INSTAGRAM’дан ПАЙДА ТАПКАН ЖЫЛДЫЗДАР

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

Интернет желесинде популярдуу болуп жаткан Инстаграм баракчасы жылдыздар үчүн кошумча киреше булагына айланды. Өзүнүн продукциясын жарнамалагысы келгендер көп окурманы бар атактуулардын баракчасын колдонууда. Биздин жылдыздар дүйнөлүк жылдыздардай бир жарнамалык сүрөт үчүн очойгон сумма албайт деңизчи, бирок саркеч кийимдүү, косметикалуу болуп калышат.

Америкалык рэп ырчысы Канье Уэсттин жубайы, реалити-шоу аркылуу популярдуулукка жеткен, Инстаграмда 81 миллиондон ашуун окурманы бар Ким Кардашьян бир продукцияны жарнамалоого 10 миң доллар алат. Ал эми 3 миллион окурманы бар теледива Ксения Собчактын баракчасына жарнама калтыргысы келгендер 150-200 миң рубль төлөшөт. Биздин атактуулардын көбү бартердик негизде иштешкендиктен айрым жылдыздар гана бир жарнамалык сүрөт үчүн 100 доллар табат.
Инстаграмды барактап отуруп "бул баланчанын кийими, бул баланчанын тамагы" деп жарнамалап жаткан продукциянын баракчасын белгилеп сүрөттөрүн жүктөгөн жылдыздарды көрөсүң. Бул аркылуу алар жарнама берүүчүлөрдүн баракчасына окурмандарын көбөйтүп, кардар таап беришет. Жарнама берүүчү менен бартер аркылуу кызматташкан жылдыздар кийим, косметикаларды бекер алып, кафелерден бекер даам сызышат. Таттуулар, пиццалар үйүнө чейин жеткирилет. Бул үчүн алар "рахмат, аябай жагымдуу болду" деп түшкөн сүрөтүн жүктөп жарнама берүүчүлөрдүн баракчасын белгилешет.

Аяна Касымова, ырчы: "ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ БАРТЕР АРКЫЛУУ ЖАРНАМАЛАЙМ"



Окурманы – 207 миң

Аянага жарнамалык сунуштар күнүгө түшөт. Товарларын үйүнө чейин жеткирип, косметикалык каражаттарга, кийим-кечектерге толтурушат. Жаш ырчы аларды кезеги менен чыгарып турат.
– Продукцияларын бартер аркылуу эле жарнамалап, бир да жолу акча алган эмесмин. Алар "мынча суммага товар беребиз" дешет. Бартердик негизде көп товар алууга аракет жасап, аларды балдар үйүнө алып барып берем.

Асел Кадырбекова, ырчы: "ИНСТАГРАМ ЖАШООМДУ ЖЕҢИЛДЕТТИ"



Окурманы – 188 миң

Асел көбүнчө бутиктерди, асем буюмдарды, сулуулук салондорду, смартфондун тыштарын да жарнамалайт. Анын баракчасына бир эле жарнамалык сүрөт киргизүүнү каалагандар 100 доллар берет жана продукциясын белек кылышат. Эгер Аселге кайсы бир кийим керек болуп калса Инстаграм аркылуу "мага баланча, түкүнчө кийим керек" деп жазат да, жарым саатка жетпей издеген нерсесин таап алат.
– Инстаграм чыкканы жашоо жеңил болуп калды. Мисалы, макияж, чач жасаткым келсе салондорго жазылбай эле барам. Жарнама кылганга чейин алардын баракчасына кирип, окурманынын санын карап алам. Мен жарнама кылгандан кийин окурманы 3 миңге чейин өскөнүн байкайм.

Айкөл Аликжанова, модель, актриса: "2 СҮРӨТТҮ БӨЛҮШҮҮ ҮЧҮН 100 ДОЛЛАР АЛАМ"



Окурманы – 187 миң

Айкөл акыркы убакта мусулман кийимдерин – жоолук, хиджабдарды жарнамалап жүрөт. Гүлдесте саткандар да модель кыздын кучагын байма-бай гүлгө толтуруп калышат. 2 жарнамалык сүрөт үчүн ага 100 доллар төлөнөт.
– Косметикалардан декоративдүү эмес беттин терисин жакшырткан каражаттарды жарнамалап жүрөм. 2 жарнамалык сүрөт үчүн 100 доллар алам. Көбүнчө бартердик негизде иштейм, алар мага продукциясын белек кылышат. Эгер азык-түлүктү жарнамалоо сунушу түшүп калса, мен аны колдонуп көрүп, жакса гана чыгарам.

 

Анжелика, ырчы: "КӨБҮНЧӨ КИЙИМДЕРДИ ЖАРНАМАЛАЙМ"



Окурманы – 246 миң

Анжелика көбүнчө кийимдерди жарнамалайт. Айтымында, жарнама үчүн акча алып көргөн эмес, болгону бартер аркылуу гана иштешип, кызматы үчүн өзүнө жаккан кийимдерди тандап алат. Эгер окурманы миллионго жетсе акчага жарнамалап баштайм деген ойдо.
– Жаңы төрөп, бизнес ачканда кыйналган күндөрүм болгон. Ошондуктан үйүндө торт жасап, кийим токуп саткан жаш апалардын товарларын бекер жарнама кылам. Байкасаңыздар, мен көбүнчө кийим саткан бутиктерди жарнамалайм. Эгер ошол жактын кийим-кечеси жакса, аларды кийип сүрөткө түшүп жүктөп коём. Ал үчүн өзүм каалаган буюмду тандап алам. Инстаграм аркылуу алган буюмдарым аябай көп.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
05.09.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники эми 2 мин адам бар
05.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Супер кийинки санга 7-каналдын диктору Шеркул Турганбаевден интервью алыныздарчы
05.09.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
а меники ээми 775адам болуптур го. Бизге сунуш кылабы озу? Ал учун киного же клиптерге тушуп бир аз таанымал болуш шарт го.
05.09.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Замандан артта калгам го мен, эмне эле тынбай сурот киргизишет десе,кошумча киреше булак тура озунчо эле.
05.09.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин баракчамда 2000ден ашуун адам бар.Май айында "Хостель"деген жерде концерт болгондо айтышкан "июньда Нурлан менен Кайрат келет кимдин баракчасында 2000 ден ашык болсо бекер ошол концертке бекер берилет"-деп, Ошол жерден айткан бир ном кайрылып сунуш кылсам "макул"-деп афиша плакатын берди концерт жакындаганда,ошол куну зв кылсам жооп бербей койду((( Жалганчылар ал бало однодо да журот сакалчан Марат деген
05.09.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Мисалы, мен ушул кыздардын баардыгына инстаграмда жазылганмын, кунуго ар кандай кийимдерди, буюмдарды макияж чач жазаган мастерлерди жарнама кылып чыгарышат. Инстаграмга чыгарсале чуркап барып ал кийимдерди ала бермек белек, соонун койнок экен-деп эле лайк басып коебуз,ал эми макияж чачты кечкеле жазата бергидей биз артист эмеспиз да... иши кылып кимге арналат жреклама билбейм, артисттер бири бирине реклама кылышат го дейм )))
06.09.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
LadyD,кызыксыз го чон кыз, бир эле сиз албасаныз, элдин баары албайт деп ойлойсузбу)),окурманы 200 жуз мин болсо, демек 200 жуз мин ар кандай кыял бар.
05.09.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Меники ээми 520 болду го)). Жогорудагы ырчылардын страничкалары мага кызыксыз. Реклама кай жакка кирбе.
05.09.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Инстраграммда эн эле кир страница бул Анжеликанын страницасы.
Реклама кылган нерселерин убагы м.н алып турса жакшы болмок.
05.09.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айжан Асемова жазбаптырсынарго
бул айымдар Айжанга жетиши охоо
06.09.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжан Асемованын окурманы 500000ге жакын
кийинкиде Айжан тууралуу жазсаныздар жакшы болот эле
06.09.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менде 17 мин адамым бар.Досторум эле реклама кылып кой деп тажатышат)))Ар бир фотондо мени белгиле деп кыжырга тие беришет.А кыргыз атакиууларынан Ассоль эжеге гана жазылгам.Башкалардын рекламасынан тажап алардан чыгып кеткем.
06.09.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аны айтасынар да Тамашоудагы Кубанын аялычы энерджи диет деп кечкеле мактай беретго. Бироо ошону иче тургансып.
06.09.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага подписчиктердин деле кереги жок. Бирок бутик анан эмне балакет дегендер эле жазыла беришет ай
06.09.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kelinki.kg жана молодые мамочки баракчаларындай пайдалуураак болсо экен булардын баракчалары. Ал жакта деле жарнама бар, бирок элге да пайдасы чон. Айрыкча кыз-келиндерге.
07.09.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
@genarbenicio учурдан пайдаланып мен да рекламалап алайын озумду
07.09.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай рекламаларынан анан ырчылардын мактанганынан тажап инстага такыр кирбей койдум жакпай калды
08.09.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инс дегенинерге эч тушунбой койдум
11.09.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул сайытка кирбейм,кызыкбайм да киришти да билбейм десем,досторум жакындарым ишенбейт.Чындыгын да кызыкбадым ушуга.
11.09.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмда 1 турат Selena Gomez 98.6м
Tyga түзөттү 2016-09-11 17:32:51
13.09.2016. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан Асемова жонундо да жазыныздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо