ТАБЫП КОҢУЗ ЧЫНДАП АЙЫКТЫРАБЫ ЖЕ АЛДАМЧЫЛАРДЫН ЖАҢЫ ОЙЛОП ТАБУУСУБУ?

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

Таанышымдын "Азыр табып коңуз дегенди жеп айыгуу популярдуу экен. Бир кыз гепатит менен ооруган апасына деп 500 даана сатып алыптыр. Мен да астмадан арылыш үчүн жеп көрсөмбү деп жатам. Коңуз сатуучулар менен интернеттен байланышып да койдум" дегенин угуп оозум ачылып, дароо интернетке жабыштым. Жыйынтыгы ал эмне болгон коңуз, чындап айыктырабы деп изилдеп көрүүгө жеткирди.

МААЛЫМАТ
Табып коңуз деген элдик аталыш. Чыныгы аталышы чернотелка. Дүйнөдө 20 миңден ашык түрү бар. Денесинин узундугу 5-7 миллиметрге чейин жетет. Жаштарынын өңү кызгылт-кара (күрөң) келсе, жетилген чоңдорунун өңү кара. Кыргызстанда 100гө жакын түрү бар. Негизинен талаа жана жарым талааларда жашашат. Кээ бир түрү ун, дан жана кургатылган кактарда жашап, көбөйүшсө, айрым түрү уруктарды жеп жок кылышат. Адамдын организмине пайда келтирери илимий жактан далилденген эмес!

"ГЕПАТИТ СПИДДИ БАШ КЫЛЫП 70 ООРУНУ АЙЫКТЫРАТ"

Интернетте Кыргызстанда табып коңуз (жук знахарь) сатам деп, сүрөтүн кошо жайгаштыргандар толтура экен. Алардын көбүндө: "Табып коңуз рак, кант диабети, гастрит, астма, псориаз, бронхит, гепатит, СПИД жана башка 70тен ашык ооруну айыктырат. Болгону аны тирүүлөй жутуу керек. Ал ашказаныңызда өлүп бара жатып өзгөчө ферментти бөлүп чыгарат. Ал фермент иммунитетти көтөрөт" деп жазылыптыр.
Муну окуп, тамагыма бир нерсе кептелди да калды. Көз алдыма "Остаться в живых" телешоусундагы адамдардын курт-кумурска жегени тартылды. Ал го шоу, мында болсо ооруган адамдар жеп жатышпайбы?!
Жарнамада көрсөтүлгөн телефондорго канчадан сатасың, кайсы даректен алып кете алам деп чалуу менен буларды угуп, билдим:
Мен өзүм врачмын. Өзүңүз билесиз да, врачтар мындай нерселерге ишенишпейт. Бирок жаздан тарта гастритим кармагандан бери табып коңузду тирүүлөй сууга кошуп ичип жатам. 15 күн ичип, анан эс алып кайра баштайм. Гастритим кармабай калды. Бирок оорудан биротоло кутулайын деп ичүүнү улантуудамын. Өзүм да көбөйтүп сатам. Алсаңыз 1 даанасын 2 сомдон берем. Дарегим Бишкектин Чыгыш-5 кичи району.
– Оорулардан, анын ичинде рактан, безеткиден айыгуу үчүн химиялык дарыларды ичпей, коңузду гана жеш керек. 500 даанадай алсаңыз, 1 сомдон берем. Өзүм гепатиттен айыгуу үчүн жеп жатам. Чоңдугу кара семичке бар го, ошондой. Ак-Босогодо турам.
– Бизде Таласта коңуздун 1 даанасы 10 сом. Кааласаңыз акчаңызды мага банктан салсаңыз, коңузду таксилерден берип жиберем.
– 1 даанасын 4 сомдон сатам. Дарегим Ак-Ордо конушу.

"БАГЫП-КӨБӨЙТҮП, ИЧИП ДА ЖАТАМ"

Ушундай маалыматтарды алган соң "миң уккандан бир көргөн артык" деп коңуз багып саткандардын биринин үйүнө, Бишкектин Келечек конушуна жол тарттым. Мени өзүн Өмүрбек Алиев деп тааныштырган үйдүн кожоюну тосуп алды. Мына акыры көптөн күткөн коңуздар салынган банка колума тийди. Ичинде узундугу 5 миллиметрдей болгон коңуздар личинкалары менен кошо жыбырайт. Өмүрбек мындай маалыматтарды берди:
– Өзүм бир топ жылдан бери кекиртектин барсылдагынан (киста) жапа чегем. Врачтар "операция жасаш керек" дешкен. Мен макул болбой, коңузду 4-5 айдан бери ичип жатам. Мурун барсылдактын көлөмү чоң болчу, азыр кичине эле калды. Кийин канчалык кичирейгенин билейин деп чоң кезинде сүрөтүн телефонума тартып, сактап койгон элем. Сүрөттөрдү өчүрүп салышыптыр. Болбосо көрсөтөт элем. Коңузду Караколго барганда көрүп, көбөйтүп ичип көрөйүн деп азыраак ала келгем. Багуу өтө оңой. Банканын түбүнө кебекти салып, үстүнө коё бересиң да, банканын оозун даки менен байлап коёсуң (аба кириши керек). Анан кара нан, жемиштердин кабыгын таштап турасың. Аларды жеп көбөйө беришет. 70 ооруга даба экен. Сатып алам десеңиз, 1 айга 465 коңуз керек. Ичүүнүн ыкмасы мындай. 1-күнү бирди, 2-күнү экини, ошентип 30 күнгө дейре күндө үстүнө бирден кошуп иче бересиз. 30 күн дегенде кайра бирден кемитип иче баштайсыз. Анан 1-2 апта эс алып, кайра ичесиз. Бул кичине эле жандык да, 70 даанасын бир ичсең деле болот. Кааласаңыз суу же компот менен ичиңиз. Алсаңыз даанасын 2 сомдон берем. Түшүнөм, кээ бирөөлөр мени "калп айтып жатат" деши мүмкүн. Бирок кирене киргенди врачтар айыктыра албайт, аны эмчи-домчулар гана айыктырат. Ишенбейм дегендерге жообум ушул.

"КОҢУЗ ЖЕП АЙЫГУУ ДЕГЕН ЖОМОК"

Эми кезек коңуздун дарылык касиети чындап бар же жок экенин билүү үчүн врачтарга кайрылууга келди. Гүлжигит Алиев, Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:
– Коңуз жесең айыгасың деген – бул жомок. Коңуздан айыкса дүйнөдө гепатит менен ооруган адамдар калбай калбайт беле?! Бул акча табуу үчүн ойлонуп чыгарылган нерсе. Өзүм да ичип айыгып жатам дегендер менимче, коңуздан бизнес жасагандар. Андыктан оорулуулар убакытты өткөрүп оорусун тереңдетип жибербей, врачтардын кеңеши боюнча гана дарылануулары кажет.


"ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР ЭКЕНИ ИЗИЛДЕНГЕН ЭМЕС"

Абдубакир Ибраимов, КММАнын терапия кафедрасынын доценти:
– Менин билишимче, табып коңузду байыркы Кытайда кургатып, элдик медицинада колдонушкан. Бирок кадимки медицинада коңуз эч качан колдонулган эмес. Анын дарылык касиетинин бар экендиги окумуштуулар тарабынан изилденген да, далилденген да эмес. Коңузду колдонуп дарылануу модасы батышта 2001-жылдары башталса керек эле. Эми бизге жеткен экен да. "Ашказанда өлүп баратып фермент бөлүп чыгарат, ошонусу дары" дегендери болбогон сөз. Фермент бөлүп чыгарган күндө деле анысы ашказан маңызы тарабынан жок болот да. Андыктан кант диабети, рак, гастрит, астма, бронхит жана башка ооруларды айыктырат дегенге ишенбегиле!

Нандын бетиндеги коңуздар личинкалары менен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(19)
05.09.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иииий каяктагыны баштабагылачы.
05.09.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Хе хе,эшектен эми конузгабы,андан кийин дагы эмнеси чыгар экен?
05.09.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кантип жейт муну тообо ?
05.09.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир жылы бит жеш моода болгонун уккан элем. Гепатитти айыктырат деп.
05.09.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ишенбегиле акча табуунун 1 жолу. Азыр эптемей акча тапмай болуп калганбы, жакында эле башыбыздан отту. Табып балдарды дарылайт экен деп угуп жолдошумду кондуруп кызыбызды алпарып жаттык. Чоптор менен дарылайм деп чоп, соп берип атты. Жакшы эле сумманы толоп бердик. Мени укмуш ишендирип салды кызын басат, укмуш озун коросун деп. Жыйынтыгында болсо эчтеке озгоруу болгон жок. Азыр эч кимге деле ишенбей калдым...
05.09.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ужаааассс `"бир кундо 70 ти жесе болот" дейби......
05.09.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хехее мындай конуздар бизде жайнайт.Бизнес баштасам окшойт))
05.09.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кошунам ушу конузга ишенип ичип журуп акыры дарты кучоп операция болуп эми аран жакшы болуп келе жатат,конузга ишенбей врачка кайрылгыла мен да оз козум менен коргонду жазып жатам. Силер да конузга ишенип жеп журуп жаман акыбалга туш болбогула бир туугандар абайлагыла акча учун кандай кадамга болсо да баргандар чексиз болуп кетти бу заманда ошон учун этияттагыла.
05.09.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тура айтасынар болбогон кеп менинда акем бир жылы ооруп калып бит сатып алып ичкен боорду тазалайт экен деп оз козум менен коргомун кыял базарынан цыгандардан 1 Битти жуз сомдон сатып алып айранга кошуп ичкен
05.09.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элестетип алып тамагыма тизилип калгандай болду.Мындай нерселерге ишенбеш Керек.Досумдун атасы ичип жатат дегенде тан калдым эле .
06.09.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элдерге эмне болгон, акыл эс деген кайда, ХХХ ХХХ ХХХ бирок бул темпте ошогода жетебиз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-06 10:15:27
06.09.2016. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shahrizaada,АЙЛА КЕТКЕНДЕ КЫЛЫШАТ ТУРА.Умут деген кыйын нерсе экен да.Биздин кызды деле врачтар айыкпайт дешти, бирок ата-эне байкуш жан далбастап арга издейт экен да. Жолдошум экобуз тен жогорку билимдуу болуп туруп мен деле аны кондуруп кээде врачтардан тышкары элдик дарыгерлерге( табып десек болот го) алпара берем. Менин конулум учун макул болот окшойт. Жыйынтык жоок.Анан конулум калып отуруп калам.
06.09.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
06.09.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ооруган байкуштар айгып кетемби деп умут менен эмнелерди кылбайт... а тиги алдамчыларчы аларга акча гана керек
06.09.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун кайдагы бир конузга ишенбей Аллахка ишенип жашаш керек.Биз суроо жолун айыгуу жолун билбейбиз ошон учун ушундай корунгонду кылып журо беребиз да.Умутту жалгыз Жаратканга байлаш керек.
06.09.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озум да ичип журом дегендерди коз алдынызда ичирип видеого тартпапсыздар да кичине ишеничтуу болот беле)))
06.09.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамагым тушуп калды.
07.09.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ужас ушуга кантип ишенишет,тоа.
11.09.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойноп ичет дейсинерби? бечараларга ошону ичсен сакайасын дегенинен, жаны ооруганынан ошого барат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо