Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АШКАБАКТАН БИЗНЕС ЖАСАГАН ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛЫ

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы башталганда эле жол боюнда сатылып жаткан түрдүү ашкабактарга көңүл бурулат. Унаабызды токтотуп ашкабак сатуучулардан сураганыбызда, алар айылдын элинин көбү ашкабак эгип бизнес кыла тургандыктарын айтты. Анда калган сөздү айыл тургундарынан угалы.

"1 ГЕКТАР ЖЕРДЕН 100 МИҢ СОМДОЙ ПАЙДА ТАПСА БОЛОТ"


Маматазиз Топчубаев, 47 жашта:

– Кызыл-Адыр айылында 15-20 жылдан бери ашкабак эгип, бизнес жасагандар көп эле. Мен быйыл 1 гектар аянтка салмагы 4-10 килограммга чейин жете турган 5 түрүн эктим. Ашкабак 110-120 күн дегенде бышат. Учурда бышкандарын терип сатып жатам. Дүңүнөн даанасын 35-55 сомдон өткөзөм.

Киреше
1 гектардан болжол менен 4000 даана ашкабак алынат.
Ошондо 4000x45 сом=180 000 сом. 180 000 - 73 400 = 106 600 cом
Таза киреше – 106 600 сом

"АШКАБАКТАН АКЧА ДА, ООРУГА ШЫПАА ДА ТАБЫЛАТ"

Санжыра Мамасадыкова, 71 жашта:
– Мен декоративдүү ашкабактардын 4-5 түрүн дүңүнөн алып, кайра сатам. Үйдө бекер отургуча акча табуунун айласы. 1 күндө 130-160 даана өтөт. Бир даанасын 10 сомдон алып, кайра үстүнө 5-7 сомго чейин кошуп сатам. Кан жол болгондуктан орусубу, тажигиби, айтор, кызыгып токтоп алып кеткендер көп. Көбүнчө "муну кантип жесе болот?" деп сурашат. Биз фаршталган ашкабак даярдасаңар жакшы деп рецебин айтып беребиз. Же "Супер-Инфо" гезитинин сайтына кирип карасаңар, бир топ рецепттер бар деп айтабыз. Анткени айыл эли, анын ичинде өзүм, келиним "Супер-Инфону" дайыма окуп, рецепттерин үйрөнөбүз.
"Кымча белден" (восьмёрка сорту) манты, самса бышырылат, "сүт ашкабакты" (бадам сорту) сүткө бышырып жейт. Айылыбыздын тургундарынын көбү ашкабак эккендиктен бизди "ашкабак айыл" деп коюшат.
Табыптардан, врачтардан "ашкабакты тамакка көп колдонсо ичегилер тазаланат, рактын алдын алат, боор, бөйрөк ооруларын айыктыруучу касиети бар. Уругу ичтеги мите курттарды өлтүрөт" дегенди уккандыктан биз да ашканада көп колдонобуз.

"БУЮРСА, МЭЭНЕТИМ КАЙТАТ ДЕП ТУРАМ"

Шакап Дооронов, 34 жашта:

– Быйыл мен да элге окшоп ашкабак эгип көрөйүн деп 1 гектарга айдадым. Анткени андан бизнес жасап пайда таап, үй салып, кыз берип, келин алып жатышат. Буюрса, түшүм жакшы эле. Канча пайда табарымды так билбейм. Бирок мээнетим жакшы эле кайтат го деп турам. Үйдөн ашкабактын ичине туурамжы салып бышырып жейбиз. Бирде ичине эт менен пияз салышса, бирде сарымсак менен картошка кошушат.

"КЫРГЫЗСТАН АШКАБАКТЫН УРУГУН ИСПАНИЯГА, ТҮРКИЯГА ЭКСПОРТТОЙТ"

Аркадий Кан,
"Тянь-Шань уругу" айыл чарба кооперативинин директору, агроном:
– Ашкабактын мекени–Мексика. Дүйнө жүзүндө 1000ге жакын сорту бар. Кыргызстанда ашкабак баш-аягы 900-1000 гектарга жакын эгилип, 9 сорту: жүз фунттук (стофунтовая), бадам (миндальная), сероволжская, херсонская, декоративдүү, мозолевская, бал (мёдовая), ТСХА (вировская), восьмёрка өстүрүлөт. Жер тандабайт, бирок тоо этектеринде жакшы өсөт. Тамыры 1 метрге чейин жетет. 1 гектардан сортуна жана карап-багуусуна жараша 20-45 тонна түшүм алса болот.
Курамында суу, май, органикалык кычкылдар, витаминдер, кант, каротин, жез, цинк, кобальт жана башкалар бар. Элдик медицинада ичеги курттарын жок кылууда, циститте, простатитте, бөйрөк, боор, жүрөк-кан тамыр ооруларында, ичти жумшартууда колдонулат. Ичеги, ашказаны ооругандар врачтын кеңеши менен жебесе, оорусун күчөтүшү мүмкүн. Кулинарияда түркүн даамдар жасалат, андан тышкары джем, пюре, икра даярдалат.
Майы фармацевтикада, парфюмерияда, элдик медицинада колдонулат. Кыргызстан кээ бир сортунун уругун Испанияга, Түркияга экспорттойт. Кээ түрү малга тоют катары пайдаланылат.

Ашкабактын бир караганда алмурут жана лимонго окшош декоративдүү сорттору.


Жашыл боздору сероволжская, кызгылт-сарылары жүз фунттук сорттору.


Бадам сорту.

























Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
08.08.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооооо ашкабак сезон.....
08.08.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ашкабак адамга эн пайдалуу жемиштердин катарына кирет. Зерикпей алып тазалап, сок кылып, кайнатып, манты, самса кылып жеген эн сонун.
Озгочо эркектер кобуроок жегиле. Джин чагып жинди болгончо, ашкабактын данегин чаккыла. Бел кучунорго ото пайда ))
08.08.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен нары бери откондо ойлопмун лимонбу же грушабы деп анан сурасам ашкабак дейт :)
08.08.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвада данегинин 1килосу 400рубль такыр арзанын таппай журом, оло пайдалуу.
08.08.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ooo menin aiylymg
08.08.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалпы дыйкандарга ийгилик!
08.08.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашкабакты биз бала кезде жечубуз остуруп огороддо даамы бир башкача болчу,а азыр сатып келип жеп калабыз химияга чыланган супсак даамсыз эле бирдеме:-):-):-)
08.08.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашкабакты кичинемде манты самса кылса жей албайт элем. Эми ашкабактан откон даам жок ото жактырып жейм жолдошум да балдарым да жакшы корот. Ашкабак ото пайдалуу жана сооп болот дейт эле энем.
10.08.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы бизнес экен мага ашкабак жагат коп колдоном
11.08.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашкабактын данегин ыргытбай озуноп эле кургатып алсанар болот,пайдалуу болгон учун кун карама данегинен кымбат турат.
Данегин биринчи кунго кургатып андан кийин былжыр эттеринен ажыратып аз отто астан астан кууруп ийет даамына жараша туз кошуп каалагандар же меште(духовка) аз ысыктык менен кургатып кууруп алсанар чыгаары
11.08.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот
15.08.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОТУЗ-АДЫРДЫН БАГЫНБАЙ КОЧОСУНУН дыйкандарына ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо