Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"КӨЗҮМ КӨРБӨЙ КАЛГАНДА КАРАҢГЫ ДҮЙНӨГӨ ТҮШҮП КАЛГАНДАЙ БОЛДУМ"

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Көрбөсөм да кең ааламдын көркөмүн,
Башты салып тагдырыма чөкпөдүм.
Эң бир таза, аруу сезим жетелеп,
Бакыт издеп жашап келем мен бүгүн.
Таңдар атып, күн шооласын чачканын,
Жер бетине мээрим төгүп жатканын,
Сезип, туям жүрөгүмдөн өткөрүп,
Шылдырт этип булак көзүн ачканын...- деп Нуриза Сыдыкова оор тагдырын ыр саптарга түшүргөн. Бүгүнкү биздин көзү азиз каарманыбыз бул жашоодо максат коюп алдыга умтулуп, тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет.

"ЖЕТИМДИКТИН АЗАБЫН ТАРТТЫК"

- Мен 1976-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулуп-өскөм. Апам фельдшер, атам курулушта бригадир болуп иштеген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын улуусумун. Мен 15 жашка чыкканда ата-энебиз ажырашып кетип, андан соң апам бизди жалгыз багып жүрдү. 19 жашымда апам каза болуп, ошондо эненин канчалык баалуу, ыйык экенин туйдук. "Бейиш төрү эненин таманынын алдында" деп бекеринен айтылбаптыр.
Атам тирүү, апам каза болгондон кийин бизге каралашып жүрдү. Бир туугандарым чачырап бирде таякелерибиздин, кээде таежелерибиздин колунда жүрүштү. Алар жакшы эле мамиле кылышчу, бирок жетимдик деген жетимдик да. Өз ата-энеңдин колунда эркелеп өскөнгө эмне жетсин?! Жетимдиктин азабын жакшы эле тарттык. Атамдын бир туугандарына караганда апамдын бир туугандарынын жардамы көп тийди.

"ЖОЛДОШУМ 17 ЖАШЫМДА АЛА КАЧЫП КЕТКЕН"

- Жолдошум мени он жети жашымда ала качып кеткен. "Таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калгам. Жолдошум менен он эки жыл чогуу жашадык. Ал ширетүүчү, мен дүкөндө сатуучу болуп иштечүбүз. Эки балалуу болдук, жакшы эле оокат кылып жашачубуз.
Бала кезимде көзүм көп ооручу, бирок көрчүмүн. 2005-жылдан баштап көзүм катуу ооруп баштады. Иним дайынсыз жоголуп кеткен эле, ошондо депрессияга кабылып, ашыкча санаа тартып койдум окшойт. Эсимде, маршруттук таксиде келе жаткам, бир кезде эле көзүм тумандап кетти. Унаадан түшүп эле күндү, жарыкты ушундай издей баштадым. Жаз айы болчу, жалбырактын жашылы бирде көрүнбөй, бирде көрүнүп, караңгы дүйнөгө түшүп калгандай эле болдум. Эки жыл жаман болуп, төшөктө жатып калгам. Чын эле көрбөй калдымбы, андан ары кантип жашайм деп күндө көз жаш төкчүмүн. Кызым анда эки жарым жашта болчу. Башында көзүм көрбөй калганда күйөөм жардам берип жүрдү, анан эле түшүнбөстүктөр көп болуп үйдө уруш чыга баштады. Ошентип ажырашып тындык.
Доктурларга көрүнгөндөн эч майнап чыккан жок. Бирок кийинчерээк башка врачтарга көрүнсөм, алар "сени туура эмес дарылашкан, берген дарылар ооруңду күчөтүп жиберген" дешти. Эч кимге деле арызданган жокмун, тагдырдын жазмышы го деп кала бердим.

"АДАМ БОЙДОН САКТАЛЫП КАЛСАК..."

- Балдарым үчүн чыйралып, алга умтулдум. Кудайым берген сыноону татыктуу көтөрөйүн дедим. Мамлекет мага 2000, балдарыма 1410 сом жөлөк пул төлөйт. Өз үйүм жок, батирде турабыз. Ал акчабыз батирге, тамак-ашка араң жетет. Кызым азыр 6-класста окуйт, уулум 6 жашта. Курбум, бир туугандарым кээде жардам берип турушат. Бирок алардын деле өз түйшүктөрү бар да.
"Кыздар, ай" адабий клубунун мүчөсүмүн. Көңүлүм эргигенде, же тескерисинче, көңүлүм кирдегенде түн ичинде болсо дагы мээме ырлар келе берет. Элүү, алтымыштай ырым бар. Ырларым эч жерде жазылган эмес, дептерге дагы, диктофонго дагы. Баары мээмде.
Үй жумуштарын бүт кыла алам. Эч кимге деле жалдырабайм, бир гана кичинекей уям болсо деп тилек кылам. Жашоонун маңызы – Кудайым кандай сыноо бербесин адам бойдон сакталып, үй-бүлө куруп, бакыттын даамын татууда эмеспи. Массаждын курсун окуп, иштеп оокат кылсам, эч кимге көз каранды болбой жашасак деп тиленип келем.

КААРМАНЫБЫЗДЫН ЫРЛАРЫНАН ҮЗҮНДҮЛӨР:

Каарманыбыз кээ бир көзү азиз болобу же дагы бир нерсеси кем болобу, аларга түшүнүү менен карабаган таш боор адамдар жөнүндө да ырларды чыгарган.

Жолго чыгып жаралуу жарты калем,
Жолду сурайт түртүп өткөн кишилерден.
"Кереги не жашаштын көз көрбөсө?!"
Дегендер бар күбүрөп-шыбыраган.

ххх

Асмандын көркүн ачкан армансыз аппак булут,
Адамдык көңүлдөрдөн ак булут аруу, тунук.
Айланып кетким келди бир үзүм ак булутка,
Аруулап жан дүйнөмдү кошулуп булуттарга.

Көзү азизди мындай кой, дени соо, алты саны аман адамдар да кээде өзүлөрүн таштап салышат эмеспи. Ал эми каарманыбыз алга кадам таштап, ал эле эмес, чыгармачылыгын да өркүндөтүп келет. Ушундай адамдардан сабак алып, чыйралсак болчудай.

Каарманыбыз уул-кызы менен ушул бир бөлмөлүү кичинекей батирде күн кечиришет.


Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(35)
08.08.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах сабыр берсин
08.08.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшы ниет ,жакшы ырыскы умтула бер балдарын учун,бир кун балдарындан коросун,убакыт аз калды.
08.08.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах озу жардам берсин сизге
.Сиздин бактынызга балдарыныздын омуру узун ыймандуу болушсун
asanaliev.s түзөттү 2016-08-08 13:34:48
08.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Мен байкашымча super.kg.нин 500-1000дей колдонуучулары болсок керек. Ошолор баарыбыз бир кунду белгилеп, ошол жерден жолугуп жок дегенде 100 сомдон чогултуп продукты сатып алып бербейлиби. Продуктунан ашканын колуна беребиз. бул жактан сабыр кылыныз деп отура бербей. Кандай дейсинер улуу урматтуу колдонуучулар?????
08.08.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
batsam,менда колдоймун сенин оюнду бирок алыста жашагандарда бар бизге окшоп .телефон номери болгондо бирдик салып койот элек колдон келишинче.алыста жашагандар бул ойго кандай дейсинер?
08.08.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
batsam,ээн сонун болор эле,100 сом жон эле кетип калып атат го
08.08.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
batsam,колдойм
11.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batsam,мен да колдойм колумдан келгенин берейин,уюштургула, мен бала менен чыга албайм
08.08.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын мен телефонуна акча которуп коем
08.08.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данныйын (Ф.И.О) бере аласыздарбы админ? Жардам корсотобуз. Банк аркылуу акча которому.
08.08.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай кабарлашсак болот. Телефон номерин бересинерби.
08.08.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достор келгиле баарыбыз алыста жашагандар жана Бишкекте жашагандар баарыбыз 100 сомдон которуп коебуз банктан эле. Фамилиясын жазгыла да Админ ачык эле . Ошол жерден которобуз. Единица продукт албай эле акчалай берели жардамды. Админ тел номерин да ачык жазгыла кодду кантип айтабыз анан?
08.08.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото тообо жаратканга. Эжеке сиз да тобо кылсаныз Аллахым жондому жоктор тобо кылса ото мээримин тогот.
08.08.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
единитса коп салбагыла сом кылып алалбайт бизде мындай система жок Айдын 15карангы 15жарык сабыр кылыныз ушуну окуп беришет бекен бироо жарым номерин бериниздерчи сураныч
08.08.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эхх 1сомдон черный касса ойносок окшойт ар айда ошондо уйу жоктор уйлуу болот элек мисалы эйвондо иштесен рак груди деп 1 р алат ошо сынары 6млн ойнобосо да 1 млн ойносо окмот окмот дебей, уй салып берсе да окмоттуку сынып тушуп калат экен дееп ойлоп койдум
09.08.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
krem,туура айтасын 1 сомдон айына ким бербесин 1,2 миллион киши которсо керек соонун болот эле,и сооп табат элек...
09.08.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сабыр берсин! ылайым бир куну танда ойгонгонунузда козунуздун нуру кайтып,бул жарык дуйнону корууну насип кылсын!
09.08.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
дарегин жазып койгулачы массажды бекер уйротом.акчалай жардам берейин.жооп кутом
09.08.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., arytur, arzuuu, incognito1,Uragan07, Daldachka, jazel87, salimbek87.kg, саламатсыздарбы? Силерге купуя кат аркылуу жооп жазылды.
09.08.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах куч кубат берсин инша Аллах!!!
09.08.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соо маалында пайдаланып ооруганда таштап кеткен эркектерден Аллахым озу сактасын!Неге эркектердин копчулугу ушундай!Аллахым сизге куч кубат ден соолук берсин!Буйруса балдарыныз чоноюп калса оздору торундо багып алышын насип этсин!
10.08.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу колдонуучулар баарына чон рахмат оюнарга кошулам мумкун болсо номерин мага жонотуп койгулачы мен эгер номерди жонотсонор акча салып коймокмун.
11.08.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizon, incognito1, саламатсыздарбы? Силерге купуя кат аркылуу жооп берилди.
11.08.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, рахмат, байланыштым. Азыр силерге баратам, номерин таштаганы деди.
incognito1 түзөттү 2016-08-11 13:15:03
12.08.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Массажный крустун адресин жазып койгулачы сураныч
12.08.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар жана колдоочулар!!! Аллам баардык пенделерине мээримин токсун, берексин берсин!!! Ыраазычылык силерге!!!
13.08.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ушуну коптон бери ойлоп журом атайын бир ишкана телевидение иш алып барса айына 5сомдон топтосок да канча акча топтолот оорулууларга уйу жокторго ирети менен жумшаса болот топтолгон акчаны
13.08.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу ниети туз пенделер, Алламдын ыраазычылыгы силерге.Нуриза эжебиз менен байланышка чыгууну каалагандар учун озу жонундо маалымат таштап коюууну отунду. Сыдыкова Нуриза Сагынбековна.1976.11.22. Сиздердин отунучунуздор боюнча байланыш номери +996709860277. Сыдыкова Нуриза л)сч
4170221509146352
13.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз ыраачылыгын билдирет, конулу кош эмес адамдарга.
13.08.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банк Экоисламик благотворительный фонд эсеп счету.
13.08.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч, адресин же номерин берип койгулачы.
14.08.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijaa06111,+996709860277
14.08.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
incognito1, рахмат!
14.08.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сабыр берсин
14.08.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сабыр берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо