ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ (фотороман)

№720 19-август-25-август, 2016-ж

(Болгон окуянын негизинде тартылды)


Кайрат Примбердиев деген ысым учурда көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, элибиздин сыймыгына айланды. Ар дайым жөнөкөйлүгүнөн жазбаган өжөр жана таланттуу ырчы мырзанын басып өткөн жолун, жашоодогу ийгиликтерин жана кыйынчылыктарын сүрөт менен баяндап бермекчибиз.


– Туулган жерим Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылы. Апам болсо Таластын кызы.


– Тилекке каршы, атам мен 8 айлык кезимде 27 жашында жүрөк оорудан улам каза болуп, апам мени жана 2 эжемди алып Таласка тайларыбызга көчүп кеткен экенбиз. Бирок апам мени жыл сайын чоң энеме алып барып турчу. Акыркы жолу 7-класста окуп жатканымда баргам. Ошондон көп өтпөй эле чоң энем каза болду, ошону менен туулган айылыма бара элекмин.


– Ошентип балалыгым Талас районунун Көк-Ой айылында өттү. Биздин айылдын жакшы аурасы бар болчу. "Атаң жок, жетимсиң" деп эч ким деле мени кемсинткен жок. Бирок өзүмдө менин атам жок деген ой жашачу.


– Бала чагымда боюм кичинекей болгону менен, шок элем. Бир ирет балдар менен ойноп жатып бир бала велосипедин бардык балдарга берип, мен сурасам бербей койду. Ачуум келип аны велосипединен түртүп жыгып, сабап салгам.


– Кечинде ал бала өңгүрөп ыйлап апасын ээрчитип келиптир. Ал эже жоош эле, апама акырын айтты. Апам болсо алардын көзүнчө кулагымдан чоюп, сабап койду. Ушул сыяктуу окуялар көп болчу.


– Апам Казакстандын Тараз деген шаарына барып соода кылчу. Ошол кезде жаныбыздагы кошуналарга караганда жакшыраак жашачубуз. Бир күнү апам банкрот болуп, үйдө эч нерсе жок калды. Эсимде, бир жолу уктап жатып таңга маал ойгонуп кетсем эле апам биздин баш жагыбызда отуруп алып Кудайга жалбарып ыйлап жатыптыр. Так ошол күн жүрөгүмдүн түпкүрүндө кетпес так боюнча кала берди.


– 1990-жылдардын аягында биздин үй-бүлө эле эмес, элдин көпчүлүгү кыйынчылыкта жашашты окшойт. Керек болсо "качан бизге ун алып келет?" деп гуманитардык жардам күтүп калган күндөр болгон. Ошол кезде уктаар алдында түркүн кыялдарга батар элем.


– Бала чагымда көчөдөн акча таап алууга жолдуу болчумун. Бир жолу 100 сомго жакын акча таап алгам. Ага 10 килограмм ун, май-чай, дагы көп нерсе келди. Апам байкуштун ошондогу кубанычы коюнуна батпай сүйүнгөнү али күнгө чейин эсимде.


Кыйынчылыкты көрүп чоңойгон Кайратка ийгилик кантип жылмаят? Атактуулукка жетишине кимдер себепкер болгон? Бул суроолорго гезитибиздин кийинки санынан жооп таба аласыздар.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(4)
22.08.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер эмне фото толук корсотпой жатат
22.08.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билбепмин ушул убакытка чейин,мен туулган айылдан болорун Кайрат Примбердиев
22.08.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин жердешибизгоо буга чейин билбепмин Туулган айылынызга келип турун
24.08.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Кулжадан екенин билбепмин жердешим турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо