-

Ош облусунда 5 айыл өкмөтү өзүн-өзү каржыласа, 83 айыл өкмөт
ДОТАЦИЯДАН чыга элек.
-
4 күнгө созулган Кыргыз жаштарынын I ДҮЙНӨЛҮК КУРУЛТАЙЫ 11-августта башталды.
-
Баткен облусундагы ЗАРДАЛЫ АЙЫЛЫНА унаа каттамы ачылды.
-
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүндөгү ЖАРНАМА ТАКТАЛАРЫ иретке келтирилүүдө.
-
Кыргыз Эл жазуучусу, драматург СУЛТАН РАЕВДИН "Ханышанын көз жашы" пьесасынын англисче премьерасы Лондон шаарында 21-22-август күндөрү коюлат.
-
ЭРМЕКБАЙ ТОПЧУБАЕВ Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп шайланды.
-
"Тез жардам" кызматына окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүсүнө ТЫЮУ САЛЫНДЫ.
-
Февраль айында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси АБДЫКЕРИМ ГАПАРОВ пара алып жатып кармалып, ошол учурда анын жүрөгү кармап каза тапкан. Бул боюнча УКМКнын 3 кызматкерине кылмыш иши сотко өттү.
-
ЧЫМ-КОРГОН айылындагы республикалык психиатриялык ооруканадагы ар бир бейтаптын дары-дармегине орточо 15, тамактануусуна 42 сом бөлүнөт.
-
Чүй облусундагы БУРАНА мунарасына жарык берүүгө "Түндүкэлектр" 1 миллион сом бөлүп берет.
-
Жогорку Кеңеште "ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИН КОТОРУУ ЖӨНҮНДӨ" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, 2009-жылдын 31-июлундагы "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.
-
Мотивация, умтулуу боюнча дүйнөгө таанымал сөз чебери, оратор НИК ВУЙЧИЧ Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылдын башында келет.
-
Казакстандагы интернет-операторлорго болгон кызмат баасынын 2 эсеге жогорулашы ӨЛКӨБҮЗГӨ ТААСИР ЭТИШИ мүмкүн экендигин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлү Бакыт Шаршембиев билдирди.
-
Кыргыз жарандары жасалып жаткан паспорттун даяр болгонун ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ көз сала алат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиргендей, ал үчүн мекеменин электрондук кызматтар сайтына кирүү керек.
-
Сентябрда өкмөт тарабынан ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРГА 10 миллион сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлөт.