Чолпонай: "ЫРЧЫЛАР МЕНЕН ШЕРИНЕЛЕШИП ЖҮРҮҮГӨ КЫЗЫКПАЙМ"

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Ырчы жаңы ыр жаздырбай, клип тарттырбай калса эле чыгармачылыктан алыстап кеткендей туюлат. Чолпонай да көптөн бери сахнадан гана эмес, чыгармачыл инсандардын арасынан да көрүнбөй калган. Минтип бүгүн андан кабар алып, сиз күткөн суроолорго жооп алып кайттык.

– Салам, Чолпонай! Ырчылыктан алыстап, алып баруучулукка, актрисалыкка ооп кеткендейсиң?
– Саламатсыздарбы? Ооба, учурда телеканалдардын биринде таңкы көрсөтүүнү алып барам. Акчанын артынан кууп тойдо ырдагандан көрө, эфир аркылуу эл менен баарлашуу мага көбүрөөк жагат. Ал эми ырчылык – бул менин хоббим. Негизи мен чыгармачылыктын кайсы тармагынан ырахат алсам, ошол жакка ооп кете берем. "До+Фа", "Одноклассники" тасмаларынан кийин азыр "Экарекордс" жана "Акнур фильм" студиясы менен биргеликте жаңы тасма тартып баштадык. Аталган тасманын аткаруучу продюсери жана коммерциялык директору болгонума карабай сценарийин жазышып, тартуу иштерине жардам берип чуркап жүрөм. Башкы ролду жаратуудан өзүм баш тарттым. Анткени жоош кыздын образын ойноо мени анча кызыктырган жок. Андан көрө экинчи пландагы "стерва" кыздын образын жаратууну туура көрдүм.

– Жакшы жаңылыгың бар экен. Эл арасында "Чолпонай ырдаганга караганда рэпти жакшы окуйт" деген ойлор айтылып келет...
– Бул да болсо "Ак шоолада" ырдаганымдын пайдасы. Ал жакта ырдап жүрүп үнүм тарбияланган, дикциям жакшы. Ошондуктан эч кыйналбай рэп окуй алам. Башка ырчыларга окшоп ай сайын ыр жазышым керек, клип тарттырышым керек деп тытынбайм.

– Аздыр-көптүр эл оозуна алынып, Чолпонай деген ысымың элге таанылды, бул деңгээлге жетиш үчүн кандай кыйынчылыктарды басып өттүң?
– "Кылым" тобун түзгөндө же акчабыз, же продюсерибиз жок аябай кыйналганыбыз эсимде. Популярдуу болсок деп тытынбасак деле ырларыбыз эл оозуна алынып кеткен. Кийин баарыбыз жогорку окуу жайларына тапшырабыз деп тарап кеттик. Анан мен ырдаганды сагынып, кайрадан ырдап чыгуу үчүн Эка (Эрнест Уметалиев) экөөбүз көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Шоу-бизнесте бай болушуң керек же продюсериң эң мыкты болушу кажет. Мыкты деген сөз теле-радиодо иштеш керек дегенди түшүндүрөт. Анан да бул чөйрөдө ордуңду табуу үчүн кошомат кылганды жакшы өздөштүрүшүң керек болот. Эка экөөбүздө андай ресурстар жок болгондуктан, көптөгөн кемсинтүүлөргө дуушар болгонбуз. Жадакалса "Чолпонай "Кылымды" таратып салып өзү ырдап жатат" деген сөздөрдү чыгарышкан. Анын баары артта калып, азыр Эка Кыргызстандагы №1-үн жазуучу режиссёр. Мен да өз ордумду таптым, убагында бизди кемсинткендердин бизге болгон мамилеси азыр такыр башкача.

– Байкашымча, шоу чөйрөдөн көңүлүң калгандай...
– Биз бул чөйрөдөн алыс болгонго аракет кылабыз. Анткени ал жактан чыныгы достукту таба албайсың. Албетте, баары жаман дегенден алысмын, бирок көпчүлүгү өз кызыкчылыгы үчүн достошушат. Жолукканда бири-бирин укмуш макташып, тим эле бир туугандай болуп кетишет да, ары басканда артынан суу куюшкандарын көрүп эле жүрөм. Мен да башында дос күтүп, 1-2 жолу күйдүм. Бул чөйрөгө ырчылар алгач жаңы туулган баладай таптаза болуп келип, эки жылда такыр башкача болуп өзгөрүшөт. Баары менен сый мамиледемин. "Бизге кошулбайт" дешет экен. Мен концерттик долбоорлорго гана барам. Күнүгө кафелеп шеринелеп жүрүүгө кызыкпайм. Бул нерсе кыйынбыз дегенди туюндурбайт, интригадан алыс болуунун бир жолу.

– Жогоруда "тойдо ырдагандан көрө эфирге чыккан маанилүү" деп калдың. Бирок тойдон жакшы каражат таап жатышпайбы?
– Тойлорго азыраак чыгам. Эки тойдон тапкан акчам мага жетет. Күйөөсү бай, акчасы көп, анан тойлорго да чыгып көп акча тапкан, ач көздөнүп интернет баракчасынан арзан буюмдарды жарнамалап акча тапканга аракет кылган ырчыларды түшүнбөйм. Тойго чакырсын деп тамадаларга жагалданып достошушат. Тапканыбызга топук кылып, акчанын артынан куубагандыгыбыз – бул да болсо Гүлмира эженин тарбиясы.

– Чолпонай, азыркы берген жообуңдан улам ойлонуп кеттим, ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Археолог болмокмун. Чет өлкөдөн билим алып келип Кыргызстандын ар бир тоо-ташын, кумун изилдеп чыкмакмын деп ойлойм.

– Көпчүлүк адамдар "депутат болсом өлкөмдү гүлдөтмөкмүн, министр болгонумда элдин жашоосун оңдомокмун" деп айтышат. Сен кантип салым кошор элең?
– Кыргызстанда саясатчылар аябай көп. Аларга караганда чыгармачыл инсандар кыбырап жатып элге пайдалуу бир нерсе жасай алышат. Буюрса, жакында көптөн бери көкүрөгүмдө кайнап келе жаткан бир идеямды ишке ашыруунун алдында турабыз. Эка президентибиз Алмазбек Атамбаевдин ырларын жаздыруу учурунда ал киши менен сүйлөшүп калган экен. Ал "До+Фа" тасмасын көрүп жактырганын, дагы долбоорлор болсо колдоорун айтыптыр. Эканын ата-энеси Турдубек Чокиев агай, Гүлмира Эсенгулова эжей үчөөбүз менин идеямдын сценарийин жазып президентке алып барсак жактырып, тарых жана маданият жылына карата колдоо көрсөтүп, өзү каржылаарын билдирди. Август айында ишке аша турган бул долбоордо башкы продюсер катары өзүмдү сынаганы жатам. Кыргызстанда биринчи жолу балдарга арналган музыкалык жомок тасма тартылмакчы. Бул коммерциялык долбоор эмес, биз мындан эч кандай акча таппайбыз. Балдарга жана чоңдорго болгон белегибиз болот.

– Тилегиң ишке ашсын! Маегиңе рахмат.

"Үйдүн тун кызы болгондуктан кичине кезимден эле тыпылдап тың болчумун".


"Камера 5 килограммга чейин кошуп толук көрсөтөт эмеспи, ошондуктан убак-убагы менен таттуу жебей келбетимди бир калыпта сактап турам".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Чолпонай: "Үйлөнүү той аркылуу пиар кылганга кызыкпайбыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(57)
08.08.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ээри бай анан тойлорго тытынып ач коздонуп арзан буюмдарды рекламалап деген жерини Самара Каримова, Анжелика, Айгеримге айткандай эле болуп кетти тооба.Силергечи???
08.08.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bahira,ошол жообу олллло жактыда!))
Бииир жылмайып алдым )))))
08.08.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи эле адам бироонун жашоосун,материалдык абалын,финансы булактарын кайсы жол мн таап атканын сындабащ керек, реклама кылып табабы, бироо мн чай ичкенин айтуу маданиятсыздыктын белгиси, коро албастыктын белгиси бактылуу адамдар мындай нерселерге конул болуп убактысын коротпойт,
08.08.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кыз, анан озун таппай журот го. Сапатсыз фильм,ыр,клиптердин санын кобойтуп.
Медиа-портал
08.08.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындык ырчылар инстаграмды туура колдонуп оздорун таланттарын коргозсо туура болмок.Баракчаларын ачсан кызыксыз бут керкесиз рекламага толгон.Кыш боюу (Energy Diet) рекламалашты азыр элди алдап группабызга келгиле деп керексиз дарыларын сатышат.
Медиа-портал
08.08.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ladykg, кызыксын 1 мин ичинде сага кандай талант корсотсо болот. Айтчы?!
Медиа-портал
08.08.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Online007, биринчиден ар кимдин жеке пикири бар.
Экинчиден ХХХ ХХХ билип ал.Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот,талант бир видеодон чектелбесе керкек.Ladykg айткандарынын ойуна кошулам.Кылган эмгектерин койуп таланттарын корсотсо болот да арзан кытай буюумдарын койбой.
Модератор admin_media түзөттү 2016-08-08 17:57:43
Медиа-портал
08.08.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
brilliant, башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
08.08.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен билем бул кыз кимдин кызы экенин. Албетте, ата энеси бай болсо тытынып тойго барып не зарыл келиптир. Уйуно да баргам, апасынын бизнестерин билем. Салыштыруулар туура эмес, менин хоббим деп тим эле, акчан жок болсо хобби кылганынды корот элем. Ырларын эстей алган жокмун, эквалайзер бирдеме деп бир башында чыкканда апасы добуш берип койгула дегенде бир угупмун. Кучтуу ун деп айта албайм. Жеке мен акыркы кундору Айжамал Кабылова, анан Бадыеванын эски ырларын кайра угуп журом негедир.
SUPER.KG видео
08.08.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ырчы такыр жакпайт бирда хит ыры жок озун озу ото жакшы корот бирок эл жакшы коробу?
08.08.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактыгул Бадыевадан интервью алгылачы сураныч, корунбой кеттиго
08.08.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба тойго ар ким озуно жаккан ырчыны чакырат. мисалы бала той берсе султан,замир арыкбаев ж.б. балама деген ыры бар ырчыларды чакырат.чолпонайды кайсы ыры учун чыкырасын тойлорго ылайыкташтырып деле ыр жаздырып койсо барбаганына койбой эл чыкыпып алат......
08.08.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыкырып
08.08.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тойго барган ырчыларга жаман корунбойле оз ишин кылып журо берда. Ар ким озуно жаккан ишин кылатда. Тойдон акча таап уй булосун баккандар бар. Зачем эми сага тойго барган ырчылардын конулун оорутуп.? Откондогу супер инфонун санына чыктыго бир эже куйосу майып ырдап тойдо багам деп. Эми азыр сенде бар экен эртенки кунунду эч ким билбейтда туурабы?
08.08.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Абдан таланттуу жонокой жакшы кыз.Ийгилик!
08.08.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы лампочка звезда бул
08.08.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шоу бизнес ал ото ыплас, туура айтат калп эле дос болуп, артынан бири бирине суу куюшат. Бири биринин ийгилигин коро алышпайт. Реклама кылган продуктан же оздору улгу болуп арыкташсачы, акчалай эле пайда табышып жатса керек. Эми акчалар менен суротко тушуп, элди азгырып жатышат. Эхх.
08.08.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай кыз кинолордо жакшы рол ойнойт ырдаганын билбейткем
Медиа-портал
08.08.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журналист бала атайылап берсе керек суроону тийишкенсип, ХХХ ХХХ Бирок Чопа молодец кээ бирлерге окшоп калп суйлобоптур, ар кимдин оз чечими деп кутулуп ко ))
Модератор admin_media түзөттү 2016-08-10 12:32:49
08.08.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы кыз деп айта албайм ото бой котормо кыз. Эч кимди тенине албайт. Сарышка менен кан дос элего урушуп тынышкан ондуу. Бир да ыры жок болсо кантип чакырат тойго буну? Стили да укмуш го не тойго шортачан барып ырдамак беле анан эч кимдин журогунон орун албайт да. Куйооманы деле жокко эсе. Мисалы Анжеликада деле ун жок . Бирок ал уну жетпесе да эптеп жар жар айтып кыргызча уийинип алып , уйлонуу той деген ырларын ырдап келет. А сени ким чакырат??? Жакындан тааныйм ото эле озун суйот)))).
09.08.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанганды эле кыйратышат,бир да нормальный ыры жок. Кинодо деле кыйратпайт.
Медиа-портал
09.08.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жонокой жакшы маек болуптур.Эмне демекчимин ийгилик!
09.08.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырчыларды *аябай* эле #мактаптырго# тообо ,сен да ошол чойронун тузун татып журдун элего!!!
10.08.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аида кулова жонундо жазып койгулачы
10.08.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chakieva87, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
10.08.2016. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогонунон озун башка ырчылардан ойдо коюптур.Не кереги бар тойлогондорго намек берип кемсинткендин.АР ким оз жашоосун билсе.Тойлобойм анан арзан нерселерин жарыялайт деп эмне кереги бар.Озу деле убагында тойлоп журуп ушул даражага жетсе керек эле
Медиа-портал
10.08.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпонай сен азамат кызсын, дайым интервьюларында озундун оюндун ачык билгизесин. мага ошонун жагат, бет ке айткандын заары жок дейтко, инстаграммды аябай туура айткансын,кээ бир адамдар майда чуйдо нерселеринен бери киргизише берет.Сен дайым алдыга умтулган бироонун оюна коз каранды эмес, озундун алдыга койгон туура максатын бар кызсын.Кээ бир интернет колдонучулардын создоруно конул бурба! Чолпонай тойго барып ырдай турган ыр ырдайын деген кыз эмес!Озунун стили бар, ошонунан жазба!
Медиа-портал
10.08.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага баардык жактан ийгилик!!!
10.08.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы кыйраткан ырына тойго чакырат Чолпонайды. Тойдо ырдап элдин конулун алып мандай тери м.н ырчылар тирилигин кылып жатышат анын эмнеси жаман экен.Берген коцертт кадимки эле катардагы концерт эле го
10.08.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Кыргыздар силерге Кудай бергенго комментарийлер гулдоп кетиптиргооо чиркин!Бироонун жашоосуна кийгилишпей озунордун ишинерди кылсанар..бул болушкандык эмес.Бироолору жазат жакындан тааныйм деп ошо Чопада силерди айтканбы деймда озунун кызыкчылыгы учун дос болушат деп!
10.08.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Чолпонай!
11.08.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы жылы болду эле жылдын супер ырчы айымы? Ошондо ойлоп калдым жылдын мыктысы болууну сатып алса болот экен деп себеби Чолпонай татыктуу эмес болчу деп мен ойлойм.
12.08.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сизге
14.08.2016. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дем албай суйлогонго)))) ийгилик!
14.08.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырчы эч жакпайт да. ушундай саны бар сапаты жокдорду чекеден жок кылыш керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо