БАРГАН АДАМ КЕТКИСИ КЕЛБЕГЕН АБШЫР-АТА ШАРКЫРАТМАСЫ

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Түштүк жергесине болгон сапарыбызда бизге бул ирет Борбор Азияга аты угулган Ноокаттын Абшыр-Ата шаркыратмасын көрүү буюрду. Биз барган учурда ат арытып келген зыяратчылардын саны 200дөй экен. Биз да шаркыратманын жана булактардын суусун татып, бул жердин жаралуу уламышы, касиети тууралуу шайыктар жана келген эл менен баарлаштык.

Жайгашкан орду
– Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айылы. Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта. Шаркыратма жайгашкан Абшыр-Ата өрөөнү деңиз деңгээлинен 1500-2000 метр бийиктикте орун алган.
Шаркыратманын диаметри – 1,5 метр
Бийиктиги – 15-17 метр

"ШАРКЫРАТМА – ПАЙГАМБАРДЫН КЕРЕМЕТИ"

60 жаштагы Кулатов айылынын жашоочусу Абдижамил Таштемиров, шайык (мүрзө же ыйык жерлерди кайтаруучу):
– Бул шаркыратманын суусу кайдан жаралып, кайдан келгенин эч ким билбейт. Илгери окумуштуулар 40 чакырымга чейин изилдеп көрүшүп, таба алышпаптыр. Шаркыратма Идирис пайгамбардын касиетинен жаралган делет. Анткени ал ушул жерде жашап, ушул жерден элди ислам динине үгүттөгөн. "Мен пайгамбармын" дегенде эл ага ишенбей, "анда бир керемет көрсөт" дешет. Ошондо пайгамбар таягы менен тоонун боорун урса, ал жактан сүт агып чыгыптыр. "Абшыр" фарс тилинен которгондо "сүт суу" дегенди билгизет дешет. Кийин кыз-келиндер ошол сүткө кир жууп, эл күнөөгө бата турган иштерди жасай баштаганда сүт сууга айланып калыптыр. Андыктан шаркыратма – пайгамбардын керемети.
Негизи Абшыр-Атада ташка жазылган араб сөздөрү бар. Кечинде бул жерде жалгыз калгандардын кээ бирлерине узун ак көйнөкчөн чачын жайган аял көрүнөт экен. Бул жерге Кыргызстандын төрт тарабынан тышкары Өзбекстандан, Тажикстандан жана чет өлкөдөн туристтер келишет. Шыпаа-Булактын касиетин айтсам, аялымдын гастрит оорусу бар, ушул суудан ичкенде оорусу басылат.

"БАЛА ТИЛЕП КЕЛГЕНДЕР КӨП"

Сапаралы Сулайманов, 70 жашта, Ай-Тамга айылынын жашоочусу, шайык:
– Союз кезинде шаркыратманын жанында жайгашкан үңкүрдү адамдар жашоочу кепеге айлантмак болушкан. Бирок курулушунда иштеп жаткан адамдардын биринин колу-буту иштебей калган, дагы бири жол кырсыгынан улам каза болгон соң ишти токтотуп салышкан.
Мурун шаркыратмага катар жайгашкан даамы ар бөлөк 7 булак бар эле. Кийин ал жерге темирден боз үй тигебиз деп бешөөсүнүн көзүн жаап салышты. Буюрса, алардын көзүн тазалап, ачабыз деп турабыз. Эми бул жакка тарыхый музей курулат. "Мурун ушул жерге келип сыйындым эле, балалуу болдум же оорумдан кутулдум" дегендерди көп эле угабыз.

"АЙРЫМДАР ЫРЫМДАП БУЛАККА КҮЗГҮ ТАШТАШАТ"
Токтокан Арапова, 66 жашта, Ноокат шаарынын тургуну:
– Биз үй-бүлөбүз менен ушул жерге 1 жылда 1-2 жолу келип эс алып кетебиз. Сыйынып, тилек кылабыз. Шыпаа-Булакка кээ бирөөлөр кайра да келели деп ырым кылып күзгү, тыйын ташташат. Бул жакка келип кеткен соң ыйык жайдын касиетинен улам өзүңдү бир нече ай жакшы сезип жүрөсүң.


"АБАСЫ БРОНХИТ МЕНЕН АСТМАНЫ АЙЫКТЫРАТ"

Мээриниса Шаамырзаева, 76 жашта, Кулатов айылынын жашоочусу:
– Мен бул жерде 17 жылдан бери майда-чүйдө, анын ичинде желим бөтөлкө да сатам. Ыйык жердин, күндө ичкен булак сууларынын касиетиби, айтор, көп оорубай, алдуу-күчтүү жүрөм. Бул жакка бир келген адам кайра да келгиси келе берет. Сыягы, бир касиет тартып турат го.
Шаркыратмадан тышкары мында 2 булак бар. Шыпаа-Булак мурун Котур-Булак деп аталчу. Анын суусу ала, котур, терисине жара чыккандарга дары. Андан тышкары ашказан-ичеги, баш, жүрөк оорусу барлар көбүрөөк ичсе жакшы. Шаркыратманын тегерегиндеги аба жөтөлдү, астманы айыктырат экен. Көз-Булактын суусуна көзү ооругандар көзүн жууса жакшы болуп калышат.


Шаркыратманын жанындагы үңкүр жана анда зыяратчылар куран окутуу кезинде.


Шыпаа-Булак жана анда ташталган күзгү менен тыйындар.


Чакан базар жана зыяратка келген эл.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(34)
15.08.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ноокатымдын коп жерлери кереметго,алардын катарында Абшыр-атада бар,соз жок керемет.
15.08.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы кезде шаркыратманын жанына аябай кооз кылып кыргыздын боз уйу смотровое площадка катары салынган ошонун суротун дагын жуктоп койсонуздар жакшы болот эде.
15.08.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,мен да ошону айтыйын дегем
15.08.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,Бирок ошол боз уй менен шаркыратманын астына коюлган бочка(элге суу жеткирчуу)табияттын кооздугун бузуп турат темир терсек болуп,жаратканымдын озунун берген кереметтуу жаратылышанан откон кооздук жок.
15.08.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Бирок ошол боз уй менен шаркыратманын астына коюлган бочка(элге суу жеткирчуу)табияттын кооздугун бузуп турат темир терсек болуп,жаратканымдын озунун берген кереметтуу жаратылышанан откон кооздук жок.
15.08.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Бирок ошол боз уй менен шаркыратманын астына коюлган бочка(элге суу жеткирчуу)табияттын кооздугун бузуп турат темир терсек болуп,жаратканымдын озунун берген кереметтуу жаратылышанан откон кооздук жок.
15.08.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайга сыйынып кудайдан тилеш керек
15.08.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун жер. Эсимде, 10 класста окуп жургондо класс менен барган элек.
15.08.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ширк кошуп жибербединерби? негизгиси Жараткан бизге ушундай соонун жерди жаратып бергени учун Жараткан Аллахыма ыраазымын деп суктанып карап эс алып кетчу жер Абшыр ата, дагы бир нерседей ырым жырымдар коп бир жерге жети таш ыргытып дагы бир жерге таш тизип дегендей болбойт да андай таштын эмне тиешеси бар кимге сыйынып атасын ойлон! Бирок абшыр ата Аллахтан бизге берген керемет белеги ошол абшыр атага барып намаз убактысында жай намазынды салып алакан ачып дуба кыл рухун эс алсын!
Chikmai түзөттү 2016-08-15 13:25:36
15.08.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыгында кооз жер.соз жок,баа жеткис жер. Кудайым ушундай жерди бизге насип кылганы учун. Кудайга мактоолор болсун жана шугур кылабыз.
15.08.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шыпаа, бала байлыкты кайсы жерде тилесен да кудай таалам Бере берет! Менин эжелерим кичине переборщили! Абшыр ата шаркыратма ый кооз абасы таза, суусу биздин айылды жана бир нече айылды камсыз кылып турат! Ушул кудай берген нематка Альхамду!ык
15.08.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынындале абшыр озуно тартат...1сезондо 3-4жолу баравыз.жылына эле достор ошол жакка барайлы дешет...келип эс алып кетиниздер...соонун колу бар жогоруда жайлоосун айтпа
16.08.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmurat.kg, Апшырдын көлү кайсыл жакта?
16.08.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tima01,Центринен дагы 5-6 километр жогору журосун, Кок добого кеткен жолдо.
15.08.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оох менин айылымго абшырымды сагындым сагындым
15.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абасы таза кооз жер!Аллахка шугурлор болсун ушундай жер бизде болгондугуна. Бала тилеп, башка тилеп Аллага ,,ширк" келтирбегиле,Аллах беруучу дагы, алуучу дагы.Абшыр атанын кооздугу эле бар. Башка эч кандай кассиети жок.
15.08.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болп калптыр 2 күн болду барганыма
15.08.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жер
15.08.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сагындым туул ган жеримди Кок Жар
15.08.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айыл кандай кооз, керемет жер
16.08.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба Абшыр-Ата Кыргызстандагы эн кооз жана ыйык жерлердин бири. Бирок биз ошондой ыйык жердин кадырына жетпей жатабыз биринчиден мас болуп жургондор коп экинчиден ал жердеги тунку клуб ошол клубду жабыш керек анан учунчу маселе даратканлар жолдун боюнда жайгашып эс алуучуларга бир топ ынгайсыздык жаратат.
16.08.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абшыр-ата туулуп оскон жерим ,сагындымго сени Абшыр - сай.
Shurik түзөттү 2016-08-16 10:14:14
16.08.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын балык бар дешет го бирок биз барганда көрбөдүк
16.08.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Апшырдын табияты, шаркыратмасы кооз суусу тунук.Бирок обслуживаниеси начар сорулорудогу тошоктору кир, иштеген адамдары орой мамиле жасашат.Жергиликтуу эли келген туристерге тийишип тоношот.Уч-Коргондо(Кызыл-Кыяга жакын жайлашкан) Золотой мосто табияты Абшырдай кооз болбосо дагын обслуживаниеси ж-ку денгелде таптаза,иштеген адамдары кобусу жергиликтуу тажиктер энкейишип Мехмон Хуш келипсиз нима колайсиз деп козунду карап турушат.С.Инфо ошол Золотой Мост жон-до дагын мааламат берип коюнуздар.
16.08.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Сакен туугандарды мактатып эле койсо ,азыр андай корунуш жок ! Ооба мындай корунуш да болгон ,азыр эмес бирок .
16.08.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улууларыбыз бир аз эски тушунукто калганын ,ушул жерден байкасак болот .Азыркы жаштар Абшыр -ата жонундо мындай ойдо эмес деп умут кылам . Менин туулуп оскон жерим ,козумо ушунчалык жылуу ,жумшак корунот .Аллаха чексиз шугур ушундай кооз ,абасы таза ,суусу тунук жерде торолуп осуп калганыма .
18.08.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээхх туулган жердин топурагы алтын демекчи.Он жылдан бери жетеалбай журом Абшыр-Атага!!!Кандай соонун.Балалык кез откон жер!!!
18.08.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын эн кооз жерлеринин бири,абасы таза,суусу тунук,золотой мостту Аллахым жараткан жерге тенебе
18.08.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен быйыл жайында досторум менен биринчи жолу бардым.Абшыр атаны коруу учун мээнет кылып барат экенсин жолдорунда багыт коргозулбогондуктон ар башка айылдарга кирип кете бердик адашып,жолдорунун абалы ото начар жана мейман куткон жерлери талапка жооп бербейт.Сойгон жандыктардын кандары туш тарапта чымын баскан,каарындары суу аккан сайда илинип турат,туалеттерге соз жок.Кемчилдигин жойсо коноктор дагыда кобойот.Жаккан жери Шыпаа булактын суусунун даамы,жумшактыгы жакты каймагы бардай сезилди.
18.08.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyaza,Сизге кошулам ,ондоп тузоо иштери жок .Окмот же мамлекет же эр азаматтарыбыз чыгып ондоп-тузоо сиситемасын карап койгон адам болсо кана эми?!...
18.08.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соонун жер.
18.08.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сын эле ак койнокчон аял корунобу.
20.08.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперден суппер кабар го... Биздин жерлер соонун.
20.08.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле кузгу таштап,анан бала тилеп ой тобоо,бир кудайга сыйынгыла ал жака барып эс алып куран окуп койсонор эле болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо