Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРКИЯДА АДАМ ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП 21 ЖАШТАГЫ КЫРГЫЗ КЫЗЫ КАРМАЛДЫ

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү түркиялык басылмалар адам өлүмүнө шектелип 21 жаштагы кыргыз жараны кармалганын жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, каргашалуу окуя 2-август күнү Түркиянын Конья шаарындагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 24 жаштагы Муаммер Башак аттуу жарандын өз үйүндө жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 21 жаштагы Канзада Б. аттуу кыргыз жараны жана Хусейин С. аттуу түрк жараны кармалган.

"ТЕРГӨӨЧҮ КЫЗДЫН КӨРСӨТМӨСҮН АЙТЫП БЕРДИ"

Биз жогорудагы маалыматты тактоо максатында Түркияда иштеген мекендештерибиз менен байланыштык. Аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген мекендештерибиздин бири окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен Түркиянын Конья шаарында окуйм. Бул шаарда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин өкүлчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу элчиликтин кызматкерлери мага байланышып, бул маалыматты тактоону суранышты. Мен бул ишти карап жаткан тергөөчүгө барып жолугуп келдим. Тергөөчү кыз суракта кандай көрсөтмө бергендигин толугу менен айтып берди. Азыркы тапта элчиликтеги кызматкерлер соттун уруксаты жана кыздын каалоосу менен жактоочу таап беришти, ал жакында келет.

"УКТАП ЖАТКАНДА МОЮН ОРОГУЧ МЕНЕН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮМ"

Тергөө учурунда Канзада Б. берген көрсөтмөсүнөн:
– Мен 2016-жылдын башында Түркияга жумуш издеп келгем. Бул жакка келгенге чейин Кыргызстандагы мейманканалардын биринде иштечүмүн. Бир тааныш жигит "жакшы жумуш таап берем" деп Анталияга чакырганынан келгем. Бирок ал менин 3 миң доллар карыз экенимди жана ал карыздан кутулуу үчүн сойкулук менен алектенишим керек экенин айтып, сойкулук ишке мажбурлады. Кийин каза болгон Муаммер Башак менен таанышып, ал мени Конья шаарына алып келди. Экөөбүз бирге жашап жүрдүк. Окуя болгон күнү Муаммер Башак үйгө мас абалда келип, мени ур-токмокко алды. Ызама чыдабай Хусейин аттуу таанышыма чалып, окуя тууралуу айттым. Ал "сени өлтүрө электе, биринчи аны өлтүр" деп кеңеш берди. Анын кеңешин угуп, Муаммер Башак уктап жатканда моюн орогуч менен муунтуп өлтүрдүм. Кийин Хусейинден жардам сурасам, ал жардам берүүдөн баш тартты. Жансыз денени жашырууга аракет кылдым, бирок жалгыз алым жеткен жок. Анан үйдү бекитип, Кайсери шаарындагы таежемдин үйүнө кетип калдым.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЭКЕНИ ТАКТАЛДЫ"

Кылмышка шектүүнүн бири чындап эле кыргыз жараны экендигин тактоо максатында Тышкы иштер министрлигине байланышып, басма сөз кызматкери Айымкан Кулукеевадан төмөнкүдөй
жооп алдык:
– Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги Конья шаарынын Коопсуздук башкармалыгы менен байланышып, кармалган К.Б. аттуу кыз Кыргыз Республикасынын жараны экенин такташкан. Учурда тергөө иштери уланып, кылмышка шектүү сурак берүүдө. Бул иш эми толугу менен Түркиядагы кыргыз элчилигинин көзөмөлүндө болмокчу.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(16)
15.08.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне барасын деймда,ошол балага ишенип. Өлтүрбөй эле, андан кутулсаң болот элего.
15.08.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кызды эле куноолобой, кызды саткан жигитти да жоопко тартыш керек.
15.08.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tahmina.Musaeva, баарына кыз озу куноолуу, женил ойлуулугунан, озгочо мыкаачылыгынан улам дегеле адам деп атоодон да жийиркенип калдым.
Суроо: жакшы, ыймандуу кыз "таанышы" сомнительный иш айтса эле кете береби? Мойнуна акча илип койсо кайсеридеги таежесине чалып жардам сураса болбойбу же милицияга кабарлап. Женил оокат, кунумдук жыргалчылыгы деп бироонун ойношу болуп токмок жегенче кыйналса да адал эмгек кылбайбы? Токмоктосо жон эле кетип калбайбы олтуруп отурбай. Сая жургон та
Frunze74 түзөттү 2016-08-15 20:44:53
15.08.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошону өлтүрбөй эле, таежеңдин жанына кетип калбайт белен?!
15.08.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl.jazi,менда ушундай ойлодум
17.08.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl.jazi,ошону айтсан!олтурбойле кетсе болмок башына балее арттырбай. Баарына озу кунолуу деп ойлойм!
15.08.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле суроолор копго олтурбой эле качып кетсе болот элего,анан таанышым олтур деди олтурдум дейтго
15.08.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыкко бироо олтур десе эле олтуро береби
15.08.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
suluktinskiy,аны олтуруп байлыгына бирге ээ болобуз деп пландашса керек да, болбосо неге олтур десе эле олтуруп коймок эле. Ошончолук чыдап сойку болуп иштеп жургонуно караганда планы болгон да
15.08.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жомок айтатго ушул кыз чон кишиге алы жеттиби,уктап жатса деле моюнунан муунтуп атканда ойгонот элего,бул жерде башкалардын дагы катыштыгы болсо керек аны бир "АЛЛАХ"билет.
15.08.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыздарды жалгыз чет жерге жонотпош керек озу. Москвада да бир да озбек же тажик кызын корбойсун,алар кыздарын кафеде, заправкада, клубта иштетпейт. кочодо да, паркта да, базар, кафе, клуб бааржокто кыргыздын кыздары.
16.08.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
барганына аз эле убакыт болуптур турк менен жашап и башка турк менен да суйлошуп турган бул точна сойку экенда негизи каны бузулган кызда
16.08.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар кандай сыноо ар пенденин башына келип калышы мумкун,эгер ойунду толук шайтан ээлеп алса канча акылдуу болсон да пайда жок. Алла озу сактасын деп ар дайым жакшы ойдо жургонго аракет кылыш керек,башка олкодо болсо бул кызды коркутуп ушунтип айттырышы толук мумкун да ал эмес оз жеринде да ар кандай жалган жалаалар болуп ататко,чындыкты билген ким бар байкуш кыз кандай абалда экенин ким билет эркек адамды алсыз аял муунтуп олтуруп коюушу жомок болсо керек. Жаман балээден жалган жалаадан сактасын.
16.08.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмуштун ар кандай себептеринен барып жатышса керек баардыгы,жетиштуу ойдогудай жашоосу бар адам эч жака барбайт деп ойлойм,оз айлананардагы тууган коншуларынардан деле чет олкого кеткендер бар да ошолор деле эмне себептен кетип жатканы айдан ачык болсо керек бул кызда жыргаганынан кетпегендир тыйындын эки бети бар дегендей эле. Бул байкуш кыз дагы бироонун курмандыгы болуп аткандыр жеке мен боорум ооруп турат аял заты катары.
17.08.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз жеринде жургондо,ур-соккуга алынсан,толгон тууган-уруктун арасынан кимге таянаарынды билбей,кимге арызданаарынды билбей айлан куруйт,,,,анан кайнаса каны кошулбаган жерге барып,омуру тааныбаган,эч кандай калканычы жок жерге барып,кантип коркпой турмуш курган,уруп атып,олтуруп койсо эмне болмок,эми турмо деле олгон менен барабар тооба,тооба.Коп баскан аяк бок басат болгон турбайбы...Кудай сакта,пендеге ынсап бере кор!
19.08.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катындардан коркуш керек болуп калды, уктап калсаң эле бууп - сууп, коркуратып бычак сайып өлтүрүп салышмай болду ))))))
Bektash түзөттү 2016-08-19 15:51:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо