ЫРЧЫЛАРДЫН АТАГЫН АРТТЫРГАН РЕМЕЙКТЕР

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Акыркы кезде ырчылардын ыр куржунунан бери дегенде 3-4 ремейк табууга болот. Даяр турган эски чыгармага "ашыккан" аткаруучулардын арасында ырдын түп нускасын бузуп алып сынга кабылгандар да бар. Бирок унутта калган кайрыктарды заманбап вариантта ырдап чыгып хитке айланткан аткаруучулардан куру эмеспиз.

Нурмат Садыров: "ТОРГОЮМ" КИРЕШЕЛҮҮ, АК ЖОЛТОЙ ЫР БОЛДУ"

"Торгоюм" деген ырды буга чейин көп эле ырчылар аткарып келишкен. Бирок Нурмат Садыров жаңы өмүр бергенден кийин эл арасында аябай популярдуу болуп кетти. Жадакалса бул ырды тойлордо улуу муундагы ырчылар ырдап жатып Нурматты көрсө өзүн ыңгайсыз сезген учурлар болот экен.
- Мен сүйгөн менен пайда жок" ырым Нурмат Садыров деген ысымды элге таанытса, элдин сүймөнчүгүнө айлансам деген кыялымды "Торгоюм" ишке ашырды. Былтыр шайлоодон тапкан каражатымдын баарын ушул ырга короттум. Мынчалык популярдуу болуп кетет деп күткөн эмесмин. Бирок бул ыр которгон акчамды эки эселеп актап берди. Буга чейин апам "балам, эски ырлардан ырдасаңчы" деп көп айтчу. Азыр "Торгоюмду" ырдаган менин балам" деп сыймыктанып калат.
Мен бала кезде жеке концертимди берип, апамды концертте элдин алдына алып чыгып гүл берсем деп кыялданчумун. Бул кыялыма да "Торгоюм" ыры аркылуу жеттим. Учурда Нурмат атым өчүп, "Торгоюм" болуп калдым. Тойлордо бул ырды ырдасам эл жыргап бийлешет, аларга кошулуп бийлеп жатып тердеп да кетем. Бир жолу мен ырдап жатканда тартылган видеону көрбөй эле Инстаграмга киргизип койгом, эртеси чалып "видеону алып койчу" деп суранышты, көрсө, бир эже бийлеп жатып жыгылып кеткен экен.
Дагы бир тойдо тамада кары апа басып кыйналбасын деп микрофонду ал отурган столго алып барып, сүйлөтүп бата алып жаткан. Анан эле мен "Торгоюмду" ырдап жатсам баса албайт деген апа бийлеп келип, жүз аарчысы менен теримди аарчып, бетимден өөп, батасын берип жатпайбы. "Торгоюм" тойдогу эже-жеңелерди жыгылганча бийлеткен, апаларыбыздын жаштыгын эстеткен, мага киреше алып келген ак жолтой ыр болду.

Аскат Мусабеков: "ЖАМИЛЯНЫ" ЫРДОО СТУДЕНТ КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМ"

Аскат Мусабеков Бек Борбиевдин "Жамиля" аттуу ырын жаңылап ырдап чыккан варианты бул жылы хит ырлардын катарында болду. Үй-бүлөлүү аялга ашык болгон махабат ырын жүрөккө жеткире оболотуп, жаңы өмүр берген Аскат мырза чыгарманын тарыхына өзү токтолсун:
- Бул ырды студент кезимен эле жакшы көрчүмүн. Кандай кылып ырдасам болот деп ойлоно берет элем. Былтыр Бек байке менен жолугуп калып "ушул ырыңызды ырдагым келип жүрөт" деп уруксатын алгам. "Жамиля" деп кыйкырган жерин аранжировкачы Жылдызбек Кадыркулов менен кеңешип коштук. Менимче, бул жакшы табылга болду окшойт. Аны ырдын "фишкасы", өзгөчөлүгү десем болот. Анын үстүнө өзүм да таасирленип, эргүү келип ырдадым.
Ошентип студент кезде ойлоп жүргөн максатым ишке ашты. Чыгарма ушундай популярдуулукка жетпесе да, элге жагат деп ойлогом. Автордон өзгөчөлөнтүп ырдабасам да, жан дүйнөм каалаган нерсени жасадым. Ырга, буюрса, жакын арада жакшы клип тартылганы турат. Бул ырды "мурунку ырларды жаңылап аткарса, сөзсүз популярдуу болуп кетет" деген ойдо аткарган эмесмин. Жаштар арасында элдин табитине татыгыдай кайрык жараткан обончулар жок болгонуна байланыштуу эски ырларды жаңыртып аткарууга туура келип жатат.

Ильяз Андаш: "СЕЙДАКМАТТЫН ЫРЫ" ТАМАША СӨЗДӨН УЛАМ ЖАЗЫЛГАН"

Ильяз Андаш менен Куралбек Чокоевдин "Сейдакматтын ыры" ар бир тойдо жаңырып конокторду бийлетип жаткан кези. "Ак кеме" тасмасы үчүн жазылган тамашалуу бул ырга сахналаш достор жаңы "көйнөк кийгизип" популярдуу кылышты. Ильяз Андаштын айтымында, аталган чыгарманы жаңылап иштеп чыгып элге жайылтууга
3 миң доллар сарпталган:

- Курал экөөбүз тойлордо дайыма жолугуп калчубуз. Күндөрдүн биринде тамашалап "чогуу ыр жазып койбойлубу?" деген сөз чыгып калган. Былтыр жайында Караколдо жүрсөм Курал чалып "Ак кеме" тасмасындагы Сейдакмат аткарган ырды уксаң, жакшы угулат экен" деп калды. Кинону көрүп баштасам Мукан байке (ред. Рыскулбеков) чөпкө жатып алып "адыр-адыр тоолордон" деп шаңдуу ырдайт экен. Мурда Мукан байкенин ырын ырдап эле жүргөм да, анын үстүнө караколдук эмеспи. Дароо кызына бардым, себеби ырлары азыр анын карамагында. Ал бизге "элге жайылткыла" деп ырды бекер берди. Ыр радиолордо жаңырып, бир айда эле хитке айланды.
Бул ырды "таптап" туруп чыгардык. Эгер жеңил-желпи ырдап койгонубузда элге алынмак эмес. Ыр өзү күлүк болчу, ошого жараша акчаны көп сарптадык. Кээ бирлер отуруп алып "уурдалган ыр, казактардын ыры" деп айтып чыгышты. Биз "Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Ак кеме" тасмасындагы ыр" деп далилдеп жатып кыргыз ыры кылганбыз.
"Күлүк аттын ээси көп болот" дегендей, талашкандар көп болду. Азыр көптөгөн ырларды басып өттү, тойлор бул ырсыз өтпөйт. Ырдын айрым сөздөрүн өзгөртүүгө туура келди. Киного арналып жазылгандыктан "арак ичели, Аман байкебиздин арагын таң атканча ичели, деги койчу, дагы-дагы ичели" деп ырдалат. Союз учурунда "арак" деген сөздү жеңил эле кабыл алышчу. Азыр динге берилгендер көбөйүп, көбү арак ичпей калышты. Ошондуктан бул ырды "адал" кылууну максат кылып "арак" дегенди "айран, кефир, кымыз, чийки суу" деген сөздөргө алмаштырганбыз.

Динара Абдыкадырова,
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Атактууларга атактуулук кошкон эски ырлар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
20.08.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
Медиа-портал
20.08.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizat jurnalist kyz ayabai jagat.embege al jok
Медиа-портал
20.08.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aselina87,турмушка чыкса керек ал сулуу
SUPER.KG видео
21.08.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туурмушка чыккан ооба. Бирок иштеп жататко.
22.08.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкасам Ильяздан башкасы баары эски ырларды ырдап чыгыптыр... ырдасанар да мейли жок дегенде создорун озгортпой ырдагылачы бай болгурлар
22.08.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
lexus47, причем тут Ильяз? Бир болсо ошонун фанаты окшойсун? )))
22.08.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatkg,А причем тут фанат? так и есть карап корсон ошондой элекенда Ильяз бирда жолу эски ырларды аткарбаптыр...
23.08.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lexus47,Кайсы Ильяз экоо тен эски ырларды ырдаганы бар ильяз андаш дуйнодо сени суйгон бир адам бар а абдыразаков аста аста жамиля деген ырлар эски ырлар
22.08.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат Садыровдун инстаграмдагы бир эже жыгылып кеткен видеосун коргом.Азаматсыз Нурмат байке
22.08.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эски ырларды ырдаш боюнча 1орунда Самара Каримова болсо керек.
23.08.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jany-aryk,Эски ырларды ырдаганы мн соонун кылып ырдайт,азыркы ырчылардын ырынын мааниси жок сапаты жок Мисалга алсак,Куууун ысыккы ушулда ыр болдубу айтчы?Мени азыркы жаш ырчылардын ыры канаттандырбайт обу жок ырлар,Самара эскини ырдап чыксада уккулуктуу ырлары!Мышык майга жетпей сасык дептир дегенден болбо!
24.08.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guli000, " Кун ыссыккы" деген ыр кинодон алынган. Сценарист ошентип жазган аны аткарып койгон. Атайлап ырдаган эмес. Ал эми Самара Каримовага келсек. Соонун ырдайт бирок айрымдарын. Мисалы " Классташым " деген ырды жакшы ырдамак тугул бузуп койгон.
22.08.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эски ырларга не жетсин...соонун да кантсе да...эми эски ырлардын да жанын койбой биздин чанжырбай ырчылар жон ырдабай бурмалап жатат мисалы алыс кетпей ле карасак Кайрат Примбердинин уулу Жакшы кором озундуну ырдаганын...бул ыр эмес...ХХХ каналардын ыры...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-23 09:52:17
23.08.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oilonchu92, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
23.08.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oilonchu92,Эн туура магада ушул Кайраттын жакшы кором озунду ыры жакпады бетке айткандын заары жок,ушул ырды клиби мн корсом мултик коргондой эле болом!
23.08.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ийгилик,жаш ырчыларга!! Бирок бирисинда тааныбайт экем..
24.08.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter, Апей ушул ырчыларыбызды тааныбасаныз... Анда Кыргыз эстрадасынан кыйла арта калыпсыз... :-D
23.08.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору жаныдан жеткиликтуу ыр чыгара албаса эскини ырдайтда анан
23.08.2016. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсода Бул жигиттердин ырларын эл суйуп турат баарынар элдин маанайын которуп жатасынар а мен нурматтын баардык тараптан талантын коруп жакшы кором сыйлайм дагы жакшы ырлардан кутобуз баарыныздардан
23.08.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баспаган кемпирди бастырып жиберди деп өзүн өзгөчө ойлогонун коюшпайт да биздин ырчы сөөрөйлөр. Чындап баспагандарды бастырып жиберсе оорукананын алдына барып ырдасынчы баспагандар басып кетсин. Анан да ушул макаладан кийин ой кетти бүгүнкү ырчылардын деңгээли той менен гана бааланып, тойлор менен гана чектелип калыптыр.
23.08.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тойдо коп акча берсе той менен бааланса керек сахнада коп акча тапканда сахна менен бааланмак кандай болсо да оздорунун насибесин таап жеп жатыптыр иштерине ийгилик
23.08.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ырчылардын баары тойго ылайыктап ыр чыгарып калышты. Кризисте баары эле шоу бизнес эмес ,той бизнеске кирип кетишти.
23.08.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат байке Жамиляга жакшы клип кутобуз. Аябай жагат ырыныз.
24.08.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп деле жакшы эмес , фонограммасы жок ырдаганынар менен клиптеги унунор такыр башка. Аскат Мусабеков , Жамила деп кыйкырбай эле койбопсуз интервьюда ...
26.08.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча жакшы эле ырдашкан бул ырчылар , безде озу ыр угучу эмес сынчылар коп, башын оруйт алардан, калп эле зериккенде жаза беришет .жакпаса укпа корбо ,бекерчилер жаза беришет .
26.08.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик
28.08.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эски ырларлы жаштар ырдаса,бир чети жакшы...анткени кайрадан хит болуп, унутулбай көбүрөөк ырдалат да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо