"Жебе" тобунун ырчысы Медер Сагын уулу: "КУМАР КЫЗДАРДЫ АЯБАЙ ТАНДАЙТ"

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Эгиз козудай ээрчишип, "Жебе" тобуна да чогуу келген бир туугандар Медер жана Кумар бүгүнкү күндө эл оозуна алынып калган чагы. Сахнада жоош, бир мүнөз көрүнгөн ага-ини жашоодо такыр башкача. Мисалы, Кумарды ким ачуусу чукул деп ойлосун? Көрсө, ал агасына болушам деп көп жигиттер менен мушташып да кетчү экен.

БИР ТУУГАНДАР:

  • Аскер Ташиев, 28 жашта, котормочу
  • Бегимай Сагын кызы, 26 жашта, менеджер
  • Медер Сагын уулу, 24 жашта, ырчы
  • Кумар Сагынов, 22 жашта, ырчы
  • Айбийке Ташиева, 17 жашта, окуучу
  • Фирдаус Аттокуров, 7 жашта, окуучу

"КӨП МАСЕЛЕНИ МУШТУМ МЕНЕН ЧЕЧЧҮБҮЗ"

Медер:
– Атабыз спорт менен машыгып жүргөндүктөн, бизди да ал тармакка жакын кылып өстүргөн. Бирөөлөр тийишсе карап турбай бири-бирибизге болушуп мушташкан күндөрүбүз далай эле болду. Жадакалса бизге жаман сөз сүйлөгөндөрдү муштум менен чечип койчубуз.
Кумар: – Каникулдар чоң ата-чоң эне, таята-таенелердин маңдайында өтчү. Биз келгенде айылдагылар "шаардан балдар келди" деп үстөмдүк кылышат эле, анан "разборка" башталчу. Өзүм кичине болсом да, агамдын жинине тийгендерге кыр көрсөтүп "эй, сен эмне менин байкеме тийишип жатасың?!" деп болушам деп, өзүм таяк жеп калат элем. Экөөбүз эгиздей болуп өстүк.
М.: – Ооба, Кумардын бир кемчилиги – ачуусу чукул. Мага же башка жакындарыбызга бирөө жаман сөз сүйлөп койсо деле мушташып кетейин дейт. Ошол сапатыңды калтырышың керек деп Кумарга көп айтам. Ал эми артыкчылыгы – бир туугандардын арасында эң эле күйүмдүүсү ушул.
К.: – Мен үчүн байкемдин уйкучулугунан башка кемчилиги жок. Өзүм болсо уйкучу эмесмин, бирок эркемин. Кээде ата-энеме же Кенже эжеме (ред.: Дүйшеева) эркелеп калам. Ал эми сырдашуу жагына келсек, маанилүү нерсе болуп калса чогуу талкуулайбыз. Достор менен чече турган көп нерсени бири-бирибизге айтпайбыз.
Өзүм кичүү болгонгобу, бат эле таарынып калам. Бирок 1-2 сааттан кийин эч нерсе болбогондой таарынычым жазылып кетет. Ошондуктан кичүүлүк кылып мен биринчи кечирим сурайм.

"КУМАРГА ОҢОЮ МЕНЕН КЫЗ ЖАКПАЙТ"

М.:
– Албетте, бир тууганым болгондон кийин кыздар менен таанышып калсам Кумарга көрсөтүп "мобу кызды тааныбайсыңбы?" деп кошумча маалымат катары сурап коём.
Кумардын бир сапаты бар, кыздарды оңою менен жактыра бербейт, аябай тандайт. Биринчи жолуккан кызга эле берилип кетпеген жагы жагат. Мен болсо ким жакшы сүйлөп койсо ошого ишене берем. Анан да жакшы сүйлөп койсоң эле "бул мага тийишип жатат" деп алган кыздарды такыр түшүнбөйм.
К.: – Мен мамиле куруп баштаганда байкеме сүрөтүн көрсөтүп анын сынынан бир сыйра өткөрөм. 21-кылым болгонуна карабай үйдө отурган, кафе-барларга барбаган кыздарды жактырам (күлүп). Ата-энесин сыйлаган, башкысы баскан-турганы таза кыздар менин табитимде.

"КЕЛЕЧЕКТЕ ТОПТО ЫРДАЙБЫЗБЫ, БЕЛГИСИЗ"

К.:
– Мен кесибим боюнча юристмин. Быйыл 5-курсту бүтүп жатканыма байланыштуу ырчылык менен кетемби же юрист боломбу деген суроо маселе жаратууда. Ал кесипти атамдын сунушу менен тандап калгам. Ал эми апам болсо "ырда, ырда" деп эле турат. Негизи кошумча каражат таба турган булагың да болуш керек. Мүмкүн бизнес ачып алып, анан ырчылыгымды улантсам дейм.
м.: – Мен кесибим боюнча архитектормун. Азыр экинчи билимимди алып, Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде 5-курста режиссёрдукка окуп жатам. Келечекте топто ырдай береминби же кесибимди тандап кино тартып кетеминби, азырынча белгисиз. Айтор, баары бир келип чыгармачылык чөйрөгө аралашам.

АКЧА ЖААТЫНДА...

М.:
– Акчаны бир максат коюп сактасам, аягына чейин чогултам. Бир жолу машина алабыз деп акча чогултуп, эки темир тулпарга ээ болгонбуз.
К.: –Каржы жагынан Медердикиндей тыйын топтоого эрким жетпейт. Андыктан тапканымды сарамжалдагым келсе агама карматам.

ДОСТУКТА...

М.: –
Чыгармачылыкка келгени жаңы достор көбөйдү. Антсе да эски досторум менен мамилем мурдагыдай. Бирок ким мени менен кандай максатта жүргөнүн жакшы билем.
К.: – Мен досторум менен мурдагыдай мамилени сактап калдым. Алар мени менен сыймыктанышып, ар бир жараткан ийгиликтериме кубанышат.

ИНТЕРНЕТ...

М.:
– Социалдык тармак мен үчүн фотоархив. Ал жакта бала чагымдан берки сүрөттөрүм бар, башкаларга окшоп мурдагы жүктөлгөн сүрөттөрдү өчүрө бербейм.
К.: – Инстаграмда өзүмдү пиарлайм. Азыр жашпыз да, жаштыкты пайдаланыш керек. Андыктан сүрөттөрүмдү тез-тез жүктөп, жаңы сүрөттөрүм менен бөлүшүп турам.

"Ата-энебиз музыкалык училищеде окуп, ошол жактан табышкан".


"Кичинебизде каратэ менен машыгып, эл аралык мелдеште экинчи орунду алганбыз".


"Апам ырчы болом дегенде таятам каршы болуп коюптур. Андыктан бизди "ырдагыла" деп эле турат".



Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жебе" тобуна апабыз алып келген" дейт бир туугандар Медер жана Кумар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
Медиа-портал
27.08.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар! Ынтымагынар бекем болуп журо бергиле.
SUPER.KG видео
27.08.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ken dalyluu krasavchik go ....
SUPER.KG видео
27.08.2016. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жопжонокой таланттуу балдар. Силердин ырчы болушунарга себепчи болгон апанардын ден соолугу бекем, омуру узуун болсун. Ар бир ата энеге насип кылсын балдарынын атактуулугун коруу. Ата энер ото бактылуу адамдар экен. Силердей уулдарды тарбиялаганы учун алкыш айтам.
SUPER.KG видео
27.08.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менда экоону алмаштырып журдум эле кичинесин Чон деп.азаматсынар экоо тен тарбиялуу жакшы балдар экен.
Медиа-портал
27.08.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай ынтымактуу тартиптуу балдар экен Ата энеси жакшы тарбиялаптыр! Бизге да Кудайым ушундай балдардан берсинчи! Дружный бири бирин сыйлап турат экен! Кичинесинин девушкасы бар элего жанагы киного тартылып жургон татынакай кыз неге ал тууралуу сурабадыныздар! Кызык болчу суйлошкон кыздары тууралуу да айышса бомок
SUPER.KG видео
27.08.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо бир тууган экени уч уктасам да тушумо кирген эмес
Медиа-портал
27.08.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
корейлерди туураган немелер экен.........чыныгы кыргыз жигит мындай эмес..........
SUPER.KG видео
27.08.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдорун кыздарга окшотуп тим эле созулатго иниси)))))
SUPER.KG видео
27.08.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин, ар дайым ийгилик коштоп журсун. Чоон чыгармаларды жарата бергиле.
Медиа-портал
27.08.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
башка жакшыраак ырчылардан алсанар жакшы болмок.болбогон кызыксыз маек.булардын эмне кереги бар Мисалы Алина Жетигенова, Роза Аманова жана башкалар
SUPER.KG видео
28.08.2016. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жонокой балдар экен,эко тен красавчиктер,иштеринерге ийгилик
...)))
SUPER.KG видео
28.08.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги уулусу уйлонду элего
SUPER.KG видео
28.08.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Красавчиктер
29.08.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медер апасына, Кумар атасына окшош экен
29.08.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы маек болуптур....
29.08.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar.Alaiga konsert koiup kelip .2014.Alaidyn kyzdary yimanduu eken dep ...maktaganychy.
30.08.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир туугандардын фамилиялары биздикиндей ар башка экен, бизде да ушундай чоң атабыздан, атабыздан, атабыздын чоң атасынан катталганбыз
30.08.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик!
31.08.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун маяк болуптур рахмат силерге супер инфо мага аябай жакты жонокой балдар экен мен бир тууган экенин эми билдим азаматсынар онорунор оркундой берсин алга
31.08.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kodo дегенге айткым келет да алина жетигенова дейсинер аны баары билетго жаш ырчыларды деле алып чыкканы жакшы корунушго анкенинер мага жакпады алар картайды эми жаш ырчыларга орун бериш керек
31.08.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам кенеен болуш керек
Медиа-портал
31.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Жүрчүк, барчык, келчик" ?????!!!!!!
Кайран кыргыз тили!!!!
01.09.2016. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун. Ийгиликтерге дагы да коп жеткиле!
01.09.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай ата эненин тарбиясын алган балдаркен келечекте каалгаган максатынарга жеткиле.
17.09.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар мен Медер мн Минурду бир тууган деп журсо
05.05.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартиптуу балдар экен))
21.11.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерге салам!менин Аймира деген дос кызымдын досу болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо