Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БЕЛГИЛҮҮЛӨРДҮН ЭЛ БИЛБЕГЕН ӨНӨРЛӨРҮ

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Кыргызда "эл ичи – өнөр кенчи" деген накыл кеп бар. Чындыгында элибиз таланттуу адамдардан уучу куру эмес. Жадакалса бир эмес, бир нече тармакта алектенгендер кездешет. Белгилүүлөрдүн биз билген шык-жөндөмүнөн тышкары дагы кандай өнөрлөрү бар? Бул туурасында аларга суроо салдык.

Ильяз Андаш, ырчы:
"КӨЗҮМ МЕНЕН КӨРГӨН НЕРСЕНИН БАРДЫГЫН КОЛУМ МЕНЕН ЖАСАЙМ"


– Эркек болгондон кийин устачылык өнөр биринчи орунда турса керек деп ойлойм. Турмушта ар кандай кырдаалдар болуп калат. Мисалы, үйүңдүн бир жерин оңдоого туура келет же болбосо кайсы бир буюмга экинчи өмүр бериш керек болуп калат. Андай ишти ар бир мырза жубайына айттырбай эле оңдоп коюшу керек. Өзүмө келсем, мен там салып гана тим болбостон, анын майда-чүйдөсүнө чейин өз колум менен жасаганга жөндөмдүүмүн. Ошондой эле пластилинден, жыгачтан ар түрдүү фигураларды, жаныбарлардын сөлөкөтүн жасайм. Арстан, коён, иши кылса эмнени көрсөм ошону өз колум менен жасоого устамын.

Токтобүбү Черикчиева, ырчы:
"УЗГА ТИЕШЕЛҮҮ ӨНӨРЛӨРДҮН БААРЫ МЕНДЕ БАР"


– Негизи ырчылык өнөр көп убакытты талап кылган кесип эмеспи. Ошондуктан азыр көп убактымды чыгармачылыгыма бөлөм. Ошентсе да бөлмө гүлдөрүн өстүрөм, бош убактымда узчулук кыла коём. Себеби өз апам колунан көөрү төгүлгөн уз чебер болгондуктан мага да сайманын түрлөрүн, тикмечилик, түймө түйгөндү үйрөткөн эле. Ал нерсени мен да улантып, бүгүнкү күнгө чейин жашоомдо колдонуп келем. Бул шыктарым турмушта абдан кереги тийди. Эгер аларды жасоо колумдан келбесе, башкаларга кайрылууга туура келмек да. Алсак, байпак түйөм, бөлмөдө кийүүчү бут кийимдерди кийизден жасайм, эми айта берсе көп эле. Бул аялзатына эң керектүү жумуш деп билем. Анткени заман алмашып, учурда кийиз буюмдарга талап күчөп жатпайбы. Мунун баарын өз колуң менен жасап ырахат алган кандай сонун!

Атай Өмүрзаков, бийчи:
"МЕН БИР НЕРСЕНИ БАШТАСАМ, ОШОНУ АЯГЫНА ЧЕЙИН ЧЫГАРАМ"


– Бий дүйнөсүнө келгенге чейин скульптура менен алектенчүмүн. Бул жөндөмүм 4-класста ойгонгон. Мектепти бүткөнгө чейин скульптура менен алектенип, көп сынактарга катыштым. Алардын ичинен маанилүүсү деп республикалык масштабдагы сынактан биринчиликти алганымды айта алам. Ошондо француздар менин эмгегиме абдан кызыгышып, Францияга окуп, иштеп калууга чакырышкан эле. Негизи адам чөйрөсүн тапкыча өзүн ар тармактан сынап көрүшү керек деп ойлойм. Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, бир нерсе менен алектенип баштасам, андан жыйынтык болмоюнча таштабай, аягына чейин чыгарам.

Асема Токтобекова, актриса:
"КИЙИМИМ ЖАКПАЙ КАЛСА, АНЫ ДАРОО ОҢДОП ТИГЕМ"


– Чыгармачыл адам болгондуктанбы, фантазияма жараша бир нерседен экинчи нерсени жасаганды жактырам. Учурда бул өнөрүмдү чыгармачылыгымда гана эмес, үй тиричилигинде да колдонуп келем. Чындыгында, эл адамы ар дайым көңүл чордонунда болот. Андыктан башкалардан өзгөчөлөнүп турууга аракет жасайм, уникалдуу болгум келет. Менин оюмча, уникалдуулук – бул кийинүү стили башкалардан айырмаланып тургандар. Мисалы, мен өзүмө жакпаган нерсени кийбейм. Табитиме туура келбеген кийим болсо дароо бузуп, өзүм эле башкача образдагы кийим жаратып коё алам. Мындан тышкары сайманы түрлөп сайганды билем.

Амир Аскаров, ырчы:
"ТЕННИС ОЙНОО МЕНИН КАНЫМДА БАР"


– Ата-энем спорт чеберлери болгондуктан 8-класстан тарта стол теннисине аралаша баштадым. Теннисти атамдын достору менен ойноп, үйрөнгөм. Бир жолу атамдан утулуп калып намыстанып, мен жеңишим керек деген максатта машыга баштадым. Тилегим орундалып, 11-класста мектептер арасында өткөн олимпиадада биринчиликти алдым. Кийин чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кетип, теннис унутта калган эле. Акыркы эки жылдан бери кайрадан ойноп баштадым. 2014-жылы журналисттердин арасында өткөн мелдеште экинчи орунду алгам. Кээде ойлоп коём, ырчылар арасында теннис турнири өтсө, мен утмакмын деп (күлүп).

Нооруз Алымбаев, ырчы:
"БИЙЧИЛИК ӨНӨРҮМ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫН ЧЕТ ЖЕРЛЕРДЕ ТААНЫТТЫМ"


– Мени элдер ырчы катары эле тааныбаса, бийчилик өнөрүмдү көбү билбейт. Бий тармагында таанылыш үчүн өжөрлүк керек. Бул чөйрөгө 2007-жылдан тарта аралашып, "Акмарал" бий ансамблинде бийлеп калгам. Талантыбыздын аркасы менен мамлекеттик, эл аралык деңгээлге чейин таанылып, көп жерлерди кыдырдык. Мисалы, Амманга, Бириккен Араб Эмираттарына, Астанага барып өзүбүздү хореография жагынан көрсөтүп келгенбиз. Бий өнөрү аркылуу Кыргызстандын атынан көп жерлерге чыктым.

Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
08.08.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Амирде сынчылык онор да бар.
08.08.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо анда баарынан Амирдин өнөрү күчтүү экен))
08.08.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырчылардын арасында бир гана Амир таланттуу, теннисти да жакшы ойнойт.Кыйынсына бергени жакпады ушу Амирдин.
08.08.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нооруз краусачег!
08.08.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атай Омурзаков жакшы жооп Берген.А Амир Аскаров болсо теннисти жакшы ойнойм жана жакшы сынчымын деп койбоптур.Инстада окугам аябай эле мыкты сынчыго прям.Ааж терпеть не могу.Озун талантту жылдыз сезип алганычы.Азыр аны анча эл таныбайт а эгерде башка ырчылардай таанымал болуп калса вообще эле болбой калмак.Лично мен аны айрым ырчыларды ырдай албайт деп сындап жаткан постунан гана ырчы экенин билгем ага чейин мен андай ырчы бар экенин уккан эмесмин.Адамдын эн мыкты сапаты бул жонокойлук ушуну
09.08.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атай красавчик! Сыйлайм!
09.08.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Амир ТОО десе бээ деп жооп берет дайыма
10.08.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нооруз азамат!
11.08.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атай азаматсыз!Асема айым сиз ырдабай эле цех ачып алып ошону иштетсеңиз болчудай экен
11.08.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай скульптурадан тышкары суротчулук онорун жашырып коюптур)), мектептен озунун суротун,статуясын пластилинден дал озундой окшош жасап тартып койчу, анан спорт жагынан алдына киши салчу эмес баскетбол, футбол ж б
flow23 түзөттү 2016-08-11 19:35:06
14.08.2016. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай Омурзаков миндин бири го......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо