Гүлзада Рыскулова: «ОРУСИЯДА МИГРАНТ БОЛУП ИШТЕП ДА КӨРДҮМ»

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

Бул жолку маегибиз өзгөчө болду. Гүлзада Рыскулова менен маек куралы десек шаар четинде клип тартып жатканын айтты. Клип күн батканда бүтүп, суроо-жоопту шаардан кылмай болдук. Бирок жарым жолдон машина бузулуп калып, шаарды бийиктен карап баарлаштык.

– Гүлзада айым, жакында Европага барып келдиңиз. Уулуңузду жаныңызга ала бардыңызбы?
– Европанын 4 өлкөсүндө 15 күн маданий иш-чараларга катышып, улуттук маданиятыбызды ар тараптан көргөзгөнгө аракет кылдык. Биздин кийимдерибизди, ыр-бий, сүрөт көргөзмөлөрүбүздү көргөн чет элдиктердин арасында ыйлагандары да болду. Алыс жолдо кыйналам деп уулумду жакындарыма таштап кеткем. Андан бир аз алыстагандан кийин күлкүсүн, кылыктарын сагынып баштадым. Телефондон байланышып үнүн угуп, аз да болсо кусамды таратып жаттым. Сагынычым артып кетпесин деп наристемдин сүрөтүн карабаганга аракет кылдым.

– I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көп ырдаган ырчы болдуңуз эле, быйыл да сизди көчмөндөр оюндарынан көрө алабызбы?
– II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жылдын башында эле жолдомо алгам. Уюштуруучулар менен кандай чыгармаларды аткара турганыбызды такташканбыз. Буюрса, ачылышында, жабылышында ырдайм.

– Өзгөчө чыгармаларды жаратуу үчүн фантазия, ой-кыял күчтүү болуш керек. Бул жаатта сизде кандай?
– Ооба, кээде өзүмдүн кыялдарым менен жашап жүрүп, кайсы шаарда жашап жатканымды унутуп коём. Адамдардын кандай кийингенин, шаардын кандай өзгөргөнүн байкабай калам. Кээде чочуп кетип "ай-ий, ушундай курулуштар түшүп, өзгөрүп калган турбайбы" деп таң калган учурларым болот. Элге аралашып жүргөнүм менен, айрым учурларда ички дүйнөмдө, кыялымда өзүмдүн жомогумда жүргөндөй боло берем.

– Андайда өзүңүз менен сүйлөшүп, өзүңүзгө суроо берип калсаңыз керек?
"Эй, Гүлзада, сен кимсиң? Эмне максат менен жашап жүрөсүң?" деп сурап турам.

– Ырларыңыздын сөзүн, обонун өзүңүз жаратып жүрөсүз. "Өмүр, өмүр чиркин кандай? Узак жолду бастым талбай. Каректерим канбай бул өмүргө",- деген өзгөчө саптары бар "Толгонуу" аттуу ырыңыз тууралуу айтсаңыз?
– "Толгонуунун" сөзү, обону тең эле жаралды. Тааныш байкелерибиздин 12 жаштагы баласы катуу ооруп, врачтар ага коркунучтуу диагноз коюшуптур. Баланы мен оорулуу катары элестете албадым. Анан атасына "ооруканадан алып чыксаңыз жакшы болот го" дегем. Баласы ооруканадан чыккандан кийин "Сулайман тоого чыккым келип жатат" дептир. Ата-энеси көп жолу тилегин аткарып, түлөө өткөрүштү. Кудайга шүгүр, азыр жакшы. Ошол окуядан кийин менде ички толгонуу күчөдү. Адам кандай жашабасын, мейли ал бай, кедей болсун, канча өмүр сүрбөсүн өлүмдөн коркорун, өмүр кандай баалуу экенин элестетип чыгарманы жараттым.

– Өзүңүздү атактуу адам деп эсептейсизби?
– Атактуулуктун даамын татып, туу чокусуна чыгып дүркүрөп жатам дебейм. Жакшы сөзүн айтып, колдогон күйөрмандарым бар. Чет жерлерге чыгып жатам. Ири иш-чараларга чакырып калышат. Бул менин кылган эмгектеримдин натыйжасы деп ойлойм.

– Кубулма эки жүздүү, жасалмалуулук кылган учурларыңыз болобу?
– Азыр калп эле күлүп, калп эле мамиле жасап адамдарды алдай албайсың. Мен адамдарга такыр жасалма мамиле жасап, бирөөнү калп мактабайм. Жаккан нерсе болсо чын жүрөктөн айтам. Кээ бир учурларда жасалма болууга туура келет. Бирок мен такыр анте албайм.

– Чыгармачылыктан башка да кайсы жаатта издендиңиз?
– Мигранттардын жашоосун аябай жакшы түшүнөм. Анткени 2002-жылдары Орусияга барып, соода тармагында 2 жылдай иштеп келгем. Чет жерге чыкканда мигранттар менен жолугушабыз. Мен мекендештерибиздин аракетчилдигин, максаттарына жетүү үчүн жан үрөп жүргөнүн көрүп кубанам.

– Телефон, интернетсиз жумушуңуз бүтөбү?
– Телефонсуз жашоомду элестете албайм. Жакынкы убактан бери интернетти көп колдонбой калдым. Менин билимдүү, жакшы кызматтарда иштеген кээ бир тааныштарым интернетти такыр колдонушпайт. Электрондук дарек аркылуу баарлашып, маалыматты китеп, теле-радиодон алышат.

– Косметикалык каражаттарга жакынсызбы?
– Мен жасанганды жаман көрөм. Клип, сахна, образды кармаш үчүн гана боёном. Кээде "боёкту ким ойлоп чыгарды экен, чыгарбай эле койбойбу" дейм. Мага адамдардын нукура сулуулугун көрүү жагат. Косметикалык каражат үчүн көп акча сарптабайм деле. Сахнадан тышкаркы учурларда сумкама косметика салып жүрбөйм. Жадакалса күзгүм жок, керек болсо машинамдын күзгүсүнө көрүнүп коём.

– Жолдошуңуздун жан эргиткен сөздөрү да чыгармачылыкка дем берсе керек?
– Жолдошумдан күн алыс жакшы сөздөрдү угуп турам. Ал мага изденүү үчүн жол ачып, "элдин адамысың" деп турат. "Мурдагыдан да жакшы иште, аракет кыл" деп шыктандырып келет. Ал чыгармачылыгым үчүн мени менен теңме-тең аракет кылууда. Жашаганыбызга 2 жыл болуп калды. Бир да жолу чыгармачылыгыма каршы сөз айта элек. Турмушка чыкканча түйшүктүн баарын өзүм көтөрчүмүн. Ал убакта ырчы болуп жашасам, азыр аял болуп жашап жатам.

– Балаңыздын кылыктары чыгып калыптыр. Уулдарыңызга кандай ыкма менен тарбия берип жатасыз?
– Күндөн-күнгө жаңы кылыктары чыгат. Дагы кандай кыял пайда болду деп аңдып турам. Ар кандай жол менен тарбиялоону ойлонот экенсиң. Негизинен балдарымды билимдүү, акылдуу адам кылып тарбиялоону туура көрөм.

"Ата-энем, бир тууган эжем менен. Апам да жакшы ырдайт".


"Жашаганыбызга 2 жыл болуп калды. Бир да жолу чыгармачылыгыма каршы сөз айта элек".


"Уулум чопо чоорду жакшы ойнойт. Эми комуз черткенди үйрөнүп жатат".




Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
01.08.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АЗАМАТСЫЗ!
01.08.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец! Жолдошу жылдыздуу экен!
01.08.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үнү да өзү да сонун.ийгилик каалайм.
01.08.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул уну менен кураан окуса эх укмуш кыраат сыкса керек ээ.
01.08.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөнөкөй экен ,башынан көп кыйынчылык көргөн деп ойлойм. Акылдуу аял экен ,балдарынын келечегин ойлогон. Ачылып - чачылып ырдай бербейт. ИЙГИЛИК
01.08.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
z0lyshk0, бир ырында ачылып ырдаган
01.08.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Унунуз оргиналдуу эже чыгармачылык ийгилик!
02.08.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары жагат Жакшы ырчы
02.08.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик абже.Бактылуу болун Жездем менен.Жакшы чыгармаларды жарата бериниз.
02.08.2016. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашаганына 2-жыл болсо уулунун жашы 2-жаштан ойдо го.
02.08.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жакшы ун ээси.ийгилик
02.08.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал мурунку турмушунан азыркы жолдошунан уулду болгон
02.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жөнөкөй эже экен
03.08.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт ака Москвада эле иштеп журду эле бай кызды таап жыргап калыптыр да
04.08.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артистердин баары еле Россияда соода сатык кылып мигрант болгонбу бироосуда хакей ойногон емес тооба.
04.08.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымбайлык го бул кыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо