Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"МУРУНКУ ЖИГИТИМ АЗЫР КӨҢҮЛДӨШҮМ"

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Социалдык тармактан сени атайын издеп таптым. Анткени жолдошумдун жүрөк ооруткан мамилеси бул кадамга барууга түрткү болду.
Эстесем, сени көрбөгөнүмө быйыл туптуура 7 жыл болуптур. Баралыңа жетип, зың­кый­ган, салабаттуу жигитке ай­ла­нып­тыр­сың. Буга чейин деле сени табууну каалагам, бирок жүрөгүмдү ооруткум келген эмес. Фейсбуктагы баракчаларың түркүн кыздар менен кучакташып түшкөн сүрөттөргө толуптур. "Бирөө эмес, көп кыз, демек, жүрөгүңдү эч ким ээлебептир" деген ой мени бир аз сооротуп койду. Сүрөтүңдү кечке телмире тиктеп отуруп жүрөгүм тызылдап, көзүмө жаш толуп кетти. Кантип сени баркымды билбеген, уруп-согуп тепкилеген адамга алмаштырдым экен? Бир күнү Мерседес, бир күнү Жип минип келип кучагымды розаларга толтурса азгырылып кетиптирмин да. Көрсө, бул жөн гана жарнама экен. Кийин атасынын акчасына көпкөн, кумар оюну дегенде жанын берген адам болуп чыга келбедиби?! Кыздуу болдук, бирок анда ата мээрими ойгонгон да жок. Үйдүн кожоюнунун милдетин сезип да койбоду. Андан бир нече жолу кетип көрдүм, толгон убадаларды берип, жалынып-жалбарып жатып кайра алып келет.
Алып келгенден кийинки кө­рү­нүшчү? Баары кайталанат. Үй­лөнгөнү бир жерде туруктуу иштеген жок. Атасы ортого тааныш-билиштерин салып жатып эптеп жумушка орноштурат. Бул болсо кыйналып араң 1 же 2 ай иштейт да, анан тапканын казиного уттуруп, бутуна тура албай мас болуп келет. Аны адам катарына кошуп, бир туугандары менен жамандык-жакшылыктарга аралаштырып жүргөн мен экенимди билип да койгон жок. Анын түшүнүгү боюнча ошондой болушу керек жана бүт аалам ага карыз. Мен шордуу тиги керек, бул керек деп көп акча табайын деп тырышып иштейм.
Бир жолу адатынча катып койгон чоң суммадагы акчамды уурдап, уттуруп келди. Кезектеги жаңжал башталды. Баарынан да кайын журттун көзүнчө сөөгүмө жеткире сөгүнүп сүйлөгөнүчү?! "Сен ар ким менен жүргөн шур­куя­сың! Жогорку билимиң жок майлуу-сүттүү жумушта бекеринен иштеп жүрөсүңбү?" деп толгон-токой кептерди айтты. Үйүндөгүлөргө мени жаманатты кылып, "аялы ала жипти аттаганы үчүн ичип жатыптыр" деген ойдо калтыргысы келди окшойт. Максатына жетти, уялганымдан кирерге жер таппай калдым. Бардык кылыгына чыдап, акыры угар сөзүм ушул беле? "Ак жеримден каралап жатасың. Сени, баланы багып жатканым сага жакпай калдыбы? Же сен өзүң иштеп акча таап, бизди бакпасаң? Жан талашып иштеп жаткан мени шуркуя көрсөткүң келсе, көрсөт! Шуркуя кандай экенин билбей жүрүптүрсүң! Анын кандай экенин эми сага көрсөтөм" деп айтып чыгып кеттим. Бул жалаа чыдамымдын жеткен чеги болду.
Жүзүмдү көз жашка жууп отуруп, оюма сен келдиң, Эдик. Анткени ыза болгон сайын сени эстегенди адатка айлантып алгам. Сен болсоң азыр башкача жашайт белем, ким билет?..
Намысымды жыйыштырып, ага өзүм кат жаздым.
– Кандайсың? Мени таа­ны­дың­бы?..
Ал ушуну эле күтүп жүр­гөн­­дөй дароо жооп берди.
– Оо, какие люди? Кандайсыз? Сизди кантип унутайын?- Эдиктин мага өзгөчө жаккан сапаты ушул эле. Тамаша аралаштырып сүйлөп бат эле маанайды көтөрүп, баарын унуттуруп коёт. Экөөбүз өткөн-кеткен күндөрдү эстеп отуруп, жолугушмай болдук.
Биз белгилеген күн да келди. Үйдө кадимки эле атмосфера. Жолдошум адатынча башын көтөрө албай жатат. Мен ага бүгүн көңүл да бөлгөн жокмун, анткени бул күндү көптөн күткөм. Жүрөгүм алып-учуп бир жерде тура албайм, улам сааттын жебесин карайм. Мындай сезимдер менде жашабай калганына көп болгон экен. Бир чети туура кылып жатамбы деп ойлоном, кайра мен деле бир келген жашоодо бактылуу болушум керек деп өзүмдү жоошутуп коём. Өзүмчө бетим албырып уялам, бир баланын энеси болуп мынча толкундандым деп.
Акыры жолук­тук, жүрөгүм кабынан чыгып кет­чүдөй согуп, алакандарым да ным­дашып чыкты. Эк, кургур жүрөк, үмүт өчпөгөн экен да. Менин жанымда олуттуу кө­рүн­гү­сү келгени менен, сенин да толкунданып жатканыңды туюп турдум. Демек, сенде да сезимдер өчпөгөн экен деп койдум. Азыр ага сырдаш, ишенимдүү адам керек эле. Биринчи жолукканда эле ийне-жибине чейин баарын төкпөй-чачпай айтып салдым. Ал кандай түшүнөт, туура кылдымбы, аны ойлоп да койгон жокмун. Аягында кечирим сурадым.
– Мени кечир, адаштым...- башка эч нерсе айта албай солкулдап ыйлай бердим. Адатынча көпкө чейин чачымдан сылап отуруп:
– Менден эмнеге кечирим сурайсың? Тагдыр үчүн кечирим сурамак беле? Мени ырас эле таштап ке­типтирсиң. Ошого чыйралып, бутума турдум. Сага кийин жолукканда алдыңда шүмүрөйүп турганымды каалаган жокмун,-деди. Бул жолугушуудан кийин күйөөмдөн айткан сөздөрү үчүн өч алгым келип, Эдик менен мамиле түзүүгө бардым. Ичтеги кек ошого жеткирди. Дайыма жолуга берип көнүп калдым, күндөн күнгө сүйүүм артып баратты. Бирок мага ачуу чындыкты айтып берип туңгуюкка кептеп салды.
– Сенин жашооңду эбак изилдеп чыккам, жолдошуңду тааныйм. Ал сага жакшылык алып келчү адам эместигин бир сүйлөшүп эле билип алгам. Аның аябай жеңил ойлуу жигит экен, казиного азгыруу оңой эле болду. Сени тартып кеткени үчүн андан ушинтип өч алгым келген. Эми аны туура жолго сала албайсың. Мунун баарын сени жакшы көргөнүм, ошол эле учурда кек алуу үчүн да жасадым. Көп кыздар менен сүйлөштүм, бирок алардын бири да сенин ордуңду ээлей алган жок. Экөөбүз үй­лөнөлү, кы­зың­ды өзүмдүн баламдай эле багып алам,- деп агынан жарылды. Айткандары үс­түмө муздак суу куюп салгандай болду. Көрсө, кептин баары бул жакта жаткан турбайбы?! Көзүмдүн кареги менен тең айланып турган аны азыр жакшы көрөм. Ага турмушка чыгып, жашоомду ак барактан баштагым келет, бирок жашоомдун бузулушуна себепкер болгону үчүн кечире албай жүрөм...

Назгүл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(60)
29.08.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лично менин оюм. Экоо менен да жашабай коюш керек
29.08.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Андай куйоо менен нерв болуп журок оору болуп олуп каласын. Аа берки жигитин эркек эмес экен кекчил... ал деле жарытпайт. Озундон калба экоо менен да мамилени узуп жаны жашоо башта аларды адамбысын дебе
29.08.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Окуяны окуп алып эле "менин тагдырыма окшош экен"-дегендер күйдүрөт да ушу..
29.08.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаштык кез эске тушту
03.09.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назгул сен ажыраш дагын торкунукуно барып жаша кызынды апана таштап, озун жакшы жерде иштейт окшойсун иштеп уй сатып ал, машина ал анан жакшы ыймандуу эркек менен таанышып байка эгер достойный болсо сени бактылуу крыла алам десе ошого баш кош. Тиги экоонтен пашел давай до свидания деп жок кыл.
29.08.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байлыкка кызыккан неме экенсин. Эми куйоонду таштап, жигитине тийсен баары бир окуносун "кайсыл жакка барба мамойдун кору " дегендей. Лучше намаз оку, ибадат кыл, кудайдан тиле..куйоондун онолушун сура..
29.08.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жигитин сенден оч алганы атайын кылган,суйуусуно деле ишениш кыйын.Жон эле айтып атат суйом деп.Кийин кызынды огойсунтот баары бир.Сени таштап кеткенин учун оч алып атат.Менин оюм ушундай
30.08.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экоо тен сени бактылуу кыла албайт менимче. Жигитин чындап суйсо сенин жашоонду тозокко айлантпайт эле.
30.08.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Asel.81, Суйгон адамына бакыт гана тилейт да. Бул деле акчага копкон, ХХХ адам экен конулдошу.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-30 12:29:16
30.08.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
glaz_almaz, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
30.08.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Куйоон тугонгон адам. Ал оорулуу как наркоман. Аны айыктырыш отоо кыйын. Эгер жакшы жашайм десен, конулдошуно куйоого чык, жашоонун рахатын коруп жашай бер. Ал жигит убагында ичи куйуп куйоону казиного тартыптыр. Эгер башы норма иштеген адам болгондо азгырылмак эмес.
22.01.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolegen-79, Озу деле конченная да. ошол учун ойнош ойнойт. Ойноп анан никеси бар болуп туруп кайсы бети менен уйуно барып тамак жасап баласынын жузун карайт.Ойнош оттон ыссык боктон сассык дейт. Акылын барда этегинди жый. Жигитин сени суйгон болсо эринди да жаман жолго тартпайт болчу ХХХХ!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-22 17:26:04
30.08.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
менин жашоомо да окшоп кетет экен мен да бир кызды ошол суйгонумдой жакшы коро албай журом акчалуу бироого тийип кеткен бирок сагынганда озу интернеттен таап жазып турат кыйналган убактары суйуу ушундай болот экен!
30.08.2016. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ койгулачы эй, бул жон эле ХХХ ХХХ озун актап жазганы деп тушундум. Айтса табыла берет да соз, бироону жамандап.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-30 12:30:31
30.08.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
suban78, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактаӊыз. Оозеки эскертүү!
30.08.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Аялдарынарды жакшы карагыла,конулун орутпай,сыйлап,антпесе экстерин издеп кетишбесин.
30.08.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мужчинами должно быть хорошо, плохо сама могу жить. (Мерилин Монро)
Ошондуктан жашоонор жакшы болбосо материялдык жактан эмес маралдык жактан куйоонор жакшы карабаса кыйналып жашап эмне кереги бар.
30.08.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоого бир келебиз озубуз каалагандай жашаш керек куйоонду ондой албайсын озунду кор кылба менин бит эжемдин тагдырына окшош экен аны кобу урушуп уй булонду бузба дешип азыр 40 жашта коргондор 60 жаш деп ойлошот
30.08.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мурунку жигитин куйоондон эмес сенден оч алып жатканын байкадын болду бекен.Куйоондо эмне куноо сага уйлонуп сени менен кол кармашып жашайм деген,мурунку жигитин айтып,бузулган шуркуя дегенге жеткирип жаткан ошол эмеспи.Ал сенден ошол акыбалынды кутуп жургондой сезилип жатат.негедир .сен анын торуна туштун.кечирип кой мени катуу кетсем
31.08.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми буну окуп канча кыз-келиндер бузулат болду экен, супер инфо силерге рахмат ашыкча заманбап чыгарманар менен кыз-келиндерге жакшы таалим тарбия берип атканынарга, ушул жолунардан кайтпагыла жалан жылкынын этин мэс адашып кытайлар жеген жылкынын этинен жеп алган окшойсунар, рахмат силерге!!!
04.09.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanzhar83, эн жакшы жооп болуптур, оркунун оссун тайманбай чындыкты жазганын учун... Окурман деп отуруп ыймандан-салттан алыстап Батыштын этегин кармап онолбойбуз эч качан... Соз кезеги келгенде айтпаса болчубу, мен бул макаланы окуп нааразы болдум, ансыз да женил ойлуу жаштарга "жакшы" улгу болот экен деп...
31.08.2016. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тен тени менен деп бекер айтылган эмес, сенин тенин ошол. Убагында озун ошол жигитти тандаган экенсин, эми сабыр кылып жаша. Эсине кел, намаз окуп, дуба кыл. Баары ордуна келет.
31.08.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор казып,Эч качан бактылуу боло албайсынар! Суйгонун жалган ! Кучтуу унаалар менен келгенде.Байлыкка азыргырылып эрге тийдин......
Менимче ойдон чыккан чыгарма
31.08.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
соз жок мен уюмдагы менин жашоомдогу жазыптыр
31.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жеке оюм экоо мн тен жашабай эле кой, куйоон мээримсиз экен онолушу кыйын. А жигитин болсо кекчил экен алгандан кийин сага да бир демени коргозушу мумкун (оч алат) мени таштап кеткенсин деп...
02.09.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beksultan__,оч алганы ошода,башын айландырып бир ашып алса.
01.09.2016. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм,, ойлонуп калдым мен да
01.09.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенеш бергени опыт жок экен менде((( Адамдар кантип эле суйо бересинер?Мен эч суйо алдай койдум...Эгер суйуп калсам жашына,байлыгына,кебетесине карабай тие бермекмин...
01.09.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Менин окуяма окшош экен, башымдан отту" дегендер жакшы кенеш берип койгула да, коп экенсинер
01.09.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошону учун эркектер келинчектеринерге бир кундо аз да болсо убакыт болгуло себеби аял заты назик жан
01.09.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Разгул тагдырын оз колунда бир келген жвшоонду оз ойундагыдай тупто Омур бою калтак астында куру жалаадан кутул
02.09.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялзатына айтарым,тагдырынарга кандвй эркек туш келсе жыргап жашагыла.Эринер алкаш,наркоман,кумарпоз,кызыл камчы болсо бул дуйнодогу азабынар,бул азапка чыдабай ала жипти аттасанар тиги дуйнодогу туболук азабынар.Бул убактылуу дуйнодо таза жашоого аракет кылгыла чыдап эринерге,алкаш кумарпоз болсода.
02.09.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыдаш,керек,жана да чыдаш керек ошон учун аты эле айтып турбайбы тур анан муш деп турмуш татаал ошону женил ойлуулук кылбай сабыр менен жене билиш керек. Уй булооно балдарына адал тамак бериш керек бул дуйно азабы женил тиги дуйного караганда,баары эле жыргап жипке тизгендей жашоо болгон эмес ачуусу болбосо таттуусу болбойт,куйоонон жылуу соз укпасан балдарынан сый коросун жакшы ой ойлонуп балдарына татыктуу тарбия бер. Аллага жалын куноолорунун кечиришин суран адашкандардын жолунан сактасын.
02.09.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеси болсода ал сенин ээрин болот ага кыянат кылганга болбойт анданкоро баарына чыда ээрини кара жакшы жолго сал чыда баарына турмуш оной эмес бул сыноода андан кандай отуш озун билесин
04.09.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу кыла албайбы,жакшы жашоого мумкундук бербейби анда ажыраш. Жашоого бир келесин кор болбой татыктуу жаша. Салт,уят намыс, эл айтат деген менен ден соолуктан омурунон айрыласын. Ар кимдин жаны озундо.
19.09.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени суйсо эч качан андай жолго бармак эмес куйоону азгырып сени кайра келет деп кутуп жургон
22.01.2019. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начар Адам экен экоо тен болбой канат го жашоон сенден оч алып жатат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо