Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айжамал Кабылова: "ЫРДАЙ АЛБАСАҢ ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕ ИЧКЕ СОКЧУ"

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Бул кыз сахнага чыкканда ажары ачылып, көпчүлүктү суктандырып төгүлө ырдайт. Айрыкча бутун чечип бийлегенде сахна көрккө бөлөнөт эмеспи. Эмесе, ыр үчүн жаралган Айжамалдын кантип атактуулукка жеткенин чогуу тыңдайлы.

"КИЧИНЕМДЕ КӨК БЕТТЕНИП ТҮНҮ МЕНЕН ЖЕҢЕМЕ КЛАРА АЛИБЕКОВАНЫКЫНДАЙ ФОРМА ТИКТИРГЕМ"

– Мен 6 жашымдан 2-класска чейин таенемдин колунда жүрүп калдым. Алардын үйү тоонун түбүндө болчу. Тоого чыгып атамдын атын айтып кыйкырып ырдай берчү экенмин. Ыраматылык таенем "баккан мен болсом, анан каяктагы атасынын атын айтып ырдайт бул кыз" деп көпкө чейин айтып жүрдү. Үйүбүздүн алдында пайдубал бар болчу, ошол жакка айылдын кыздарын чогултуп келип, баарына гүл терип берип отургузуп, анан ырдап берчүмүн. Бирок ырчы болом деген тилегим жок эле. Мектепте бир майрамда ырдаганымда талантымды мугалим эжей байкап калып, атамды чакырып "бул кызыңардан мыкты ырчы чыгат, талантын өстүрүш керек. Шаарга алып баргыла" деп айткан экен. Бир ирет сыналгыдан "Кыз-Бурак" тобуна кыздар кабыл алынат" деген жарыяны окуп калып, атам мени Ошко алып бармай болду. Ошол кезде Клара Алибекова "Кыргызымдын жигиттери" деген ырды ырдап чыгып популярдуу болуп турган. "Миллионерша" деген жалтырак кездеме мода болуп, Клара ошондой кездемеден юбка, кофта кийип ырдачу. Ырчы кыз ошондой жалтырак кийим кийиши керек деп ойлоп алып, ата-энеме ошондой кездеме саттырып келгем. Кичинемде эле көк бет болчумун. Аны бир жеңебизге таң аткыча уктатпай тиктиргем. Ал байкуштун машинасынын ийнеси сынып, колдору тешилип эптеп бүтүрүп берген. Эртең менен аны кийип алып бара жатсам, атамдын инилери "ырдаганы бара жатасыңбы, кел, жумуртка ичип ал" десе, жумуртка жебеген жаным көздү жумуп эки жумуртканы жутуп алып жолду улагам.

"ГАСТРОЛДУН АЙЫНАН МЕКТЕПТЕ "3", "4" ДЕГЕН БААЛАРГА ОКУДУМ"

– Кастингге ырдаганы барсак көк Жигули айдаган аял келип токтоду. Аял киши машина айдаганын биринчи жолу көргөндүктөн таң калдым. Мен сүрдөп, тердеп-кургап ырдап жатсам "ии, жакшы, күлүп ырдаш керек" деди. Баары ырдап бүткөндөн кийин менден "каяктан келдиң?" деп сурап, "эртең кийим-кечең менен менин үйүмө келесиң" деп койду. Үйгө жеткенче атама "мен келбейм, мен ырдабайм" деп ыйлап баргам.
Ошентип 5-классты аяктаганда атам мени Гүлшайыр эжеге таштап кетти. Үйдө улуусу болгондуктан апама бөбөктөрүмдү багышып жардам берчүмүн. Мен кетип апам байкуш кыйналып калды деген ойлор жеп койчу. Башында үйдү сагынып, бекинип алып ыйлай берчүмүн. "Кана кара кыз?" деп Гүлшайыр эже кыйкырганда чуркап барып калам. Жаңы келген кыздар көнсүн деп Оштун четиндеги айылдарга гастролго чыгып жүрдүк. Анан Баткен тарапка гастролдоп 1 айга кеттик. Мындайды көрбөгөн жаным дагы ыйладым. Гүлшайыр эже "ырчы деген ыйлабаш керек, жылдыз болгуң келеби, үйдү унут. Үйүңө 5 айда бир жолу барсаң болот" дегенде менин "крышам" кетип калбадыбы, 5 ай үйгө барбайт экенмин деп.
Аңгыча сентябрь болуп, Гүлшайыр эже үйүнүн алдындагы №2-мектепке киргизип койду. Гастролго кеткенде мектепке барбай калчумун. "Биздин кызыбыз" деп мектептин директору баш болуп мени колдоп турушчу. Мектепте "3", "4" деген бааларга окудум. Гастролдон таң атканда келип, бети-башымды жууп эле мектепке барчумун. Анан эң арткы партага отуруп алып уктай берер элем.

"ЖАН-ЖАН" ДЕГЕН ЫРЫМ ХИТ БОЛГОНДО "КЫЗЫҢДЫ ЫРДАТПА" ДЕП АТАМДЫ БУЗГАНДАР БОЛДУ"

– "Кыз-Буракка" келгенде Гүлшайыр эже бизди даярдансын деп ыр берип, бөлмөгө бекитип салчу, "качан ырың даяр болсо чыгасың" деп. Жакшы ырдай албасаң "ичиң менен ырда" деп ичке сокчу. Ошентип биздеги Кудай берген талантты Гүлшайыр эже тарбиялап, бизди элге таанытты. Айылдагылар атама "кызың "Кыз-Буракта" ырдайт, кана, биз сыналгыдан көрбөй жатабыз го?" дей берип тажатышкан. Мен өзүм да айылга баргандан заарканып калгам. "Качан сени теледен көрөбүз?" деп сурай беришчү. Чындыгында концертте чоң сахналарга чыгып жүргөнүм менен, телевидениеге 5 жылдан кийин, 1997-жылы "Ысык-Көлдө Кадыр түн" деген фестивалда чыккам.
Анан эле 1998-1999-жылдары "Жан-жан" деген ырым хит болуп, атым элге таанылды. Ошондо көрө албагандар чыгып, "кызыңды эмнеге ырдатып жатасың?" деп атамды бузгандар болду. Атам "ырдабайсың!" деп чыкты. "Ата, бир убакта мен ырдабайм деп безилдеп ыйлап жатсам алып келип таштап кеткен ким? Ошол убакта ырдатпай коюш керек болчу, эми мен ырдайм" деп көк беттенип туруп алгам.

"МЕНИ ТЕБЕЛЕНДИДЕ КАЛУУДАН ЫРЛАРЫМ САКТАП КАЛДЫ"

– Апамдын "менин жетпей калган максатыма сен жетесиң, кызым" дегени эсимде. Көрсө, таятам апамды "кыз киши ырдабайт, окубайт" деген түшүнүк менен окууга жибербей койгон экен. Айылга артисттер келип, апамдын ырдаганын жактырып алып кетели дешсе, таятам "кыз бала эч качан ырдаган эмес, ырдабайт дагы" деп каршы болуптур.
Кызым Жыпара ырга, пианиного кызыгат, балама футбол болсо эле болду. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дейт го, чыгармачылыкка шыгы болбосо ырда деп кыйнабайм. Мен аларды 5-6 тил билип дүйнө кыдырган билимдүү балдар болсо экен деп тилейм.
Чыгармачыл адамдар назик, ишенчээк, жакшыны да, жаманды да жүрөгүнө бат кабыл алган адамдар болот экенбиз. Мисалы, мен өзүм тууралуу ушак угуп, көңүлүм ооруп төшөктө жатып калган күндөрүм болгон. Акыркы болгон окуяда 3 ай башымды көтөрө албай жаттым. Менин ордумда чыгармачылыктан сырткары жүргөн адам болгондо тебелендиде калып калмак беле... Анткени мени бул тебелендиден ырларым куткарып кетти. Кыйынчылыкта колума кол, бутума бут болуп берген Гүлнара эжемди (ред. Калдарова) досум, бир тууганым деп айта алам. Ошондой эле экинчи апам катары мени тарбиялап ушул даражага жеткирген Гүлшайыр эже мени жашоодогу кыйынчылыктан сууруп чыкканына ыраазымын. Бул жалган жашоодо баары келип-кетет эмеспи, мага акыреттик 2 дос жетет. Өзүм шарактап көп дос күткөн кыз эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө эле жалгыз жүрчүмүн.

Фатима Аккулова, апасы: "БАШКА БАЛДАРЫМДАН АЙЖАМАЛДЫН МҮНӨЗҮ ООР"

– Айжамал 5 бир туугандын улуусу. Башка балдарымдан мүнөзү бир аз оор, он сүйлөсөң, бир сүйлөйт. Мисалы, кичүүлөрүн сүйлөбө десең да жарышып сүйлөйт. Ини-сиңдилери анын сөзүн эки кылышпайт. Өзүнөн кийинки сиңдисине үй жумуштарын кылдырып коюп, курдаш кыздары менен концерт коюп кетип калчу (күлүп). Аларга "сен ырда, сен бийле" десе, курбулары угуп калышчу. Анан эс кирип калгандан кийин "мен дагы ырдайм" деп калды, сыналгыдан кыздарды көрүп.
Башында ырчы болуусуна каршы болгонбуз. Талант деген тынч жатпаган нерсе тура, акыры макул болдук. Ошол кесиптин аркасынан жүрүп үй-бүлө күттү, балалуу болду дегендей.
Азыркы учурда чыгармачылыгын туу тутуп, катуу иштеп жаткан кези. Ал эми неберелерим менин колумда. Улуусу 9 жашта, кичүүсү 6 жаштан өтүп калды. Кызы апасын тартат окшойт, ырга-бийге шыктуу, апасынын ырларын кайталап ырдайт.

Гүлшайыр Садыбакасова, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси: "АДАМДАР АЛДАП КЕТЕРИН АЙТПАПТЫРСЫЗ" ДЕП ЫЙЛАГАН"

– Айжамал "Кыз-Бурак" тобуна 5-классында келген. Атасы Төрөбек кызын менин үйүмө жетелеп келген эле. Ырдатып көрсөм, чындап эле идиреги бар кыз экен. "Ушул кызым ырчы болсо эле болду. Сайкал кызыңыздай кылып тарбиялап, улуу кызыңыздай кылып кабыл алыңыз" деп таштап кеткен. Ошол убактан турмушка узагыча Айжамал менин колумда өстү. Мен ичкенди ичти, мен жегенди жеди. Сайкалга кийим алып берсем, Айжамалга да кийим алып берчүмүн, айтор, аны өз кызымдай көрүп бактым.
Ал кичинесинде уктаганды жакшы көрчү эле. Анын ар бир чыккан чейрегинде мен катышып, сабактардагы жетишкендиктерин тыкыр көзөмөлгө алып турчумун. Кайсы сабактан кыйналып жатса ошону окутуп, өзүмдүн колум тийбесе Кенжеге (ред. Дүйшеева) айтып, "мобуну үйрөт, өзү өсүп келе жаткан ырчы болсо, башка окуу жайга кирбей калат" дечү элем.
Бирок көп нерселерди үйрөткөнүм менен, ага бул дүйнөдө өтө ишенчээк болбош керек деген нерсени үйрөтпөптүрмүн. Өткөндө "сиз мага бардык нерсени үйрөтүпсүз, бирок жаман адамдар, жалганчылар көп болорун айтпаптырсыз" деп ыйлап жатпайбы. Анын жолдошу менен ажырашып кеткенин өтө кеч билдим, аны дагы өзүнөн укпадым, гезиттен чалып угузушканда мага ок тийгендей эле болду. Эгерде мурда билгенимде анда үй-бүлөсүн сактап калууга мүмкүн болот беле деп калам.

Гүлнара Калдарова, ырчы: "АЙЖАМАЛ АЗЫРААК СҮЙЛӨП, КӨБҮРӨӨК ЫРДАЙТ"

– Мен аны сиңдим десем да болот, досум десем да болот. 1994-жылы топко келдим окшойт, менин артымдан эле Айжамал келген. Анда мен 17-18 жашта болсом, ал 11деги кичинекей кыз болчу. Анын инсан катары калыптанышына Гүлшайыр эженин салымы чоң. Ошол эле ашканада аябай мыкты ашпозчу деп айта алам. Өзгөчө камыр тамактарды катыра жасайт. Баарынан мантыны бат эле жасап коёт, ошого көп таң калам. Өзү эне болуп калса да мага дале баладай сезилет. Мүнөзү аябай жөнөкөй, баладай ишенчээк. Анан дагы аябай токтоо, аз сүйлөйт. Бир эргүүсү келсе токтобой бабырашып калат. Негизи Айжамал азыраак сүйлөп, көбүрөөк ырдайт (күлүп). Адамдарды да ылгабайт, баарын бирдей көрөт. Учурда жашоодо жаман-жакшыны көрүп калды, мындан ары адамдарды иргеп калат деп ойлойм. Жакында эле гастролго чыгып келдик Айжамал болуп, эл сагынып калган окшойт, аябай жакшы кабыл алды.

"Кичинемде жаагым басылбаган ыйлаак кыз болгом экенмин".



"Гүлшайыр эже тизгинди тартып тургандыктан көөп кеткен жокмун. Үчөөбүздү "Алла Пугачёва, София Ротару, Лариса Долина, келгилечи бери" деп чакырчу".


"Мен "Кыз-Буракка" келгенде Сайкал 1,5 жаштагы там-туң баскан кыз эле".


"Гүлшайыр эже бүгүнкү күнгө чейин "күлүп ырда, күлүп жүр. Сенде баары жакшы, жылмайган эле жетишпей турат" деп көп айтат".


Замира Рахманбердиева,
Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(81)
15.08.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Гулшайыр эжеге ыраазы болуп калдым! Канчалаган кыздарды аманат кылып, өз кучагына алды. Тарбиялап өстүрдү! Эл алдына чыгарып, атактуу кылды! Баардык кыздары адептүү, тартиптүү! Дагы да ийгилик каалап кетемин!
Ал эми Айжамалга айтаарым: Башыңды бийик көтөрүп, күлүп жайнап жүрө бер! Талантыңы сыйлайбыз!
15.08.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Айжамалда бир мандем бар, чынында. Ошондой сезилет. Же көз тийген, же ушул сыяктуу башка нерсе. Сахнада ырдаганы, жүрүш-турушу да өтө эле бейкылык болуп кетиптир. Чачтарды силкип, бар башкача кыймылдап. Мурда андай эмес эле.Дени сак адамдын кылар иши эмес.
16.08.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ASELENOK,эми эмне деген комментарии болду?!…
"адам озу кандай болсо, бироону ошондой ойлойт" деп коёт!
Palan4a түзөттү 2016-08-16 00:01:51
16.08.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Palan4a,жөн эле байкоо, жамандайын деген ой жок.
16.08.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм бактылуу бол
15.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенженин негизинен Кыз-Буракка кошкон салымы ото чон))Гульшайыр Садыбакасова просто ыраазы болсо болот,Азыр аябай ынак болуп жаткан кези Айжамал менен Гульнара дагы коро жатабыз аз Кундо)))
15.08.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чынында буга чейин Айжамал гордая болчу,берген интервьюларын кордум аябай бийик суйлоп дегендей(айрыкча куйоого тийгенден кийин).Азыр аябай жакшы болуп калыптыр кичи пейил жонокой болуп . негизи сага ушундай нерсе аябай жарашат экен, гордая болгон болбойт эч качан. Чыгармачылык ийгилик каалайм.Коп коп ырларды жарата бер.
15.08.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Bat, ооба ото бой которгон неме эле . Куйоосун мактап жактап. Деги эле гулшайыр эжеге тийишип чымчып кыз бурака асылып журчу эле эми эки созунун бири эле гулшайыр эже дейт. Негизи бат эле кайра кооп кетет иши кылып. Ал эми таланттуу экени талашсыз. Болуп откон окуялардан кийин кобу бетине тукургондой болду го.а кенже азамат козун сузуп ары бери ойноктобойт журуш турушу да жакшы. Куйоосун сыйлайт ичинде да кири жок аял го. Ошого айжамалга жолободу да.кенжеге рахмат айтса болот айжамалдын.
16.08.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arzuuu, Байкашымча Айжамалдын берген маегине дайыма негативдуу билдируун менен жетип келесин.! "Сынчынын сынар отугу майрык" демекчи бироону сындоодон мурда озунду кузгудон карап корбойсунбу? Айжамалдын денгээлине жете алар бекенсин?!

Ал эми Айжамалга ийгилик! Дагы да жылдызыныз жана берсин!
Гулшайыр эжеге алкыш!
16.08.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
arzuuu,Кошулам. Мага эч ким ыр жазгысы келбейт деген Айжамал бир кезде. Гулнара да окшоштуруп жазыптыр токтоо, аз суйлойт деп. Сапар менен ажылдаганын укканбыз. Гулшайыр эжесиз мен жашай албай калыптырмынбы деп эле жургон. Эми мына сага. Гулшайырдан Кенжеге эми Кенжеден Гулшайырга жугурушуптурго.
16.08.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
arzuuu, Ажырашканы интернетте жургон. Баары каралоо дешкен. Чын эле чыкты. Чоптун башы шамал болбосо кыймылдабайт дегендей. Кенже менен да урушуп кеткен деген Анысы деле чын окшойт. Айжамал, жаман болсода балдарымдын атасы дегенде азамат-кыз дедим эле. Анан эле Жолдошума чыдап жашадым деп бир чыкты. Жакшы токтоо кызы дагы ажылдап, кеткен жерин жамандап, баарын эле куноолоп эки чыкты. Конулум сууп кетти. Айжамалда деле тоодой куноосу бар экенин ишенем. Катту тийсе кечирип койгула.
16.08.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
arzuuu, туура айтасын ар нерсе деп чыкты. Куйоосу бир интервью берди болду тен келбеди окшойт, жок болду. Негедир азыркы журум туруму аябай жагып жатат, жонокой кичи пейил негедир бир башакачада мурдагыдан. Ошентсе да эл менен ырчысынарда Кенжеси болобу, Гулнарасы болобу, эл адамы болгондон кийин бираз ылдый эле болуп журушсо эл силердин ырынарды суйуп угат анан албетте популярдуулуктун туу чокусунда журосунор атынар очпой.
15.08.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенже чынында эле жакшы аялга окшобойт го бул менин коз карашым боюнча анан берген интервюларында да эч Гулшайыр эжени кошпойт только озун семьясын мактанып атып бутурот а кыз бурактын кыздары биякта эле калсын алар тууралуу деле ооз ачпайт
16.08.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
marqarita, Оа "жезденер мынтип, жезденер тигинтип" деген создору оозунан тушпойт. Адамгерчилиги жок окшойт. Болбосо Айжамал эже эмес " Кенжени Кенже" кылган Гулшайыр эже менен душман болуп журот. Эмнеси болсо да Жездебиз менен бактылуу болсун!
16.08.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кенжеде куноо жок го . Азамат амандын айынан далай ажырашам дегенде кенже экоосун элдештирип келчу экен.эми ак жерден куноолу болуп калбадыбы. Ал андай бироонун уй булосун бузчу аял эмес. Ичинде кири жок аял. Гулнара да азамат. Бир жаман соз жабышпайт ага. Кенже экоосуно деги эле жаман соз жабышпайт.
19.08.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
arzuuu, Кенжени актап-жактап. Айжамалды каралап атканынызга караганда Кенже Дуйшеева озунуз окшойсуз?!
17.08.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
LASTO4KA_1, Кенжени Кенже кылган кудай да,мандайына жазылган.ага анчалык ичин куйот.ийгиликтерди багындыра бер,уй булон менен аман бол балдарын коп болсун.алга Кенжеке!
19.08.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
burunduwkina, Оа Кенжени Кенже кылган Кудай. Ага мен эч шек келтире албайм. Бирок Аллах Таалада бироону бироого себеп кылып коёт эмеспи. Ошол сынары Гулшайыр эженин Кенжеге салымы чон.. Балким Гулшайыр эжеге жолукпаганда Кенженин тагдыры башкача болмок. Ким билсин? Бул дегеним ич куйдулук эмес. Оюмду жаздым.
17.08.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
marqarita, Бактылуу менен баалашпа,таалайлуу менен талашпа дейт кыргызда.Садбакасованы мактабаса эле жаман болуп калабы.ошол мактанган бактысына татыктуу.бактылуу бол Кенже!ичи ачышкандар туз жаласын!
15.08.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы Айжамал эже талантынызга таазым булда болсо Алланын сыноосу азгана сабыр кылсаныз баары артта калат,ал эми сабырдын тугу сары алтын дегендей сабырдын сообун чексиз аласыз инша Аллах,сиз баарын женип отос анткени турмуштун ыссык суугун башыныздан откоргонс,сизди колдогон куйорманыныз Тынчтык Акматов
15.08.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дейбиз Б дейбиз кимдин кандайкенин билбейбиз.
Так что мондой эле тигиндей эле....ушундай окшойт деп эмне кыласыңар? Дальше бактылуу болсун иштерине ийгилик. Балдарынын бактысына бар болсун дайым.
15.08.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжамалды аз суйлойт дегендерине тан калдым.Оозу оозуна тийбей,ар нерсени чукуп,кыйытып,былытып суйлойт го.Гулшайыр эже эн акылдуу, кечиримдуу,даанышман аял.
15.08.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айжамалды окуп эле журобуз.Роза Аманова эжекебиз менен маек кургулачы.Ар бир апта сайын кутом.Тиешелуу болумго жеткирип койдук дегенге эки жыл болду.Алтындай болгон адамдан интервью алыш бул озу керемет.Жооп кутом.
15.08.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
айжамалга эл ырчысын же эмгек синирген ырчы наамын давно бериш кк эле ал наамдарга татыктуу.Мунозу женил бш кк ошон учун куйоосу ошодон пайдаланып таштады да,Айжамалды любой эркек даже уйлонбогон жигиттер алып алышат анткени татынакай,мунозу да жакшыдай
16.08.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kanu,Ооуу ото катуу кеттин го тууган наамды да эркектерди да аябай Айжамалдан баракелдеее
16.08.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии мен да эстеп кеттим жаштыкты,баарыбыз Клараны кумир кылып алганбыз го,майрамдарда миллионерша койнок кийип,кыргызымдын жигиттерин ырдап
Birimdik5555 түзөттү 2016-08-16 03:47:40
16.08.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Окуп алып козумдон жаш кетти Айжамал бактылуу бол
16.08.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Birimdik5555,Кой кайрат кылып анча жашык болбо
16.08.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ажырашкандан бери ачылып гулдоп кетиптир го молодец.ит уро берет кербен журо берет!
16.08.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулшайыр эже кызыкго Айжамалдын атасы кызымды Сайкалдай ырчы кылыныз жеп алып келген дейт. А Айжамал келгенде Сайкал 1 жарым жашта экен. Ошондо эле Сайкал таанымал ырчы беле
18.08.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Aytur,
Туура эмес тушунуп алыпсын.
Кайра юир окуп чык
21.08.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,Сайкалдай ырчы деген жери жок , Сайкалдай кыз кылып алыныз ,Сайкалды кандай корсонуз Айжамалды да ошондой коруп оз кызыныздай тарбыялан дептир .
16.08.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Саламатсынарбы?Айжамалга ийгилик кен келечек бакыт каалайм турмушта жанылбаган жан жок эже только Алга умтулунуз артка кылчайбаныз.А комментарий жазып тиги бу дегендерге жашоо Айжамал м.н жолдошунуку жашай алышпадыбы точка.А Гулшайыр Кенже Айжамал таарынышты тушунбостук болду эч ким суу куйган жок алардын ортолорун акча,гордость текеберлик келишпестик буду,ар кимде бар ар кыял,ал кыялды ким тыяр.Баарында муноз бар тил бар урушту талашты,жарашты аны талкуулабай эле коёлу.
16.08.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулшайыр эжеке бар болунуз ар дайым.оз кызыныздай кылып баксаныз да кийин чонойуп алып карабай жамандап кетти эле. Азыр эми кыйые учурда кайра алып кечирипсиз.башка аял болгондо жогол ары деп кубаламак. Жакшы кылыпсыз бирок дагы алданып калбаныз.кыз бурактын юбилейне да келбей тенсинбей койду эле. Гулнара азамат ал эч качан жаман суйлогон эмес .Сиз колсуз. Бар болунуз
16.08.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апасын деле карап койсо болмок айжамал. Каралашып кийиим кече аперип.
16.08.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
arzuuu,ото эле ашыкча кетпегиле апасынын кийиминен ойдо айтып эмне кийген кийими козунорго башкача корунуп атабы же силерге кийимим жок деп арыстандыбы?болбогон создун эмне кереги бар апасынын кийиминен ойдо кеп кылып.
16.08.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
arzuuu, адамдын денгелин суйлогон созунон билсе болот. Кийимине чейин соз кылып пастыкка барбай эле койсонор.
Ушу силер Айжамалдын лушманысынарго, Кенжеби, же Азаматсынарбы кыскасы Айжамал деген атты укканда чок баскандай секирип кетчу бир байкушсунарго.
16.08.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммммм бар бол ден соолукта бол
16.08.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гулшайыр эжеге таазим этем,Кыргызстандын маданиятына элдин руханий байлыгына чооооннн салым кошуп келет.Келечекте Сиздей чооонн чоон ийгиликтерди жараткан адам али туула элек болсо керек.Ден соолук,жана узааак омур каалайм,Гулнара, Айжамал эжелерге да.
17.08.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кенже эже бир жарым жыл мурун Оштогу концертинде "Аллага кат" деген ырын сыр кылып ырдаган эле, аяккы сабында "Досторумдун ким экенин биле алдым" деген создору бар эле корсо ошондо эле Гулнара,Айжамалды баяндаган экенсиз да.деги кыйынсыз эжеке :) :) :)
17.08.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кенжени ырчы кылган Гульшайыр дейсинерда. Кызбуракта ырдап кеткендердин баары Кенже Дуйшеева болуп кеткен жок.эмесе башка кыздарын деле ошол эле Гульшайыр чыгарып атбпайбы. Азыркы составтын бирин таанысам олойун. Ал адамдын озунон.Кенже эже ушунчалык кыйын айым.Чыгармачылыкта сансыз ийгиликтери, башкысы эл колдоп жатпайбы. Жеке жашоодо бактылуу.Ардайым жолок болуп жанында жургон жолдошу, жаркыраган кызы бар.Ичинер куйуп атат. Ананайын,ушунчада коро албайсынарбы? Эми конечно вам далеко еще до нее
17.08.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Молодец Айжамал эже! Унутунуз отконду,только вперёд двигайтесь! Чын ден соолук узун омур каалайм! Балдарыныздын бактын корун...Коро албагандар жата калып туз жалашсын..))))
18.08.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз-Бурак тобу мурун аябай жакчу. Азыр эмнегедир мурдагыдай болушпай калган.
19.08.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи тарбияда атанын ролуда болуш керек Гулшайир эженин куйоосу жок лидер только аял болуш керек деген принципте тарбияланып калышкан кенже менен гулнара куйоолорун экинчи койюшат айжамал кучу жетбедиго аял киши эркек кишиден 1тепкич томон туруш керек мен ойлоп койдум кыз бурактын кыздарына ата тарбиясы аздык кылат деп
19.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulaza,сизге ким айтты кенже менен гүлнара күйөөлөрүн бир тепкич төмөн койот деп .Күйөөсүн сыйлап мактап жүрбөйбү
19.08.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыз Бурак тобу менен мен ооруйт элем концерттерине бир калтырбай барар элем, ушу топ чачылганы менен азыркы Кыз буракты чынын айтсам корбой деле калдым, эч алым сынбайм. Баары бир ушу Кыз Бурактын поколениясы легенда болуп кала бермекчи, Рахмат силерге мага кызыктуу балаык тартуулаганынарга Айжамал кенже Гульнара люблю Вас
19.08.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал таланты на ийгилик,балдарын убайын кор,алар сен ойлогондой чон чон максаттарга,ийгиликтерге жетишсин
19.08.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушу кенже деген бир кун устатын жамандап журду эле, эми бул кыздар менен да тил табыша албаганго. ушундан кийин кенжени такыр сыйлабай калдым.
20.08.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал кучту популярный ыр чыгарып концертти катар катар берип бутка туруп кетсе куйосу жалдырап келетго 43 чыкты атанар деп койуп
21.08.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирөөнүн турмушуна мурдуңарды тыкпай өз өзүңөрчө жашаганды үйрөнгүлө бир нерсе болсо эле шыбаттап жатып каласыңар
22.08.2016. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз суйлойт дегендерине кошула албайм,интервьюсунда дайымале укмуштуудайле алпаруучуларга соз бербей суйлойтко коруп эле угуп эле журобуз чынында мактанчаак болуп кеткендери да чын ,баарын сырттан карап байкап угуп жургондор билет!
venka8484 түзөттү 2016-08-22 04:11:37
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо