Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурсултан Курсанали уулу: "АТАКТУУ КЫЛГАН МУРУТКА РАХМАТ АЙТАМ"

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Нурсултан Курсанали уулунун көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапкан "Жарайт City" долбоорунда ак көңүл мурутчан агайдын образы аркылуу жылдызы жанды. Учурдун популярдуу күлкү жаратуучулардын бирине айланган Нурсултанды кары-жашы дебей таанышат. Жерлиги баткендик, жогорку билимдүү, жакында эле Москвадан магистратураны жактап, кызыл дипломдун ээси болгон актёр жигит менен кеңири таанышып алыңыз.

Туулган жылы, күнү
– 1993-жыл, 29-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтун, Москвадагы Улуттук техникалык изилдөө институтунун магистратурасын бүтүргөн.
Чыгармачылыгы – «Жарайт City» долбооруна, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасына тартылган
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу

– Нурсултан, "Жарайт Сity" долбоорунда актёрлор көп. Бирок алардын ичинен суурулуп чыгып элге көбүрөөк таанылган сен болдуң. Себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Таланттуу болгонум үчүн белгилүү болдум дегенге оозум барбайт, себеби долбоордогу бардык жигиттер таланттуу. Бул бир гана мурут үчүн деп баса белгилегим келет. Мага мурут жарашып, байкелердин ролун аткарганым үчүн белгилүү болуп калдым окшойт. Ошондуктан өмүрүмдө биринчи жолу мурутка рахмат айтам (күлүп). Атактуулукка жеткирип жатканынан өзүмдүн мурутумду өстүрүп көргөм, бирок эмнегедир суюк болуп жарашпай калат экен. Эми картайганда жаш кезимди эстеп мурут өстүрөм го.

– Мурут чаптоо кимдин идеясы?
– Бул идея биздин режиссёр Данияр Болотбековдуку. Долбоордун бир скетчинде мен милиция кызматкери болуп, "Могуну тааныйсыңбы? Могуну дагы тааныбайсыңбы?" деп Айпери Чотоновага айтам го, ошону башка бир байке ойномок. Бирок ал келбей калып, Данияр байке "Нурсултан, бул ролду сен ойноп көрбөйсүңбү?" деп сунуштап калды. Репетиция кылып жатсам баарына жакты. Ошондон кийин мурутту такыр чечпей калдым.

– Жашоодо да долбоордогудай күлөт экенсиң...
– Менин күлкүм бийик чыгат, анан мурдумду бырыштырып "довольный" кебете кылып койсом, байкелердей болуп калат экенмин. Бул образ бир эле кишинин көчүрмөсү эмес. Эркектердин кыял-жоругунан бир аздан алынып, мурутчан кишинин образы жаралды.

– Элге күлкү тартуулап маанайын көтөрүү сенин жумушуң экенин качан билдиң?
– 4-классты бүтүрүү кечесинде мугалимдин тапшырмасы менен арак көтөрүп алып мас адамды туурап номер көрсөткөм. Үйдө ата-энем арак ичпейт, тамеки чекпейт. Бирок мас адамдарды көрүп жүргөм да, алардын темтеңдеп басканын, сүйлөгөнүн туурап берсем, класста отурган ата-энелер, балдар аябай күлүшкөн. Алар мага эмес, көрсөткөн нерсеге күлүп жатышканы сезилди. Ошондо ушинтип адамдардын маанайын көтөрсө болот турбайбы деген ойдо калгам. Ошондон кийин элди күлдүргөн мага жага баштады. 8-класста Ислам Исмаилов деген жакын досум КВНде ойноп калды. Ал мени юмор талаасына кызыктырып үлгү болгону менен, командасына албай койду. КВНде ойноо кыялыма жетиш үчүн тырышып жүрүп мектептин бир командасына кошулгам. Ошондон тартып күлкү жаратуучу болуп келе жатам.

– Талантыңды калың элге жайылткан "Жарайт Сity" долбооруна кошулушуңа ким себеп болду?
– Асхат Табалдиев менен Данияр Болотбеков "Большие люди" скетч-шоусунан кийин кызыктуу долбоор жарала элек. Балдар, келгиле, жаңы долбоор жасайлы, бирге иштешели" деп сунушташкан. Биз идеяга бай, жаңычылдыкка умтулган жаштар болгондуктан дароо эле макул болдук. Анын үстүнө Аким Карасаев, Элдияр Эшимбеков, Илгиз Куватбек, Мыктыбек Мукаев болуп Орусиянын «Comedy Баттл» долбооруна катышып, жарым финалына чейин жеткенбиз. Бизге ошол маалда Асхат, Данияр байкелерибиз бир гана каражат жагынан эмес, моралдык жактан да колдоо көрсөтүшкөн. Ошондон улам мамилебиз ынак болуп калган.

– Улуу муундун өкүлдөрү шоу чөйрөнү жеңил-желпи деп эсептешет. Ал эми ата-энең кандай кабыл алды?
– КВНде ойной баштаганда атам "балам, КВНде ойно, бул жакшы нерсе" деп колдогон. Бирок ага баш-отум менен кирип кетеримди билген эмес окшойт. Кийин андан чыгара албай убара болгон, себеби окушум керек болчу. Сабактан чыгып репетицияга барып кеч келсем, атам "эмнеге кеч келип жатасың?!" деп урушчу. Убакыт өткөндөн кийин "эгер жагып жатса ойной берсин" деп жайыма койгон. Азыр ата-энем ийгиликтериме кубанып, туугандар үйгө келсе баштарын көтөрүп сыймыктанып турушат. Албетте, буга сүйүнөсүң. Келечекте чыгармачылык менен алектенип, ошол эле учурда өз кесибимдин да ээси болгум келет. Башында КВН хобби болсо, азыр жумушум. Анткени башында эмнеге жетеримди билчү эмесмин. Чыгармачылыкка катуу киришкенден кийин олуттуу карап калдым.

– Жумуш болгону менен, бул долбоордон каражат таппайсыңар да?
– Негизи табабыз, бирок анча көп эмес. Эң башкысы, бир литр айран менен курут болсо бизге жетет (күлүп).

– Элге таанылган жагымдуу болдубу?
– Албетте. Башында уялат экенсиң. Жаш балдар кол тамга сурашат, эже-байкелер сүрөткө түшүшөт. Биздин коомчулукка таанылышыбызга салымын кошкон адамдарга ыраазымын. Колдоо сурап барганыбызда, "ушуну тим эле койгулачы, силер эч нерсеге жетпейсиңер" деп басынткандар да болгон. Ошол сөздөр үчүн биз түздөнүп алдыга умтулганбыз.

– "Жарайт City" долбоорунун 2-сезонунан кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?
– Биринчи сезондо кетирген каталарыбызды, жетишкендиктерибизди таразалап чыктык. Жакшы жактарын калтырып, элге анча алынбаган тамашаларды тартпоону чечтик. "Жарайт City`нин" 2-сезонун "даамдуу" кылдык, аябай күлкүлүү, сапаттуу болот, жаңы "фишкалар" бар.

– Чыгармачылык менен алектенип жүрсөң да окууңду аксатпай Москвадан магистратураңды жактап, кызыл дипломдун ээси болуптурсуң...
– Мен үлгү алчу 2 адам бар, ал – ата-энем. Алар мен үчүн эң билимдүү, маданияттуу адамдар. Апам да, атам да мугалим. Алардын жолун жолдоп мен дагы "агай" болуп калдым (күлүп). Атам оор басырыктуу киши, бирок кээде ушундай тамашаларды айтып коёт, баарыбыз жарылып калабыз. Апам чыгармачылыкка жакын, ыр жазат. Фейсбукка апамдын ырларын жүктөп, "апа, мен сиздин ырларыңызды интернетке чыгарып койдум, адамдарга жакты, 56 "лайк" болду" десем, "аның эмне?" дейт. "56 адамга жакты" десем, "ии, ушундайбы?" деп сүйүнүп калды. Кудай буюрса, ырлар жыйнагын чыгарууну көздөп жүрөт.

– Ата-тегиң кайсы жерден болот? Канча бир туугансың?
– Тегибиз Баткен облусунун Кадамжай районунан болот. Ата-энем 1992-жылы Бишкекке көчүп келишкен. Жыл сайын Кадамжайга чоң ата, чоң эне, таята, таенебизге барып жардам берип карарып келебиз. Талаа иштерин тытабыз, өрүк, малина теребиз. Мурда картошка казчубуз, мака (жүгөрү) экчүбүз.
3 бир туугандын улуусумун, Нурсейит, Нурмухаммед деген инилерим бар. Аларга "КВНге барбагыла, үй-бүлөдө бир эле КВНчи жетишет, башка нерсеге кызыккыла" дегем. Ошондуктан кичинекей иним спортко кызыкса, Нурсейит болсо кыздарга кызыгат (күлүп). Тамаша, ал компьютердик программаларга кызыгат.

– Жашоодо да көңүлдүү адамсыңбы?
– Менин оюмча, адам шайыр болушу керек. Сен шайыр болсоң, мен шайыр болсом, эл шайыр болот да (күлүп).

– Сүйүктүүң кандай болушу керек?
– Эч кимге окшобогон өзгөчө кыз болушу керек. Айылдык же шаардык экени маанилүү эмес. Эң башкысы, жүрөгү таза, адамгерчиликтүү болсо жетиштүү.

– Чет өлкөдө окуп, чыгармачылык менен алектенип дүйнө таанымың кеңейди да. Көчө таптап жүргөн жаштарды эмнеге чакырасың?
– Балдар, кыздар, күчтүү болушуңар керек. Кимдир бирөө "колуңдан эч нерсе келбейт" деп кыялыңарды сындырып койгондур. Ошондой болсо, урматтуу президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев айткандай, "судьбе назло" кыла бергиле. Анан үйдө отурбай, "движЭние кылыш керек", ошондо баары "жарайт" болот (күлүп).

"Мени көбү апама окшоштурушат. Бул сулуу болгонум үчүн болуш керек".


"Элдин балдары деген бар, биз болсо Курсаналинин балдарыбыз. Анан элдин балдарына караганда биз идеалдуубуз. Менин үй-бүлөм, инилерим, атам".


"Жарайт City" долбоорундагы жигиттер менен биринчи кезекте доспуз".


"Быйыл таякемден кой сойгонду үйрөндүм, кыйын көрүнгөнү менен оңой эле экен".


Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Өмүрүмдө биринчи жолу мурутка рахмат айтам" дейт Нурсултан Курсанали уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
12.08.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин агайга эч ким жетпейт!!!
Медиа-портал
13.08.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakwi atkarat agaidi kaira kaira kaitalap korobuz:) iygilik silerge azamatsinar!
SUPER.KG видео
13.08.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы чыгышты.
SUPER.KG видео
13.08.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы аткарат бирок мурутка эмес ата-энесине рахмат айтыш керек жарык дуйного алып келгенине.
SUPER.KG видео
14.08.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн биринчи Аллага чексиз чексиз шугурлорду айталы.
15.08.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мурут тагып алса Ошму дагы Патиев агайды эстеп коем, агай тартип+пара=пайда тактикасында иштейт. Ошол агайга салам
15.08.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарайт ситини калтырбай кором аябай жагат.Ар бир баланын образы озгочо.
15.08.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кичуу иниси кыздарга кызыканы жакты кулдум
15.08.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурутка дегенди Муратка жеп окуп алыпмын.
15.08.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыгармачылык ийгилик брат , ойноп кыргыз элин кулдуро бер жарайт сити укмуш проект , анан акыркы создорун ото сонун мотивация берди мага , сен мотиватор болсон да болот экен , баякы Сильвестер Сталонне Рокки тасмасында мотивация бергендей кылып жарайт ситиге кошуп койсонор , сунушум ошол )
сага бичи Респект дей беле не баля )
16.08.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу жарайт ситинер теледен орусча чыкты беле кызыксыз экен го анан толук бербеди
SUPER.KG видео
17.08.2016. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кадамжайдын кайсыл жеринен болот билгендер барбы
18.08.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу жигит... ийгилик каалайм
18.08.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш+
19.08.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майын чыгара аткарат озунун ролун мыкты 5+ деген баа берем,жарайт ситиде кээ бир эптемейлер бар бул андай эмес.Ийгилик Нурсултан!
20.08.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарайт сити мен учун жарабайт сити
22.08.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken chon tajga menen jazylat admin
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо