Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"САЛТТЫН АЙЫНАН ЭКИ ЖАК УРУШУП КЕТИШТИ"

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Кыргыздын нарктуу жана каадалуу салттары абдан көп. Алардын көбү кыргыздын укум-тукумунан бери колдонулуп келген жана келе бермекчи. Бирок мына ушундай тарыхы бар салттардан айырмаланганы же ойго келбегендери да жашообузда кездешет. Бул сапар кээ бир таң калычтуу же күлкүлүү салттар тууралуу кеп козгоону туура көрдүк.

ТОЙДУ ЫЗЫ-ЧУУГА АЙЛАНТКАН СЕП БЕРҮҮ САЛТЫ

"Жакында Баткен тарапка тойго барып, ал жакта кызыктай окуяга күбө болдум" деген Гүлнази Сабырова аттуу каарманыбыз төмөнкү окуяны айтып берди:

– Жакында курбу кызым турмушка чыгып, Баткенге тойго бардым. Барганда эле курбумдун бөлмөсүндө тирелген жууркандардын көптүгү мени таң калтырды. Эмнеге көп экенин сурасам, курбум "бизде сеп ушундай болот, буларга канча пахта кеткенин сен сураба, мен айтпайын" деди. Мындайды көрбөгөн жаным таң калдым. Ошентип той күнү да келди. Той бүтүп, эртеси курбумдун апасы «кыз көрмөй деген бар» деп жалаң гана аялдарды ээрчитип, күйөө баласынын үйүнө септи кошо алып жөнөп калдык. Конок болуп отурсак, курбум "апам себимди тапшырат экен" деп калды. Куда-кудагыйлар, курбумдун кайната-кайненесинин туугандары тизилип калышты. Көрсө, келиндин апасы алардын ар бирине килем, экиден жууркан жана жаздыкча арнап бериши керек экен. Аяш энем аларды четинен таратып баштады, бир убакта эле жетпей калса болобу. Ортодо ызы-чуу түшүп, ар кандай кептер айтылып кетти. Жини келген аяш энем сепке алып келген кызынын жуурканынан алып, жетпей калгандарга берип кутулду. Куда тарап ар кимиси тийген буюмдарын бири-бириникине салыштырып, ызылдашып жатышты. Өзү бирөөгө бүлө болуп, көнө албай жаткан курбум бушайман болуп, мага "билесиңби, ушундай нерселер ата-энемди кыйнап койду. Биздин бактыбызды тилегендин ордуна, карабайсыңбы, чыр чыгарып жатышат" деп үшкүрүк тартып отуруп калды.
Албетте, салт деген салт, бирок куда тараптын туугандары өтө көп болуп калса, байкуш кыз берген тараптын эле шайы кетип калат өңдүү.

КЫЗДЫН БАГЫ МЕНЕН ОЙНОГОН "КЕМПИР ӨЛДҮ" САЛТЫ

Дагы бир каарманыбыз Гүлмира Мамбетова аттуу Кочкор районунун тургуну той-ашта көргөн салттарын таң калуу менен айтып берди:
– Мага кээ бир салттарыбыз жакпайт. Мисалы, кыз ала качууда колдонулган «кемпир өлдү» көп жерде өтө эле кеңири тараган. Эгерде ала качылган кыз отурбай койсо, босогого кемпир жата калат. Ушул салт далайлардын багын байлап же болбосо, тескерисинче, бактылуу кылат.
Ошондой эле Оштун кээ бир айылдарында жеңелер күйөө баланын досторунун бут кийимдерин катып алып, акча талап кылмайлары да бар. Кызыктуусу, бул салтты билгендер алдын ала колдоруна целлофан баштык ала жүрүшөт экен. Отурган жерлери булганбаш үчүн бут кийимин чечпей баштыкты кийип же болбосо чечип туруп ала барган баштыктарга салып жанына коюп алышат.
Нарын жергесинде да "маасы чечмей" сыяктуу салттар кээ бир аймактарында колдонулат. Анда башкы кудагыйдын жатар алдында маасысын чечип, коноктоп жаткан жак "жинди суудан" беришип, ага ырымдап акча алышат.

ЭКИ ЖАШТЫ ЧОЧУТКАН ЖЕҢЕЛЕР

Дагы бир каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Эрболот Касымов төмөндөгүдөй салт жапайычылыктын бир түрү деп белгилеп өттү.

– Кээ бир салттар мен үчүн акмакчылыкты жана жапайычылыкты билгизет. Мен андай түркөйлүк салтка жол бербейм. Мисалы, бизде жана кээ бир жерлерде «нике түндө аңдымай» деген салт бар. Анда жеңелер эки жашты аңдып, ал тургай шаштырышат. Күтүп отуруп шейшепти алып барып сүйүнчү алмай деген жоругу жолдо калган нерсе бар. Ал маселе мага жана менин аялыма гана тийиштүү да, туурабы?! Эмне кереги бар, жеңелердин эшик артында күтүп отуруусу, эмне кереги бар аңдыганы?! Мен мындай көрүнүштү үйлөнсөм колдонбойм жана башкаларга да керектүү салттарды гана колдонуп, керектүүлөрүн иргеп алалы деп айтар элем.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

СИЗДИ ОҢТОЙСУЗ АБАЛГА КАЛТЫРГАН САЛТТАРДЫ КЕЗИКТИРДИҢИЗ БЕЛЕ?

Кылымай Шорукова, 18 жашта, Талас облусу:

– Эжем турмушка чыкканда жездемдин туугандары чоң кашык сары майды эжемдин оозуна салып, башына ун чачышкан. Эжем агала болуп эле жатып калган. Анан "тердетмей" деген салт бар экен. Анда куда болуп барган тарапты чайга киргизип, жеңелер бир банканы чай ичкен столдун үстүнө коюп коюшат да, ага куда тарап акча салышы керек экен.

Слан Алимбеков,59 жашта, Бишкек шаары:

– Кыргыздын салттарын колдонуш керек, бирок чеги менен. Дегеним, куда келерде алдынан аркан тосуп чыгып, акча сураган салт мурда жок болчу да. Азыр эле аны биз салт кылып алдык. Ушуга окшогон салттардын кереги деле жок деп ойлойм. Кандай болгон күндө да кыргыз салттары кымбат, аны балдарыбызга айта жүрүшүбүз шарт.

Фатима Алиева, 55 жашта, Бишкек шаары:

– Жалал-Абаддан болгондуктан жолдошум каза болгондо кырк күнү кара кийинип, бир жылга чейин аш-тойлорго барбай, "көк кийди" болуп, анан "ак кийди" деген салттарды башыман өткөрдүм. Ошондой эле жанагы "ак кийдиде" майрам кылышып, бири-бирине алтын сөйкө же шакек бергени, кийит кийгизишкени мага көп жакпайт.

Тургунайым Бекташова, 64 жашта, Бишкек шаары:

– Жакында коңшум келин алып, ошондо бир башкача жаңы салттарды көрдүм. Коңшум Баткенден болгондуктанбы же билбейм, келинин 3 күн бою көрө алган жокпуз. Бизде келин келер менен эле жоолук көтөрүп барып көрө беребиз да. Анысы го мейли, анан 3 күндөн кийин келинди чыгарып, колуна чөмүч карматып алып жүгүнтүшкөнү башкача көрүндү.

Азим Олжобаев, 22 жашта, Бишкек шаары:

– Бир досум Аксыдан үйлөнгөн. Ал жердин салты боюнча күйөө балага өпкө чабышат экен. Досумдун кийими кан болбосун деп үстүнө эски көйнөктү жаап, койдун өпкөсүн чаап жатканда апасына бирөө "балаңдын үстүнө ыштан жаап коюшуптур" деген. Ал сөздү угары менен эки кудагый урушуп, той ыйга айланып кеткен.

Ширин Жумаканова, 71 жашта, Тогуз-Торо району:

– Азыркы учурда куда тоскондо "түштөнтүү" деген нерсе модага айланып баратат. Себеби азыр кимде ким куда тоскон болсо, меймандар сөзсүз эки-үчтөн ашык үйлөргө конок болуп кетишет. Бул деген аша чапкандык да, анткени канча адам ошол конок үчүн даярданып акча коротуп жатышат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(64)
29.08.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
8- жолу эт тартып болгон ашты бир кундо туготуп эртеси тиштин кирин соруп отуруп калабыз Кыргыздар. Ушундай куру намыстын айынан Кыргызстан бутуна тура албай жатат. Орустарда адам каза болсо борщ жазап эле комуп коюшат, биздиклер болсо кеминде эле 3 жылкы союп казан, казан, эт асышат, ошончо этти жеп алып анан журокко куч келип инфаркт, инсульт болуп жыгылып, кайра болгон байлыгын врачтаргра куюп беришет мындай салттар элдин жакшы жашоосуна терс таасирин тийгизп жатат.
Eliza-2014 түзөттү 2016-08-29 13:38:38
29.08.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошто кыз берген жак,пахта,май,ширенке,күрүч,сабиз,нан алдырышат экен. ХХХ ХХХ анан нике түнү жаштарга төшөк салып берип болгула деп шаштырып,анан жаштарды жуундурушат экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-29 14:55:29
29.08.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
fanatka19, аймактык бөлүүчүлүк маанисиндеги, элге түшүнбөстүк жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
29.08.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19,сен оштуктардын оздорунунда оозун ачырдынго пахта,май,ширенке,күрүч,сабиз эмнеге алатекен шаштырышатекен дегенини деле оюнан чыгарып койдунбу дейм азыр мурунку замандай эмеско болмонун ичинен кулпулап койсо эмне болбойт бекен
30.08.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
joysin777,сага күйөөмдүн нигинен жооп жазып алыптырмын,аз жерден калдым да)).эшикти жаап коюп күтүп турушат экен,улам улам ай бала бол таң атып баратат деп коюшуп.анан кыз бакырганда чуркап кирип барышып болду тур,дольше болбойт))деп тургузуп жиберишет экен.аа баса жатаардын алдын күйөө баланы даярдашыбыз керек деп кыздын жеңелери жумурткаларды бышырып беришет экен.
31.08.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19,сен Жаливуддун кайсыл жеринде болдун тообаааа.Мен да Жаливудданмын,и жакыында эле жене болдум.Куйоо бала мн кызды болмосуно киргизип коюп жабышып жатып биз да уктадык ай.Андыган ал илгери болчу,бизде деле азыр андыбай эле калышкан...)))Анан жумуртка берет дегенин ал сенин фантазиян окшойт.Андай немени сенден угуп жатам.
29.08.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
салт туралуу бир кызык окуя эсиме тушту мен Туштук жеринен болом бир айылдык байке Ыссык колдон уйлонгон анан ал байке уйундо бозо сатчуу уйлонгондон кийин бир жума убакыт отконсон бир куну эрте турса эле келинчеги бозо ичкени келген адамдарга жугунуп журот дейт эй аларга эмне жугунуп атасын десе жаны келген келин айтып койбойсунбу мен кайдан билейн сенин туугандарын экен деп бир жумадан бери жугунуп журбоймбу деп коет дейт
29.08.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ баарында бар мындай тошок эмне болуптур бактылуу болсо болду
29.08.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Биз Чуйлуктордуку эле соонун. Илгерки салттарды эле колдонобуз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-29 16:28:31
02.09.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,Таарынбаныз. Чуйдо салт деген калган жок окшойт.
29.08.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
биир септин айынан канчалаган уйбулоо жабыр тартат буюм табылат бирок бакыт табылбайт го акыры
29.08.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jalal Abaddyn jenelerinin andygany tan kaldyrdy ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-29 16:42:17
29.08.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
engel, аймак аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
29.08.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
engel,)))))андытпай койсо балееге калбайбы нака? Жалаа жабып чыгышат ошону учун андышат. Жуунтушканы вообщим убивает да.))))
29.08.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
engel,менин жалал-абаддык подружкам турмушка чыкканда менда коргом ушул окуяны тойдон кийин мен дагы эки женеси болуп куйоонун уйуно алпардык анан экоону тошокко киргизгенден кийин эле жарым саатка жетпей женелери эшикти тыкылдатып куйоо бала бол эрте шейшепти алып чыгып бер дешсе болобу тим эле замок салынчу тешигинен шыкаалашып тыншашып айтор шок болгом ошондо)))
31.08.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidiger,илгерки эски женелер болсо керек да.Бизде андай эмес,эртеси куйоо баланын ыраазылыгын сурап коебуз,болду ошол мн бактылуу болгула деп кетип калабыз,тообааа бизге келип тан калып эле кетипсинер да.
29.08.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ужас жапайычылык азыркы заманда. бала жактырып алдыбы болдуда. кызбы жокпу озлору чечишип алышатда. биз келин алганда караган да жокпуз тошогун башкысы экоо бири бирин суйот бактылуу
30.08.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
elli_88, кыз чыгабы жокпу, сойкубу же тазабы чын журоктон баары бир депсин го ээ, ал эми мага ошол корунгондун тошогундо уйпаланып, кийин турмушка чыгып калп эле куйоосун суйгон болуп корунгон женил ойлуулар бактылуу болобу болбойбу мага да чын журоктон баары бир...
29.08.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жогорудагы айтылган салтарды окууп атып кечке кулдум шумдукдудай эле салтарды чыгара беришиптир озгочо ош , жалалабад , баткен жаак жалан эле акча алуунун амалын ойлоп табышкангоо болду точно уйлонбой ош баткен жалалабад жактан озубуздун эле Колдул аккууларын эле уйлонуш керек экен
30.08.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalai9411,

Хахаха дагы эмне дейсиң салт эмес бирок жөн эле кылыкк жоруктары күйөө балдарга
платочка сатмай жезденин кулагын чоң мой жерде жездесинин санына ийне саймай ысырык салмай анысына да акча дагы босогого акча таштап кирмей
30.08.2016. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalai9411,ооба Оштун кыздарын алсан копко тушуп каласын
30.08.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
taalai9411, "эконом" класс окшойсун го...:)
29.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактынарды байлаган кемпирдин башына тебиш керек.
29.08.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
мен жене болдум куйоо баланы 2,5минге машинадан сатышты киргенден кийин бизде мындайсалт жок деп мага 1 сом да корундук беришпеди, уйдо олло мейман болушуп той буткондон кийин бир женеси барсын деп мени эле салып алышты анан кесим кесим опколор мн коноктоп кетирип иришкен ушул кантип болсун издевать этилгем
29.08.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйоосу олсо бели сынды деген жери жакты да
29.08.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул салттардын айынан эки куда эртен той деген куну уруша кетишип, жаны курулган уй булообуздун очогу очуп эки айрылыш жолго туштук. Ортодо кызым тируулой жетим калды. Уууф эмне кереги бар ушундай салт палттардын?!
29.08.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алакандай Кыргызстанда сан жеткис салт бар экен.
Колдо келин алганда ашыкча чыгым же атандашуу деген азыраак.
Ошондой эле саны бар сапаты жок салтты да колдоно беришпейт, анан башка областын кыздары колго келин болуп келсе "РАЙ" деп коюшат)))
Эки жаш уйбулонун ынтымак бактысын тилеп ысырабы жок той откоргонго не жетсин.
Бир канча жыл иштеп тапканын бир кундо сапырылып асманга чандай учат, бирок эртенки кунуно гарантия жок
30.08.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким оюна келген салтты чыгара бергенби айтор
30.08.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андыганда не оздору билетта не кылышты
30.08.2016. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин инимдин нике тунундо,женелер быякта калып эле,досторуда Жене болушкан тан атканча уктабай,андышып.
30.08.2016. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул нерселердин баары келип акчага такалат. Акча дооламай салт деп койсо болот чогултуп эле. Той салт-санаасы менен кызык дечи.. бирок бара-бара аша чапкандык болуп кетти.
30.08.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мындан да куйоо бала женесинин колун тиштеп алган салтчы, куйдуруп жиберет да. Мен бул жонундо такыр уккан да билген да эмесмин,кайын синдимди куйоого узатканда женеси куйообаласын май менен оозандырат дей беришкенинен май менен нанды оозуна алып барсам тиштеп алган соомойумду. ооруганын айтпа колумдун,тиштегени аз келгенсип еще мага кой карыз болдун дегеничи
30.08.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asiet,Баарынан да сиздин башыңыздан өткөн салт күлкүлүү экен. Биринчи жолу ушу салтты
31.08.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи кыргыздын кээбир салтарын колдону керек. Чынында эле болбогон нерсе учун эки тарап урушуп, канчалаган жаш уй-булолор ажырашып кетип жатышат. Мисалга алганда кийит. Башында кийит жок деп суйлошуп коюп, уйго барганда кутту уйдон кур чыкпа деп кийгизип, сен мага кийит кийгиздин сен мени басынтын, мен деле кийит алып келип кийгизмекмин деп эки кудагый таарынышып кетишкен, канча убакыт отсо да ошол бойдон суйлошпой коркутушуп журушот.
31.08.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
базана туура айтат салт эмей эле атаандашуу
31.08.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салт эмес эле атаандашуу
02.09.2016. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа ошто ушундай уч кун кошогодо отурат уч кундон кийин чомуч кармады болот анан келин аралашып тиричилик кылып баштайт ошо уч кун эн бактылуу кундорунго чиркин:)) анан эртеси эрте м.н туруп эшиктин алдын шыпырат ал кездерда озунчо бир керемет
02.09.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озу фотографмын тойго коп чыгам.Ушул салттардын баарын кором эч жакбайт! эптеп эле акча алмай, бир туфлини бекитип 200,500 ал эми куйо баланыкы мин эки мин сом анан кобунчо загсты да тосуп, алар куйоо балдардан эки мин уч мин акча алат.Кредит алып той кылгандар коп.
04.09.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кайынсиндимди турмушка узатканда бир салтка ото тан калгам. Куйоо бала достору менен уйго келип, буттарын чечпей торго отушкон. Анысы аз келгенсип, чай куйсак эле чайнектин капкагы тоголонуп кетип, шарактап чайыбыз тогулуп калат. Корсо, "жене, аны алып келиниз, муну алып келиниз" деп жумушап ийишип, келгенче чайнектин чоргосуна нан-пан тыгып салышат экен. Муну биз билбей, кайра-кайра чай алып киргенибизчи. Алар болсо бизди шылдындап... Мындай салт жок деп тан калышаар айрымдар, би
04.09.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пакетке толтура салып кетейли - тойдобу, адам олгон жердеби, окмоттун уйундобу. Короче на халяву.
04.09.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салт деген эмне ? ?
05.09.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында кайын синдим кыз берди.Кудаларды сыйлап атабыз деп эле тагаларынан,абаларынан аяш аталарынан тиги будан деп эле сойуш,арак шароавп,себет эле кийрип атышкан,эсебин деле билбепмин.Кыз алган жер дунгуротуп Ресторанда той берди анда сыйландык,бир кун дем алып,кыз кочуруп кудаларга бардык.Дарстокон тирелет эми ал го мейли,тамак аш очред менен кирип атты.Акырында куда сойуш келди,аркасынан аке сойуш,тага сойуш,аяш ата сойуш ошонтип 8 сойуш кирди.Бир кесе шорпо кирет оз тийебиз,чылкыйып ичилбей
05.09.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайра кетет.Эт менен кошо пакетер кирет болуп алабыз.арак шарап,кола фанта,соктор аларды да болуп алдык.8 кой деген бул ысрапкорчулук да.
Балдарым уйго келгенде кулушот,омуру оозунузга албагансыз арак,коняктарды неге алдыныз деп.Болбой эле салып койот экен,кызмат кылган келиндер.Болуптур экоону сойсун калганын соопчулуцк болсун деп колунда жокторго тируу берсе болбойбу?Же жаны уйлонгондорго бергиле десек аларга атагандан кийинки сый дешет экен.Ото ысрапкерчилик ушул салт мага жакпады...
06.09.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахыма мин мертебе ыраазымын, башка келиндер сыяктуу келин кызматын кылганым жок, кайын журтума барганымда торго чон энебиздин жанына отургузуп коюшат, кайнагам озу тамак даярдап столдун устун даярдап журо берет женеме жардам берип, жумуш кылсам эле озуно жакшы кара, озунду кыйнаба, жумуш кылба сен да бироонун кызысын келин деп эле жумшай береликпи деп коюшат, уялам аябай. бирок ошого карабастан кызмат кылганга, кайын журтумду сыйлаганга колумдан келишинче аракет кылам.
emma375 түзөттү 2016-09-06 01:54:56
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо