Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Даниэл Тего, футболчу: «МАГА БОЛУШУП ЖУБАЙЫМ КӨБҮ МЕНЕН УРУШТУ»

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

«Дордой» футбол клубунун коргоочусу, «кара кыргыз» атыккан Даниэл Тего футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири. Ганалык жигит кыргыз кызына үйлөнүп, ушул жылдын апрель айында кыздуу да болушкан. Африкалык жигит кыргыз кызына үйлөнгөнүн жактыра бербеген жергиликтүү көпчүлүк интернеттен түгөйлөрдүн дарегине негативдүү комментарийлерди жазып, бейтааныш эле адамдардан сөгүш уккан учурлары болуптур. Эки улуттан куралган чакан мамлекеттин ээлери Даниэл Тего менен Элнура Орозбаева үй-бүлөлүк кызыктуу жашоосу тууралуу кеп салып беришти.

– Саламатсыңарбы, эки улуттун өкүлүнөн куралган түгөйлөрдү тагдыр кантип табыштырды?
Элнура:
– Даниэл экөөбүз социалдык тармактардын биринен таанышканбыз. Таанышуумдун максаты – англис тилин үйрөнүү болчу. Ошол маалда англис тили боюнча кошумча сабактарга барчумун, аны практика жүзүндө өөрчүтөйүн деп Даниэл менен сүйлөшүп баштагам. Башында жөн эле дос катары сүйлөшчүбүз, кийин гана достугубуз сүйүүгө айланып кетти.
Даниэл: – Ооба, мен орусча, Эля англисче үйрөнөлү деп таанышканбыз. Алгачкы жолугушууда курбулары менен келген. Сыягы аларга да англис тилин үйрөткүсү келген окшойт же чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан коркконбу...
Э.: – Негизи чет өлкөлүк жигит менен жалгыз жолугушууга баргандан чочуладым десем да болот, бирок мага баарыбыз сүйлөшкөнгө компания керек болчу, ошон үчүн курбуларымды ээрчитип алгам. Кийинки жолугушууда, тескерисинче, мен жалгыз, Даниэл бир досун ээрчитип келген. Ошентип экөөбүз 3 жылдай достоштук, мамилебиз олуттуу тепкичке көтөрүлгөндө ата-энеме айткам. Ата-энем каршы болгон жок, туура кабыл алып, "бизди жигитиң менен тааныштыр" дешти.
Д.: – Өзүм чет өлкөлүк болгондуктан Элянын ата-энеси менен таанышкандан абдан корктум. Кандай кабыл алат деп көп ойлондум. Ошон үчүн да көп жолу ата-энеси менен таанышууну "эртең, эртең таанышалычы" деп жылдыра бергем. Эля мени "эч нерсе болбойт, менин ата-энем башкалардай эмес, баарын түшүнөт" деп жатып көндүргөн. Таанышуубуз мен күткөндөн башкача болду, алар мени чет өлкөлүктөй эмес, уулу катары сый-урмат менен тосуп алганына кубандым. Азыр аларды абдан жакшы көрөм. Кайнене-кайнатам мени өз баласындай көрүшөт.

– Экөөңөр үйлөнгөндө көпчүлүк жактырбай, түрдүү кептерди айтышты, бул нерсени кандай кабыл алдыңар?
Э.: – Мен эл мынчалык терс пикирлерди айтып, негативдүү комментарийлерди жазат деп күткөн эмесмин. Башында кадимкидей ыйлагым келчү. Жолдошума эмес, жадакалса жаңы төрөлгөн кызыма да жамандык каалагандар болду. Эч ким бирөөнүн жашоосун талкуулабашы керек. Эртең өзүнүн баласы чет өлкөлүккө турмушка чыгып же үйлөнүп калышы мүмкүн.
Д.: – Убагында менин да маанайым түшкөн. Менин жашоом менен адамдардын кандай иши бар?! Жазгандар жаза берет, мага ишенген командам, жакындарым бар. Алар турганда башкалардын кеби эмне болуп калыптыр. Менин расалык өзгөчөлүгүм боюнча кемсинтүүлөрдү жубайымдын ата-энесинен уксам капа болмокмун, ал эми мен тааныбаган адамдар айтып жатканы мага баары бир. "Мүмкүн болсо интернетке кирбей, эмне жазып жатканын окубай эле кой" деп жубайыма көп айтам.

– Элнура, кайын журтуң менен таанышкансыңбы, Ганага баргансыңбы?
Э.:
– Жок, азыр кичинекей кызым менен алыс жол жүрө албайм. Кызыбыз Даниэля бир аз чоңойсо, жолдошум өз мекенине алып барып келем деп жатат. Жакында эле Кыргызстанга бир тууган иниси келип кеткен. Кызымдын сүрөттөрүн, видеолорун Ганадагы туугандарга жиберип турабыз. Даниэл үйдө төрт бир туугандын улуусу, өзүнөн кичүү үч иниси бар. Атасы Ганадагы бир чоң уруунун падышасы, өзүнүн эли, жери бар. Даниэл ошол уруунун мураскери. Эки ай мурун кайнатам каза болуп калды. Алардын салты боюнча сөөктү үч айдан кийин жерге беришет экен. Атасын жерге берүү үчүн Даниэл жакында Ганага кеткенге даярданып жатат.

– Арты кайрылуу болсун! Даниэл, жубайыңыз кош бойлуу кезинде уулдуу болгуңуз келген экен...
Д.:
– Ооба, уулдуу болсом экөөбүз футбол ойномокпуз. Бирок кызымды абдан жакшы көрөм. Эля экөөбүз УЗИге барганда уул болот деп үмүт кылган элем.
Э.: – Чынында абдан уулдуу болгусу келген. УЗИге ишенбей "курсагың чоңойгондо дагы келеличи, балким, уул деп калат" деп 3-4 жолу УЗИге түшкөнбүз.

– Даниэл, жубайыңыз үйдө кандай кожойке?
Д.:
– Тамакты даамдуу жасайт. Айрыкча лагман менен пиццасына тойбойм. "Эмне тамак жасайын?" деп сурабайт, анткени лагман менен пиццаны өзгөчө жакшы көрөрүмдү билет.
Э.: – Даниэл үйдө бардык жумуштарды жасайт, тамак жасашат, бала карашат. Биздин ашканада биринчи тамак шорпо болсо, экинчи тамак сөзсүз ганалыктардын ашканасына таандык бир даам болот. Даниэл башкача адам. Айрыкча анын ак көңүлдүгүндө чек жок. Жардам бергенден тажабайт.
Д.: – Мени Эля "ашыкча берешенсиң, өзүңдү деле ойлобойсуңбу?" деп урушат. Мен "бай болуп эмне кылабыз, элден артта калбай жашасак болду" деп айтам.

– Футболчунун айлык акысы үй-бүлө бакканга кенен жетеби?
Э.:
– Кудайга шүгүр, жетет. Учурда үй алабыз деп акча чогултуп жатабыз.

– Футболчулар чет өлкөгө машыгууга көп чыгышат, мындай учурда жалгызсырабайсыңбы кызың менен?
Э.:
– Башка өлкөгө учуп кеткенде "жеттиби, жетпедиби" деп кабатыр болосуң. Кээде футболчулардын жубайлары бири-бирибиз менен сүйлөшүп, кимдин жолдошу биринчи чалды деп сурап калабыз. Оюндарда дайыма Даниэлге жан тартам, кабатыр болом, жараат алганда чогуу дарылайбыз. Былтыр Австралия менен болгон оюн абдан эмоционалдуу өткөн. Оюн бүткөндөн кийин эшикке чыгып алып кыйкыргым келген. Чет өлкөгө машыгууга кеткенде Даниэл кызымды көрөм деп скайптан байланышып, кечке интернеттен чыкпай калат.

– Даниэл, сыр болбосо кайсы динди карманасың?
Д.:
– Мен негизи Ганада жашап жүргөндө христиан динин карманчумун. Кыргызстанга келгениме 9 жыл болуп калды, карасам досторумдун баары эле мечитке барышат экен. Мен да аларды ээрчип мечитке барып жүрүп, ислам динине жакын болуп кеттим. Учурда ислам динин тутунам. Эляга үйлөнгөнгө чейин эле ислам динине өткөм.

– Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбосо керек, кимиңер урушчааксыңар?
Д.:
– Экөөбүздүн уруша турган маселебиз жок. Бирок мага болушуп, мени коргоп, мен үчүн жубайым көп адамдар менен урушкан. Экөөбүз сейилдеп баратканда көчөдөн элдер жаман көздөрү менен карап, Эляны урушса, алар менен айтышып кетчү. Мен жубайыма "эмне кыласың нервиңди коротуп, теңелбечи аларга" деп жубатам. Билем, баарына жага албасымды, бирок жаман адамдар бүт жерде бар. Антип айтышып отурсаң, тескерисинче, андайлардын санын көбөйтөсүң.

– Үй-бүлөңөрдүн пайдубалы бекем болсун! Маегиңерге чоң рахмат!

"Ар бир голумду жубайыма, жакындарыма, командалаштарыма арнап келем".


"Даниэл абдан романтик, мен төрөгөндө бөлмөлөрдү кооздоп жасалгалап коюптур".


Лунара Бекиева
star@super.kg


Даниэл Тего: "Кыргыз кызына үйлөнгөн соң кыргыз тилин билишим керек”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(93)
02.08.2016. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага бул тугойлор жагат.....оз бактысын оздору чечетда, кимдин канча иши бар бироонун бактысы учун. Христиан дининен ислам динине отуш бул эрдик. Азаматсынар, бактылуу болгула
02.08.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн башкысы мусулман болсо болдуго.
02.08.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malik92, этика нормаларын сактап, эрежелер менен дагы бир жолу таанышып чыгууну сунуштайбыз. 30 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-02 11:43:26
02.08.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
02.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Исламды кабыл алганы жакшы. Жашай беришсин. Баарынан да аракетчил экен куобала.
02.08.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бактлуу болсун албете.ошо африкага барып жашай берсин бактлуу болуп.бирок ата-энелер куда кудагый деп сыйлап кыргызга эле узатканга эмне жетсин.(кудай сактасын башка улутка итимда бергим келбейт)
02.08.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызы атасына окшош экен. Бактылуу болсун.
02.08.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу жашоолору туболуктуу болсун онунон,эле айырма болбосо дини бир экенго. Кыргызстанда жашап кыргызстан учун куйуп кыргыз намысы учун ойногон ислам динин тутунган ону кара дили ак адамга эмне бир кыргыз кызы тен эмеспи бактылуу жана коп балалуу болгула.
02.08.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мусулман дини дакшы дин бирок башка динди карманса деле жакшы адам кайсы динде болсо деле жакшы.
Ислам дининде болсо андан да жакшы тим эле динчилдер куйгузосунорда
03.08.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кызыма карата да жаман сөз айткандар болду дейби? Кудайдан үмүтү жок, жүрөгү жок, ХХХ ХХХ гана наристеге жаман соз айтууга батынат. Негрден төрөлөбү, же кыргызданбы наристе деген наристе. Кымындай күнөөсү жок, ар бир баланы эне кандай гана тилек менен жарык дүйнөгө алып келет. Кымындай баласына бирөө жаман сөз айтып атса жүрөгү миң жеринен тилинип, бир өлүп бир тирилет. Улууларды башынан ылдый жугунду куйсак да, наристеге тийишпей эле койбойлубу?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-03 09:46:52
03.08.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
begym, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
03.08.2016. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Эля Ганада нак королева экенда э?
03.08.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
omu, ал жакта деген кадимкм уруунун башчысы биздин айыл окмоттой эле болот . Ото цивилизация жок эле кадимки индеецтер эле. Мен африканын коп жеринде практикада болгом.
03.08.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Баарыңар орусча сүйлөп чет элдиктер да орусча сүйлөйт эми жакшыбы ушул?
03.08.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мусульманмын дегенине ишенген жокмун эч эле. Атасын 3 айдан кийин беребиз дейтго кокуй мусулман болсо тез эле бергени он го.
04.08.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
arzuuu,Христиан экен. бул жака келип досторум баары мечитке барганынан менда барып журуп ислам динине оттум деп турат. кыргызга уйлонгусо эле ислам динине отуп болгон экен. эми ишен!
03.08.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кандай болгон учурда дагы ар бирибиз кыргыздын келечегин ойлошубуз керек мен озум билем отугумду торго илем болбой
03.08.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кыздар башка улуттун жигиттери жакшы болот не кыласынар кыргыз жигиттерин ошолорго тийип ошолорду ээрчип кеткиле аллергияны чыгарбай
03.08.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакыт каалайм.Сонун жуптук!
04.08.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз кыздарга айтарым ошо чет элдиктерге турмушка чыгып Кыргызстандан чыгып кеткиле. Даниел тего голдорун эляга, жакындарына эмес Кыргызстан учун арна Кыргызстанды суй жашап жаткандан кийин.
04.08.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Как будто кыргызы не остались дейт беле) Мен бармын бирок
04.08.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула
04.08.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир буларды коруп туруп кыжаалат болуп кеттим. Оздору учун бактылуу болушсун.
04.08.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга тийип эмне жыргап аткандар барбы бактылуу болсун.
SUPER.KG видео
05.08.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да,Ганага ьарып уйлонсомбу....
05.08.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман экен жездебиз. Бактылуу болунуздар.
05.08.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жездебиз мусулман экен. Бактылуу болунуздар.
05.08.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Көлөкө го,чуйчанка слепая го.Мага окшогон кымыз жыттанган мырзалар турса, өзүнүн г*вносуна окшогонго тийип.
Aygir түзөттү 2016-08-05 14:47:39
06.08.2016. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кааларым бакыт!!
06.08.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдардын иши эмне экен бироонун турмушуна аралашып тынч койушса болмок... бактылуу болушсун))))
07.08.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниель мусулман динин кабыл алыпсын эгер биздин коменттерди окуп калсан сенде анда чоон мумкунчулук бар экен себеби сен бир чон уруунун падышасынын баласы болсон анда ошол бут урууга мусулман динин жайылт себеби сенин созун бут ууруга отот. Алар Алладан болуп Ислам динин кабыл алып кетишсе ин ша Аллах эки дуйно бактылуу болосун Эля менен бул жалган дуйнодо эле эмес бейште да чогуу болууга чоон мумкунчулугун бар. Оз жерине барганында бир эки адамдын Ислам динине киришине себепчи бол буйруса....
Медиа-портал
09.08.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stat,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
11.08.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жонокой екен карабай бир омур бактылуу болушсун ылайым
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо