ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Жоолук салынып, кызыл түстөгү тизесине чейин көйнөк, ошондой эле түстөгү кенен шым кийип алыптыр. Эч ойлободум эле, Жыргалды мындай сулуу деп, өзүмчө оогандардын кыздарындай элестетип койгон болчумун.
Паранжысын чечкенге өзүн аябай эле ыңгайсыз сезип жатты окшойт, эки колу менен кайра-кайра эле биз бата кылгандай кылып бетин жаап, айтор, кантип түшүндүрүштү билбедим, бир кызыктай боло берди. Мен бир аздан кийин өзүмө келип, жерде жаткан чапанымды алып таза болсо деле кагып, жармашып калган чөптөрүн терип калдым берилип. Жыргал Алимдин үстүн жабымыш болуп, айтор, экөөбүз тең өзүбүздү оңтойсуз сезип жаттык.
Жолдон адамдар ары-бери өтө баштады. Кичине эле жол болгону менен, бара-бара адамдар көбөйүп, баары эле түндө жарык болуп турган айылды көздөй кетип жатышты. Көрсө, ал жер айыл эмес, чек арада жайгашкан базар экен. Ошондуктан Ооганстан тараптан көп адамдар көпүрө менен өтүп келатышты. Мендей кийинген дыйкандар деле бар экен, жүк ташыган машинанын үстүндө өткөндөрүн көрүп жаттым. Саат сегиздерде күн кадимкидей ысып, жолго чыгып көрөйүн дедим, чапанымды чечип бекитип койдум да, Жыргалга "акырын" деп белги кылып жолго чыктым, шашкан адам болуп базарды көздөй жөнөдүм. Бирин-экин машиналар ары-бери өтүп жатты, мага көңүл бурган деле эч ким жок. Ар ким өзүнүн тиричилиги менен убара. Беш мүнөттөй басып барып, кайра кайттым. Жөнү жок эле корко берген окшойм. Алим ойгонгон экен, эжеси аны кучактап, бооруна кысып отуруптур. Экөө тең мени карап калышты, Алим ыйлаган окшойт, көздөрү кызарып калыптыр. Мага "сизге ишенебиз" дегендей көз караш менен карап жатышты. Аяп кеттим, эми экөөнүн тагдыры менден көз каранды болчу.
– Кеттик, жолго чыгалы,- деп Алимди колунан жетелеп алып базарды көздөй жөнөдүк. Кичине басканыбызда эле артыбыздан Жигули үлгүсүндөгү машина келип токтоп, ичинен алтымыштардагы аксакал башын чыгарып:
– Отургула машинага, мен чоң атаңардын досу болом, тезирээк болгула,- деп бизди шаштырып калды. Мен ишендим, "жүрүгүлө" дегендей ишарат кылып, аларды артына өткөзүп, өзүм алдына отурдум. Дароо жүрүп кеттик. Бир убакта бизге карап:
– Балдарым, унчукпагыла. Асад, сен уктаган адам болуп кет. Мен силерди Ошко жеткизип келем. Кудай жол берсе, кечки бештерге барып калабыз,- деди.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Башка сандарда:
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал) 702-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал) 703-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (жаңы сериал) 704-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 705-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 706-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 707-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 708-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 709-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 710-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 711-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 712-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 713-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 714-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 715-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 716-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 717-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 718-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 719-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 720-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 721-сан
ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал) 723-сан
Комментарийлер(12)
05.09.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эми кызыгып окуп калдым эле эхх
05.09.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоо
05.09.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыгып окуп келатсам бироо таш менен койгондой эле болду:(
05.09.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошко келгиче кутобуз эми балакет баспаса экен.
05.09.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жааны качаан чыгат
05.09.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча аз бул саны
06.09.2016. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооганстандан белеги ошол кыз экен да ,ушул кызга уйлонот экен да .
06.09.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чапанынын чобун терип машинага отуругузуп токтотуп салдынарда ээ. Бир жумада ошко беш алты жолу барып келет эле
06.09.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээх дагын 1жума кутуш керек
11.09.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкебиз Ошко келейин деп калды. Ак жол каалап келсе тосуп алалы :)
24.12.2024. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китебин кантип тапсам болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо