№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиада оюндарында балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын беттештерине бүт элибиз назар салып, медалга жетсе экен деп тиленип турду. Мыкты кармаштарды тартуулаган спортчубуз жарым финалда жана коло үчүн беттеште жеңилсе дагы кыргыз элинин сүймөнчүгү болуп кала берет.
– Бул сиздин катышкан экинчи Олимпиадаңыз. Лондон менен Рионун айырмасы дароо сезилсе керек?
– Балбандар мелдешке 10 күн калганда Риого жөнөп кеткенбиз. Барганда эле дароо көнүп кеттим. Абасы да таза экен. Машыгуулар да жеңил болуп жатты, чарчоо дегенди сезген жокмун. Күнү күндөй, түнү түндөй эле өтүп жатты. Мага Рио абдан жакты.
– Олимпиадага болгон даярдыгыңыз кандай эле? Медалга жетем деп өзүңүзгө канчалык ишенип жаттыңыз?
– 4 жыл бою машыгуулардын, эмгектин үзүрүн көрөбүз деген максат менен Олимпиадага бардык. Күрөшүү үчүн толугу менен даяр болчумун, мыкты спорттук калыбымда элем. Алтын медаль үчүн күрөшүү, бери дегенде коло байге алууну көздөгөм. Мени колдогон күйөрмандарга алардын ишеничин келечекте толугу менен актайм деп айткым келет.
– Коло байге үчүн беттештин биринчи бөлүгүндө 5:0 менен индиялык балбанды утуп жаттыңыз эле. Экинчи бөлүктө эмне болуп кетти?
– Килемге чыгып жатканда утулайын деп чыккан жокмун. Бир пайыз калганча өзүмдү, болгон күчүмдү арнадым. Билген ыкмаларымды колдондум. Бардык аракеттеримди жумшадым, өзүмдү эч аяган жокмун. Спортто ушундай. Беттештен соң килем үстүндөгү эки балбан тең ыйлап чыгат, бирөөсү утулганынан, экинчиси утуп алганынан.
– Бул жеңилүү сиз үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн да абдан оор тийди. Беттештен соң абдан ыза болгонуңуз айтпаса да түшүнүктүү...
– Ушундай ичим ачышты. Ызаландым. Айтылбаган сезимдер болду. Бирок ошол нерседен чөккөн жокмун. Жашоо улана берет. Ар бир кыймыл-аракет, ар бир беттеш чоң сабак болду. Анын бардыгын күндөлүгүмө жазып алдым. Кетирген каталарымды талдап, келечекте мындан да мыкты болууга аракет кылышым керек.
– Риодо өткөргөн беттештериңиз менен кыргыз эли сыймыктанбай койбойт. Сиз үчүн Бразилия өлкөсү эмнеси менен эсте калды?
– Бош убакытта Риону кыдырып көргөндө бразилиялыктардын жашоосу биздикинен төмөн сезилди. Бирок ошого карабастан жашоого болгон көз карашы жеңил, шайыр, күлүп жүрүшөт экен. Олимпиада оюндарын да жогорку деңгээлде тосуп, жакшы жагынан көрсөтүштү.
– Бул Олимпиада оюндары чоң тажрыйба, сабак болду. Эми келечекке кандай максаттарды коюудасыз? "Токио-2020" оюндарында Айсулуу Тыныбекованы көрө алабызбы?
– Алдыда кандай кыйынчылыктар турса дагы койгон максаттарымды аткарууга болгон аракетимди жумшайм. "Токио-2020" Олимпиадасында алтын медаль тагынып, кыргыз элин сүйүнтмөйүнчө жеке жашоомду да ойлобойм.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
8
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Олимпиада оюундарына аз калганда күжүрмөн даярдыкты башташат, аз убакытта эч бир ийгиликке жетише албайсың, 4 жыл бою күчөтүлгөн режимде тренировка кылыш керек.Ошондо ийгилик жылмаят, кээде барып кээде барбай таза машыгыш керек, олимпиадага 3-4 ай калганда жанталашпай, анан дагы көңүл менен катышыш керек.