Мигранттын ыйы: «КОРРУПЦИОНЕРЛЕР БОЛБОСО ТЕНТИБЕЙТ БОЛЧУБУЗ!»

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

Асыл тилектер, келечекке койгон зор максаттар, аруу кыялдар заматта отко айланып жок болду. Кыргыздын чырактай 14 кызы бөтөн эл, бөтөн жерде алоолонгон от арасында калып, жарык дүйнө менен кош айтышып кете беришти. Алардын артында сүт оозунан кете элек уул-кыздары, чексиз жакшы көргөн ата-энеси, туугандары жана кырчындай кыздардын өлүмүнө өздөрүн күнөөлүү сезип, кечиргиле дегенден башка арга таба албай турган калың кыргыз эли калды.

КАРГАШАЛУУ КҮН...

2016-жылдын 27-августу кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калар күн болору шексиз. Бул күнү Москва шаарынын Алтуфьев шоссесиндеги басмаканада таң эрте өрт чыгып, тилсиз жоо заматта 17 адамдын өмүрүн алды. Маалыматтарга ылайык, бул күнү таңкы саат 8ге чукул «Печатный экспресс» басмаканасынын кампасында өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кампада кагаз жана дароо өрт алуучу боёктор болгондуктан тилсиз жоо көз ачып-жумганча имаратты чулгаган. Өрттүн келип чыгуу себеби, электр чырагынын жарылышы экени айтылууда. Биринчи кабатта чыккан өрт лифт шахтасы аркылуу төртүнчү кабатты кошо каптаган. Басмакана күндүзгү жана түнкү мөөнөттө иштегендиктен бул учурда түнкүсүн иштеген жамаат күндүзгү жамаатка алмаштырылып жаткан. Андыктан кийим которуучу бөлмөдөгү кыз-келиндер сыртка чыга албай калышканы айтылууда.
Окуяга күбө болгондордун бир тобу ӨКМ кызматкерлери абдан жай иштегенин билдиришүүдө. Өрт өчүрүүчүлөр чукул аракеттерди көрбөй турган чакта Азамат Акматов, Адыл Шакиров, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу жана Юрий аттуу адам жардамга келишкен. Алардын аракети менен бир нече адам аман калды. Тилекке каршы, бул арада 17 адамга жардам колу жетпей, алар бул жарыкчылык менен кош айтышышты. Алардын ичинен 14ү алды 18ге араң толгон, улуусу 40тын кырын эми ашкан биздин эже-карындаштарыбыз болчу.

«ОРУСИЯНЫН ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАЙ КЫЙМЫЛДАГАНДАЙ ТУЮЛДУ»

Өрт учурунда өз өмүрүн тобокелге салып мекендештерибизге жардам көрсөтүшкөн 6 жигиттин бири Таалайбек Марип уулу кайгылуу окуя тууралуу буларга токтолду:

- Өрт чыккандан бир аз мурун мен нөөмөтүмдү өткөрүп берип сыртка чыккан элем. Өрттүн чыкканын көрүп, ичинде кыздар бар экенин угуп 4-кабатка көтөрүлдүм. Акырына чейин жете албадым, өрт күчөп кетиптир. Келип калган өрт өчүрүүчүлөргө кыздар калып калган жерди көрсөтсөм, алар да бара алышкан жок. Андан кийин сырттан 4-кабаттагы терезеден кыздын чыгып турган колун көрдүк. Көрсө, ал кыз түтүндөн качып келип терезеге жатып калыптыр. Бир колу терезеден чыгып турганын көрүп, өйдө чыкканга аракет кылдык. Бирок, тилекке каршы, ал кыз каза болуп калыптыр. Бөлмөнүн ичиндегилер иске ууланып калышыптыр. Ал кабаттын терезелери да кичинекей, бир адам араң батат. Бөлмөнүн ичине кире алган жокпуз. Ал эми Орусиянын ӨКМ кызматкерлери күйүп жаткандарга шашылыш түрдө жардам бергендин ордуна план түзүп туруп алышты. Пландарын түзгүчө карап тура алган жокпуз. Алардын иштөө эрежеси ошондойбу билбейм... Бизге өтө эле жай кыймылдагандай туюлду.

«БААРЫБЫЗ ҮЧҮН ООР БОЛДУ»

Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөгү 29-август күнү мекенине алынып келинди. Биз алардын айрымдарынын туугандарына жолугуп, кепке тарттык. Маркумдардын бири Индира Мааткасымованын жеңеси Дамира Жумакадырова кайын сиңдисинин артында 3 баласы калгандыгын айтат:
- Индира Мааткасымова менин кайын сиңдим. Ал 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Түп айылында төрөлгөн. 2 агасы бар, 3 бир туугандын кичүүсү эле. 5-6 жылдан бери «балдарымды багам» деп Москвада иштеп жүргөн. Жолдошу да ошол жакта иштейт. Артында 3 эркек баласы калды. Улуусу студент, ортончусу 3-класста окуйт, кичүүсү быйыл 1-класска бармак. Эч кимге жамандыгы жок, токтоо, алтынга теңегис кыз болчу (көзүнө жаш алып). Ушул жылдын август айында эле ооруп калып, Бишкекке келип операция жасатып, кайра кеткенине бир жумадай болгон. Окуяны балам сыналгыдан көрүп, кыздардын арасынан эжесинин аты-жөнүн окуп калып бизге кабарлады. Баарыбыз үчүн оор болду. Жолдошум Индиранын каза болгонун угуп эс-учун жоготуп, бир нече жолу "Тез жардам" чакырдык.

Ал эми атын атагысы келбеген Индира Мааткасымованын аталаш иниси буларды кошумчалады:
- Угушубузча, өрт эжемдер иштеп жаткан имараттын 1-кабатынан чыгыптыр. Лифт аркылуу түтүн 4-кабатка көтөрүлгөн экен. Эшикти сыягы эжем ачкан окшойт, көргөндөр эжем жана бир орус аял эшиктин жанында бетин жаап, бүрүшүп отурган боюнча үзүлүп кете беришиптир дешти.

«ЭЖЕМ БАЛДАРЫНЫН ОКУУСУНА КИЙИМ-КЕЧЕК ҮЧҮН АКЧА ТАБУУГА КЕТКЕН»

Өрттөн каза болгон Гүлбара Бообекованын бир тууган иниси Таласбек Бообеков эжеси тууралуу буларды эскерди:
- Эжем 1971-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин шаарында төрөлгөн. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Жездем бир аз мурдараак Москвага кетип эжемди чакырган. Эжем болсо бир жарым ай мурун «балдарымдын окуусуна кийим-кечек алууга акча таап келейин, бул жакта жумуш жок» деп кеткен. Телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз, «жумушка орноштум, бул жакта кыргыздар көп» деп айтты эле. Артында 1 уулу жана 1 кызы калды. Уулу 16 жашта, студент. Ал эми кызы 11 жашта, мектепте окуйт. Эң улуу баласы автокырсыктан каза болуп калган. Менин келинчегим да Москвада болчу. Ал бизге телефон чалып, кабарды угузду. Баарынан да апама жаман болду, эсин жоготуп өзүнө келе албай жатат.

«ЖЭЭНИМ «ДАРЫГЕР БОЛОМ» ДЕГЕН ТИЛЕГИНЕ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ»

Айсулуу Базарбай кызынын таякеси Баатырбек Акматов менен байланышканыбызда жээни тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Айсулуу менин бир тууган эжемдин жалгыз кызы болчу. Эжем каза болуп калгандыктан Айсулуу 6 жашынан биздин колубузда чоңойду. Мектепти бүткөн соң шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра албай, Москвага иштеп келгени кеткен. Ал жакта 2 жылдай иштеди. Телефон, интернет аркылуу күндө байланышып турчубуз. «Жумушум жакшы, менден кам санабагыла» деп айтып калчу. Куршаб айылынан Алмаш деген кыз дагы каза болду го, ал курбусунун сиңдиси эле, экөө чогуу иштешчү. Айсулуу ушул жылдын май айында келип кеткен. Алдыга койгон максаттары көп болчу. «Быйыл медициналык окуу жайга тапшырып, дарыгер болом» деп аракет кылып жүргөн, тилегине жетпей 23 гана жашында каза болуп калды. Бүгүн сөөгүн жерге берип, каңырыгыбыз түтөгөн бойдон кала бердик.

«ӨЛКӨБҮЗДӨ БААРЫ ЖАЙЫНДА БОЛСО, БИЗ БУЛ ЖАККА КЕЛБЕЙТ БОЛЧУБУЗ»

Имаратты өрт чулгап, ичинде калгандардын абалы кандай экени белгисиз болуп турган маалда чыркыраган кыргыз кызынын: «Өрт өчүрүүчүлөр бир нече сааттан бери аларды алып чыга элек. Ал жакта дагы канча адам бар, эмнеге бул оор?! Алар келип күйүп жаткан имаратты жөн эле карап турушту. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Буга ким жооп берет? Мунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан! Эгер биздин өлкөбүздө баары жайында болсо, биз бул жакка келбейт болчубуз. Биз мекенибизде жашап-иштемекпиз, минтип азап чегип тентибейт болчубуз! Акмактар, билгиле!»- деп ыйлаганы тартылган видеотасма интернет айдыңын аралады. Анын сөздөрү калетсиз чындык болчу...
Көңүл айткандан, ыйга толгон саптарды жазуудан башка арга калбагандай болду. Социалдык тармактарда улуу-кичүү дебей мүңкүрөп турган кыргыз атуулдары арга кеткенде кечирим сурап турушту...

Биз бул каргашалуу окуя боюнча социалдык тармактарга жазган бир нече адамдын ойлорун кыскартып бердик:

Мелис Мырзакматов, Оштун экс-мэри: «КЕЧИРГИЛЕ...»

– Күлгүн курак… Өмүр-өлүм эмне экенин аңдап биле элек өмүрдүн жазын тосуп жаткан кызгалдактар. Эмне дээримди, эмне айтарымды билбей турам. Жан дүйнөм бырчаланып, жанымды коёрго жер таппай турам.
Силер эртең көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган азаматтардын жары болот элеңер… Силер биздин эртеңибиз, улуттун уучун улай турган уулдарды, саамай чачын сеңселткен кыздарды төрөгөн эне болот элеңер… Кечиргиле…
«Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» дегендей, силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле. Кечиргиле… Кечиргиле… Кечиргиле… Жайыңар жаннаттан болсун…

Азамат Тынаев, журналист: «МИГРАНТТАР АР БИР СОМДУ КАН МЕНЕН ТААП ЖАТЫШАТ»

– Мен азыр бир нерсени – биздин мигранттардын туугандары алар жиберген акчаны тойлорго, үлпөттөргө, аштарга коротпосо экен деп каалап жатам. Бир да тыйын коротушпасын! Андан көрө турак жай алышсын, балдардын билимине жумшашсын же жөн эле банкта сакташсын. Жөн эле манчыркоо жарманкелерине, ресторандарга, мал соймой үчүн чыгаша болушпасын! Анткени мигранттар ар бир тыйынды, ар бир сомду өз каны, керек болсо өмүрүнүн баасы менен таап жатышат.


Азим Азимов, интернет колдонуучу: «ПРЕЗИДЕНТ ЫЙЛАГАН ЖОКПУ?!»

– Биздин бийликтегилердин трагедиясы алардын компетентсиздиги же коррупциялашканында эмес. Жетекчилерибизде лидерлик сапат жок. Башкарып жаткандар майдачыл жана алсыз – алар өз элин алдыга сүрөп, руханий интеллектуалдык ориентир болуп бере алышпайт. Мерездик жана коркоктук бизди бийлеп жаткандардын анык жүзү. Ар бир сында алар саясий оюндарды, өлкөдө оппоненттеринин ызы-чуу чыгарып жиберүүсүн гана көрүшөт. Ошон үчүн социалдык желелер эки күндөн бери Атамбаевге карата айтылган сындардан жарылайын деп турат. Мындай маалда баарыбыз биздин президент өзүн лидер катары көрсөтүп, кайгырып турган калкты туура сөз менен соорото алабы деп күтүп турабыз. Бой жеткен эле эркектер видеодон «Акмактар, билгиле!» деген мигрант кыздын ыйын көрүп көздөрүнө жаш алышты. А биздин президент ыйлаган жокпу?! Анын деле ошол Москвадагы өрттө күйүп кеткен кыздар менен тең кызы бар го. Элге акчалай компенсацияны чачып, жансыз пресс-релиздердин артына жашынуу бетпактык!
Бир саман төөнүн белин сындырган сыяктуу, бул окуя Атамбаевдин беделин жумушсуздук, кылмыштуулук, коррупциядан да катуу түшүрүп койду. Урматтуу президент, өз калкыңызга чыгыңыз жана анын көзүнө караңыз. Муну азыр ушу тапта баары күтүп жатышат.

"Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты каза болгон мекендештерибиздин туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Мирлан Өмүралиев,
Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(43)
05.09.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олкобуздо илгеркилей завод-фабрикалар иштеп, айыл чарба продукциясын кайра иштетип мамлекет экспортко айдап турганда эл жумуш менен камсыз болуп, экспорттон акча тушуп эл бугункудой кыйналмак эмес. Жонокой эле мисал, акыркы 2-3 жылда эт-сут, жашылча-жемиш ж.б.экспорту бир канча эсе кыскарды, бийлик болсо Кыргызстан ЕАЭБке кирсе экспорт осоорун убада кылып жомок айткан... Азыр да дыйкан-фермерлерди, мигранттарды президент да, Окмот да, депутаттар да ойлоп койгон жери жок...
05.09.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Чубак ажы эн туура айткан "бироонун дааратканасын казсан да, уйундо аялын канышадай болуп жашасын" деп. Бул создун мааниси ото терен. Динибизде апасын, аялын, кызын, жесир же турмуштан ажыраган эже-карындашын багуу - эркектин милдети! Намысынарга келгиле, жигиттер!
05.09.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бар умуттор мигранттарда
05.09.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун,оо Аллахым алардын куноолорун кечире корунуз.
05.09.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз болсо да алган айлыгыбыздын берекесин берсин деп Аллахтан суранып жашайлы.
05.09.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх чырактай болгон жаш кыздар чымчыктай болуп учуп кетишти.Канчалаган максаттар аткарылбай куйуп кетти.Ойгончу мезгил,ойлончу учур келди.Качанга чейин уланат ....Эне мэжримине зар болгон бала,бала кылыгына тойбогон апа....Сагынычтан аккан жаштар,мунайым караган коздор.Ойгонолу ,ойлонолу...
05.09.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум канап,козумдун жашы тогулуп,элестерин эстеген сайын канырыгым тутоп жатат.Э Аллахым бул дуйнодон корбогон жашоонун жыргалын чын дуйнодон тартууланызчы,жаннаттан жай берип,билип билбей кылган куноолорун озунуз кечиринизчи!Ата-эне,бир туугандарына сабыр тилеймин...(((
06.09.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыздардын суротун коргон сайын журок ооруп, козго жаш келчу болду.((
Кайран гулдор, гулдобой жатып, буру тогулду. Аялзатын бапестеп бага албагандарга, аялзатын ботон жерге темселетип, бироонун даараткансын жуудуртуп, бироонун короосун шыпыртып, кор оокаттын баарын аялдарга илип койгон алсыздарга наалат болсун!(((Соолуган гулдордун убалы кимге эми????? Жетим калган бейкуноо наристелердин убалычы??? Томсоруп эмне кунду корушот, энесинин жузун корбой, 18 жаштагы ай мончоктой кыздарчы, ар
Shahrizaada түзөттү 2016-09-06 02:48:04
06.09.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак-карасы эриш аркак жургон бул дуйнодо онбой калган гулдор, бейиш багынан онуп, бейишти кооздукка болосун. Алла Таалам гулдорго гул бакчандан орун берип, жайларын жаннаттан кыла кор!Топурагынар торко, жаткан жеринер жайлуу болсун!
06.09.2016. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул окуя баарына сабак болчу окуя болду,тынччылык,ынтымак эле болсунчу алакандай элибизде,бизда онугуп,татыктуу,жакшы жашоодо жашаарыбызга ишенем!!!ынтымак,бири бирибизди туура тушунуп,колдоо болсо баары болот
06.09.2016. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrsyk degen aittyrbai kelet eken aila jok, tuugandaryna ata enesine teren kaigyruu menen konul aitam, jatkan jerleri jannattan bolsun!
Myrzakmatovdun
06.09.2016. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzdardyn tapkanyn ata enesi akcha jonot dep kutup umut kylyp otursa, al emmi aiyaldaryn Moskvaga jonotup koiup ozdoru jyrgap jatkan daalai erkekter bar, je bolboso jalgyz boi enelerchi baldarymdy kor kylbai chonoitoiun dep janyn janga urup ishtep jurgondorchu, emmi aita berse soz kop, Okmot oilonup jyiyntyk chygarat degen umutto jashai turaly.
06.09.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажобуз мындайларга акча беримиш болуп чон жардам корсоттум деп керсейет. элди ойлобойт эптеп конституцияны озгортсом дегенде эки козу торт.
06.09.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыскасы ким келбесин бийликке акаев чаап кеткен арык менен кете беришет. карапайым элди ойлогон чиновниктерде болбойт . акырындык менен баарын сатып бутуп , карапайым элди да сата баштайт жери менен уйу менен
06.09.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жаннаттан болсун. Аллахым билип билбей кылган куноолорун кечирсин.
06.09.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушу Россияда иштеп жургондордун мамлекетти куноологонун такыр тушунбойм, эмнеге Россияда журосун десе жумуш жок дейт, жумуш коп иштесен, онуккон кытайлар,япондор эмнеге бизде иштеп журот
07.09.2016. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Масква масква жана масква . Ушу масквага келип иштеп уй-булоону багып жаткандарга куч кубат берсин . КР де масквадагыдай жумуш оорду коп болсо . эч ким эч жака кетмек эмес .

07.09.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guma22,кытайлар япондор дворник болуп 5 айлыка иштеп жургон жери жок баары жетишкен уйбулолор москвага келбеген ошого тушунбойсунор
07.09.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жеринер жайлуу болсун эже-карындаштар.
07.09.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ассалому алейкум кыргыз элим баарыбыз эле жыргаганыбыздан кеткен жокпуз москвага кыздарыбыз да кыргызстанда толк жоктугунан келип отурат бул жерде эркекти кунолоп айалды кунологон болбойт кыздарыбызды сырт жака чыгарбаш учун ошондой закон чыгарыш керек окмотон андай болгондо дагы алар иштебесе ким багат анын уй булосун ? Ушу суро бар адал иштеп жургону бар арам иштеп жургону бар бул ортон олгондор ажалы жетип олгондор куранда айткан ажалы жетпесе не болсода олбойт аллах орту себеп кылып алды
Manas230595 түзөттү 2016-09-07 12:25:18
07.09.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада иштедим 5жыл ,Азыр Турцияда иштеп журом .КР да мээнетибиз жанып дыйкандардын саткан ээгини жакшы баа болуп берсе . Ар кун эмес саат сайын агылып Чет жака агылып темселебей журот элек оз уйубуздо , ата энемдин , балдарым жанында....
07.09.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан кичинекей уйдоку электрге аралашкан кичинекей замыкание болсо да, кайдыгерлик кылбай ондоткула. ошол Кичине нерсеге конул болбой ушндай чоон кырсык болуп атат. Тилсиз жоону токтотуш кыйын.
07.09.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогумду канаттыго бул окуя уксам козумо жаш алам
07.09.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кун откон сайын орустарды жаман коруп баратам... Билбейм эмне учун.
07.09.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тунду жарып ,карангыда чыгат ай,
Тоо боорунда шынгыр агат булактар.
Очогуна жарыктыгын чача албай,
Алыс жакта очту биздин чырактар.

Аткарылбай калды канча мурастар,
Ойнолбоду ,ойной турган курактар.
Оксуп турам,жардамымды бере албвй,
Аргасыздык ,жан дуйномду кылат тар
07.09.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул куну, ушу саатта менин уй булом учун да чон трагедия болду! 27 август ОЗУ кудай урган кун болду! Мне болсо да кудайдын сыноосу бул , баардык ата энеге сабыр канаат тилейм, баланын куйуту эн жаман нерсе экен!
08.09.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтты
08.09.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл башыда тургандар тынар айтмакчы баары койлор жегенден башканы билишбейт
08.09.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жеринер жайлуу, топурагынар торко, ыйманынар жолдош болсун
09.09.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондоргоо ишенбегиле алар бизди ойломок турмак баш ооруткан деле жокгоо алар бири биринин месталарын талашып оздору менен убара
10.09.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кобу Россияга кетип бейиштей жерибизди кытайлар каптап баратат. Келгени аз келгенсип кол алдында кыргыздар иштейт. Кыргызстанда да ошондой типографиялар болгондо ошол перидей болгон ур кыздар оз жеринде жеринде гулдой болуп журот беле?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо