№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
КТРКнын алып баруучусу, журналист Чынар Капарова эфирден көрүнбөй калган эле. Биз кайрылганыбызда анын себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү.
– Чынар айым, жумуштан кетүүңүзгө эмне себеп болду?
– Мен өз каалоом менен жумуштан кеткен жокмун. Иштен кетишиме Илим Карыпбеков менен болгон жыл башынан берки тирешүүм себеп. 12-августта акыры көксөгөн максатына жетип, мени жумуштан алуу буйругун чыгарды. Себеби күлкү келерлик. "Сен Сүйүнбай Эралиевди Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры дедиң, туура эмес наам ыйгардың" дейт. Бул шылтоону уккандардын төбө чачы тик турууда. Эралиевдин Эл баатыры экени калппы? Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, кайталай бербейли деп Эл баатыры дегем. Ал эми согушка катышып, баатырлык көрсөткөндөргө «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берилген. Эралиевде андай наам жок, бирок кан кечип аман келип, элине опол тоодой кызмат кылган кадырман карыяны Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры деп даңаза кылганым туура эмеспи? Мен улуу акынды басынтып же кемсинтсем бир жөн.
– "Жыл башынан бери тирешип келем" дейсиз, ага эмне себеп болду, эфирден кандай негизде алып салды?
– Илим мырза башка каналдардан дикторлорду алып келүү аракетин баштаганы мен куугунтукка кабылдым. Болбогон шылтоо менен артымдан түштү да калды. Ачык эле айтпайбы, эфир менин менчигим беле?.. Дагы бир шылтоосу – мен Оштогу кабарчы Актилек Гүлжигит кызына телефон чалып, башкы директордун орун басарынын өтүнүчүн жеткирип койгом. Болбогон телефон чалуу. Же кабарчыга үстөмдүк кылсамчы, же буйрук берсемчи. Актилек да ошону айтып жатат. Актилекти ушул себеп үчүн эфирден алып, келишимди токтотуп, үч баласы менен жалгыз энени ишсиз калтырды. Мен ага «Оштогу кыргыз театры жөнүндө материалды өтө курчутпай бере аласыңбы?» деген өтүнүч айткан элем. Анткени ал сюжетте кыргыз театры жамандалып, өзбек театры макталып калган. Улут аралык маселе болуп кетпесин деген кооптонуу болгон да. Сюжетти көргөн Байкоочу кеңеш да бул маселени жерге калтырбай, "керек болсо Капаровага алкыш айтыш керек, эфирге чыгар" деген чечим чыгарса, арданган Илим мырза артымдан түшүп, аңдытып болбогон шылтоолорду таап жатты.
– Буга чейин да дикторлор эфирден алынды беле?
– Ооба, ишке жаңы келгенде "мен сиздер менен гана иштейм, башка кадрлар керек эмес" дегени эсибизде. Сөзүнө турбасын КТРК жамааты көрдү. Адегенде эле мени менен Лунара Мамытова экөөбүздү эфирге бекитти да, дасыккан жана мыкты кадрлар: Нуржан Ташболотова, Гүлжан Кулмамбетова, Замира Нусубалиева, Гүлшан Кулматова, Мээрим Сырдыбаева, Лена Черномазованы эфирден алып салды. Алар жарабайт жана чыкпайт деп... Көп өтпөй Лунара депутаттыкка кетип, Канат Абазбеков менен жалгыз иштешип жүрдүк. Күнү-түнү таң атпай, түштө, кечинде, алтынчы, дем алыш күндөрү тынымсыз шайлоо вазыйпасын аткарууга чыдап, арызданбай иштедим. Акырында такыр чыкпайт деген Гүлжанды эфирге чыгарды. Кулмамбетова да дасыккан, алдыңкы дикторлордун бири. "Гүлжандын эфирге чыгып калганына сен күнөөлүүсүң!" деп мага атырылды. Жамаатка келип алып, "Аскар Салымбеков Гүлжанды чыгар деп суранды, укпай койгом, бирок Капарова чыдабай калып чыгардым" деп мага шылтоо кылат. Эгер ошончолук сөзүнө турган адам экен, башка деле дикторлор бар эле го… Мына Илим мырзанын жүзү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Негизи мага кесибин сүйгөн ,өз ишине тың адистей көрүнчү...
го.
Муну менен иштеген жөнөкөй кызматкерлерге кыйын эле болсо керек, мындай характер менен, жетекчилерге чейин андай кыл мындай кыл деп жатса...Өзүн укмуш сезет экен...
Өзүн өзу мактагандан оолак бол дечи беле...