Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН МАШИНА МЕНЕН СҮЗҮП, АНАН БЫЧАКТАГАН

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Төмөндөгү окуяда кызганычтын айынан күйөөсү аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Аялын машина менен сүзүп, жыгылып калгандан кийин бычак менен 3 жолу сайып, андан соң сабаган.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын 28 жаштагы К.Н. аттуу тургуну Ош шаардык ИИБине арыз менен кайрылган. Арызында 19-август күнү Жолон Мамытов көчөсүндөгү үйүнүн жанында күйөөсү автоунаасы менен сүзүп, жыгылып калгандан кийин далысына үч жолу бычак сайып өлтүрүүгө аракет жасаганы айтылат. Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери көп өтпөй Кара-Суу районунун Р.М. аттуу тургунун, жабырлануучунун күйөөсүн кармашкан.

"ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ТУРУКТУУ"

Жабырлануучу учурда Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Абалы кандай экендигин билүү максатында дарыгерлерге кайрылып, мөөнөттөгү врачтан төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Ооба, бизге оор жаракат менен жабырлануучу келип түшкөн. Аны машина сүзгөн жана арт жагына бычактан бир нече жаракат алган. Ары-бери басуудан кыйналганы менен, учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

"БЫЧАК ИЙИЛИП КЕТКЕНДЕ МУШТУМУ МЕНЕН САБАГАН"

Кылмыш туурасында Ош шаардык ИИБинин маалымат кызматкери Замир Сыдыков буларды айтып берди:

– Окуя 19-август күнү болгон. Биздин кызматкерлер кылмышка шектүү Р.М. аттуу Кара-Суу районунун тургунун колго түшүрүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү менен жабырлануучунун аял-күйөөсү экендиги аныкталды. Бирок кайсы бир убакыттан бери кызганычтын айынан экөө чогуу жашабай жүрүшкөн. Окуя болгон күнү жабырлануучу күйөөсүнүн үйүнө, тагыраагы, кайын журтуна келип майда-чүйдө буюмдарын чогултуп алып кетмекчи болгон. Ошондо кайнатасы уулуна телефон чалып, келинчегинин кийим-кечегин жыйнап кетип жаткандыгын кабарлайт. Баласы келип, аялын кетирбөөгө аракет кылып ортодо уруш чыккан. Жыйынтыгында кылмышка шектүү келинчегин автоунаасы менен сүзгөн да, жыгылып калганда унаасында болгон ашкана бычагын алып чыгып далы тушка 3 жолу сайып жиберген. Бычак ийилип кеткенде муштум менен ургулаган. Кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү учурда Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
29.08.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кудай сактаа ыйман бере кор баарыбызга
29.08.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
28 ст койсо болот. А эмнеге 97ст коюп жазып койсон. Эгер Адам олтурбосо 97 коюлбайтко.
29.08.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
эркек имиш! Алы жетпей калчудай, биринчи сузуп, анан бычак менен сайып алып шашпай сабаганын. Акмак!
23.09.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Artyr1994, 28-97 адам олтурууго аракет кылганда коюлат. 97 ст. Адам олгондо коюлат
29.08.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кайнатасы да суралсын.
01.09.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanatka19,туура кайнатасыда жоопко тартылыш керек, баласынын мунозун билсе керек чакырып не кылат?
29.08.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адам ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-29 17:03:34
29.08.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazgul90, этика нормаларын сактап, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
29.08.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
97-статья адам олтурууго аракет кылган деп турах го
29.08.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуу деген мин ашуу бирде таттуу бирде ачуу деп коет.
29.08.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кайнатасын ХХХ керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-30 12:27:01
30.08.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshanka88, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
30.08.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы деле күнөөлү,тилин басып калса болот эле да быдылдабай,туурабы
30.08.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Быдылдаганын кордунбу?
30.08.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялым барибир кечирет деп ушул ишти кылганда кебетесин суутуп же майып кылып кетирейин деген болсо керек.мындай иштер коп эле болуп атпайбы турмушка тынайын деген аял кечире берет олгучо
30.08.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо
31.08.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оой ужаас
31.08.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ кудайым ыйман,ынсап, сабыр, бере кор кандай гана шумдууктудай окуялар.
01.09.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооо жаратканым бааарыбызга ыйман берекор.
01.09.2016. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызгануу уруп тебуу эмес, аялын ак эмгек менен иштеп багуу, ошондо аял да уйундо балдарын карайт эч жака кетпейт
01.09.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ ушундай болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-02 09:49:23
02.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jengoo, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
01.09.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер билип билбей күнөлөбөгүлө.Ал эже айдай эжеке.Бизге информатика сабагынан берет эле.Өзүбүздүн эле айылга турмушка чыккан аябай жакшы эже (жакшы кыз оз айылынан чыкпайт)
.Бирок жашодо ар кандай нерсе болотда.
01.09.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетин эжее эртереекк
02.09.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында келинде соз жок.Билимдуу абдан кыйын кыз. Озунун классташына турмушка чыккан. Куйо бала начар болуп кыздын бактысына балта чапты. Россияга барып да иштешти. ал жакта да куйосу ичип алчу деп укканмын. Жолдошунун достору начар, жарымы турмодо олтурат. Эми киргенден кийин камактан чыгарбаш керек.
30.09.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоого тийе албай кыйналып жургондор канча? Ырыскысын тепкен келин го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо