Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МУЗ ЖАНА БУУ ЖАШТЫКТЫ САКТООНУН ЖОЛУ

№719 12-август-18-август, 2016-ж

“Бет терисине эч кандай акча коротпой эле кам көрүүгө болот дегендер туура ойдо” дейт косметолог Алтынай Токтобаева. Ал кымбат баалуу косметикалык каражаттарды муз жана буу алмаштыра аларын айтат.

МУЗ ТЕРИНИ СЕРГИТЕТ

Батышта бетти муз менен сүртүү көпчүлүк айымдардын күнүмдүк процедурасы болуп саналат. Анткени муз менен сүрткөндө бошоп, шалбырай баштаган бет териси тартылып, сергип, бырыш кечирээк түшөт. Бул процедураны эртең менен тониктин ордуна колдонуу керек. Ал үчүн эки кубик музду алып массаж жасоо, сызыктары боюнча бетти сүртүү зарыл. Музду бир жерге кечке басып турууга болбойт, токтотпостон сүртүү туура. Сүртүүнү 2-3 жолу кайталап, тери кургагандан соң бет май сүйкөө керек.

Көздүн тегереги үчүн муз. 2 аш кашык кургатылган кырк муунду (хвощ) жай отто 2 стакан сууга кайнатып, тундурмасын тоңдуруу керек.


Майлуу жана аралаш терилер үчүн.
1 аш кашык кайыңдын бүчүрүн 1 стакан сууга 5-10 мүнөт кайнатып, тоңдуруу зарыл.


Кургак терилер үчүн.
5-6 даана ит мурундун ашына 1 стакан кайнак суу куюп жай отто 10 мүнөт кайнатып, муздатып тоңдуруу керек.


Жаңыдан бырыш түшө баштаган териге.
Сүткө теңме-тең суу кошуп тоңдуруп сүртүү керек.


БЕТТИ БУУЛОО

Буулоо учурунда бет терисинин клеткалары ачылып, нымдашып калат. Бул учурда теридеги тактарды, кирлерди, өлгөн клеткаларды тазалоо ыңгайлуу. Буу менен тазалоонун эки жолу бар, ванна жасоо жана компресс коюу. Эгер ванна жасайм десеңиз, анда сууну кайнатарыңыз менен бетиңизди дароо тоспоңуз. Суунун температурасы 50 градус болушу шарт. Сеанс 10-15 мүнөткө чейин гана созулууга тийиш. Буулоо учурунда бет менен суу куюлган идиштин ортосунан буу чыкпасын үчүн сүлгү менен башты жаап алган оң. Буулагандан кийин дароо тоник менен сүртүп, азыктандыруучу же тазалоочу (чоподон) маска коюу керек. Тоникти үй шартында да жасоого болот. Ал үчүн 1 стакан таза сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп даярдоо жетиштүү.
Эгер ысык компресс коюуну кааласаңыз, анда пахтадан согулган кездеме тандаңыз. Аны бет күйбөгөндөй тундурмага малып, муздаганча бетке жабуу керек. Процедураны 3-4 жолу кайталоо зарыл.

Нормалдуу теринин ээси 10 күндө бир жолу кайнак сууга чалкан, лаванда кошуп бууласа болот.


Майлуу жана аралаш терилүүлөргө жумасына 1 жолу лимон, жалбыз, чабрец буу ваннасын жасоо сунушталат.


Кургак терилүүлөр 15-20 күн аралыгында бир жолу кайнак сууга лаванда, ромашка же календула кошуп буулашса болот.


Эгер дары чөптөр жаныңызда жок болсо көк чайды демдеп, аны менен сүртүүгө да болот. Жыйынтыгы сизди кайдигер калтырбайт.

Эскертүү! Бет терисине “ысык” жана “муздак” кам көрүү кан тамыр оорулары, тери оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Жаштыкты сактоонун жолу - муз жана буу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
13.08.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен.рахмат
SUPER.KG видео
13.08.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музду мурунда уктум эле аябай жакты жасап корюн.
SUPER.KG видео
13.08.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча чала була сүйлөшөт толук кыргызча сүйлө же толлук орусча сүйлөп бербептир.
Медиа-портал
14.08.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15-18 жыл мурун бетти буулап турчу элем. азыр муз менен суртуп турам менин кожама жагат. эртен менен шишип турганда муз жакшы жардам берет
15.08.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок козду абайлаш керек. Мен козумдун астына муз суртуп журуп,козумду оорутуп алгам билбестен. Абайлап колдонунуздар
15.08.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен гезиттен окугандан кийин эле жасадым. Жакты!
15.08.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Муз же буу эле эмес ичкен тамакты да этияттык менен ичип кекиртегинди да козомолдоо керек
18.08.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллахым берген жузум менен эле журом кудаага шугур деп болбогон нерселерди койуп эмне кереги бар ар нерсе оз убагы менен да....
19.08.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samandar кызыксызго кудайым берген нерсенида куто билиш керекда. Кудайым берген деп, коюн-колтуктагы ашыкча кылдардыда тазалабай журо Берели анда.
19.08.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамаша бирок.)))
19.08.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уктап турганда бетке так түшүп (жаздыктын, чачтын ж.б.) калган учурда да муз менен кетирсе болот
Медиа-портал
27.10.2016. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun kenew eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо