Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"БАЛАБЫЗДЫН ООРУСУН УККАНДА КҮЙӨӨМ БИЗДИ ТАШТАП КЕТТИ"

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Жашоодо адам баласына ар кандай сыноолор берилет. Элибиз "Жараткан жакшы көргөн пендесине оор сыноолорду берет" деп коюшат. Тилекке каршы, берилген сыноолорду, кыйынчылыктарды бирге көтөрбөстөн, аялын, оорулуу баласын таштап кеткендер да бар.

"ТАЛМАСЫ БИР КҮНДӨ 10-15 ЖОЛУ КАРМАЙТ"

– Атым Назгүл. Жашым 34тө. Уулум Жаныбек Бектуров эпилепсия жана балдардын шал оорусу (ДЦП) менен ооруйт. Денесинин бир тарабы иштебейт, жашы 13кө келгенине карабай бирөөнүн жардамы менен араң басат. Басканда да бутунун томугу менен сүйрөлүп басат. Басып баратып эле эсин жоготуп кулай берет. Талмасы бир күндө 10-15 жолу кармайт. Доктурларга "бул оорудан айыктырса болобу?" деп көрсөтсөк, "толук айыгып кетиши кыйын" дешти. Уулум тамгаларды тааныйт, бирок окуганда кыйналат, өзү теңдүүлөрдөн артта калган. №34-атайын мектепте окуган. Баламдын келечегин ойлогондо санаам санга, оюм онго бөлүнөт. Балам бир эмес, эки оорусу менен кантип жашайт, жашап кете алабы деп ойлоно берип жүрөгүм сыздайт.

"МЫНДАЙ БАЛАНЫН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР, ТАШТА?!"

– 20 жашымда сүйлөшүп жүрүп эле өзүбүздүн Балыкчы шаарындагы жигитке турмушка чыккам. Бир жылдан кийин Жаныбек төрөлдү. Төрөлгөнүнө үч күн болгондон кийин эле талма оорусу кармай баштады. Доктурлар баланын оорулуу экенин айтышты. Жолдошум баланын ДЦП экенин уккандан кийин таштап кеткен. Туугандары "мындай баланын эмне кереги бар, ташта?!" дешкенде, өзү да алардыкын туура көргөн окшойт. Кудай берген кыйынчылыкты бирге көтөрбөстөн, жоопкерчиликтин баарын мага арта салып басып кетти. Баламдын абалы 11 айында абдан оор акыбалга келди. Талмасы да тез-тезден кармай баштады. Айла жок, апам экөөбүз Балыкчыдагы үйдү банкка күрөөгө коюп, насыя алып, баланы дарылатканы Бишкекке келгенбиз. Бишкекте батирде жашап, бала бакчада жардамчы болуп иштеп жүрдүм. Батирдин акчасы, баламды дарылоого акча каражаты жетишпей, эч бир жарыбай койдук. Насыяны төлөй албай, үйдү да тарттырып жибердик. Ошондо эмне кыларымды билбей, апам менен кеңешип баламдын дарысына акча тапканы Москвага иштегени кеткем. Москвада ким гана болуп иштеген жокмун, ресторанда идиш жуугучтан баштап, бардык оор жумуштарда иштедим. Айла жок, апам ооруп калып кайра кайтып келдим.

"ЭКИНЧИ ТУРМУШУМ ДА БОЛБОЙ КАЛДЫ"

– Күйөөм менен ажырашкандан кийин илгери үмүт менен 2013-жылы экинчи жолу турмушка чыктым. Бирок ал күйөөм менен балама, мага болгон ырайымсыз мамилесинен улам ажырашууга аргасыз болдум. Балам өзү оорукчан болсо, анан өгөй атасынан орой мамилени көрсө кантип болсун деп андайга чыдай алган жокмун. Ал күйөөмдөн дагы уулум бар. Ал азыр 2 жарым жашта.
Апам былтыр май айында уйку безинин рагынан улам каза болуп калды. Баарына эне түтөт эмеспи, өзү ооруп жатканына карабай оорукчан балама каралашчу. Апам баламдын бир аз болсо да оорусун жеңилдетип, массаж жасап, "өзүм эле айыктырып алам, талмасы эле кармай бергени жаман" дей берчү. Өзү да бул жашоонун жыргалчылыгын көрбөй, кыйналып жүрүп өтүп кетти. Байкуш апам өлөрүндө балдарын чогултуп, "эжеңерди карагыла, ара жолго, тагдырдын оор, тайгак жолдоруна калтырбагыла, ыйлатпагыла, баласы да оорулуу болуп калды. Тиги дүйнөдө тынчыраак жатайын" деген керээзин айтып кеткен.

"ДАРЫГА ЭМЕС, НАНГА ДА АКЧА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ"

– Өзүм 5 бир тууганмын. Азыр Балыкчыда аскер кызматкери болуп иштеген инимдикинде турабыз. Жаңы эле үйлөнгөн, анын да өзүнүн оокаты бар. Үй беришсе деп Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигине жардам сурап кайрылганбыз. 2009-жылдан бери кезекте турабыз, бизге кезек жетпей койду. Уулум Жаныбекке доктурлар жазып берген дарыларды күндө беребиз. Аларды акча жетпегендиктен дааналап алабыз же карызга эптеп алып беребиз. Дарыга эле эмес, нанга да акча жетпей келет.
"Үмүтсүз – шайтан" деп айтылгандай, Назгүл айым уулунун сакайып кетишинен үмүт үзбөй келет. Тоодой тоскоолдуктар, караңгы түндөр... Бирок алардын артынан сөзсүз жаркырап атчу таңдар да келет деген ишеними чоң.

"Баламдын денесинин бир тарабы иштебейт. Андан тышкары талма оорусу тез-тез кармайт".


Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(34)
22.08.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
эхххх ушул наристелерде эмне күнөө, ушундай оор дартка чалдыгып, мен да жакында эле баламан ажырап калдым (анын да мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу) Аллахым шыпаасын берсе экен бул периштеледи кыйнабай эле
22.08.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
аллахым озу шыпаасын берсин.
22.08.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тел номери барбы?
22.08.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым шыпаа берип айыгып кетсин.
22.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ии,Кудай,бала берсен да ден-солугу менен бере кор.
22.08.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек бул жерде алсыздыгын коргозуп качып кеткен, эмне дейм мындай абал менинда башымдан отуп атат, менинда жолдошум мени таштап кеткен. Бирок менин балам канча аракет кылсамда, жашап кете албай калды аз эле убак жашап мени таштап кете берген. Мен озум жугуруп журуп акча тапкам, магада бир сомда бербей койгон. Мен ал алсыз таш боор жолдошумду бир кана Кудайга койдум, Алла Таалам озу жазасын берет. Куносу бар адамды, бирде болбосо бирде Алла Таалам жазалайт.
22.08.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Телефон номерин жазып койгулачы же банктагы эсебин, аздан болсо да жардам кылалы
22.08.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балким ооруу айрым адамдарга Аллахтын сыйлыгыдыр. Жогоруда айтып кеткендей "Жакшы коргон пендесине оор сыноолорду берет дегендей. Эмнеси болсо да сабыр кылуу менен аракет кылуу туура болот деп ойлойм.
22.08.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oshol tashtap ketken kishini sotko nerish kerek ,Joopkerchiligin surushturuu kerek ,muraldyk jaktan kylmysh eseptelet da bul araketi .
22.08.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
0770166550. Ушу номерге чалыныздар жардамым тийип калар
22.08.2016. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок эле дегенде смс жазып коюнузда мен озум чаламын. Атым Русланбек
23.08.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин!!!
23.08.2016. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым өз шыпаасын берсин!
23.08.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шпасын берсин
23.08.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетсин аллахым шпасын берип,сага да жаркыраган кун тийсин.
23.08.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу айбан экен оз уулун таштаган.
23.08.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таш боор тагдыр,таш боор ата.Эже сизге кудайым озу сабыр жана ден соолук берсин.
23.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай бала екен ,айыгып кетсин байкуш
23.08.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын берсин батырак сакайып кетишинди каалайм!!!!
23.08.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге куйоолор ушундай болот? Кичине эле аялы же балдары оорууга чалдыкса качып кетишет. Эртен озу оорууп калса жугун аялына балдарына артып жатып алат догурунуп. Мен атанмын мен куйоонмун деп. Беш кол тен эмес бирок азыр копчулук эркектер женил ойлуу ажыкыс болуп кетти кыйынчылыка моюну жарыбай
24.08.2016. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпасын берсин
24.08.2016. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай аянычтуу. Ушундай тагдырларды коруп, болор-болбос нерсеге наалыгандар тообо кылыш керек. Бир гана Аллахтан дуба кылып, шыпасын сурайбыз.
24.08.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантсе да озунун баласыго таштабай аялына каралашса болмок да
24.08.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа берип эч, нерсе корбогондой болуп, кыргыздын бычакка сап жигитеринин катарын толуктасын аминь! Эже сизге Сабыр.
26.08.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечеги кен болсун! Алла шыпаасын берсин жакшы болуп оз алдынча басып кетсин.
26.08.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай эркектерди атып салыш керек
27.08.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин. Сабр кылын эже!
27.08.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 миллионубуз бир сомдон которсок кана бир дарыланыуусуна жнтип калаар беле,,,жардам кылалы кайдыгер карабай кыргыз элим барсынбы???
28.08.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып кетиңиздер....Жогорудагы Русланбек деген акедей, боорукер инсанды кудайым сиздерге жолуктурсун.
28.08.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин, апасына сабыр,куч-кубат берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо