Эланора Аликова, актриса: "БИР ТУУГАНЧИК" ТАСМАСЫ ҮЧҮН КУРМАНДЫККА БАРГАМ"

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Эланора Аликованы күлкүгө сугарган "Бир тууганчик" тасмасында баш каарман Бакыттын сүйүктүүсүнүн ролун аткарган актриса катары тааныйбыз. Курагынан жаш көрүнүп карьерасына, үй-бүлөсүнө бирдей жетишкен актриса 2 уулдун апасы экенин билчү белеңиз?

Туулган жылы – 1988-жыл, 9-январь
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району
Билими – КМТУнун кийимдердин долбоорун көркөмдөп түзүү факультетин бүтүргөн
Тартылган тасмалары – "Миллиондук мелдеш", "Бир тууганчик"
Тартылган клиби – Арсен "Сени издеп"
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу, эже-сиңдиси бар
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси

– Эланора, аябай жаш көрүнөт экенсиз. 2 уулдун апасы экениңиз таң калычтуу болду...
– Мен 20 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум мен окуган мектепте 2 класс жогору окучу. Бир көчөдө жашагандыктан чогуу ойноп чоңойгонбуз. Ал мага болгону кошуна, тааныш эле болчу, жадакалса достордон да эмес элек. Мектепти бүтүп, 2 жылдан кийин Ысык-Көлдөн жолугуп калдык, ошондо ортодо сезимдер ойгонду. 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп баш коштук. Тун уулубуз күзүндө мектепке барат, экинчи уулубузга 8 ай болду.

– "Бир тууганчик" тасмасына кантип тартылып калдыңыз?
– Тасманын режиссёру Асхат Табалдиев менен көптөн бери таанышпыз. Асхат кастингге чакырганда да "мени футболдобойсуңарбы?" десем, "эмне дароо эле ушинтип жатасың, балким, биз издеп жүргөн каарман сенсиң?" деп калды. Чакырган жерине барсам Данияр Болотбеков, Бакыт Осмонканов бар экен. Кастингде аябай жакшы ойноп бердим. Ошондо алгачкы тартуу күндөрүнө караганда жакшы ойногондой туюлат. Бир жумадан кийин Асхат "биз сени алдык, куттуктайм!" деп сүйүнттү.
Тартуучу топтун ичинде тааныбаган адамдар көп болгондуктан башында ачыла албай жүрдүм. Кийин эмнеден уялмак элем? Алар деле мага окшогон адамдар да деп күндөн күнгө ачыла баштадым.

– Жолдошуңуз каршы болгон жокпу?
– Асхат менен жолдошум классташ. Ал "эгер Асхат тартып жатса, анда кызганууга негиз жок" деп мени колдоду. Тартуу процессинде жанымда жүрдү. Бардык учурда эмес, мисалы, Караколго мени менен уулум, күйөөм кошо барышты. Биринчи жолу "Миллиондук мелдеш" тасмасына тартылганда аябай кызганган.

– Тартуу аянтчасындагы кандай кызыктарды эстей аласыз?
– Тасмада жигитимди ата-энем менен тааныштырган учур бар го. Анда Бакыт дарынын күчү менен эсинен танып ата-энеме "концерт" коюп уят кылат эмеспи. Ошону тартып жатып күлө берип эзилип калганбыз. Тартуучу топ өздөрүн кармана албай күлүшкөн. Жадакалса үн оператору да күлкүсүн тыя албай калды. Анан Данияр Болотбеков "болду, бир дагы башка үн болбосун!" деп урушуп ордубузга койду. Ошондон кийин эптеп өзүбүзгө келип тарта баштадык.

– Бул тасманы көрбөгөн адам аз санда болсо керек. Көчөдө элдер сизди таанып калышабы?
– Аз эле адамдар таанышат. Себеби мен тасмада "брюнеткамын". 10 жылдан бери "блондинка" болуп жүрүп, фильм үчүн чачымды кара түскө боёгом. Себеби тасмага жөнөкөй кыз керек болчу. Кара өңдү кетире албай көпкө кыйналып жүрдүм, бирок бул тасма үчүн татыктуу курмандык болчу.

– Качан чыгармачылыкка тартыла баштадыңыз?
– Кичинекей кезимде өзүмдү көрсөткөндү жактырат элем. КВНге, сулуулар сынагына катышып эле жүрчүмүн. Кийин түнт болуп кеткем. Убакыт өткөндөн кийин бир нерсе менен өзүмдү алаксытып, өзүмө болгон ишеничти арттыргым келип кастингдерге барып чыгармачылыкка аралаша баштадым.

– Интернеттеги баракчаңызды карап отуруп сүрөттөрүңүзгө суктандым. Фотосессия сиз үчүн эмне?
– Фотосессия мен үчүн жан дүйнөмө тынчтык тартуулаган азык десем болот. Кимдир бирөө маанайымды түшүрүп салган болсо, сүрөткө түшө баштаганда мунун баары заматта эч нерсе болбогондой унутулат. Капа болуп отуруп калсам жолдошум "жүрү, бул жакка барып келели" деп чакырып сүрөткө тарта баштайт. Интернетке жүктөлгөн сүрөттөрдүн көпчүлүгүн жолдошум тарткан.

– Келбетиңизди кантип бир калыпта сактап турасыз?
– Негизи бат толуп кетем. Ошондуктан төрөттөн кийин катуу диетага отургам. 4 ай бир гана гречка жеп, кефир ичкем. Бир аз толуп баратканда эле диета кармай калам. Машыгуучу залга жумасына 3 жолу барып 2,5 сааттан машыгып турам. Мага жеңил-желпи фитнес эмес, булчуңдарды чыңалткан машыгуулар жагат. Сулуулук салондоруна чачымды боётуш үчүн, тырмагымды жасатыш үчүн барып турам. Мен жеткен перфекционистмин, баары идеалдуу болушу керек. Азыркы чачымдын өңүнө жетиш үчүн көп чачтарач алмаштырдым.

– Балалыгыңыз кайсы жакта өттү эле? Дегеним, Нарында төрөлүптүрсүз...
– Мен кокусунан эле Нарында төрөлүп калгам (күлүп). Ата-энемдин жерлиги ошол жактан. Алар Бишкектен таанышып, бул жакта жашап калышкан. Апам декреттик өргүүдө жүргөндө жаңы жыл тоскону Нарынга барыптыр. Жумуш жасап кыйналган окшойт, 7 айлык кезимде эле ошол жактан көз жарыптыр.
Атам – балчы. Май айынан баштап облустарды аарылары менен кыдыра баштайт (күлүп). Атамдын жумушун жакшы түшүнө бербейм. Мен аларга барганда аарылар жашаган жашиктерди эле көрүп калам (күлүп). Апам болсо үй кожойкеси.
Мен 4 мектеп алмаштырдым. Мени мектепке 1 жаш кичүү сиңдим менен чогуу берип коюшуп классташ болуп калганбыз. Ал аябай тың, бир аз өзүмчүл сапаты бар болчу. Сиңдим менин "кислородумду" бууп, "тиги менен сүйлөш, муну менен сүйлөшпө!" деп башкара берчү. 11-класста анын бул каприздерин көтөрө албай, башка мектепке которулуп кеткем. Мен үчүн бул ийгиликтүү алгачкы кадам болгон. Биринчи жолу башка бирөөнүн ою, кысымы жок өз алдынча "сүзө" баштадым.

– Азыр сиңдиңиз менен мамилеңер кандай?
– Азыр аябай жакшы. Ал дагы турмушка чыгып, балалуу болгон. Бири-бирибизди колдоп турабыз.

"Жарнамалардын баарына эле тартыла бербейм. Мага жаккан гана кийимдердин брендин жарнамалайм".


Бир тууганчик" тасмасына тартылып жатканда башында аябай уялгам".


"Сүрөткө түшүүдө фотограф тандайм. Себеби баары эле артыкчылыкты көрсөтө албайт".


"Жолдошум балдарыма каралашып, жардам берип турат. Чыгармачылыгымды да колдойт".


Эланоранын инстаграмдагы баракчасында 50 миңден ашуун окурманы бар. Анын интернет баракчасы сулуу сүрөттөрү үчүн популярдуу.


"Тун уулум быйыл биринчи класска барат. Ал менин чексиз бактым".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(13)
22.08.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иииииз козулар. Бактылуу болгула!
22.08.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

Чын эле абдан жаш корунот экен уй-булолук бакыт калайм
22.08.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз аялын жарым жыланач, кыска юбка кийгизип суротко тартып, интернетке чыгарса? Ушуну искусство деп жатабы? Аялын
кызганбайт окшойт!? Бул деген искусство эмес оз аялын сексуалдык обьект катары боз улан бойдокторго жарнамалап жатат, бул деген чон куноо
22.08.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Krasavica!
22.08.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жакшы ойногом деп озун мактап коюш керек экен да
22.08.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Негизи жубайына ишенип бир бирин тушунсо ошол уй булолук бакыт жубайы тушунуктуу жана современной экен молодец сен экибалан бар отур уйдо дебей жубайын колдогону жакты мынданда чон чон ийгиликтерге жетесин буйурса
22.08.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менеджер миргулго окшошуп кетет . Суротко сулуу тушот экен. А киного башкача го.
23.08.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялын ар тараптан колдогон эркектерди обожаю
25.08.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
асмандан суйлойтко жакан емес жакпайт дагын
25.08.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошу жакшы адам экен молодец. Ушундай ар тараптан колдогон эркек жагат.
25.08.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сулуу экен!
26.08.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оба чындыгында кыйын экен эээээй.
27.09.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
миллиондогу мелдеште" образын сонун аткарган, олло жаккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо