Майрамбек Осмонов: "МАГА ЖАРАТКАН АЯЛДАН АЙТПАПТЫР"

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Майрамбек Осмонов талантка бай. Ырчы, обончу, пародист, куудул, тамада, уста. Бул киши интернетти иттер көп, WhatsApp`ты бок-сак, Фейсбукту пейили бузук, Инстаграмды үйүңүзгө барам деп тамашалуу кылып атап алган. Маектешүүгө келери менен аккордеонун колуна алып жаңы жазган ырын буркан-шаркан түшүп 3-4 ирет кайталап ырдап берди.

– Майрамбек мырза, энергияңыз ашып-ташып турат экен. Энергияны кайдан аласыз?

– Апам чыйрак аял. Учурда 76 жашта болсо да булкулдап турат. Тамыры терең болбосо тал-теректи жулуп алайын дейт. Мен апамды тарткам. Эртең мененки саат 8ден түнкү саат 11ге чейин кара жумуш менен да, чыгармачылык менен да алектене берем. Чалкамдан түшүп жаздык майланыштырып сыналгы көрүп жатпайм. Качан болсо ишим бар. Канча жумуш кылсам да эртеси күнү энергиям толуп турат. Эс-тутумду жакшыртыш үчүн ыр жаттайм. 6-7 куплетти бат эле жаттап алам. Азыр Эсенгул Ибраевдин эне тил тууралуу ырын жаттап жатам. Тойдо жакалагандар көбөйүп кетип бокс менен машыга баштагам. Бирок негизги максатым – ден соолукту чыңдоо. Залга барардан мурун 5 чакырым чуркап, анан машыгууну улантам. Ошол себептен болсо керек, 8 жылдан бери тушоо тойдо алдыма киши сала элекмин. Мындан тышкары былтыр аппаратураларды сатып алып аранжировка жасаганды үйрөндүм. Азыр бул жаатта да ийгилик жаратып жатам.

– Эс аласызбы же тытынып эле жүрө бересизби?
– Эс алсам денеме батпай кыйналып кетем. Кара жумуш кылып же өнөр менен алпурушуп тердегенде жыргап калам.

– Устачылык өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?
– Атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Ал киши бизге "балдарым, биз өнөр менен жан багабыз" деп көп өнөрдү үйрөткөн. Эркекке таандык бардык ишти жасайм. Туш кагаз (обои) чаптагандан тарта кафель койгонго чейин колумдан келет. Эгер ырчы болбосом кыш куюп, устачылык кылып деле жан баксам керек деп ойлоп калам. Ысырап кылбай, балдарымдын чачын дагы өзүм алам. Азыр бир баланын чачын тегиздетсең 120 сом. Эки баланыкы 240 сом болот. Бул акчага балдарыма керектүү буюм сатып берип коём.

– Сөзүңүзгө караганда ашканада дагы мыкты окшойсуз?
– Аялыма костюмумдун топчусун 2 жыл кадата албай койгом. Азыр деле ал костюм топчусу жок илинип турат. Ал аялым мени гезиттерге жамандап маек берип тың чыкпадыбы. Топчу кадагандан баштап боз үйгө чейин тиге берем. Машинамдын отургучтарына жабдууну да өзүм тиккем. (Бышык кездемеден чыкыйтып тигип алган жабдууну машинасынан көрсөтүп). Компот, жарманы жакшы жасайм. Бир мезгилде иш кылганга да, тамак жасаганга да жетишем. Жардамга келген тааныштарым "тамагыңыз бышып калдыбы, омей, качан кылып жетиштиңиз?" деп таң калышат. Колумдан от дагы жакшы тутанат. Кээ бир адамдардын колуна ширеңкени тутамдап карматсаң да оту күйбөйт.

– Өзү бардык ишти жасаган адам бирөөнүн кылганын жактырбайт го?
– Такыр жактырбайм.

– Жубайыңыз менен элдештиңизби?
– Жараша элекпиз. Үй турат. Бирок бүлө жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал нерсе жакшы жагына оогондо өзү эле билинет.

– Сиздин жогоруда айткан сөздөрүңүз жубайыңызга катуу тийип калбайбы?
– Капа боло берет. Анткени бул чындык. Мен чындыкты айтып жатам. Мага Жараткан аялдан айткан эмес. Бул нерсени моюнума алам. Аалымдардын бир топ бөлүгү "аялдын бул дүйнөдө көрсөткөн азабы тозоктун азабы менен барабар. Көп эркектер аялы жаман чыгып бул дүйнөдө эле тозоктон кутулат экен" деп айтып калышат. Андыктан аялы жакшылар сүйүнбөй эле коюшсун (күлүп).

– Жубайыңыздын чыгармачылыгыңызга кошкон үлүшү барбы?
– 2013-жылы 8 гезитке маек берип, мени жаманатты кылган. Болгон салымы ошол болду. Ал сөздөр менен мени эл жаман көрүп, ою өзгөрүлгөн жок. Мен дайыма бетке айтам. Тойдо дагы кыйтыңдагандарды дароо уят кылып, ордуна коём. Мас болуп тийишкендер, текеберленгендер катыгын алат. Мага тийишкен адам өкүнүп калат. Жемимди жедирбейм.

– Анда муштум менен маселе чечет турбайсызбы?
– Маселени көбүнчө тил менен чечем. Эгер мени менен бирөө мушташчу болсо, ал бир урганча мен 5-6 ирет урганга жетишем. Андайдан Кудай сактасын.

– Күнөөңүздү, кемчилигиңизди моюнга алганды билесизби?
– Алам, албайт деп ойлодуң беле? (күлүп). Кээде бирөөлөр менен тартыша кеткенде туура нерсени уксам үйгө барганда "Майрамбек, жанагы туура айтты" деп кемчилигимди моюнума алган учурлар болот.

– Бардык нерсенин ийне-жибине чейин маани берет экенсиз. Майдачыл адам эмессизби?
– Мен көзүм жетип турган ишти аял киши кыла албай турса, сөзсүз кийлигишем. Майланышкан идишти муздак суу менен жууп жатса, ысык суу менен жууп салам. Кимдир бирөө айры менен таштанды салып жатса (кум, ташты), калак менен салат деп жардамдаша коём. Майдачылдыгым бар. Бирок мен аны майдачылдык эмес, пайдачылдык деп эсептейм.

– Таза, тыкан жүрөсүз. Кийимиңизди дагы өзүңүз жууйсузбу?
– Тырмагыңарды көрсөтсөңөр (тырмагыбызды эринбей карап "өсүп кетиптир" деп өзүнүн этине жете алынган тырмагын көрсөттү). Менин жеке жашоомдон кабар алгыңар келсе, ушундан билип алгыла. Учурда көйнөгүмдү өзүм жууп, кийимимди өзүм үтүктөп жатам.

– Эми түшүнүктүү болду. Кыргызда "кырк жаштан кийин кыз алат" деген сөз бар. Төшөк жаңыртуу оюңузда жокпу?
– Жаш аял алып жыргап кеткендерди деле көрө элекмин. Адам 30 жашка чейин эле адамча жашайт экен. 30дан 45 жашка чейин эшек жашоо экен. Үй саласың, байлык топтойсуң. 45 жаштан 55 жашка чейин ит жашоо. Тапканыңды коруйсуң. 55 жаштан 60 жашка чейин маймыл жашоо. Ары-бери секиресиң. Бир бөлмөңдөн экинчи бөлмөңө батпай каласың. Аялың үй жыйнап жатса, "бутка илешпей турчу ары!" деп кага берет. Ошон үчүн эркектер намазды жаттап алыш керек. Ошол куракта аялың ажаан болсо, мечитке же дааватка кетип каласың. Ал эми 70 жаш эркек үчүн түрмө.

– Сиздеги энергия балдарыңызда барбы?
– Улуу балам Адемил кичинесинен эле футболго кызыгат. Кыймылы тез, "Криштиану Роналдудай болом" деп жакшы ниет кылып жүрөт. Азыр "Алга" футбол клубунда ойнойт. Кызым Раяна менин эле көчүрмөм. Иш кылса дагы жулунуп кыймылдап, таза бүтүрөт. Үйдө мындай тартипке өтүп алганбыз, бир куплет ыр жаттаганга 25 сом берем. Азыр Эсенгул Ибраевдин мен жаттап жаткан ырын жаттап жатат. "Ата, окуу башталганча жаттап бүтөм" деп мени кубандырып коёт. Үчүнчү баламды "Дильдуль" деп эркелетем. Чын атын айтсам, башкалар коюп алышат. Улуу балдарымдын аттарын көптөрү коюп алышкан. Уулдарымдын атын өзүм, кызымдын атын Абдышүкүр Нарматов койгон.

"Жүрөгүм, жүлүн, моюн, муундарым, Карачы, кандай окшош мурундарын. Сапсары күнгө окшоп турган үчөө, Садага болоюнум, кулундарым".


"Спортту сүйгөндөрдүн катарындамын. Кышында тоого чыгып лыжа тээп турам".


"Кутман Жолдошев баштаган 5 ырчы бокс менен машыгабыз".


Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Майдачыл сапатымдын пайдасы көп" дейт Майрамбек Осмонов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(95)
09.08.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul zherdegi ayaldarga karata:ayal kishi ayaldayi bolup,taza bolup,vyi ishin bilgen bolup,meerimdvv bolup otursa esi bar-mayirambekter sviloboyi ele koyio t ele da,bvtvn turmux bvtvn boidon kalat eleda!
09.08.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин жолдошумда мен уйдо жок болсом кухняга кирип озу бирдеме таап жей бербейт ачка кутуп олтурат эркектин киришпегени он Деп ойлойм
09.08.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кордунузбу Майрамбек байке элдин баары аялыныз тарабын алат,так что озунузду акылдуумун деп ойлобон,чыныгы эркек аял кишинин кылганына аралашпайт.
09.08.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кыз кезинде баары жакшы,
Жаман аял кайдан чыгат, "демекчи, жакшы аялды, ушундай майдачыл эркектер жаман атка кондурушат.
09.08.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактанам деп отуруп малтайтып салыптыр го. Мен бул киши боюнча оюм башкача эле. Эми озгорду.
10.08.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман эле мактанып жибериптир го. Аны кылып жиберем, буну антип жиберем деп.
10.08.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ооба,таланттуу,бирок,майдачыл окшойт эр жигиттин ичине ээр токумду ат батыптыр дейт.аялы кандай болсо эркек киши жамандабай эле койсо
10.08.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамбек Осмонов ээн кучтуу ырчы азыркы ырчылардан тээ алдыда аккордеонду да жакшы денгелде ойнот акыркы мезгилдеги ырлары сапаттуу,анан майда чуйдо ишти озу кыла койгону аял кишиге жардам эле тушунгон аялга дагы коп чыгармаларды жарата бериниз деп Акназар...
SUPER.KG видео
10.08.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майдачыл болгон учун аялы менен ажырашты да.Кирише берсе керек да
10.08.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун мактаган ушуну кордум.Эле макташ керек эгер ошого ылайык болсо
10.08.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бирок тазалыгы мага жакты.Но тигемин озум эле дегендери чатаак гооо.
10.08.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай майда киши. Эркек дегим да келбейт анан да ажы имиш
10.08.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек эмне болгон күнү да киришпеш керек, майдачыл болбош керек. Аялдар майдачыл, көр жеме эркектерди жек көрөт.
10.08.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироону билбей эле мелочтор тажатат деп эле бироо жазса эле калганы да ошентип жазышат.Негизи ошонтип айтканга да жеткиргендир аялы канча айттырып топчусун тикпесе анан озу уйронот да карап эле отура бербей ал эч качан майдачылыка жатпайт.Башында жазгандарга тан калдым казан аяка аралашпайт апам жок болсо ачка отура беришет ошол да жакшыбы баарын уйронуп алган озуно жакшы тем более ушундай аялы жакшы болсо кичинекей балдарын таштап кетпейт болчу.Кичинекей балдарын озу карап озу баккан атага
10.08.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай атага чон рахмат,жакшы акылдуу эне эч убакта балдарын таштабайт.Балдардын туйшугу эле канча аны баккан киши билет.Аялы баарын кылып жасап турса любой киши отура берет да.Бардык эле аталар мындай эмес, балдарды бакканды кой оздору аран журот
13.08.2016. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zina29, Жакшы эрден аял эч качан кетпейт. Тем более балдарын калтырып. Демек ошого жеткирген да, балдарына карабай кетсе.
10.08.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото эле ашыкча кетип коюптур,кантип эле аялы эки жыл бою тикпей койсун топчусун,озун мактагандан олоорчо кач дегендей,аялы да артын карабай качып кетсе керек да
10.08.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу аялдарын эзип жиберсе керек да майдаланып. Анан жаратканга шылтабай эле коюшса,аялдан айтпады деп
SUPER.KG видео
10.08.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек кишиге майдачылдык эч качан жарашкан эмес!Озумчул адам окшойт классташым,озун сынга албаган.
10.08.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni, сиздин пикиринизге кошулам. Жаратканга шылтаганы туура эмес го. Майрамбектин биринчи келинчеги Айгул бизге кошуна болчу. Ушундай назик, маданияты жогоруу, айдай сулуу акыл эстуу, уй оокатка да тын кыз эле. Жашап кеталган жок окшойт. Сиз айткандай эзип жиберсе керек да.
11.08.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ku4ak-ku4ak toldu uwak kunoogo batty koz menen kulak atin atin kunoogo battyn klaviwany bazgandar kyiratyp koment jazgandar!
12.08.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аялы кыла албаса кылат да анан озу эмне,кылсын омий
12.08.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
123456789
12.08.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын эркек экен.Кээ бир эркектер адамга дем берип коп нерсеге жондомун жок болсо жол коргозуштун ордуна сенден бетер былжырап турат.Андай эркекке мындай кыл тигиндей кыл деп судуроп турган аял туш болбосо омур бою бир бутун талаада экинчиси уй тириликте бирине жеткирсен экинчисине жетпей журосун.
14.08.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно топчу кадаганга аял керек болбосо да, балдарына эне керек. Озунду мактай бербей балдарынды ойло. Учунчу баландын атын койгонго эч кимдин козу учуп турган жок. Кыйынмын дей бербе, кыйын адамдар идеалдуу уй булоо кутот
18.08.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамбекти аябай эле мактапсыңар го.Ар ким бешенесине жазганын көрөт.Тагдыры бир болбосо 3 эмес он баласы болсо да ажырашат.Бирөөнү сындаардан мурун ар ким өзүн күзгүдөн бир карап алса.
Медиа-портал
21.08.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Майрамбек мырза көп кырдуу талант: мыкты обончу, акындык жайы бар, аккордеонду мыкты чертет, сөзмөр, чечен (тилекке каршы, бүгүнкү күндө эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албагандар толтура).
Мурда өнөр адамынын чыгармачылык тарабын гана билер элек,ошондон улам болсо керек, алар биз үчүн үлгү гана болуп, аларды жакшы жагынан гана билчүбүз,аларга болгон сый-урмат жогору эле. Азырчы... Чыгармачылыгы, таланты экинчи планда калып,жеке жашоосу алдыгы чыгып кеткендей, же элге кызыкпы...
Медиа-портал
21.08.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комменттерди карасак, чыгармачылыгы, таланты жөнүндө сөз жок, анын жеке сапаттарына басым жасалган экен. Менимче, бул туура эмес жана жагымсыз (чыгармачыл адамдар башкачараак болушат го, аларга аяр мамиле керек го дейм)...
А өзү көп нерсеге көзү жетип турган адам экен, баамчыл, байкагыч... Жакшы чыгармаларды жарата берсин...
Медиа-портал
13.09.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012 жылы берген интервьюсунда аябай бактылуубуз деген экен.....
Медиа-портал
13.09.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык таланттуу кишини эптеп эр кыла албаган кандай чоркок аял
Медиа-портал
07.12.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir saat je jarym saat barlashsanar bolmok jakshy toiboi kaldym
Make baikege jetish ushun kaira adam bolup torolush kerek...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо