Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жолболду Алыбаев, ырчы, дастанчы: "ЖӨНӨКӨЙ, БИРОК ЖАН ДҮЙНӨМДӨЙ ТАЗА ҮЙДӨ ЖАШАЙМ"

№718 05-август-11-август, 2016-ж

"Кудай буюрса, эмдиги жылы 70 жылдык юбилейимди белгилейм" деген белгилүү ырчы, 100дөн ашык обондун автору, дастанчы Жолболду Алыбаев бизди Ош шаарындагы үйүндө байбичеси Бүсайра менен тосуп алды. Эшик алдында гүлдөр гүлдөп, помидорлор бышып, алмурут шагында ийилет. Үй, короо-жай менен бизди Бүсайра эже тааныштырды.

ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:


Жер тилкесинин аянты – 6 сотых Чоң тамы 4, времянкасы 2 бөлмөдөн турат.
Ошондой эле короодо жайкы ашкана, эс алуучу бөлмө бар.
Булардын баарын курууга 4,5 жыл кеткен.

ЧОҢ ТАМ

Бут чечүүчү жай


Уктоочу бөлмө


Чоң зал

– Мында агайыңар эргүүсү келип калганда аккордеонун тартып же комузун чертип үйдү жаңыртып калат. Андайда мен демимди ичиме катып, бутумдун учу менен басып калам.


– Бул бөлмөдө жүк жыйылып, кийимдерибиз турат.


Кичи зал


– Конокторду ушул бөлмөдө тосуп, узатабыз. Жакшы каалоо-тилектер да ушул жерде айтылат. Абышкам 2001-жылы жинди суу менен ажырашкандан бери тостту колубузга кымыз, шире кармап сүйлөп калдык.

Времянка

– Учурда времянкада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Агайыңар мындай иштерге жок, акыга жасатабыз.
Кошумча бөлмөлөр

Ашкана

– Агайыңар бош кезинде ак көңүлү кармаса дасторкон жасашып, идиш жуушуп, ордуларына коюшуп да жиберет. Бекеринен "алтын абышкам" деп эркелетпейм да.

Жайкы эс алуучу бөлмө


Короодогу гүлдөр


ЧАЙ МАЕК


"АГАЙЫҢАР МЕН ӨЗҮМ САГА БЕЛЕКМИН ДЕЙ БЕРЕТ"


– Агай, бул канчанчы үйүңүздөр?
– Мурун Оштун Черемушка деген аймагында 2 бөлмөлүү үйдө турчу элек. Кийин Эл артисти наамын алган соң Ош мэриясы ушул 6 сотых жерди белек кылды. Анан бул жерге үй салып, тиги үйдү сатып көчүп келгенбиз.
Мен жөнөкөй атактуумун, ушундай жөнөкөй, бирок жан дүйнөмдөй таза үйдө жашайм. Анткени байбичем өтө таза жан. Бир нерселерди жууп-тазалап эле жүрөт.

– Бак-дарак, гүл тигүү менен кимиңиздер алектенесиздер?
– Агайыңар чыгармачыл жан болгондуктан аны үй-тиричиликке башынан аралаштырбайм. Эркин болуп, обончулук менен ырчылыгына убактысы болсун деп турам. Андыктан үй-жайды кармоо, тегеректи жашылдандыруу менин ишим. Элге окшоп акчага, көр оокатка жулунбайт. Ошондуктан жөнөкөй үйдө жашайбыз. Үйдө эмне бар, эмне жок экенин да билбейт. Кээде ак көңүлү кармаса гана мага кол-кабыш кылып калат.

– Тиричиликке аралашпаса да майрамдарда кубантып турат чыгар?
– Агайыңар калпты жана жасалмалуулукту жек көрөт. Ошол себептүү майрамдарда "акча өзүңдүн колуңда, каалаганыңды ала бер. Белек эле керек болсо, мен өзүм сага белекмин" деп коёт.

– Агайдын мүнөзүн айтып өтсөңүз...
– Көңүлү назик, кылт этсе эле таарынып калат. Анан бир аз кежирлик жагы бар. Бирок ак көңүл. Мен бир жакшы иш бүтүрсөм да мактабайт. Ичинен компоюп калганын көрүп, "ии, жагыптыр" деп калам. Ага болсо менин чечкиндүүлүгүм, тазалыгым жагат.
Жашыбыз өтүп, мен 39, агайыңар 53 жашында баш кошконгобу, ортодо бири-бирибизди кызгануу деле жок.

Фото: "Ар бир эмгегимди чыгармачылык эргүү менен ырахат алып жасайм. Иштеп жатканда айланадагы добуштар угулбасын деп кулагыма наушник кийип алам"- дейт каарманыбыз.

Канымжан Усупбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
08.08.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолболду агай..."Чолпонумду" уккан сайын уккум келет.Көп жашаңыз, "Эл артисти" болуңуз, талантыңызга таазим этебиз!
08.08.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агайдын чыгармалары интернетке жүктөлсө жакшы болмок.
08.08.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайдан болот беле
08.08.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
don_quixote, Алайдан эмес Озгондон районунун Зергер айылынан болот. Кыргыз Республикасынын Эл артисти.
08.08.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул менин аяш атам болот баласынын аты дагы Жолболду)) кооп жашаныз аяш ата Жонинин жакшылыктарын корунуз
08.08.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren.ms, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
09.08.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул менин аяш таятам болот узун омур ден соолук каалайм таятам Эргеш экоонуздордун достугунуздан сыймыктанам
10.08.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чакан уй болсо бактылуулук жан дуйнонун тазалыгы корунуп турат. Ишинизге ийгилик кооп жашаныздар.
11.08.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуңуздар
12.08.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
53 жашка чейин Чолпону менен жашады беле? Азыркы эжеке менен вообще эле балдары барбы? Кандай болсо да бактылуу болунуздар коп жашаныздар.
12.08.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолболду агайыбыз аман болун омурлуу болун сиздин ырларыныз менен сиздин абройунуз менен биз сыймыктанабыз сиздин эмгегинизди баалайбыз!
20.08.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ агайдын Мырзайым деген ырын кайдан тапсак болот? Рахмат алдын ала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо