Нурсултан Азыкбаев, ырчы: "ЫРЧЫЛАРДЫН АРАСЫНАН ГРИГОРИЙ ЛЕПС МЕНИ ТАНДАДЫ"

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Орусиянын "Жаңы толкун-2016" жаш ырчылардын сынагына мекенибиздин атынан Нурсултан Азыкбаев катышат. Бул жигиттин фамилиясы тааныш угулуп жатабы? Андай болсо бекеринен эмес, себеби жаш талант белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаевдин уулу. Белгилей кетсек, аталган сынакта акыркы 2 жылдан бери кыргыз жеринин желеги желбирей элек. Ага катышканы барган ырчылар тандоо турунан эле кулап калышкан. Бул жылы Нурсултан орусиялык алп музыканттардан куралган калыстар тобунун купулуна толуп, өлкөбүздүн намысын коргош үчүн Сочиге сапар алды.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү
– 1995-жыл, 1-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын флейта классын бүтүргөн
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
Кол ойноткон аспаптары – Фортепиано, флейта, чопо чоор, саксофон, комуз
Билген тилдери – Орус, англис, немис
Бош убактысында – Футбол, бильярд ойноп, кышында сноуборд, лыжа тебет
Көтөргөн телефону – iPhone 5S
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Кийинүү стили – Casual
Кыялындагы унаа маркасы – Rolls-Royce Phantom

– Нурсултан, "Жаңы толкун" сынагына даярдыктар кандай жүрүп жатат?
– Рахмат, буюрса, даярдыктар жакшы. Ырларымды Казакстандан сапаттуу кылып жаздырып келдим. Бул менин дебюттук сынагым. Тандоо туруна 600 ырчы катышып, арасынан 16сы гана иргелип алынды. Электе калгандардын арасында болгонума кубанып жатам.

– Кайсы ырларды аткармай болдуң?
– Бул жылы сынакка дүйнөлүк жылдыздардан британиялык ырчы Стинг конок катары келет экен. Сынактын биринчи күнү дүйнөлүк тасмалардын саундтректерин ырдайбыз. Мен француз режиссёру Люк Бессондун "Леон" деген тасмасында Стингдин аткаруусундагы "Shape of my heart" ("Жүрөгүмдүн калыбы") саундтрегин тандадым. Стингдин чыгармасын аткарып жатканда ага сюрприз кылып кайырмасын флейтада ойнойм. Муну менен ырчылык гана эмес, музыкалык дареметимди көрсөткүм келет. Экинчи күнү орус композитору Виктор Дробыштын чыгармаларын орусиялык ырчылар менен биргеликте ырдайбыз. Башында мага Стас Пьеха туш келген. Бирок кийин мени Дима Билан тандаптыр, андан кайра Григорий Лепске өттүм. Лепс менен жаңы ыр даярдап жатабыз. Сынактын үчүнчү күнү репертуарымдагы өзүм 2 жыл мурун жараткан "Аттиң, ай" деген ырымды аткарам.

– Григорий Лепс сени кантип тандап калыптыр? Өзүңө 3 ырчынын ичинен кимиси жагат?
– Лепс ырларымды угуп, "мага кыргызстандык бала жакты" дептир. Ал тембримди, ырдоо манерамды жактырса керек деп ойлойм. Мени тандаган 3 ырчы тең жакшы. Бирок көңүлүмө Григорий Лепс жагат. Аны менен бир сахнада тердесе болот, андан башкача энергетика чыгып турат (күлүп).

– Сынакта жеңем деген ишеним барбы?
– Менде баш байгеге татыктуумун деген ишеним бар. Ким жеңет, муну Кудай эле билет деңизчи, бирок баш байгени илип кетүүгө аракетим – 100 пайыз.

– Ысымыңды Казакстандын ажосу Нурсултан Назарбаев койгонун билебиз...
– Нурсултан Назарбаевге атамдын чыгармачылыгы жагат. Туулган күнүнө көп жолу барып келгем. Ал дагы мени жакшы тааныйт. 1995-жылы атамды бир кечеде аспапта ойноп жаткан жеринен тамакка чакырыптыр. Сүйлөшүп жатканда атам "бүгүн жубайым уул төрөдү, атын ким коюшту билбей жатам" десе, Назарбаев ордунан туруп "Нурсултан деп кой" деп каалоо-тилегин айтыптыр. Ошондуктан "атымды Назарбаев койгон" деген сыймыктануу сезими жашайт.

– Музыка дүйнөсүнө Курмангазы агайдын таасири менен келдиңби?
– Ооба. Атам кичинекей кезимде саксофон ойноп, ырларды угузуп жүрүп чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырды. Атам дайыма мени жанында алып жүрчү, барабандын арасында уктаган күндөр болгон. Ошонун баары таасирин тийгизет экен да.

– Сени Мирбек Атабековго окшоштурушат...
– Бир эле Мирбек байкеге эмес, Жастин Биберге да окшоштурушат. Тандоо турунда орус композитору Игорь Крутойдон жагымдуу комплимент уккам. Ал жаныма келип, далыма колун коюп "чачыңды өстүр, актёр Киану Ривзге окшошуп каласың" деген. Сакал-мурутум өсүп калганда болсо Леонардо Ди Каприого окшоштуруп калышат (күлүп).

– Маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!

"Энесай" тобу менен көптөгөн мамлекеттик иш-чараларга катышкам. Азыр өз алдымча чыгармачылыгымды улантууга аракет кылып жатам".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Атымды Нурсултан Назарбаев койгон" дейт Нурсултан Азыкбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
Медиа-портал
27.08.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озуно ишенген акылдуу бала экен.Ийгилик!!!!
Медиа-портал
27.08.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Akkan aryktan suu agat, demekchi, atasy mykty muzykant, iygilikterdi kaalaim, kelechegin ken bolsun.
Медиа-портал
27.08.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birin4i synaka baryp granprini jenip kelip anan gran prige juz paiyz tatyktuumun dese bolmok eken.

Yigilik.
SUPER.KG видео
27.08.2016. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озуно ишенген тын бала экен. Ийгилик Нурсултан. Новая волнаны кутобуз, Жана Талантын оркундой берсин. Ушундай акылдуу, сабатту жаштар кобойо берсин!!! Бизге аябай керек!!!
SUPER.KG видео
27.08.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, мыкты талантты бар жана озуно ишенген бала экен.Тилегин орундалып гран прини утушуна тилектешмин.азыркы акча учун озун пиарлап Бир эки ыр жазып популярнуумун деген ырчылар сабак алса болгудай.
SUPER.KG видео
27.08.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат,аябай грамотный тын бала экен.
Медиа-портал
27.08.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик коштосун!
Жакшы жанылык күтөбүз!

SUPER.KG видео
28.08.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таттыкту таланттуу бала
SUPER.KG видео
29.08.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайлы! Байгелуу кел!
29.08.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
Медиа-портал
29.08.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!Кыргызстанды татыктуу денгээлде көрсөтөрүңө ишенем!!
zolotay түзөттү 2016-08-29 22:14:56
29.08.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын намысын колдон бербе алга
30.08.2016. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
30.08.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ийгилик!!!
02.09.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турушу 14500 экен:)тамаша достор. Нурсултанга ийгилик каалайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо