№718 05-август-11-август, 2016-ж
Кыздардын көңүл чордонундагы ырчы Жастин Бибер күтүүсүз өлүмүнүн алдын алып, ага аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматтарга таянсак, 22 жаштагы ырчы Нью-Йорктогу өлүктү коюу борборуна 230 миллион доллар которду. Анын айтымында, көзү өтсө коштошуу салтанаты мыкты деңгээлде өтүшү керек. Көрүстөндөгү эстелиги дисплей түрүндө болуп, клиптери көрсөтүлүп туруусун каалайт. Мындан сырткары ырчы "элесим мен көз жумгандан кийин да жашашы керек" деп кыялданган, ал сүрөтү түшүрүлгөн 3D голограмманы жаратууну көздөйт.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
Бул убакка чейин сакайгандыр.
Кантсе да азыр жаш, он гүлүнөн бир гүлү ачылбай жатып өлүмүнө кам көргөнү кантип болсун. Андай эле эскерилгиси келсе, тарыхта атагы калчудай жумуштарды жасап кетиши керек эмеспи..
Олумуно кам корсо сооптуу иштерди жасашы керек, Медизинер айтмакчы тарыхта калчу иштерди.