Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"БАЛА ТИРҮҮЛҮКТӨГҮ БАКЫТ, НАРИСТЕЛЕРДИ ӨЛТҮРБӨЙЛҮ!"

№719 12-август-18-август, 2016-ж

– Ичиме катылган бул сырды акыретте да айтпайм дечүмүн. Бирок ал оюмду базардагы карапайым сатуучу өзгөрттү. 7 айга жаңы толгон кызымды көтөрүп азык-түлүк алып жүргөм. Колум талыганынан баштыгымды коюп саамга токтоп калдым. Ал ортодо жашы 50нү таяп калган бейтааныш аял "кызыңды сүрөткө тартып алайынчы, уруксат бересиңби?" деп ар жактан шашып басып келди. Балапанымды колумдан жулуп алчудай боорума кысып "жок, эмне кыласыз?" дедим чочулап. Аянычтуу карап, "жаш балдарды жакшы көрөм. Болбойбу, ээ?" деп телефонун бооруна кысып үмүттүү карап бурулуп кетти. Кайра келип билгизбей сүрөткө тартып алчудай шашып жөнөдүм. Артыма бурулганымда эже дагы үн катты.
– Токтой турсаң,- деп колуна бир нерсе көтөрүп келе жатканын көрүп ачуум келди. Карабай кетип калайын дедим, бирок улуу киши чакырып жаткан соң анте албадым.
– Бул алма-өрүктү кызыңа кайнатып бер, витамин болот,- деп колундагыны сунду. Сатуучулардан уялып, өзүмдү ыңгайсыз сездим.
– Эже, рахмат! Тим эле коюңуз,- дедим менин жалгыз жашаганымды билип алгандай кызаңдап. Анткени мени бирөө аяп, боору ооруса арданып, башка адамдардан өзүмдү кем сезип кетем. Коомдон бөлүнгүм келбейт. Кызымды атасыз төрөгөнүм үчүн өзүмдү кылмышкер катары көрбөйм. Бейкүнөө наристени "алдырып сал" деп басып кеткен алсыз эркектен көрө менин абийирим таза. Өзүмдү дал ушундай эсептейм.
– Эмне мынча асылып алдыңыз, албайм!- маңдайымда турган эже ачууланганымды көрүп кетенчиктей түштү.
– Кызым, кечирип койчу, жаман оюм жок эле. Наристе жытын искебегендиктен кызың көзүмө жакшы көрүндү. Өмүрлүү болсун,- деп көзүндөгү жашын жашырып жүзүн бурду. Денемди калтырак басып, базардан чыкканча шашылдым. Үйгө баргандан кийин эмне үчүн минтти, улуу кишини какпай деле койсом болмок деп өзүмдү күнөөлөдүм. Болгон окуя эсимди бийлеп алды. Анын "наристелүү болбой калгам" деп айтканы жан дүйнөмө тынчтык бербей койду. Себеби жигитим баладан баш тартканда мен дагы ага өчөшүп алдырайын деп чечкем. Гинекологдун "биринчи балаңды алдырсаң, наристелүү болбой каласың" деген сөзүн уккандан тартып ичимдеги тирүү жандыкка кам көрүп, аны коргогонго көнгөм. Эч кимге тийгизбей, бөпөлөп багууну максат кылгам.
Ичимдеги уйгу-туйгу ойдон арылып, эженин эмне себептен наристе көрбөгөнүнө жооп алгым келди. 2-3 ирет базарга барып, бирок сатуучу аялдын жанына бара албай койдум. Уялдым. Антсе да анын мээримдүү жүзүнөн жаман адам эмес экенин, барсам "эмнеге келдиң?" деп кубалап жибербешине көзүм жетти. Бир нерселерди сатып алымыш болуп эже отурган катарга жеттим. Мени тааныганы дароо билинди. Өңү өзгөрүлүп:
– Кел, кызым, эмне аласың?- деди.
– Өткөндөгү кылганым үчүн кечирип коюңузчу,- андан ары сүйлөй албадым. Менин ыңгайсызданганымды байкап:
– Келегой. Менин кылганым да туура эмес болду окшойт.
Эреркеп кеттим. Жакын адамымдай көпкө сүйлөштүк. Жигити боюнда болтуруп таштап кеткенин, намысына чыдабай боюнан алдырып, андан кийин наристелүү болбой калганын айтып көз жаш төктү. Эженин айтканын угуп, куру намыска алдырып наристемди өлтүрбөгөнүмө өзүмдү бактылуу сездим. Бала деген ушунчалык жыттуу, таттуу. Ал тирүүлүктөгү бакыт. Аларды бейажал өлтүрбөйлүчү!

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(6)
15.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Даааа бала ыйык, бала бакыт...Ар бир аялзатына ушул бакыт буюрсун
15.08.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алдырбай Аман эсен трорп алганыныз аябай жакшы болуптур...Баарыбыз бала торолгондон кийин ошолор учун жашап калат экенбиз...Ата-энебизге болгон суйуубуз андан да куч алат экен...Эми негизгиси таштап кеткен жигитиниз убагында ойлонуп кайтып келсе жакшы болот
15.08.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бала жакшы бирок наристенин полноценный уй-булодо торолушу абдан жакшы.Синдилер ойлонгула
16.08.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла Таалам магада наристе бергенди унутпасын. Кудайдан туну бою тиленгеним ошол.
19.08.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жалгыз эне болуу коркунучтуу эмес,эч качан эне болбой калуу коркунучтуу!
25.08.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо не,кыздар куйоосуз эле торой беришсинби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо