"Кеңеш" тобунун ырчысы Мүзүр: "БИЗДИ КЕСИПТЕШТЕРИБИЗ АЖЫРАШТЫРЫП ЖИБЕРИШИПТИР"

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөздү жокко чыгарып 15 жылдан бери бирге жашап, 10 жылдан бери жетелеше ырдап келе жаткан "Кеңеш" аттуу топ бар. Бул топто ырдаган Мүзүр менен Гүлмира көптөн бери көрүнбөй кеткенинен улам "келинчеги күйөөсүн таштап Москвага кетип калыптыр" деген күбүр-шыбыр кептер жүргөн. Бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо максатында түгөйлөр бүгүн редакцияга баш багышты.

– Кандайсыңар, Мүзүр мырза, Гүлмира айым, экөөңдү бирге көргөнгө абдан кубанычтабыз...
Гүлмира:
– Жакшы баары, "ажырашып кетишти" деген сөздү сен да угуп, сурай албай жатканыңды түшүндүм. Мен бизнесиме байланыштуу Москвада 6 айга жакын жүрүп келдим. Бул жакта Мүзүр экөөбүздү ажыраштырып ийишиптир. Жадакалса Мүзүрдү үйлөнтүп да салышыптыр го, угуп алып нес болуп отурам.
Мүзүр: – Биз мындай ушакка биринчи жолу кабылып жаткан жокпуз. Буга чейин бизди эки жолу "өлтүрүп", үчүнчүсүндө ажыраштырып жиберишти, мен мындай ушактарды кулактын сыртынан эле кетирем. Жаныңда жүргөн адамдар эле жайлайт экен да, "жөн отурганча айранга нан малып жейин" дегендердин иши бул.

– "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, балким, таарынычтар болгондур, үй-бүлөдө мындай кризистер боло берет эмеспи?
Г.:
– Үй-бүлө күтүүнүн өзү чоң кризис деп ойлойм. Турмушта өйдө-ылдый болуп турат. Биз материалдык кризиске кабылып, экөөбүз эки жакта иштегенге туура келди. Үйдү да сатып жиберген элек, ал акчага шаардан үй келбей, бир аз түшүнбөстүк болуп экөөбүз кырылыштык. Биздин турмушубузду эл кайдан билмек эле? Бул ушакты жаныбызда жүргөн эле адамдар чыгарды деп ойлойм. Эмне, менин Мүзүрсүз жүргөнгө акым жокпу?! Төшөгүмдү жыйып төркүнгө качкан аял эмесмин. Эки балама ким ата болуп берет?!
М.: – Гүлмира жок тойлорго да жалгыз бара албайт экем. Анткени жалгыз ырдаган бир да ырым жок. Мен аккордеон менен да жакшы ырдайм, бирок эл экөөбүздүн ырдаганыбызга көнүп алышыптыр. Кудай ар дайым жетелешип жүргүлө деп колубузду байлаган экен, картайганча элиме бирге кызмат кылабыз деп ойлойм. Эми шамал болгону, Гүлмиранын чын эле жанымда жоктугу болду окшойт. Кесиптештерим "Гүлмира жанын багып кетет, Мүзүргө кыйын болду, жүдөп да калыптыр" дешиптир. Жаныңда аялың жок болсо жүдөйсүң да. Мага башканы айтып, Гүлмирага башканы айтып, айтор, бизди кесиптештерибиз ажыраштырып жиберишиптир.

– Гүлмира, Москвада эмне жумуш кыласың, кененирээк айтып берчи?
Г.:
– Мен Бишкекте бутикте кийим сатып иштейм, Москвада да бутик ачкам. Мурун товарды алып барып тапшырып коюп эле сатуучу кызды иштетчүмүн. Бул жолкусунда сатуучу кызга төлөгөн акчаны үнөмдөп өзүм иштегенге туура келди. Мүзүр да бул жакта жалгыз болгон жок, Москвага барып турду. Мүзүр "эл ажыраштырып салышты бизди" дей бергенинен келе бердим, жакында кайра кетем. Өзүм такыр соодасыз жашай албайм, кичинекейимде арабага нан салып алып сатып күнүгө 50 сом тапчумун. Ырчылыктан байып кеткен кесиптештеримди мен көрө элекмин. Мүзүрдүн жүдөгөнү боюнча айтсам, ал өзү жасанып сылан короз боло бербейт. Мен дайыма "ырчы экениңди да унутуп каласың, эл көзүндө жүргөн адамсың, жакшыраак кийинчи" деп кыйнап да кийинте албайм.

М.: – Жөнөкөй болгонду жакшы көрөм, кычырап жүргөн мага ыңгайсыз. Кычырап жүрсөң деле, жүдөсөң деле сүйлөйт, ага көңүл деле бурбайм. Гүлмира мага турмушка чыкканга чейин эле эжеси экөө соода кылышчу. Мен ал жакка барганда же иштей албасам, үйдө жата берсең уялат экенсиң. Барып эле кайра келе бергем, такыр соодага шыгым жок. Мага музыка жазган, мал баккан жеңилирээк.

– Гүлмира, чындыгында 6 ай эч ким менен байланышпай, кесиптештериң да санааркап жатканын билем...
Г.: – Ошол санааркагандар божомолдоп бирдеме десе, башкалары бир жолу эле ажыраштырып салды да. Биринчиден, телефонумду жоготуп алдым. Анын үстүнө ар ким менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Бир туугандарым, күйөөм бар, алар менен сүйлөшүп жаттым. Мен эмне, аларга отчёт беришим керекпи? Бул ушак туугандарыма, кайын журтума да жетиптир. Төркүнүмө "Мүзүр үйлөнүп алыптыр" деп, кайын журтума "Гүлмира Москвада күйөөгө чыгып кетиптир" деп бизди жаман көрсөтүшүптүр. Бизди ушак кылган адамдар өз жашоосунда аксаган, биздин турмушка көз арткандар деп ойлойм.

– Мен үйдө эле болдум, "ажырашып кетишти" деп сүйлөгөн ырчылардын баары телефон номеримди билишет. Бирөө чалып абалымды сураган жок. Бул ушакты чыгарган адамды деле билдик, анын атын атап ызы-чуу кылгым келбейт.

– Маегибизди жакшы маанайда жыйынтыктагым келип жатат. Бири-бириңердин кайсыл сапатыңарды жактырып баш коштуңар эле, эстеп бербейсиңерби?
Г.: – Мен Мүзүрдүн алтын тишин көрүп сүйүп калгам. Бала кезде менин күйөөмдүн алтын тиши болсо деп кыялданчу элем. Кудай тилегимди берип Мүзүргө жолуктурду.
М.: – Мага Гүлмиранын тыңдыгы жакчу, турмушту алдыга алып кетет деп үйлөнгөм. Мен 8-класста окуп жүргөндө чекедеги тишке алтын салдырмай мода болуп кетти. Алтын тиши барлар калп эле күлүп, оозун ачып сүйлөп, "айылдагылар менин тиш салдырганымды угуштубу?" деп мактанып калышчу. Мен да мактангым келип, апама "тиш салдырам" десем макул деп алтын сөйкөсүн берген. Сопсоо тишимди араалатып алтын тиш салдыргам. Азыр модадан калса деле бул апамдан мага белек деп алмаштырбай келем.

– Маегиңерге рахмат, бактылуу болгула.

"Жаңы баш кошкондо таарынышып-табышкан учурлар болгон. Азыр бизде баары жакшы".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев 
star@super.kg


“Кеңеш” тобу: "Жакын досторубуз бизди ажыраштырып салышыптыр"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
04.09.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Класс
SUPER.KG видео
04.09.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таарынышып Эле журо беришет экен да кесиптештерине,не кыласынар башынарды оорутуп оозу бошторго.
SUPER.KG видео
04.09.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sabyr86 озу чалкалап жатпай эле, ооруган, ошончун Г.озу эле кеткен, анан ал жактан документтерин жоготуп копко келе албай калган
SUPER.KG видео
05.09.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уй алыш силерге онойбу тушундуруп жататго каражат жептпей иштегени кеттим деп, жер уйун аябай соонун кылып салган эле оздору айтмакчы бриллиант сээп, квартирага караганда жер уй Жакшыго эмнеге сатышат даже менин журогум эзилет бекер сатышканда, кантседа ырларынар кобойо берсин ырларынардын баары уккулуктуу жана сонун
05.09.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Музур жудонку корунду мага, аялы болсо толуп кеткен го. Акчаны россияга барбай эле бияктан деле жакшы эле таап атышты эле го, таарынып кеткени чын го, эмнеси болсо да озулорунун иши да.
05.09.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошол учун аял киши уйдо отуруш керек, акча тапкыч болбой. Аял уйдун куту, балдарына мээрминин тогуп. Эркек кишинин орду талаада, акчаны Музур тапсын. Бирок оздору билет да.
05.09.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыс ордо конушунда жашашат беле, жанылышпасам.
05.09.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоо тен ата энелери менен да байланышпай коюушканбы?же кандай менин торкунумо музур аял алыптыр,кайын журтка мени куйоого тийиптир деп айтышыптыр деп бироолорго таарынышып мин айтса деле жакшынакай жашап жаткан уул кызынын турмушун билген ата эне ишенбейт ошол айткан адамдын оозун шарт басат ал ушак узака тарабайт. Турмушта таарынычтар болот аны жашырбай эле койсонор болмок,озунор деле созунордун чындыгы жогун далилдеп жатасынар ата эне билбеген турмушту башкалар билмек беле.
05.09.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurkyz1977,Таарындык, уруштук, жараштык десе эле эмне дейт элек. Таарынышса жашырып жарашып чогуу жооп беришкени жакшы да. Бироонун турмушун талкуулап эмне кылабыз?
Жаманын жашырып, жакшысын ашырып бактылуу болушсун. Менимче таарынышса да жашыргандары туура эле, созду кобойтпой.
05.09.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurka_85,ата энесин да кайдыгер аламдардын арасына кошпой аларды аралаштырбай эле суйлошпойбу чынында ушак созго ата энеси эмнеге ишенмек эле уул кызы менен тыгыз байланышта болсо мен ошону айттым. Турмушта баары болот аны билебиз жашырып жаап айтканы жакшы бирок ата энесинин ушака ишенгени окшошпой калыптыр бул чындык ага ар кандай айтыштын кереги жок.
05.09.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Созду кичине окшоштуруп суйлогонду уйронгулочу,силердин эмне болуп жургонунор менен кабары жокпу ошондо ата энелердин,элдин ушагына ишенгендей капыраай шумдугун кур дегендей эле болдуго.
05.09.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун иши менен сенин ишин эмне деген экен бир адам алга КЕНЕШ ТОБУ.
05.09.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Убактылуу ажырашса да, бири биринин жаманын жашырып жакшысын ашырганы чон эрдик. Уй булоодо боло берет казан аяк кагышат дегендей. Ар дайым ушунунардан жазбагыла. Бирине обок жолок болуп журо бергиле. Ит уро берет кербен журо берет.
05.09.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулмира толуп кетиптирго

SUPER.KG видео
05.09.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек болуптур,Качан жаны ырларыныздарды уга алабыз?Чыдамсыздык менен кутом!
05.09.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар суйлой берет да конул бурбай иштей бергиле. Азаматсынар.
05.09.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулмира эже Москвадагы бутигиниз кайсы метродо?
05.09.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
музур кичине кызды ХХХ ХХХ болду да анан
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-05 15:01:10
05.09.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krem,бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
05.09.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажырашып кетишиптир деген соз деле болбоду эле го.Муну биринчи кезекте Супер инфо айтат эле да.Бул оздорун пияр кылышканы го дейм.
05.09.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Точно бир нерсе болгон. Бири бирин коздорунун кыйыгы менен карашатго. Экоондо тен коркуу сезимдери бар. Эмнеси болсо да ырдап кулуп бактылуу журо бергиле
05.09.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул ырчы чоорчулар жон эле элге жакшы маанай тартуулап ырдап бийлеп журо бергиле да.Уйунордогу быкы чыкынардан бери жарыялабай.
05.09.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barakcha,точно
05.09.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай элге отчет бериптир, ушагынарды урдум дегиле да, зачем кому то что то доказать если это чуж, кулкум келди окуп, кичинекей балдарча актанганынарга.
05.09.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле элди куноолоп салыптыр го.пиар.пиар кылгысы келбеген адам менде баары кудайга шугур деп кутулат
05.09.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кулкулуу келбей эле коюшса тиричилигин откоруп эле отурушса болмок. Ким анчалык ушуктады экен мен такыр укпадым эле.
05.09.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Музур жонокой бала.барын бардай эле айтып салат.кее бир фунчоозаларга караганда))))фунчоозадан кудай сактасын понт кылып эле журот))
06.09.2016. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу admin,гезиттин бир санында "Гу Чжун Пенун журогун багындырган Сюзи" деген макала чыккан экен ошошун ссылкасын бере аласыздарбы
06.09.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitieva00,ГУ ЧЖУН ПЁНУН ЖҮРӨГҮН БАГЫНДЫРГАН СЮЗИ http://www.super.kg/article/show/37383
06.09.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльвира Караева,рахмат
06.09.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кыргыздардар биронун жеке жашоосуна кызыкканды жакшы корушот.Ажырашабы жарашабы эмне кереги бар Музур менен Гулмира ажырашып кайра жараштык деп айтса эс алат беленер.Ар ким оз жашоосун ойлосо
07.09.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын бизге не кызыгы бар оздорун пиар кылып эле чыгышты эмесе биз билбейт болчук ажырашты, Россияга кетти дегендерин атайын эле элдин эсине келип алайлы деп эле чыгарган окшойт кыздын суйлогондору башкача чукчундагансып бири биринде ичинде таарыныч бары билинип эле турат
07.09.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ошонусу менен кызык Эми мындан ары бирге болгула.
07.09.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага абдан жагат ырлары оздоруда ит уро берет кербен журо берет кармашкан колунар эч качан ажырабасын чыгармачылык ийгилик силерге.
08.09.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага окшоп бетинен семирет экен шишиктей болуп сезилди
Медиа-портал
10.09.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира толсо жарашпай калат экен .
Медиа-портал
29.09.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anya,толсо деле мейличи, чачынын боегу, макияжы вообще жарашбаган Гулмирага. Имиджди озгортсо жакшы болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо