйүтү бар экенин, ал жан дүйнөсү менен берилип сүйгөн кыз бул жарыкты таштап кеткенин да билчү. Акыркы жолу Наргизанын ата-энеси уулуна кызын бербей чанганда ичинен аябай сынган. Адамдардан көңүлү кала түшкөн. Бирок баласынын чыйралганын көрүп, өзү да белин бекем бууп, билгизбегенге аракет кылган. Антсе да айыл ичинде азыркыга чейин "Наргизаны ата-энеси Жанарды кедейсиң деп бербей коюптур", "тең-теңи менен болгон жакшы, Наргиза деген тектүү жердин кызы, а Жанарчы, ал ким эле?" деген сөздөрдү кулагы чалып жүрөт. Андайда унчукпай гана тим болот. Баласынын бактылуу болушун гана тилейт. Кудай тилекти угат экен. Ал баласынын үнүнөн анын бактысын сезе алды. Мындай сезгичтик, өзгөчө туюм энелерде гана болсо керек.
– Апа-а?- сырттан үн угулду. Жанардын үнү. Эбактан бери тамагын камдап, даярданып отурган Зуура шашкалактап калды. Сыртка жөнөдү. Уулу сыртта турган экен.
– И-ий, алтыным. Тура тур, азыр...- чыныга суу куя калып кайра чыкты. – Кел, башыңдан айлантып чачып коёюн! Алтыным десе,- Жанардын маңдайынан өптү. Уулунан эки кадам алысыраакта суйкайган, өтө эле жакшынакай, өтө эле көзгө сүйкүм, анан жүрөгүнө өтө эле жакындай туюлган назик кыз турган.
– Жүр кире гой, кагылайын,- Зуура кызды да маңдайынан өөп алды.
– Келиңиз, эми кучакташып алалычы,- Жанар үйгө баш баккандан кийин апасын бооруна кысты. Апасын укмуш сагынган экен. Анын агара түшкөн саамайын көрүп, аяп да кетти.
– Отургула. Чай ичкиле...
– А Анарбек менен Зарина кайда?
– Зарина ойноп кетсе керек. Иниң болсо жайлоого кетти. "Байкем келсе бир кой соёлу" деп жаткан...
– Оо, жакшы. Апа, бул – Арууке. Келечектеги келин балаңыз болот...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(25)
01.08.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хахааа мен онунчууу)))))))) болду биринчи экинчи демей жок
01.08.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азго супер инфо
01.08.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен экинчи
01.08.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джи эгизиго
01.08.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
МММ мынча аааз. Ошондо Аруке менее джи детдомдо ажырап калышкан го
01.08.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа бали апасын суйунтот экенда келиндуу кылып...
01.08.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы чыгарма
01.08.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Уфф эй кичине кобураак жазсанар не хаянар кыйшаявы?
08.08.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
disgraziato-dannati,хаянар деген эмне деген соз мм
01.08.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жүрөгүнө өтөле жакын дегени эмнеси болдукен? Бир жумааааа
01.08.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nagishka,
мен да ошону ойлонуп атам, неге журогуно отоле жакын болду экен...
01.08.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм аягына чыгып барататго, Арууке казачка экенда казачкалар сулуу болотда
01.08.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз кыздары да сулуу го
01.08.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутконо калды окшойт.
01.08.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу биринчи, экинчилер жаман тажатынар. Чыгарма боюнча оюнарды жазгыла, ушундай эле жазгынар келип жатса.
01.08.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушул жанар менен аруукенин суротун коргум келип кетти,эгиз торолуп бирин калиялар алып бирин маржандар алган экен да э,эми маржандарга да жоолугуп баары бири бири менен катташып калат болуш керек менин оюмча
01.08.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Аруукени жаман кором(:.Билесинерби неге?анткени мен Жанарды суйом:)
02.08.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aika2015,
Сага Жанарды тапшырдым бактылуу болгула кармашкан колунар сваркаланган болсун
аа Арууке меники болот...)
02.08.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kabyl_77, жардынго этият бол байкеси Жанар сенин да колунду сындырбасын))))
02.08.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pochtalyonin,
Жанардын колу aika2015, менен сваркаланып калса сындыра албай калат даа :-D)))
01.08.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар жуманын башында чекчейип сааттын 9 болушун кутуп отурчумун. Бугун таакыр эсте жок.
01.08.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядагы мурадын кыргызстандагы кадырдын бар байлыгы аруукеге калатда эми, демек жанар наргизадан байырак кызга уйлонот экенда
04.08.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кызыгы эгизби же эжесиби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо