Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОҢОЙ ЖАНА ДААМДУУ ЛАЗА

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Арабызда ачуу азыктарды жактыргандардын саны арбын болсо керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, айрыкча мырзалардын ачуу татымалдарсыз тамакты элестетиши кыйын. Эгер дасторконуңузда лаза турса, ал көп тамактын даамын арттырып, жегиликтүү кылат. Лаза кантип даярдалат? Анын бир нече түрүн үй шартында кантип даярдоо керектигин сиздерге сунуштайбыз.

УЙГУР ЛАЗАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кызыл мурч
– 300 грамм
Сарымсак – 250 грамм
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Суу – 150 грамм
Уксус (70%) – 25 грамм
Туз – 20-25 грамм

Даярдоо ыкмасы:


1.
Кызыл мурчка сууну куюп аралаштырабыз.
2. Жакшылап аралаштырган соң майдаланган сарымсакты салабыз.
3. Өсүмдүк майын кызытып, аралашманын үстүнө куябыз. Аягында татымына жараша туз, уксусту кошуп аралаштырып коёбуз.

Лазанын бул түрү универсалдуу, тамактын бардык түрү үчүн, өзгөчө ашлянфу, манты, лагман жана башка азыктар менен мыкты айкалышат.

САБИЗДЕН ЖАСАЛГАН АДЖИКА

Керектелүүчү азыктар:

Помидор-
15 даана
Сабиз- 10 даана
Болгар калемпири-3 даана
Ачуу чили калемпири-1 даана
Пияз-1 даана
Сарымсак-1даана
Өсүмдүк майы-1 стакан
Туз-30грамм
Кумшекер-75грамм
Уксус 9%-1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:


1. Помидор, сабиз жана болгар калемпирин эт туурагычтан же блендерден өткөрүп алабыз. Аралашманы жай отто жарым саат кайнатабыз.
2. Кумшекер, туз, майдаланган сарымсак, өсүмдүк майын жана уксусту кошуп аралаштырып дагы жарым саат кайнатабыз.
3. Даяр болгон аджиканы бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.

АЧУУ ТАТЫМАЛ (СОУС)

Керектелүүчү азыктар:

Кызыл жана жашыл ачуу болгар калемпири
– 500 грамм
Помидор – 4 даана
Кызыл болгар калемпир – 500 грамм
Сарымсак – 450 грамм
Туз – 20-25 грамм

Даярдоо ыкмасы:


1.
Алгач помидорду ысык сууга салып, кабыгын сыйрып тазалап алабыз.
2. Кызыл калемпир, сарымсак, ачуу болгар калемпирин тазалап, помидор менен кошо эт туурагычтан өткөзүп алабыз.
3. Майдаланган жашылчаларды идишке салып, татымына жараша туз кошуп, бетин капкак менен жаап бир сутка муздаткычта сактайбыз.
4. Бир суткадан кийин банкага куюп, оозун капкак менен бекитип узак убакытка сактоого мүмкүн.

Тазагүл Эмилбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(5)
09.08.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага да ачуу аджикалар жагат,жасап коруу керек экен
09.08.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага да ачуу аджикалар жагат,жасап коруу керек экен
09.08.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кеңештер экен.
13.08.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рецепттер учун чон рахмат ,пайдасы тиет .
14.08.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыш келе жатат биз дагы жасап сактап коюшубуз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо