Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАСЫ ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Үстүбүздөгү жылдын 5-август күнү Баткен ШИИБине 43 жаштагы аял кайрылып, 16 жаштагы кызын өз атасы зордуктап жүргөндүгүн билдирип арыз жазган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан чагы. Төбө чачты тик тургузган жогорудагы окуя тууралуу иликтеп көрдүк.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮГӨ ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ"

Жогорудагы окуя тууралуу билүү үчүн ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовго кайрылып, төмөнкүдөй маалымат алдык:

– Арыз ээсинин айтымында, окуя 2015-жылы болгон. Ошол убакта ал аял ооруп, шаарга 2 айга дарыланганы кеткенде 1973-жылы туулган күйөөсү өзүнүн 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, өткөн жылдын декабрь айында Орусияга кетип калган. Учурда ал кайсы шаарда экени белгисиз. Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстандын аймагына алып барып, дарынын жардамы менен төрөтүптүр. Ымыркай тирүү же өлүү төрөлгөнү азырынча белгисиз. Наристе Кадамжай районуна караштуу Марказ айылына алып келинип, жерге берилгени айтылууда. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп калып дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тарап, окуя тууралуу белгилүү болгон.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү качып кеткендиктен, ага эл аралык издөө жарыяланды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, биздин кызматкерлер Тажикстанга да жиберилген. Алар кыздын кайсы ооруканада төрөгөнүн жана ымыркай тирүү же өлүү төрөлгөнүн, кайсы жакта жерге берилгенин иликтеп чыгышмакчы.
Бул үй-бүлө окуяны жашырууга болгон күч-аракетин жумшаган. Бул тууралуу айылга белгилүү болгондон кийин гана өспүрүм кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүүнүн ата-энеси 70 жаштан өтүп калган, окуя тууралуу бирин айтса, бирин жашырышууда. Азырынча арызда айтылган арыз ээсинин сөздөрүнөн башка далилдер жок. Жакынкы убакыт аралыгында баары белгилүү болот, бул иш боюнча башка да жагдайлар чыгышы мүмкүн.

"КЫЗЫМ АТАСЫНАН ТӨРӨП, ЧАРЧАП КАЛДЫ"

Жабырлануучу кыздын апасы, 1976-жылы туулган А.К. күйөөсүнүн мыйзам чегинде жаза алышын суранып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 3 кыз, 1 уулдун энесимин. Кыздарымдын эң улуусу 16, ортончусу 14, ал эми кичүүсү 4 жашта. Уулум болсо 8 жашта. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Күйөөмдүн ур-токмогуна кабылып жүрүп, күчтүү тамак-аштын болбогонунан улам кургак учук менен да ооруп калдым. Шарт жок болуп убагында дарыланган жокмун. Эң кичүү кызымды төрөгөндө бутум ооруй баштады. Акыры сол бутума протез койдуруу үчүн 2015-жылдын март айында Бишкек шаарына кеткем. Ооруканада 2 ай жаттым. Үйдө менин жоктугуман пайдаланып күйөөм улуу кызымды зордуктаптыр. Кызымдын айтымында, алгач ал «жүр, кызым, талаага күчүктү таштап келебиз» деп унаасына салып талаага алып барып, унаанын ичинде зордуктаптыр. Мен Бишкектен келген соң төркүндөрүмө конокко кетип, көпкө жүрүп калдым. Анда да күйөөм кызымды зордуктаптыр. Ал кызымды кааласа мектепке жөнөтүп, кааласа жөнөтпөй, «бирөөгө айтсаң өлөсүң» деп коркутуп койсо, кызым коркуп айтпай жүрө бериптир.
Ошентип ал өз кызын аялындай колдонуп жүргөн экен, а биз аны билбейбиз. Арадан убакыт өтүп, кызымдын мугалими «апаңдан кургак учук оорусу жугушу мүмкүн, ошондуктан анализ тапшырышың керек» деп анализ тапшыртканда 6 айлык боюнда бар экени жана ден соолугу начарлап кеткендиги аныкталган экен. Бул тууралуу алгач сиңдим мага телефон чалып, «кызың кош бойлуу экен, кимден деп сурасак «атамдан» деп жатат» деп айтты.
Кызымдан бул тууралуу сурасам, чынында эле ошондой деп моюнуна алды. Мен угарым менен бул тууралуу күйөөмдүн туугандарына билдирдим. Кайненем "эл-журтка шерменде болбойлу" деп кош бойлуу кызымды Тажикстандын Худжант шаарына алып кеткен. Кызым ал жакта 7 айлык кыз төрөптүр. Наристе төрөлгөндө аман-эсен төрөлүп, аз убакыттан кийин чарчап калганынан кызым менен кайненем сөөгүн Баткенге алып келишет. Аны кайнатам барып көмүп келген.

"КЫЗЫМДЫ ОКУТУП АЛСАМ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ"

– Күйөөм кызыбыздын боюнда бар экенин билгенден кийин 2015-жылдын декабрында Орусияга качып кетиптир. Угушубузча, ал азыр ал жактан башкага үйлөнүп алыптыр. Кызым да, мен да анын жаза алышын каалайбыз. Кызым жогорудагы окуядан кийин мектепте окубай калды. Ал келечекте билим алып, жакшы кесиптин ээси болууну кыялданат. Колдон келсе аны борбор калаага алып барып психологго текшертип, андан соң мүмкүнчүлүк болсо жогорку окуу жайга окутуп алсам жакшы болот эле.
Майыптыгым боюнча жөлөк пул алайын деп ушул жылдын апрель айында Баткен шаардык социалдык башкармалыгына документтеримди тапшыргам, бирок азыркыга чейин жөлөк пулдан дайын жок. 4 баламды эптеп жакындарымдын берген жардамы менен багып жатам. Экинчи бутума да протез койдурушум керек эле, каражатым жок, жардамга муктажмын. Күйөөм татыктуу жаза алышын каалайм.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(73)
15.08.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эл аралык издөөдө жүргөн шектүү адамдын бетин жашырганы болбойт да, бул адамды көргөндөр кылмышка шектүү бул жакта экен деп ким маалымат берет..? Азыркы учурда Россияда жүрсө Россиядагы жердештер таанып кай жерде экенинен маалымат түшөт болчу,же биздин милиция бетин жашырып алып , бул адам изделүүдө деп издеп калганбы?
kgz.Begish түзөттү 2016-08-15 20:59:32
21.08.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgz.Begish,жузун корсотуп бул кылмыш устундо издесе кызынын келечегине жаман таасир тийгизип калатта,суроту менен жон гана издоого беришет болуш керек чоо жайсыз...
15.08.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апасы дарыланып келип кайра торкунумдо копко конок болуп журдум дегени кызык экен. Эми атасында соз жок,ужас
17.08.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,мен дагы ошону ойлоп калдым эле бул кандай аял деп... бирок кайра ойлоп корсом озу оорулуу болсо, бальницадан чыгып келгенден кийин дагы озункараш керекго, а уйундо караганы шарты жок торкунуно кетсе керек деп ойлоп калдым..
15.08.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Superdin jomoktorun kop okugan oksoit da atsi...toshok kumari...kumardi arttiruuchu ikmalar...
16.08.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбан екенго бул адамга турмода болбойт олтуруш Керек
16.08.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул не деген шермендечилик ошо кишини таап куду элге көрсөтүш кк. Макул аялын кызын көрсөтпөсө да башын элдин көзүнчө жулуш керек... бул да болсо аздык кылат куду зымды чокко кызытып куду ошо жерине басыш керек элдин көзүнчө
16.08.2016. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым Кудайым мындайдын бетин нары кыла кор
16.08.2016. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Издоодо деп коюп бетин жапканынар болбойт да чындап эле,жузун даана корсотуп койгула да админ,Россиядагы тийген аялы да мумкун окуп калаар ушул сайттан
16.08.2016. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип кантип атасы
16.08.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу оз жазасын берет, аркы дуйнодо
16.08.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arak i4kender uwintip ainyp kalywat da ,emne kylyp jatywkanyn bilbei. owon u4un i4pegile jawtar
16.08.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апасы ооруп ооруканада жатканда мейли кыздары атасында калды...айыгып келгенден кийин торкунуно коноктоп кеткени жакшы экен...коноктоп жургондо кызынды колдонуп журушуптур да...Тобоо кылдым эне болуп,коноктобой эле кыздарындын жанында журбойсунбу...коноктогондун пайдасын коруп жата бер эми...
28.11.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guliza85,кайсыл адам атасынан шек санайт,кайра жанында атасы бар деп санаасы тынч болду да
16.08.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу ынсап берсин,, бул кыздын да келечеги кен болуп бактылуу болсун.
16.08.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалык жиркенч ((,уккан адамга да .
16.08.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Астахфираллоох.тооба кылдым,Аллах озун сакта пендени мындай иштерден...эмне болуп баратабыз???
16.08.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тообааааа кудай сактай кор
17.08.2016. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тообо кылдым.мындай куноонун азабы отоо кыйын болсо керек(((
17.08.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыр заман келип каоыптыр да кыргыз жериме
17.08.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллахым сактасын ошондой аталардан! Кантип оз канынан жаралган кызына колу барды (((
17.08.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындайлардын кудай өзү жазасын берсин
17.08.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сакта
19.08.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai atadan koro JETIM oskon artyk!
19.08.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kudai oz jazasyn bersin!
19.08.2016. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Biz bilgen okuya bir ele, a bilbegenibiz kancha?!
19.08.2016. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AstagfurAllah
19.08.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту супер инфо ушул аял менен кантип байланышсам болот. Бизден алыс эмес айылдарда экен.Кызымды окутам дептир келечегине кам корууго жардам берсем дейм. Окуусуна каралашып контрагына жардам берейин. Озум мугалиммин кайсы бир денгээлде психологиясын озгортконго аракет кылып короюн. Жашоо карангы болуп отургандыр.
19.08.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай адамдар эмне болуп баратат....
20.08.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун жаппай жузу ачык корунгон чон суротун чыгарып койсонор жакшы болмок. Мындай айбандын жузун эл корсун
21.08.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
98-жылы биздин айылда да ушундай окуя болгон. Бирок кыз асынып алган. Атасы жаза албады. Ал киши жакында гана каза болду. Аябагандай кор болду. Каза болгонго чейин ата-эне бирге жашашты.
21.08.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жузун корсотсо кыздын келечегичи?
21.08.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жузун корсотуп издейт бирок башка жактан башка жол менен болуш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо