СОЦТАРМАКТАРГА СҮРӨТ ЖҮКТӨӨ МОДАБЫ ЖЕ ООРУБУ?

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

Бүгүнкү күндө жумушта же болбосо кайсы бир жерде отуруп алып саат сайын өзүбүздү, жеген тамак-ашыбызга чейин сүрөткө тартып социалдык тармакка жүктөө, «лайк» басуу жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Кызыгы, Американын Психиатрия ассоциациясы бул адатты психикалык оору, селфимания, лайкомания деп эсептешет. Аталган оорулардын белгилери жана алар менен кантип күрөшүүгө болот? Психолог Гуля Акбутинанын кебине кулак салалы.

СЕЛФИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Бул сөз 2013-жылдан бери дүйнө жүзүндө популярдуу болуп келет. Селфи же өзүн-өзү сүрөткө тартуу башында күзгүнүн жардамы менен тартылып келсе, учурда моноподдун, селфи таякчанын жардамы менен ишке ашырылат.

СЕЛФИНИН ТҮРЛӨРҮ

  • Релфи – сүйүктүүң менен чогуу сүрөткө түшүү;
  • Лифтлук – лифттеги күзгүдөн өзүңдү тартуу;
  • Дакфейс – «өрдөк жүз» же оозун чормойтуп түшүү;
  • Белфи – өзүнүн жамбашын тартуу;
  • Шуфиз – бутун жана бут кийимин тартуу;
  • Экстрим-селфи – бийик имараттарда, аска сыяктуу кооптуу жайларда жана спорттун экстремалдык түрлөрүндө сүрөткө түшүү.

СЕЛФИМАНИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Адам атайын даярданып өзүн күнүнө жок дегенде 3 жолудан ашык тартып, социалдык тармактарга жүктөйт.
  • Жүктөп гана тим болбостон, ага басылган «лайкка», астына калтырылган комментарийлерге кызыгат.
  • Адам менен баарлашууну унутуп, планшет, телефон менен достошуп калат
  • Телефонунун кубаты өчсө же бузулса, оюндагыдай сүрөт тарта албаса агрессивдүү боло баштайт.

СЕЛФИНИН ТЕРС ЖАКТАРЫ

  • Убакытты алат. Мисалы, ойдогудай селфи тартып, аны иштеп чыгып жүктөп, ага комментарий жазууга бир топ убакыт кетет.
  • Көбүнчө «мен тамак ичип жатам», «бүгүн таттуу токоч жасадым», «клубда эс алуудамын» сыяктуу жеңил-желпи пикир жазылып жүктөлгөн сүрөттөр. Ошол себептүү адамдар кызыктуу сүрөткө түшүү үчүн ар кайсы жерлерге барып акча коротушат.
  • Негизги жумушуңдан алаксытат, унутчаактыкка алып келет.
  • Чыныгы жашоодо эл менен баарлашуу токтойт. Мунун айынан сөз байлыгың азаят.
  • Тарттың, жүктөдүң. Демек, ойлоо жөндөмдүүлүгүң начарлайт.
  • Угуу, кармап көрүү сезимдеринин иштешин начарлатат.
  • Бара-бара адамдын жан дүйнөсү жалгыздыктан жапа чегет.
  • Колдонуучу үчүн өзүнүн жарыялагандарына, сүрөттөрүнө, комментарийлерине көбүрөөк «лайк» алуу абдан маанилүү. Жыйынтыгында коомдо жаңы психологиялык оору, тактап айтканда, «лайкомания» пайда болот. Эгер эч ким «жакты» белгисин баспаса игнорофобияны, терс пикирлер селфифобияны жаратышы толук мүмкүн.

СЕЛФИНИН ОҢ ЖАКТАРЫ

  • Чыгармачылыгыңды өстүрөт. Анткени сүрөткө коюлган «лайктар» сахнага чыкканда көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна окшошот. «Эгер кимдир бирөө мага «лайк» берсе, демек, ага менин кылган нерселерим жагат» дегенди туюнтат.
  • Реалдуу жашоону виртуалдык жашоого алмаштыра алат.
  • Сүрөттөрдү жүктөө аркылуу досторуң, жакындарың менен жаңылыктарыңды, ар кандай кызыктуу маалыматтарды бөлүшө аласың.
  • Жаңы адамдар менен таанышууга шарт түзүлөт.
  • Уникалдуу сүрөт жүктөө менен колдонуучу топтоп, анын негизинде акча табууга болот. Мисалы, белгилүү бренддерди жарнамалоо.

ДАРЫЛОО

Негизинен селфиманияга өспүрүм курактагылар көп кабылышат. Анткени бул куракта «мен-мен» деген сезим жакшы өнүккөн учур болот. Бул оорудан арылуу үчүн жок дегенде 6 ай талап кылынат.

  • Эмнеге селфи жасоо адат болгонун аныктоо керек. Жабырлануучу менен маектешип, ички дүйнөсүн билүү зарыл.
  • Адамды реалдуу жашоого тартуу керек, андагы жаңы нерселерге кызыктырууну күчөтүү кажет.
  • Телефон, фотоаппараттын ордуна калем сап, блокнот берүү туура.
  • Албетте, сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берүү шарт, бирок күнүнө 1 гана кадр.
  • Активдүү эс алуу менен алаксытуу керек, мисалы, спорттун түрлөрү, бий сыяктуу.

БАРАКЧАҢ МҮНӨЗҮҢДӨН КАБАР БЕРЕТ

Психологдор «өздүк баракчага жүктөлгөн сүрөттөр ээсинин мүнөзүн жана белгилүү бир убакыттагы жан дүйнөсүнүн абалын чагылдырып бере алат» дешет. Келгиле, виртуалдык альбомубузду барактап, кандай адам экенибизди аныктап алалы.

Жалгыз түшкөн сүрөтүн көп жүктөгөн адамдар чыныгы жүзүн ачуудан коркпогон, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алгандар. Булар кемчиликтерин жашыруудан тартынышпайт, же тескерисинче, сулуулугун, келбетин, жетишкендиктерин баса белгилеп көрсөткүсү келгендер.


Балдарынын сүрөтүн көп жүктөгөндөр бардык нерсе экинчи планда, балдарым менин бактым дегендер болушат.


Баракчанын басымдуу бөлүгүн жакындарынын, досторунун сүрөтү ээлеген колдонуучулар жалгыздыктан корккондор.


Анекдот, тамаша, афоризмдерди көп жүктөгөн колдонуучу өзүнө тарткысы келет. Бул адамдар жашоодо акылдуу, көп нерсени билүүгө кызыккандар. Алар менен маектешүү да кызыктуу.


Өздүк баракчасы бош, 2-3 сүрөт жүктөлгөн адам жалкоо, түнт, көп ачыла бербеген адамдай көрүнөт. Чындыгында андай эмес. Мындай баракчанын ээси эмгекчил, туруктуу бир нерсе менен алек болгон адам. Ал виртуалдык эмес, чыныгы жашоону баалайт.


Кымбат унаалар, таңгак-таңгак акчалар, кымбат асем буюмдардын сүрөттөрүнө толгон баракчанын кожоюну өзүн башкалардан өзгөчө жакшы көрөт, байлыкка, ийгиликке умтулгандар болушат.


Жумуш ордунда, кабинетте түшкөн расмий сүрөттүн ээси өзүнө толук ишеним арта элек колдонуучу.


Жаратылыштын сүрөтүн көп жүктөгөндөр тынч жашоону самагандар.


Тамак-аш, идиш-аяк, гезит-журнал, музыкалык аспап сыяктуу сүрөттөрү көп баракча ээсинин ошол нерсеге болгон кызыгуусунан, максатынан, хоббисинен кабар берет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(40)
01.08.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ооругандар эле оорубаса баардык нерсенин чеги мн болсо эле оорубайт.
01.08.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Мен 2-3 жылда бир жолу суротко тушом
01.08.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
janym_eka, кантип эле
01.08.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
janym_eka,ишенбеймин)))
02.08.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jalalabad93,Акыркы жолу 23июнь да тушуптурмун бардык клашташтар менен андан мурда 2015 кышында, 2013 жайында, 2012июль, 2011май, 2009 кузундо ошондо 6жылда 6жолу суротко тушуптурмун
janym_eka түзөттү 2016-08-02 11:49:58
04.08.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janym_eka,анда да фотоаппаратка түшсөңүз кереек?
05.08.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
janym_eka,koyvhu kantip ele owondoy bolsun))))
05.08.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ofcourse,Kyke08, Суротко коп тушкондордон жузунон нур кетип калат дейтко,жок телефонго эле тушом
01.08.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ий анда менде эми башталыптыр
01.08.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи мода болуп башталган эле. Эми ооруга айлана баштады жаштар арасында. Даарылоо кыйын болот отушуп кетсе. Ошондуктан келечек жаштарыбызды жаман адаттардан коргообуз керек. Ушундай адаттардын жаман жактарын да бат-баттан жазып тургула урматтуу Супер Инфо !
01.08.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызык..дүйнө боюнча интернет жок болуп кетсе эмне кылышаар экен "интернет" оорусун алып жүрүүчүлөр..))
01.08.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн туура.100% кошулам
01.08.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш кол тен эмес
01.08.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура, бул оору, жаныбызда биз менен баарлашып отурган адам болсо деле колубуздан телефон, планшет тушпой чукулай беребиз. Айрыкча жаштар телефономания оорулуулары, 24 саатынын 10-15 сааты телефон менен отот, сабакта да, танаписте да, жолдо да, уйдо да телефон, суротко тушуп аны жуктоп жаткан, агент, ватсап ж.б.жазышып жаткан, 2-5 саат тынбай телефондо эзилишип суйлошуп жаткан соз калбай, кобунун кулактары кызып, ушак тугонгучо. Бугун 1кундо суйлогон создор илгери 1жумада да тугончу эмес..
Frunze74 түзөттү 2016-08-01 11:32:41
01.08.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Frunze74,Сизда бирааз ооруйс бирок супер инфо менен окшойт))) Байкасам бут жерге комент калтырганс.. хе чычалаш, актаныш, тушундуруш иштери кереги жок)!!!
lexus47 түзөттү 2016-08-01 19:09:57
01.08.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Анжелика ,Асель Кадырбекова ,Назира Айтбекова селфимания менен ооруйт окшойт
01.08.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
z0lyshk0, мен ушулардын куйоолоруно тан калам Деги кызганышабы аялын тажабайт бекен ? 2,3 кундо бир жолу болсо да макул с утра до вечера оой жок бир эле кантип душка тушот анан кантип оозун ачып конурук тартып уктайт , ошонусун эле жуктошпойт.
01.08.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин баракчамдагы сүрөттөрдүн алмашпаганына көөөөп болду, демек мен эмгекчилмин))) Чын эй убакыт жок

01.08.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул женил ойлуулукка жетелейт. Интернетте отургандар 90% убактысын болбогон-керексиз нерселерге жумшашат. Озу келечекте мамлекет кунуно 2-5 саат гана интернет берууну колго алса интернет-провайдер жана сотовый компанияларды тизгиндеп, эл интернетти максаттуу, туура пайдалана баштамак.... 15 жашка чейинкилердин телефон которгону да туура эмес, аларды койрон кылып тарбиялабай, ата-энелер чыныгы тарбия беруу керек уул-кыздарын 14-15 жашка чейин. Балдарды туура тарбиялоо абдан оксуп келет.
01.08.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын мен суйбойм такыр
01.08.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротко тушууну
01.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
телефонум жок болгондуктан суротко тушо элемин 1 жылдан бери, ал эми компьютерден суротко тушо албайм)))
01.08.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобунчо кыздар ооруса керек
01.08.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
owtu,балдар деле кем эмес
02.08.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dina-85,+++ баягыда бир баланы коруп калдым озун тултуйтуп тушуп жатыптыр журогум айланып кетти
01.08.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оозун чормойтуп тушкон кыздар,тез эле эриндердин айланасына тырыш тушот.
01.08.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин баракчамда да 2 гана сурот бар, демек мен да эмгекчилмин...)))
02.08.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика мн Аселге кудай бергенда эрте мн ордунан туруп еле, кечинде укташканча тушуп жуктойт, анан силерден кайдан Жакшы ыр жаралсын
02.08.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир айда бир тушуп койгон жетишет
02.08.2016. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы кыз Эльзар Осконбаева да суротту кун алыс ОК жуктоп турат,мен ойлойум анча ооруй элек деп.
03.08.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
03.08.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да суротко тушконду жакшы кором)
05.08.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрамдарда гана)))
05.08.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men 2
05.08.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surotko kop tuwkon jaga berbeit
06.08.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуму коргондон уялам
06.08.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур мен оруубайм
06.08.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да
06.08.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да убагында ооруп журдум эле!Селфи жасайм деп крышадан учуп олгондорду угуп алып журогум оозума тыгыла жаздап аран озумо келгем!
07.08.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оору деп эсептесе болот, интернет коп адамдарды ажыраштырды, жалган дуйно, жашоо деп ойлойм, бирок бул менин жекече оюм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо