Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

POKEMON GO ОЮНУ

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Кыргызстанда азырынча анча популярдуу эмес, бирок дүйнө жүзүн каптап келе жаткан Pokemon GO оюну тууралуу сиз билесизби? Бул оюнга ар бир онунчу адам кызыгат. Анда эмесе мезгилден артта калбай, бул оюн жөнүндө кененирээк билип алыңыз. Анткени бул оюн жакында Кыргызстанды да капташы ажеп эмес.

Покемон
(Pokemon) деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "рocket – чөнтөк, мonster – монстр же жырткыч" дегенди билдирет. Pokemon GO – бул "кошумча реалдуулук" технологиясына негизделген бекер тиркеме, мында реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнүн айкалышуусу бар. Анткени бул оюндун эң башкы максаты – покемонду кармоо, ал эми смартфондун бетиндеги покемон реалдуу чөйрөнүн түсүндө көрсөтүлөт. Бул оюнда башкы каармандар – түрдүү жөндөмдөргө ээ покемондор же "чөнтөктөгү монстрлар". Оюнчулар чыныгы дүйнөдө аларды кармоого аракет кылышат, ал эми кармап алган оюнчуга сыйлык катары "момпосуй" берилет.

Кантип ойноого болот?
Оюнчу оюндун аккаунтун (каттоо) түзгөндөн кийин чачынын,терисинин жана көзүнүн өңүн тандап алып аватарды (колдонуучунун графикалык сүрөтү) түзөт. Андан кийин оюнчунун географиялык жайгашкан жери көрүнөт. Картадагы покемондорду көк өң менен көрсөтүүчү – бул PokeStops болуп саналат. Оюнчу канчалык покемондорго жакындаган сайын ал формасын өзгөртүп, кубикке окшоп калат. Картадан покемондорду байкаган оюнчу аны реалдуу жашоодо издеп баштайт.

КИМДИН ИДЕЯСЫ?

Покемондорду чыныгы дүйнөдө жайгаштыруу "Nintendo" компаниясынын президенти Сатору Иватанын жана "The Pokemon Company" компаниясынын өкүлү Цунэказу Исихаранын идеясы болуп саналат. Жогорудагы эки инсан бул идеяны ишке ашыруу үчүн чөнтөк телефондорго оюндарды ойлоп табуу менен алектенген "Niantic" компаниясы менен биргеликте
30 миллиондун тегерегинде инвестиция жумшашкан.
Бир жума аралыгында эле компаниянын жумалык таза кирешеси 1,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч мындан 5 эсеге ашты. Бул оюнга кызыккандардын саны геометриялык прогрессиянын тездигинде өсүп жатат. Японияда ар бир төртүнчү адам Pokemon GО оюнун ойношот. Бул оюн Японияга чейин АКШда атактуулугу артып, ар бир онунчу адам оюнду колдонуп келишкен. Ал эми Бишкекте Pokemon Go оюнун ойногондор шаардын бул башынан тиги башына чейин жөө келип калганын билбей калышууда.

ОЮНДУН ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ

Оң жактары

  • Pokemon GO оюнунун аркасы менен колдонуучу көп кыймылдайт.
  • Оюнчулар күндө жүрүүчү көнүмүш маршрут менен жүрбөстөн, башка жолдорду дагы өздөштүрүшөт.

Терс жактары

  • Оюнчу оюнга азгырылып, коомдон четтеп калат.
  • Курулай убакытты алат.
  • Бул оюнга азгырылган оюнчулар жолдо бара жатып кырсыкка кабылуу коркунучу жогору.

ОЮНГА БАЙЛАНЫШТУУ ОЙГО КЕЛБЕГЕН ОКУЯЛАР

  • Польшада жана Испанияда полиция кызматкерлери автобус айдоочусун оюн менен алек болуп жатып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармашкан.
  • Индонезияда француз киши оюнга алаксып кетип, күтүүсүздөн Аскер комплексине кирип кеткен.

Кыргызстанда да бул оюнга кызыккандар күн санап өсүүдө.


1997-жылдагы "Pokemon" мультфильми Pokemon GO оюнунун популярдуулугун арттырууда.


Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
15.08.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинемде пакемонду оло кутуп корчу элем. Анда dvd,интернет деген жок.болчу.
15.08.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айтор мындай "онлайн" оюндар зыяндан башка эч нерсе бере албайт. Мындай оюндардын акыры жок. Алыс жургонубуз жакшы.
15.08.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм кимге кандай, бирок мага жакты, азырынча зыянын байкай элекмин.. Иштен чыккан соң үйгө чейин Покемон кармап барам.. күндө кечке маал шаардын көп жерлерин жөө басам, менимче бул ден соолукка пайдалуу болсо керек.болгону жолдон өтүүдө, экрандан көздү алып машинадан абайласак эле, баары жайында болот деп эсептейм.
17.08.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен россиядагы официалдуу ачылышын кутуп жатам
17.08.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул оюн андроидко окуйбу?
27.08.2016. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koshaly,окуйт
18.08.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер инфо бул оюн кыргызстанда ойнолбойт екен го качан ойносо болот билип берсениздер жакшы болмок
03.02.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюнга кирип кетсен баарын сузуп отосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо