"РИО-2016": АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА МЕДАЛДАН КУРУ КАЛДЫ

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Бразилияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча беттештер 17-августта старт алып, анда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта күчүн сынады. Ал алгачкы беттеште үй ээси бразилиялык Жойс Сильваны жеңип, чейрек финалдык кармашта Маарит Оллини 14:7 эсебинде тизе бүктүрдү. Эми эки беттешти утса алтын медаль күтүп алмак. Бирок...
Жарым финалдык таймашта чаалыгып калган биздин кыз орусиялык Валерия Кобловага утулуп калды. Эми индиялык атаандашты утуп, коло байгени илип кетүү зарыл эле. 3-орун үчүн беттеште балбаныбыз Индиянын спортчусу Малик Сакшини 5:0 эсебинде жеңип жатты. Бирок экинчи бөлүктө атаандаштын аракети ийгиликтүү болуп, коло медаль Сакшиге ыйгарылды. Беттештен соң Айсулуу апасына чалып, медалга жетпей калгандыгы үчүн кыргыз элинен кечирим сурагандыгы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан учур.
Балбан кызыбыз 5-орунду ээлегени менен, кыргыз эли үчүн медаль алгандай таасир калтырат. Анын ар бир беттешинде кашык каны калгыча кармашканы, дүйнөнүн мыкты балбандары менен тең тайлаша күрөшкөнү көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты. Кыргыз өлкөсүнүн курамындагы жалпы балбандар арасынан бир кызыбыз гана жарым финалга чыгышы калгандардын намысына тийгендей болду. Азырынча эркин күрөш боюнча балбандарыбыз беттештерге чыга элек, алар кандай көрсөткүч менен келерин күтүп туралы.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(17)
22.08.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Азаматсын сен кыргыз эли учун чемпионсун!
22.08.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
сенин 5 орунду алганын биз учун алтынга тете азаматсын
24.08.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Ырас болуптур...
22.08.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Айсулуу эже сизге ийгилик. Баары алдында буюрса дуйно чемпиону болосуз.
22.08.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айсулуу азамат аябай аракетчил,намысчыл экен.кыргыздын намысын болгон күчү м.н жан үрөп талашты,Айсулуу чоң рахмат сага.
22.08.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsyng Aisuluu! Biz uchun altyn ele aldyng
22.08.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сени менен сыймыктанабыз алтын кыз ! Европанын чемпионун тизе буктургонун озу жетиштуу ! Сенин мээнет ,аракетинди коруп ,баалап турдук! Сенден дагы да коптогон жеништерди кутобуз !
22.08.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Намыс","элим"деп ыйлаган сендей кыргыздын кызы бар экендиги элибизди абдан кубандырды. Ар дайым ден соолукта болуп,бар бол! Дагы да болсо ийгиликтер алдыда.
23.08.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу сиз кыргыз элинин сыймыктанган кызысыз.Сиз биз учун Алтын Кыз!!!
23.08.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темасын башкача койсонор болмок экен! Айсулуу алтын кыз ансыз да жаман акыбалда!
23.08.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Айсулуу!!!индиялыктар жюрилердин оозун басып койгону белгилуу эле болуп калды.Ишенип кой сенин келечегин алдыда.Андыктан талыкпай эмгектене бер.Ден соолук каалайм.
23.08.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу молодец!!!!!для нас ты уже золото завоевала!!!!ты боролась достойно!!!!
24.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алтын кыз, Кыргызстандын намысын чын дили менен коргоду, чыныгы Кыргыз, чыныгы патриотторубуздун бири.. Кыргызда ушундай кыздар кобойо берсин..
26.08.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Айсулуу эл сени менен
27.08.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик
28.08.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу эркек торосо ошо таза чемпион болот болду эми турмушка чыгып бактылуу уй булоо куруп жаша спорт деп журуп кур каласын баарынан эки олимпиадага барганын эле чон жетишкендик тебе больше нечего доказывать.Турмушка чыгып багын ачылсын барган жеринен.
28.08.2016. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозубузду ачып журоверсек биз д бардык нерседен куру калавыз....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо