ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (29-августтан 4-сентябрга чейин)

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада кызмат ордуңуздан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Бирок моюнуңузга ашыкча жүк артып албаңыз. Анын жыйынтыгы ден соолугуңузга таасирин тийгизип, психикалык жактан чарчоого жеткирет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында
жагымсыз окуянын күбөсү болосуз. Жагымсыздыктан өзүңүздү алыстатуу үчүн чыгармачылык менен алектениңиз. Айрымдарда жаңы эргүү пайда болот. Ал эми иши акчага байланыштуулар так болушу керек. Болбосо маселе келип чыгат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада эгиздер өздөрүнө кам көрүүлөрү керек. Стресс, ашыкча убаракерчилик ден соолугуңузга терс таасирин тийгизерин эске алыңыз. Жумушта талаш-тартыш орун алат. Убактыңызды жумушка эле арнабай, үй-бүлөгө да кам көрүңүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кымбат нерсени
сатып алуудан качыңыз. Анткени жакын арада акча маселеси жаралышы мүмкүн. Кыйын кырдаалда өнөктөшүңүз же досуңуз жардамга келет. Жаңы таанышууларга кез келесиз. Балким, түгөйүңүзгө да жолугуп калышыңыз ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада ууланып калуудан, аллергия чакыруучу тамактарды жегенден, оор жумуштан, ар түрдүү уруш-талаштан алыс болуңуз. Болбосо жок жерден оору таап аласыз. Жол жүрүүдө буюмуңузду жоготуп алуудан сак болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Алыска жолго
чыгууну пландайсыз. Бирок ал планыңыз артка жылат. Жакындарыңыздын бири менен пикир келишпестик келип чыгып, аягында сиз күнөөкөр болуп калышыңыз мүмкүн. Андыктан эмоцияга алдырбаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүзгө кам көрүүгө убакыт келгенин сезесиз.Стилиңизди өзгөрткөнүңүз айланаңыздагыларга жагат. Көптөн бери көрүшпөй кеткен адамдарыңызга жолугуп, алар менен чер жазасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Ашыкча салмагыңызга түйшөлүүчү апта. Арыктоо үчүн убактыңыз дагы, капчыгыңыз дагы жол бербей маанайыңыз түшөт. Достор менен баарлашуу сизге жакшы жыйынтык алып келет. Анын жыйынтыгы менен спорт залга барасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул апта жаныңыздагылардын кубанычына ортоктош болосуз. Олуттуу маселелер жөнүндө план түзбөй турганыңыз оң. Бойдок жаачылар сүйүүгө кабылып, болочок түгөйүнө сезимин арноого да жетишет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада ишиңиз жүрүшөт. Алдыга койгон пландарыңыз биринин артынан бири аткарылып, сиз ойлогондон да артыкча жүзөгө ашат. Акыл-эс кампаңызга көңүл буруп, ар кандай курстарга барууну пландаганыңыз жакшы.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы бизнес ачам дегендер жолдуу болушат. Аптада бирөөдөн карыз албаңыз жана бербеңиз. Анын арты уруш-талашка алып барат. Түгөйүңүз сиздин көңүл бурууңузга муктаж экенин байкайсыз.


БАЛЫК(20.02-20.03)
Сиз ишиңизде өтө таксыз. Бирок ашыкча убаракерчилик көп убакыт, энергияны алат. Кошумча билим алууга, тажрыйба алмашууга жакшы убакыт. Медицина, соода жаатында иштегендер үчүн карьералык өсүш болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо