Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"КАЙЫН ЖУРТУМДУН ЗАПКЫСЫНАН ТАЖАДЫМ!"

№718 05-август-11-август, 2016-ж

– Сен келгенден бери ишибиз жүрүшпөй койду! Атамды жерге бердик, насыядан башыбыз чыга элек! Көк мээ иним сага кайдан үйлөнүп калды эле?!
– Эже, үйдөгү жамандыктардын баарына менин тиешем жок болсо керек...
Кайнежемдин ачуу сөз­дөрүнөн ушинтип коргоном. Үйдө кайненем, кайнатам, күйөөдөн бир кызы менен ажырашып келген кайнежем, эки кайын сиңдим менен жашачубуз. Жакында эле кайнатам каза болуп, жерге бердик. 3 жылдан бери насыя төлөп кыйналган күйөөм Нурбек атасын бул дүйнөдөн татыктуу узатам, эл эмне дейт деп намыстанып бирөөдөн үстөккө акча алып, карызга белчесинен батты. Үйдө Нурбек жалгыз эркек, каржы жагын толугу менен жолдошум тейлейт. Эки кайын сиңдимди окутуп, оорукчан кайненемди жыл сайын санаторийге дарылатып турат.
Секелек кезимде чоң үй-бү­лөдө жашасам деп кыялданчумун, анткени кичине кезимде эле атам каза болуп, апам мени жалгыз тарбиялаган. Кайын журтум менен чогуу шаар четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайбыз. Жаңы конуш деген аты болбосо, кадимки айылдан айырмасы жок. Мал кармайбыз, сүттү дүкөндөргө алып барып өткөрөм. Нурбек жакшы адам, элпек, адамгерчиликтүү, башкысы мени сүйөт. Бирок ушундай кайын журтка туш келем деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Башында анча билинген эмес, кийинчерээк ар биринин өзүнчө кылыктары чыга баштады. Кайын сиңдилерим мага атаандашып, мендей кийингиси, меникиндей телефондуу болгусу келишет. Мен жаңы кийим алган сайын үйдө ызы-чуу. Бир жолу кайненем уулуна:
– Балам, кымбат телефон алып берип катынды анча эркелетпе, эртең башыңа чыгып кетсе, өзүңдүн башыңа түшкөн мүшкүл иш болот,- деп калды.
– Апа, коюңузчу...
– Койбой эле, мына, телефон алып бергениңден бери эки карындашың "жеңемдин колунан телефон түшпөй калды" деп жатышат. Баарына тегиз мамиле кыл, катынды бир тууганыңдан өйдө көрбө!- деп тилдегендин эртеси күнү эки кайын сиңдим дал меникиндей телефондуу болушту.
Кайнежем күйөөсүнөн ажырашып келгенден бери жашоом тозокко айланды. Ажырашам деп баламды көтөрүп төркүнүмө кетип да көрдүм, болгон жок. Кайнежем "бала белде, катын жолдо" деген кепти абдан жакшы көрөт. Ажырашканына эки ай боло элек жатып күйөөсү башкага үйлөнүп алыптыр. Жаман сөздү ким көп айтса, ошонун башына айланып келет окшойт.
Бизде жеке жашоо деген жок, кененирээк уктай албайбыз, эшикти каккылабай эле кимиси болсо да ачып кире берет. Кээде жолдошумдун боштугуна жиним келет. Баскан-турганым кайненем менен кайнежемдин көзөмөлүндө. Көзү көргөн нерсеге кийлигишет. "Эрте тур, чай кой, уйду саа..." Кышка камдаган кыямдарды санап койгонучу, мени төркүнүнө ташыйт деп ойлошот. Айтор, мындай жашоодон абдан тажап турган чагым. Эгер бөлүнөбүз десек, албетте, кайненем баласы экөөбүздү ажыраштырып тынат.
Мени таарынтканы, жолдошумдун мага бир да жолу болушпаганы. Кайненем, кайнежем тилдеп жатканда бир ооз ачып койбойт. Кээде мен кимге турмушка чыктым деп арданып кетем. Бөлмөгө киргенде ыйлап ичимдеги буктун баарын жолдошума айтып алганым менен, анын колунан эч нерсе келбейт. Турмушка чыкканыма эки жыл болду, бирок бактылуу келиндик доорумду сүрө алган жокмун. Кайын журт менен жашоо ушунчалык кыйын болорун билген эмесмин!

Назик


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
08.08.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сабр башка не дейм.Кайнисиндилерин да эрге тиет анан корот.
08.08.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сабырдуу бол,аларга кудайым ынсап берсин,эртен кайын синдилериндин башына тушкондо сени сыйлап тушунуп калышат деп ойлойм,,башкысы куйоон жакшы болуп сени суйуп турсун.
08.08.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турмуш сыноосу
08.08.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш жашоонузду аябай тушунуп турам
08.08.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баардыгыбызга жакшы кайын журт туш кылсын..
08.08.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мунун артында эн жакшы бактылуу кундор бар экенин унутпа анткени кундун тени жарык тени карангы убакыттын отушу менен баары туура тушунуп ынтымактуу бактылуу болоруна ишен ачуусу болмоюун таттуусу болбойт турмуш ушундай чытырман токой сыяктуу жолунду таап кетсен демек сен баарын женесин чыдамкай бол жакшы ойлорду ойлон ийгилик сен жакта болот толук ишен.
08.08.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Келинге кийгилишкен кайын синди эжелерди иттей жаман кором, ар кимдин озунун жашоосу бар да, сизге киришкенче оздорунун жашоосун ойлобойбу. Кайненени го тушунобуз, тарыхтан бери келинге киришчу инсан болуп калган. Сабырдуу болунуз эми, бул кундор да артта калат. Баары жакшы болот.
08.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
аздыр коптур мындай нерседен любой эле келин отот. коп жерлерин мен да оттум, бирок эсинизде болсун, мунун баары убактылуу. эки жыл деген ото аз срок. мен мисалы быйыл 14 жыл болду турмушка чыкканыма. маал маалы менен дагы деле киришип турушат бизди аркага тартып, бирок шугур, коп нерсе артта калды. эмне болгон кундо да сабыр кылыныз, башкысы куйоонуз суйот экен. кыз балдар эртедир кечтир кетет булоолуу болуп ,апасы да тушунот бара бара. баары жакшы болот.
08.08.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жашоо бумеранг,кайталанат,ар биринин башына келет,мындай менин да башыман откон кетип келип аттуу болгом. азыр ошол кайнеже,кайнсиндилер мага билдирбей келип кетип турушат. бирок мен байкап калам урушуп келгенин. Азыр ойлосом неге кетем дедим экен д.ойлоном. сага да алланын аппак таңы атат чыдап кой
08.08.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оба туура айтасынар Сабырдын тубу сары алтынын.
08.08.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жашоо ар кандай мисалы мен уйумо кетсем куйоого тийбей кара далы кайнеже сен чийден тышкары уйун тамак ашты ким кылат уйуно эле барасын деп мени уй кызматкериндей корчу ,болбосо 1 жылда 3 кунго зорго барасын кийин каин синдини куйоого беришти ал куйоосу мн чон кайнэже бала-чакасы мн уйдоле журушот анан ойлойм булар чийден ичкериби деп
08.08.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир аз чыдасан убакыттын отушу м.н жениш сеники болот
08.08.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул убактылуу сыноолор.Кичине чыдап койсонуз утук сиздики.Чыдабасаныз омур бою окунуп калышыныз мумкун.
08.08.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыда, жунун жалтырак болот.
08.08.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай жашоо кайнене мн жашаган келиндер тушунот,алардын да кызы бар коро жатарбыз деп кана оозунду басасын,мен да тажайм таштап кетким келет,балдарымды ойлоп кийинки жашоосун элестетип озумду кармап калам.Мындай жашоо аябай оор,мен сизди 100% тушунуп турам.
08.08.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
точно эле менин 1-турмушумдай экен. бывшая кайнежем мага асылып атып озу ажырашып тынды. бывшая кайнене баласын мага кызганып атып, анысы азыр же уйлонгон жок, же иштен жок, айтор тушунуксуз. пейилди кенен коюп, ички дуйнобуз таза болсо, кудайым берет
09.08.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оххх..откондорду эстеп алдым 2 жыл эмне аз да.. мен 4,5 жылда болунуп кайнатам жок 3 кайынсиндим 2 кайним кайненем бар,,ооо корсотпогону жок болгон тарыхкка жазуу керек эле,,20жыл болду мен жендим,чыдадым азыр мен уже чооон кишимин унчукпаган женет,,азыр деле унчукпайм куйооготийип озулору жоошуп калган,,турмуш жоошуткан кайненем кыздарына айтат женендей бол деп,ичимден ии жениптирмин дегем..так что сабырдуубол тубу АЛТЫН болот!!!
09.08.2016. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болнуп озунчо жашаганга эмне жетсин. Сабырдын да чеги болот, кулга кылган мамиледен да ашат го келинге. Сизге ийгилик, куйоонузго чечкиндуулук каалайм.
09.08.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сиз бактылуу экенсиз жолдошунуз иштеп акча тапса.менин жолдошум 3жыл болду иштебейт.кайын журтум коруп билип туруп тонойт бизди.акча бер эт бер нан. бер деп.куйоом ташыйт энесине как будто акчаны озу таап аткандай.мен тапкан акчага кайын журтум чалчандап жашашат.айла жок куйоомду суйом чыдайм
09.08.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mahabat.,Алладан кайтат,,,сиз да сабыр кылыныз...
09.08.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогуно ала берип олуп калсан ким карайт баланды. Куйоон башка аял алат! Озунду ая биздей биздин балдарды эч ким жакшы корбойт бала деп жашайбыз бул омурдо. Кайненен айтса угуп коюп кайнежен айтса да угуп коюп ХХХ ХХХ журо бер! Хюррем болсон женесин !!! Куйооно да Хюрремдей бол!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-09 14:53:33
09.08.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ada3003, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
09.08.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хитрая дегеним.... ыйлап сыктап сыгылып арыктап эмне кереги бар озуно карап жур!
09.08.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол эрден чыкан келинди мага жоноткун сазайн берейин
09.08.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр...Кудайым суйгон пендесине татаал жолду берет дейт го...бизде деле ошол корунуш...Негизгиси жолдошунуз менен жакшы мамиледе болунуз...Ак ийилет-бирок сынбайт дешет го...башка куйоо же башка уй булоо жыргатмак беле...Озунузду алдап аракет кылып жашаныз уй-булоону сактап...Аллах баарын коруп турат....
09.08.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сизге эми 2 жыл болуптур чыданыз,магачы 6 жыл дагы деле ошол тирилик,ошол уруш дагын качанга чейн чыдайбыз.Аллахым бизге да бактылуу кундордон насип этсин.
10.08.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайнежен тилине жараша оюна жараша тагдырга туш болуптур. Кайын синдилерин да турмушка чыгат сага кандай мамиле кылса аларды да ошондой мамиле кутуп турат! Сен тороп бала чакалуу бол балдарын чоноюп калганда моорой сеники. Баарына чыдап жаркылдап кулуп журо бер ишинди так аткарып. Анан баары сага ыраазы болушат. Бактылуу болосун Кудакааласа Амин
11.08.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
турмушун эшек арава туулдун калдын кара балээге
11.08.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабр кылыңыз. Аларга Аллахым инсап берсин.
12.08.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой эки жыл азда,андай азаптын канчасын коруп,акыры жендик окшойт бала чака чонойгондо.Бирок баари бир келинбизда анча мынча жерде сиз жакшы деп сыйлап коюш шарт.
14.08.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай проблема 2 жыл эмес 20 жылда деле бутпойт,"катын жолдо бала белде"деген соз биздин кайнененин да жакшы коргон созу эле,эн кичуу кайним 4 аял алып кетирип,бешинчисин издеп атышат,ал созду азыр такыр айтпай калды.
14.08.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ турмуш ушунусу менен кызык менин да жолдошум жакшы эле бизде да болгон менде бир кайнеже эки абысын болгон ошолор мени жамандап эриме кайненеме уруштурат кетем деп кетем уч балалуу болгуча ушул кун акыры жукторуну апкет деди апкетим андан кийин жолдошум биздин ордубузду билип уйбулоо не экенин тушунуп барып экообуз москвага кеттик баары карщы болсо да азыр аллага мин мерте шугур уй салдык бар жогубуз жетиштуу чыдап журдум эле азыр баары оздору келип мамиле жасайт
Сабр берсин кудайым
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо